Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_5.htm on line 2


п»ї
  Ата Журт алкагында

Алайкуда 6 адамдан дайын жок
Алайку солк этсе Москва болк этпей калганына көп болду. Азыр Алайкудагы 3 айыл аймагы, андагы 15 миң адам бир айдан бери байланышсыз калса да ал-акыбалы суралбай калды. Азык-түлүктөрү түгөнүп, айлалары кеткенде улуттук гезитке телефон чалып, "Бизди ойлогон бийлик барбы?" - деп арыз-муңун айтып алышты. Болгондо да Ынтымак Курултайына Кызыл-Жар айыл аймагынан делегат болуп шайланган Абдилазиз Араппаев өзү чалып, чамынып-чамынып алды. Албетте, биздин редакциябызга эмес, Эргеш акенин министр баласы Бакыт мырзага. Алайку үчүн аны да Камчыбек мырзадай какыс-кукус кылып койгусу бардыр деп Өкмөттү жетектеген Үсөндүн небересинен үмүт кылып калышты. Алардын безеленгенинче эле бар окшойт, Орто-Казык коктусунда мал баккан 6 адамдын дайын-отун билишпей, амандыгын тилеп отурабыз дешти. Айтор, аба аркылуу Алайкудан батыраак кабар алынбаса абал жакшы эместей. Айтпады дебегиле анан.


Тигүү ишканалары тикеленди
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 926 тигүү ишканалары бар. "Легпром" ассоциациясынын директору Сапарбек Асановдун айтуусунда, учурда республикада мыйзамсыз иш алып барган тигүү ишканалары дээрлик жокко эсе. "Анткени 2005-жылдан бери тигүү тармагында иштегендерге өкмөт тарабынан жакшы шарттар түзүлүп, учурда бул тармактын 99%ы мыйзамдуу негизде иш алып барышат", - деди ал. С.Асановдун пикиринде, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн, тигүү ишканаларынын көмүскөдө иштешинин кажети деле жок.

Алайдагы кыйроолор
Алай районунда суулуу кардын оордугунан бир нече үйлөр менен социалдык имараттар кулап, малды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Корул айылында бала бакчанын үстү түшүп, адамдар жашаган 11 үй менен 3 сарай кулап калган. Ал эми Жошолу айыл аймагында 6 үйдүн, эки мечиттин, мектептин, китепкананын жана эки чарбалык имараттын чатыры кулап калган. Гүлчө айыл аймагында № 67 кесиптик лицейдин мончосунун, ресторанынын, бир үйдүн чатыры кулаган, ал эми Кош-Текир айылынын жашоочусу Аттокур Идирисовдун сарайы кулап, эки жылкысы өлгөн.
Коңур-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Шоро айылынын төрөт үйү жарактан чыгып, Арпа-Текир айылында бир үйдүн чатыры толук бойдон түшүп калган. Жар-Кыштак айылында эки үйдүн чатыры кулап түшкөн. Ушул эле айыл аймагында бузулган сарайдын астында 13 ири мүйүздүү мал, 58 кой, эчки өлгөн. Бүлөлү айыл аймагында бир үйдүн чатыры кулап, Алай айыл аймагына караштуу Орто-Суу айылында бир үй жашоого жараксыз болуп калган.

Райсоттун экс-төрагасы камалды
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун мурдагы төрагасы Т.Суранбаев кармалып, убактылуу камак жайына киргизилди. КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, фемида өкүлдөрүнө карата кылмыш иш Кара-Суу районунун учурда иштеп жаткан үч судьясынын жана мурдагы төрагасынын үстүнөн козголгон. Сот кызматкерлери эркинен ажыратылган адамды жаза мөөнөтүн өтөөдөн ооруп жаткандыгына байланыштуу деген шылтоо менен мыйзамсыз түрдө бошотуп жибергендиги үчүн шектелүүдө.

Киночулардын кезексиз съезди болот
Бишкекте 27-мартта Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот. Съездде кыргыз киносунун негиз салуучулары, көрүнүктүү кинорежиссёрлор Мелис Убукеев менен Төлөмүш Океевдин быйыл 75 жылдык мааракелерин өткөрүү жана башка маселелер талкууланат.

