Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_6.htm on line 2


п»ї
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган
Тарыхынан
-Дастан Исламович, Курултай деген түшүнүк кыргыздарда качан пайда болгон?
-Эгерде тарыхка кылчайсак, байыркы мезгилдерден тартып ХХ кылымга че-йин курултай эң жогорку элдик бийлик болуп келгендигин көрөбүз. Курултай деген сөз алгач V-VI кылымдарга тийиштүү окуяларга байланыштуу кезигет. Тарыхый булактарда Түрк каганатында хан тактысына талапкердин Курултайларда шайлангандыгы айтылат. Маселен, 2001-жылы жарык көргөн "Тюрки - потрясатели Вселенной. История великих империй" деген китепте "Курултайда (Түрк каганаты чыгыш жана батыш болуп бөлүнгөндө) Түнкүкүктүн колдоосунда Кутлук хан болуп жарыяланып, ага Элтергич (Ильтериш)- эл сактагыч деген ат берилгендиги (б.з. 687)" жазылган.
Курултай түрк элдерине гана эмес, монголдорго да мүнөздүү болгон. Тарыхый булактарда Чыңгызхандын тогуз куйруктуу ак туусунун коргоочулары 1204, 1206-жылдары Түмөн, Онон дарыяларынын жээктеринде курултайларды өткөрүшкөндүгү катталган. Ал эми 1269-жылы Менги Темирдин демилгеси менен Таласта өткөрүлгөн курултайда Жучу, Чагатай, Үгедей улустарынын чегаралары аныкталып, Мавераннахрдын аймагы Үгедейдин неберелеринин жана Барактын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Чыңгызхандын тукумдары хулагиддерге каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө союз түзүшкөн. Ал убакта курултайлардын чечимдери хандар үчүн да аткарууга милдеттүү болуп эсептелген.
Октябрь төңкөрүшүнө чейинки курултайларда хандар шайланган, жер, суу, жайыт, доо, кун төлөө боюнча чатактар чечилип, уруулардын, элдердин өз ара мамилелерин жөнгө сала турган эрежелер кабыл алынган. Октябрь төңкөрүшүнөн кийинки бир нече жылга чейин Бухара, Хорезм республикаларында эң жогорку бийлик болуп курултай эсептелген. Монголияда, Түркмөнстанда башкаруунун бул институту азыр деле бар.
Көтөргөн жүгү
- Азыр өзгөртүлгөн түрдө болсо да Курултай институтун кайра калыбына келтирүү кандай зарылчылыктан келип чыкты?
-Кыргыз элинин акыркы үч мууну курултай эмне экендигин билбей калды. Бирок, ага карабастан ар бир кыргыздын жүрөгүндө, акыл эсинде элдик курултайга ишеним жашап келет. Ага ишеним чоң. Себеби эмнеде? Себеби элдик курултайдын кыргызды сактап, бириктирип келген беш касиетинде. Алар кайсылар?
Биринчи, элдик курултайдан жогору бир да бийлик болгон эмес. Экинчи, элдик курултайдын укуктарын, ыйгарымдарын эч ким чектей алган эмес. Эмнелерди талкуулап, кандай чечим кабыл алууну курултай өзү гана чечкен. Үчүнчү, элдик курултайда элдин салтына, үрп-адаттарына, ишенимине, адебине дал гана чечимдер кабыл алынган. Демек, алар эл колдой турган, элге жакын чечимдер болгон. Төртүнчү, элдик курултайда кабыл алынган чечимдер сөзсүз аткарылган. Анткени, ар адам өзүн ал чечимдерге тиешеси бар деп эсептеген.
Бешинчи, элдик курултайга эл калыс, чынчыл, бетке чабар, түз сүйлөгөн, таза, абройлуу адамдарды гана шайлашкан. Алтынчы, элдик курултайларда бузуп жаруучулук иштерге жол берилген эмес. Эрмин, шермин, баймын, биймин дегендер да курултайларга каршы иш жүргүзө алышпаган. Курултайларда жалпы элдин, мекендин кызыкчылыктары баа-рынан жогору коюлган. Байдын же бийдин, баатырдын же уруунун, тайпанын эмес, элдин кызыкчылыктарына ылайык келе тургандай гана чечимдер кабыл алынган.
Көчмөндөр үчүн курултай башкаруунун эң ыңгайлуу жолу болгон. Анткени, алар чарбалык эркиндикте жашашкан. Тамак-ашынан кийимине чейин өздөрү даярдашкан. Эч кимге көз каранды болушкан эмес. Алар саясый жактан да эркин болушкан. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деп бекер айтылбаган. Алар диндик жана руханий жактан да эркиндикте болушкан. Мечит, чиркөө, ыйык китеп дегендерди билишкен эмес. Ошондуктан алар бир эле нерсеге баш коюшкан, ал - элдик курултай. Мына ушундан улам элдик курултайдын улуу касиеттери кыргыздардын жүрөк-төрүндө жашап, аны калыбына келтирип, жандандыруу аракеттери болуп келди.
