Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_4.htm on line 2


п»ї
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты
Кечээ Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында Президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда борбор калаанын коомчулугунун Кара-кыргыз автономиялуу облусунун РСФСРдин курамында түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.
Чогулуштун алдында анын катышуучулары Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган "Кыргыз мамлекеттигинин кайра жаралышы" деген көргөзмө менен таанышып чыгышты. Андан кийин 1924-жылдын 14-октябрынан берки даңазалуу окуяларга арналган документалдуу фильм көргөзүлдү.
Салтанаттуу чогулушту КРнын Премьер-министри Данияр Үсөнов ачты. Чогулушта КРнын Президенти Курманбек Бакиев "Кыргыз автономиялуу облусу-эгемендигибиздин башаты" деген темада кыскача баяндама жасады. Төмөндө ал баяндаманын урунтуктуу учурларын сунуштайбыз.

Кыргыз элинин касиетине таң калбаска чара жок
Элибиздин баскан жолу жеңил болгон жок. Кезинде бүтүндөй Евра-зиянын кийинки тагдырына таасир эткен Улуу кыргыз каганатын түзгөндөн баштап, XX кылымдын 90-жылдарында чыныгы эгемендик алганга чейинки узун тарыхыбыз бар. Тагдыр кыргыздарды далай сыноолорго кириптер кылса да, биздин намыскөй эл баарын көтөрүп жана жеңип, өзүнүн улуттук тегин жана маданий жүзүн сактап кала алды.
Албетте, кыргыздар сыяктуу чачкын, колониалдык режимди баштан кечирген элдердин көбү көз карандысыздыкка далай ич ара араздашуулардын же болбосо кансыраткан боштондук согуштардын натыйжасында жетишкен.
Ошол кыйын шарттарда, тарыхтын жана табияттын катаал сыноолоруна туруштук бере албай канчалаган улуттар менен коомдор жок болуп кеткени тууралуу толтура мисалдар бар эмеспи. Бул жагынан алганда кылымдар бою өзүн улут катары сактап калган кыргыз элинин керемет-касиетине таң калбаска чара жок.
Бактыбыз тоодой экен, 1924-жылы тынчтык жол менен колубузга тийген алгачкы мамлекеттүүлүк кийинки Кыргыз Респу-бликасынын толук эгемендигинин саясый-укуктук негизи болуп калган. Дал ошондуктан, мындан 85 жыл мурда биринчи кыргыз автономиясынын түзүлгөндүгүнүн мааниси биз үчүн терең. Кантсе да, чакан элибиздин улуттук мамлекеттүүлүккө жетиши далай азап-тозок менен коштолгону белгилүү. 1922-жылы Кыргыз Тоо облусун түзүү аракетинин майнапсыз аяктагандыгы буга далил.

Мамлекеттүүлүктү кандай жагдайлар аныктаган
Кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болуусун кандай жагдайлар аныктаганына токтоло кетейин.
Биринчиден, кыргыз элинин Борбордук Азияда өз алдынча этнос катары көптөгөн кылымдар бою жашап, өз өзгөчөлүгүн сактоо үчүн дайыма чечкиндүү күрөшүп келген.
Экинчиден, айрым бир декларативдүүлүгүнө, карама-каршылыктуулугуна, туруксуздугуна жана ишке ашыруунун так механизмдеринин жоктугуна карабастан, дал Совет бийлигинин улуттук саясаты кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке жетсек деген кылымдардан берки ой-тилегинин ишке ашуу-сун тездеткен.
Кыргыз автономдуу облусу толук көз карандысыз болбой, мамлекеттин негизги атрибуттарынан куржалак эле. Бирок облустун өз аймагы, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, РСФСРдин жогорку бийлик органдарында өз өкүлдөрү болгон.
1926-жылы Кыргыз автономдук облусу автономдук республика болуп кайра түзүлүп, 1929-жылы анын биринчи Конституциясы кабыл алынган. Чарбалык жана маданий курулуштагы жылыштардан улам 1936-жылы Кыргыз Автономдук республикасы СССРдин курамындагы Кыргыз Совет Социалисттик Республикасы болуп жарыяланган. 1937-жылы Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясынын кабыл алынышын Совет бийлигинин жылдарында саясый-экономикалык жана маданий жеңиштердин үзүрү деп баалоо кажет.