"Манас" эпосу көркөм тасмага тартылабы?
"Манас" эпосунун негизинде көркөм тасма тартсам деп ар бир режиссёр кыялданат. Бирок бул багытта кино тартуу кыйла кыйын. Мындай оюн коомдук ишмер, "Айтыш" фондунун негиздөөчүсү жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз билдирди. "Манас" темасына буга чейин эле бир катар кыргызстандык кинорежиссёрлор кайрылган. "Болот Шамшиевдин биринчи эмгеги - "Манасчы" деп аталган, ошондой эле Мелис Убукеев "Айкөл Манас" фильмин тартканы белгилүү", - дейт Садык Шер-Нияз.
"Манаска" байланыштуу тасманы кинорежиссёр Садык Шер-Нияздын өзү да тарткан. Манасчынын өнөрү кантип ойгоно тургандыгын чагылдырган "Аян" аттуу кыска метраждуу тасма ХIV Тегеран эл аралык кинофестивалына катышып, "Мыкты фильм" деп аталган. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда "Манас" эпосунун негизинде тартылган көркөм тасма жок.

Газ уурулар кармалды
Мурда Ош шаарында Өзбекстандан сатылып алынган жаратылыш газы 50 пайызга дейре уурдалып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн эле. Жакында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жаратылыш газын жоготуунун себептерин аныктоонун жүрүшүндө бир нече кылмыштардын бети ачылды. Ош шаарынын прокурору Б.Жаанбаевдин билдирүүсү боюнча, "Кыргызгаз" ишканасы менен биргелешип жүргүзүлгөн рейдде Ош шаарынын тургундары Асанов, Ысмаилова жана Айткуловдор газды кошумча куур киргизүү менен үйлөрүнө кошуп алышкандыгы белгилүү болду. Алар тарабынан 300 миң сомго жакын газ уурдалган. Прокурордун айтуусунда азыр бул адамдардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген чыгымдарды өндүрүп алуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Лейлекте жаңы жол
курулат
Лейлек райондук администрациясынын башчысы Тилеберди Ариповдун билдирүүсү боюнча, быйыл райондун Тажикстан менен чектешкен Арка өрөөнүндө кошуналарга көз карандысыз жол курулмакчы. Анткени Бешкент жана Маргун айылдарынын жашоочулары райондун башка аймагына өтүү үчүн Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушууда.
Ал эми жалпы суммасы 48 миллион сомду талап кылган бул жолдун узундугу болгону 2 км. 83 метр келип, бул аралыкка үч көпүрө курулат.





  Аалам алкагында

Ооганстанда 346 бала
өлтүрүлгөн
Өткөн жылы Ооганстандагы кагылышуулардын жүрүшүндө 346 бала өлтүрүлгөн. Аталган өлкөдө балдар согуштук аракеттерге тартылып, террористтердин курмандыгына айланууда. БУУнун Башкы катчысынын балдар жана куралдуу кагылышуулар маселеси боюнча атайын өкүлү Радхиа Кумарасваминин айтуусунда, 2009-жылы абадан атуулардын кесепетинен 130 бала каза болсо, 22 бала куралдуу эл аралык күчтөрдүн рейдинде көз жумган. Дагы 128 бала мыйзамсыз куралдуу топтордун катышуучулары тарабынан өлтүрүлгөн.

Борбордук Азияда "ийне сайынгандар" көп
Акыркы 12 ай ичинде дүйнөдө 172-250 миллионго жакын адам баңгини пайдаланышкан. Алардын көпчүлүгү каннабисти пайдаланып, баңгинин бул түрүн колдонгондордун саны дүйнө калкынын 4,4%ын түзгөн. Экинчи орунда синтетикалык баңгилер - амфетамин менен "экстаздар" турат. Андан кийин апийим жана кокаинди колдонгондор көптүк кылат. Мындай маалымат Баңгилерди көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин докладында айтылган.
Ар бир аймакта баңгини пайдалануунун көрсөткүчтөрү, формалары жана тенденциясы социалдык-экономикалык факторлордун таасиринде жана баңгилердин түрүнүн болушуна карата өзгөрүп турат. Борбордук Азия өлкөлөрүндө акыркы учурда баңгини ийне сайынуу аркылуу пайдалангандардын саны өсүүдө. Бул аталган аймактын ооган героинин Россия жана Европа өлкөлөрүнө ташуу жолунда жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт.