Өткөндөн өзгөчөлүгү, айырмачылыгы
-Алдыда өткөрүлгөнү жаткан Ынтымак Курултайын аны калыбына келтирүү катарында карасак болобу?
- Үйдүн тургузулушу үчүн биринчи кезекте анын пайдубалы болушу керек. Курултайды кайра жандандыруудан мурда, анын мыйзамдуулугун ырастоо, укуктарын, ыйгарымдарын, жол-жоболорун аныктоо керек эле. Тилекке каршы, Ынтымак Курултайы Баш мыйзамда жок. Демек, анын чечимдери мыйзам менен башыкталбаган. Укугу аябай чектелген. Кеңеш гана берет. Ал кеңештерди бирөө жарым угабы, укпайбы, укса канчасын угат, ал жөнүндө айтуу кыйын... Жөн эле кеңеш угуп, пикир алмашуу үчүн ушунча чыгым жумшап, курултай чакыруунун зарылчылыгы бар беле?-деген суроо туулат.
Ынтымак Курултайына карата Мекен, улут -козголгус бийик зоо, биз ошон үчүн күрөшөбүз дегендей бийик чакырыкты мен уга элекмин. Анын үстүнө делегаттарды шайлоодо эл толук эркин болгон жок. Мына ушулардын негизинде Ынтымак Курултайы эл күткөндөй натыйжа береби? Башкы маселе ушунда жатат... Ынтымак Курултайында элдин турмушуна, экономикага байланышкан жакшы сунуштар айтылды дейли. Бирок, аларды аткаруу үчүн акча каражаттары керек, 2010-жылдын бюджети бекитилип калган. Ошондуктан курултайда көтөрүлгөн маселелердин бир бөлүгүн болсо да ишке ашыруу үчүн же 2010-жылдын бюджетин бузуу же белгиленгендерди жүзөгө ашырууну 2011-жылга калтыруу керек. Антүүгө болбойт, анткени эл Курултайда козголгондордун тезирээк ишке ашырылуусун талап кылат.
Кыргыздардын курултайлары дайыма эркин шартта өткөн. Күн тартиби, сүйлөөчүлөр, байкоочу катарында каты-шуучулар чектелген эмес. Бардыгы ачык айкындыкта өткөрүлгөн. Мойт аке, Сарт аке, Кыдыр аке сыяктуу даанышмандар, баатырлар шайланышпаса да курултайларга келип катышып, калыс сөздөрүн айтып кетишкен. Бирок, маселе көтөрүп, сунуш киргизүүгө, добуш берүүгө эл тарабынан шайлангандар гана укуктуу болушкан.
Ал эми Ынтымак Курултайына келе турган болсок, анын ишинин жүрүшү башынан аягына чейин түз алып көрсөтүлөбү, уктурулабы, маселе ушунда да турат. Эгерде түз көрсөтүлбөй, мактагандарынын баарын калтырып, жакпагандарынын баарын кыскартып, бир сааттык телеберүүгө айландырып салышса, эл үчүн эч кандай кызыкчылыгы деле калбай калат.
Октябрь төңкөрүшүнө чейинки курултайлар бир нече күндөп, атүгүл жумалап өткөрүлгөн. Элдин, Мекендин тагдыры жөнүндө чындап сөз болгондо шашкалаңдыкка, буйдамалай салууга жол берүү бабаларыбыздын ойлоруна да келген эмес. Каалаган өкүлдөрдүн баары сүйлөшкөн, өз ойлорун айтышкан, сунуштарын киргизишкен. Чынын айтсам Ынтымак Курултайынын ишин бир күндө бүткөрүп коёбуз дешкендерине таң калуудамын. Каалоочулардын бардыгына сөз берилбесе, анда эмне алар алыс жактардан убара болуп келишти? Өздөрүн өкүл кылып шайлаган элге эмнени айтып барышат?
Делегаттардын канча жылга шайлангандыгы да белгисиз. Ушул эле курултайга делегат болуштубу же үч жылгабы же беш жылгабы? Менин түшүнүгүмчө шайлангандар бир эле ушул Ынтымак Курултайына гана келишет. Анда келерки жылдагы Курултайга башка өкүлдөр шайланабы? Бул туруксуздукка алып келет. Алар мурдагы курултайда эмне маселелер талкуулангандыгына, кандай чечимдер кабыл алынгандыгына кызыгышпайт. Алар өздөрүнүн маселелерин көтөрүп чыгышат.