Жетиштүү өз алдынчалыкка ээ болгон эмес
Бирок, союздук республиканын статусу болгонуна карабастан, мам-
лекеттик бийлик органдары саясый маселелерди мындай коёлу, өз регионунун чарбалык көйгөйлөрүн чечүүдө да жетиштүү деңгээлде өз алдынчалыкка ээ болушкан эмес. Мунун бир катар объективдүү жана субъективдүү себептери бар эле, алар төмөнкүлөр:
Биринчиден, пролетариаттын диктатурасы катары орнотулган Совет бийлигинин табияты бара-бара тоталитардык системага айланып кеткен.
Экинчиден, федеративдүү мамлекеттик түзүлүштүн мыйзамына жараша федерациянын курамына кирген мамлекеттик түзүмдөр өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана функ-цияларынын бир бөлүгүн борбордук бийликке берүүгө тийиш болучу. Башкаруунун жогортон төмөн карай командалык-административдик тескөө системасы биринчи беш жылдыктан тарта эле советтик системага мүнөздүү болуп калган.
Үчүнчүдөн, РКП(б), ВКП (б) жана КПСС улуттук белгилерди эске албастан, бирдиктүү уюм болуп түзүлгөнү да союздук республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын өз алдынчалыгын чектөөдө олуттуу роль ойногон. Республикалык партиялык уюмдардын Борбордук комитеттери россиялык обкомдор менен крайкомдордун эле укугуна ээ болгон.
Төртүнчүдөн, табигый жана экономикалык ресурстарынын чектелүүлүгүнөн улам Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин 96 пайызы союздук жана федералдык бюджеттин эсебинен түзүлгөн, бул албетте, аны Борборго көз каранды кылып турган.

Кээде чектелсе, кээде кеңейтилген
1924-, 1936- жана 1977-жылдардагы СССРдин Конституцияларын талдап көргөндө союздук республикалардын мамлекеттик-укуктук абалы мезгил-мезгили менен өзгөрүүгө кириптер болуп келгенин көрөбүз. Кээ бир шарттарда алар союздук республикалардын укуктарын чектесе, айрым учурларда кеңейткени да байкалат. Айрыкча 1955-1968-жылдары союздук республикалардын укуктарын кеңейтүү аракеттери арбын болгон. Расмий партиялык документтерде алар улуттук саясаттын лениндик принциптерин кайра жаратуунун үзүрү, коммунисттик курулуштун масштабынын жана темптеринин болуп көрбөгөндөй өсүшү катары көрсөтүлгөн. Бирок негизги себеп-эл чарбасына өтө эле борборлоштурулган жетекчилик индустриялаштыруу, согуш жана анын кесепеттерин кайра калыбына келтирүү жылдарындагыдай натыйжа бербей калганында эле.

Жоопкерчилигин арттыруудагы багыттар
Мына ушундай кырдаалда союздук республикалардын укуктарын гана эмес, алардын жоопкерчилигин да арттыруу зарыл болгон. Бул иш төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлгөн:
Өнөр жайлык, транспорттук, курулуш жана башка жалпы союздук баш ийүүдөгү ишканаларды республиканын карамагына берүү, ошондой эле чарбалык жана маданий маселелерди чечүүдө республикалык мамлекеттик башкаруу органдарынын укуктарын кеңейтүү багытында;
Мыйзам чыгаруучулук жана сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда союздук республикалардын укуктарын кеңейтүү багытында;
Административдик-аймактык түзүлүштү уюштурууда союздук республикалардын укуктарын кеңейтүү багытында;
ССР Союзунун жогорку мамлекеттик органдарында союздук республикалардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү багытында.
Бул аракеттердин баары тарыхка "Хрущёвдин эксперименттери" деген ат менен кирди. Бирок ачыгын айтканда, өнөр жайын, курулушту жана айыл чарбасын башкарууну жакшыртууга, чарбалык жана маданий курулуштун маселелерин чечүү жагында союздук республикалардын укугун кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар туруксуз келип, карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болгон.

Ынтымак Курултайынын максаты
Бүгүн Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы белесине кадам таштап, алдыбызда жаңы мейкиндиктер ачылып жатат. Глобалдык көйгөйлөр менен дүйнөлүк кризис калктын бардык катмарларынын, бүт кыргызстандык коомдун биригишин талап кылууда. Мына ушундан улам жалпы улуттук баарлашуунун зарылдыгы өзүнөн өзү туулду. Ушул максаттан улам мен Ынтымак Курултайын чакырган элем. Буга байланыштуу Ынтымак Курултайын өлкө жетекчилиги өзүнүн кийинки кездеги саясатына коомчулук тараптан колдоо алыш максатында гана чакырып жатат деген сөздөрдүн түпкү маңызы мага түшүнүксүз.
Эгер менин Ынтымак Курултайын чакыруу тууралуу телекайрылуумду угушкан болушса, анда мен бизге демократия сымалындагы декоративдүү орган бизге кажет эместигин ачык айткан элем. Биз чынында эле азыркы жагдайды так талдоого жана элибиздин нагыз акыл-эси болгон адамдардын, ар кандай социалдык жана этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусуна муктажпыз. Бул жагынан алганда алдыдагы жалпы элдик жыйын жаңыдан торолуп келаткан мамлекетибизди жана өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чыңдоодо эң маанилүү белес болуп калат деп ишендире кетким келет, - деп жыйынтыктады сөзүн мамлекет башчысы.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"

Cултан Досалиев (фотолору)








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??