Астана ШКУнун саммитине даярданууда
Астана 2011-жылдын июнь айында Казакстанда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) юбилейлик саммитине даярданууда. Казакстандын ТИМинин жетекчиси Канат Саудабаев Пекиндеги КЭР коомдук илимдер академиясында сөз сүйлөп, 2011-жылы ШКУга 10 жыл толоорун эскертти. "Биз ШКУ боюнча шериктештерибизге уюм үчүн өзгөчө эсептелген жылы төрагалык кылуу миссиясын ишенип бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Интернетти пайдалангандар көбөйүүдө
Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 26 пайызы же 1,7 миллиард адам интернетти пайдаланат. Ал эми жакыр өлкөлөрдө ар бир бешинчи тургундун интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Электр байланышы эл аралык союзу тарабынан түзүлгөн рейтинг боюнча, дүйнөдө маалыматтык технологияга жетүүнүн эң жогорку деңгээли Швецияда белгиленген.
Ал эми кийинки орунда - Люксембург, андан соң Түштүк Корея турат. Электр байланышы эл аралык союзунун рейтингинде маалыматтык технологияга оңой-олтоң жетүү менен мактана ала турган алдыңкы он өлкөнүн катарына Дания, Нидерланддар, Исландия, Швейцария, Япония, Норвегия жана Улуу Британия кирген. Ал эми АКШ 19-орунду ээлесе, Россия 48-орунга илинген.

Дүйнө калкынын саны 7 миллиардга жетти
XIX кылымдан, тагыраак айтканда, 1800-жылдан бүгүнкү күнгө чейин адамдардын жашоо узактыгы 30дан 68 жылга чейин узарды. Бул өз кезегинде калктын санынын өсүшүн шарттады. 1810-жылы дүйнөдө 1 миллиард калк жашаса, 2010-жылга карата алардын саны дээрлик 7 миллиардга жетти. БУУнун Башкы катчысынын "Саламаттыкты сактоо, оору, өлүм жана өнүгүү" аттуу докладындагы маалыматка ылайык, дүйнөдө жашоо узактыгы 1950-жылдан тартып өсө баштаган. 1950-1955-жылдары адамдарын жашоо узактыгы 47 жыл болсо, 2005-2010-жылы 68 жылга чейин өскөн.
Бүгүнкү күндө жашоо узактыгынын эң жогорку көрсөткүчү Түндүк Америка менен Европада белгиленген. Жашоо узактыгы боюнча Индия менен Кытай да алдыга секирик жасады. 1950-1955-жылдары бул өлкөлөрдө адамдар орточо 40 жана 38 жыл жашаса, 2005-2010-жылы 72 жана 68 жылга жетти. Дүйнө боюнча жашоо узактыгынын эң төмөнкү көрсөткүчү Африкага тийиштүү. Башкы катчы муну аймакта өкүм сүргөн ВИЧ\СПИДдин эпидемиясы менен байланыштырган. Африкада жашоо узактыгы 55 жылдан ашпайт.

Нигериядагы төңкөрүшчүлөр өз өкмөтүн түзүүдө
Жакында Нигерияда бийликти тартып алган аскердик хунта өз өкмөтүнүн премьер-министрин дайындады. Бул кызматка өлкөнүн мурдагы байланыш министри Махамаду Данда келди. Ийгиликтүү төңкөрүштөн кийин нигериялык аскер хунтасы өкмөттүн тарагандыгын жарыялап, оор артиллерия бөлүгүнүн башчысы Салу Жибону Демократияны калыбына келтирүү боюнча жогорку кеңештин жетекчиси кылып дайындалды. Нигериядагы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө өлкөнүн президенти Мамаду Танджу жана ошол учурдагы өкмөт мүчөлөрү колго түшүрүлгөн.

Түркияда шахта жарылып,
17 адам каза болду
Түркияда көмүр шахтасында метандын жарылышынан 17 кенчи каза тапты. Кырсык Балыкесир провинциясындагы Дурсунбей шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан ишканада болгон. Метан 250 метр жер тереңдигинде жарылып, забойду кыйраткан. Каза болгондордон тышкары 29 шахтёр куткарылган. Алардын көбү катуу күйүк менен ооруканага жеткирилген.
Мындан эки ай мурун гана Түркиянын Бурса шахтасында да жарылуу болуп, анда 19 адам каза болгон болчу. Адистердин айтуусунда, түрк көмүр казып алуу өнөр жайында эмгектин коопсуздугу өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн кыйла артта калган.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??