Чындыгында курултайдын жобосу жеткире иштелбей, чийки болуп калган. Айрым жерлерде делегаттарды шайлоодо жобонун талаптары толук сакталган жок деп да айтышууда. Курултайга өкүлдөр жашаган жерлери боюнча гана шайлануулары керек. Бишкек, Ош сыяктуу башка жерлерде жашагандарга айылдыктардын атынан, эсебинен курултайга делегат болуп шайланганга уруксат бербөө керек. Антсе курултайдын баркы кетет, маани-маңызы өлөт. Акаевдин мезгилинен бери ар кандай деңгээлдердеги, курултай атпайлардын канчасы өттү. Бирөөсү элдин эсинде калдыбы? Албетте, "буту, колдору байланып, тилдери кесилип", ашмалтайлары чыгарылып өткөрүлгөн курултай атпайлар эч кимдин эсинде деле калбаса керек.
Сунушубуз
- Ал эми сиздин көз карашыңызча идеалдуу деп айтарлык курултай форматы жана укуктары, ыйгарымдары жагынан кандай болушу керек?
-Биз элдик курултайдын кандай болушу керектиги жөнүндө оюбузду, сунуштарыбызды билдирип, бир нече жолу мезгилдик маалымдоо каражаттарына да жарыялаганбыз. "Кыргыз Туусунун" окурмандары үчүн дагы бир жолу сунуш кылганга даярбыз. Курултайдын биз сунуштаган шарты төмөнкүдөй:
Мамлекет бийлигинин эң башында элдик курултай (сенат) турат. Ар үч миң шайлоочудан бир өкүл (сенатор) шайланып, "бий" деп аталат (бий-лик деген сөздүн өзөгүнөн). Алты жылга шайланган элдик курултай жылына бир жолу, октябрдын аягында жыйынга чогулат. Бул жыйын башынан аягына чейин мамлекеттик сын-үналгы аркылуу түз обого берилет.
Элдик курултай:
-Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы прокурор, Эсептөө палатанын отчётторун угуп, талкуулап, "канааттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баасын берет;
-иши "канааттандырылбасын" деген баа алган Башкы прокурор, Жогорку сот, Эсептөө палатасынын жетекчилери кызматтан четтетилет. Президент андай баа алса, элдик референдумга чыгып, эл ишенимине татыктуу же татыктуу эместигин аныктайт. Эл ишеним көрсөтпөсө, референдумга кеткен чыгымды Президент өзү көтөрөт, көтөрө албаса - мүлкү толук конфискацияланат;
-Башкы прокурор, Жогорку соттун мүчөлөрүн дайындоого жана бошотууга макулдугун берет;
-Борбордук шайлоо комиссиянын жана Эсептөө палатанын курамын шайлайт;
-Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт, ага талапкерлерди партиялар, коомдук уюмдар, жергиликтүү эл көрсөтөт. Бирок элдик курултайдын кароосуна 50%%дан кем эмес жергиликтүү кеңештердин 2/3 добушун алгандар гана көрсөтүлөт. Демек, талапкерлер калың элдин таразасынан өтөт, бирок, элдин ар шайлоодон кийин бөлүнүп, жарылуусу токтоп, ынтымагына доо кетпейт;
-Президентке көрсөтүлгөн ишенбестикти (импичментти) карайт;
-шайлоо аркылуу министрликтердин, комитеттердин жетекчилерине, алардын орун басарларына талапкерлердин тизмесин шайлоо жолу менен бекитип, "Эл казынасын" түзөт. Президент жетекчилерди "Эл казынасынан" гана дайындай алат.
Бул жол жердешчилик, тууганчылыкка бөгөт коёт, тажрыйбалуу, таза чебер адистерге жол ачат:
-чек ара маселелерин карап, бекитет;
-өлкөдөгү жалпы саясый, чарба абалына АДИЛЕТ, КАЛЫСТЫКТА баа берет жана Президент менен Жогорку Кеңешке каалоо-тилектерин айтып, өлкө өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктайт;
-Президенттин, Жогорку Кеңештин, Башкы прокурордун, Жогорку соттун ишине түз кирише албайт, бюджеттин аткарылышына да көрсөтмө берүүгө укуксуз болот.
Элдик курултайдын ишин уюштуруу жана камсыздоо милдети Борбордук шайлоо комиссияга жүктөлөт.
Бийлер айлык албайт, шайлоочулардын 2/3 добушу менен кайра чакырылып алынат.
Албетте, жогорудагы долбоордун айрым жерлери, "бий", "сенатор" деген аталыштар боюнча кайчы пикирлер пайда болушу да мүмкүн. Бирок, негизги ой боюнча макулдук болсо калганында бир пикирге келүү анчалык деле кыйын эмес деп ойлойбуз.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??