Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_3.htm on line 2


п»ї
Жемейдин кусмайы бар
"Финансылык мыйзам бузууларды аныктап гана тим болбостон, аларды болтурбоо боюнча да чара көрүлүшү керек", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкуловду кабыл алуу учурунда.

Искандер Гайпкулов мамлекет башчысына Эсеп палатасынын өткөн жылдагы аудитордук ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, былтыр Эсеп палатасы 1696 аудитордук иш-чара өткөргөн. Алардын жыйынтыгында көлөмү 418,9 млн.сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде 57,2 млн.сомдук акча каражаты жана материалдык баалуулуктар уурдалган, 291,9 млн.сом максатсыз пайдаланылган. Бюджеттин кошумча чегерилген кирешеси - 64,8 млн.сом, Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешеси - 4,9 млн.сом болгон.
Бюджетке кайтарылышы керек болгон 331 млн.сомдун 137 млн.сому кайтарылган (41,5%). Андан тышкары, 2975,2 млн.сом көлөмүндө бюджеттин кошумча резервдери жана жоготуулары аныкталган. Коомдук жана чарбалык субъектилердеги финансылык мыйзам бузуулар 762,9 млн. сомду түзгөн.
Финансылык мыйзам бузуулардан, резервдерден жана бюджеттин жоготууларынан тарткан зыяндын 238,9 млн.сому кайтарылды.
Былтыр көлөмү 92,6 млн.сомго байланыштуу каралган 168 иш боюнча 4 кызматкер, ал эми мурунку жылдардагы иштер боюнча 23 кызматкер жоопко тартылган, 38 кызматкер кызматынан алынган, 499 кызматкер административдик жаза алган.
Президент Курманбек Бакиев финансылык мыйзам бузууларга күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн Эсеп палатасынын укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштөөсүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кайтарылууга тийиш болгон каражаттарды толугу менен өндүрүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.
Андан тышкары, К.Бакиев Эсеп палатасына КРнын Өкмөтү менен бирдикте өлкөнүн мыйзамдарына финансылык мыйзам бузууларга бөгөт коё ала турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.
А.ЭСЕНОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




Кыргызстанды өнүктүрүү институту түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек
Бакиев "Кыргызстанды өнүктүрүү институту жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, республиканы андан ары өнүктүрүү менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү, долбоордук чөйрөнү кайра жаратуу үчүн шарттарды түзүү жана анын потенциалын өлкөнү инновациялык жактан өнүктүрүүгө багыттоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен уюштуруучу-укуктуу мекеме формасында Кыргызстанды өнүктүрүү институту түзүлдү.
Жарлык менен төмөнкүлөр белгиленди:
- Институттун негизги максаттары жана милдеттери болуп өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнү камсыз кылган изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоордук иштеп чыгууларды уюштуруу үчүн интеллектуалдык ресурстарды топтоо болуп саналат;
- стратегиялардын, мамлекеттик программалардын долбоорлорун жана башка долбоорлорду иштеп чыгууда башка уюмдар менен биргелешкен өнөктөштүк иш институттун ишинин негизги принциптери болуп саналат;
- институттун иши Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги тарабынан координацияланат;
- Институттун директору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Институттун директоруна жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине бир айлык мөөнөттө институттун уставынын жана иш планынын долбоорлорун, институтту башкаруу схемасын жана штаттык санын иштеп чыгуу жана кароого сунуш кылуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө институттун иши менен байланышкан финансылык жана башка маселелерди чечүү тапшырылды.
Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Пиримбаев Жусуп Жунусбаевич Кыргызстанды өнүктүрүү институтунун директору болуп дайындалды.
Өз маалыматыбыз




АКШ кызматташууну улантууга кызыкдар
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук мырзаны кабыл алды.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-америкалык мамилелердин өнүгүшүнө, эки тараптуу кызматташууну жанданды-
рууга олутуу маани бере тургандыгын белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү абал туурасында кыскача сөз кылып, дүйнөлүк каржы-экономикалык кризиске карабастан, республика экономикалык өсүш ыргагын түшүрбөй, ал гана эмес бир аз өсүш дең-гээлине жетишкендигин айтты. Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, алардын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.
Жооп сөзүндө АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук мырза АКШнын Президенти Барак Обама жана АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым мамлекет башчысына салам жолдоп, бакубаттуулук каалашкандыктарын
айтты. Анын сөзүнө караганда, АКШ Кыргызстан менен өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар жана өзүнүн иш сапары АКШнын Кыргызстан менен кызматташтыгын улантуусунун бир бөлүгү болуп саналат.
Жолугушуу учурунда Ооганстандагы абал, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жолдору туурасында пикир алышуу болду.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




"Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясы уюшулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясы жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, маалы-
мат саясатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңылануу жана реформа процесстерин жигердүү чагылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкын маалымат менен сапаттуу камсыз кылуу максатында "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясын уюштуруу максатка ылайыктуу деп табылды.
Жарлык менен төмөнкүлөр белгиленди:
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын уставы Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын сунушу боюнча бекитилет;
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына эки айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясын уюштуруусу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын уставын бекитүүсү;
- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгына бир айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бекитүүгө киргизүү жана ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечүү тапшырылды.
Жарлыкка ылайык, "Слово Кыргызстана" басма үйү жоюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана" басма үйүн жоюу боюнча бардык зарыл иш-чараларды өткөрүү;
- интеллектуалдык менчик объекттерин кошуп алганда "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн мүлкүн "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясына өткөрүп берүү;
- "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясына берүү (өткөрүү);
- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечүү;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин буйругу менен Оторбаева Асел Эрнестовна "Слово Кыргызстана плюс" гезитинин редакциясынын башкы редактору болуп дайындалды.
Өз маалыматыбыз






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??