Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_24.htm on line 2


п»ї

Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк
Курбум, ай!
Деги сен эмне болуп баратасың?
Кыял-жорук, жүрүш-турушуң менен,
Жүрөгүмдү канатасың.
Атаганат, атаң кандай киши эле!
Кур десе, тартпайбы уулу жан атасын?
Согуш маалы, каат кезде,
Эмнени гана көрбөдүк?
Жакшы күндөрдү санап,
Суу жетпеген талдай чөлдөдүк.
Бирок анда көгөрүп,
Баарына түттүк эле,
Жыңайлак жүрүп,
Онду да бирге бүттүк эле,
Эмичи?
Мүнөзүң жок
Шайыр-шайдоот,
Бала кезиңдеги.
Институтту биз бүткөн
Салтанатта кечиндеги,
Кашкайып айттың эле го:
"Мекен бизди өстүрдү,
Мекен үчүн иштейбиз!"- деп,
Эсиңдеби?..
Бирок жетериң менен айылга,
Өз төрүңө
А дегенде аксынып,
Анан дароо
Мүнөзүң өзгөрүлө,
Чычкандай капты тешкен,
Уялбай уурдап жештен.
Коомдук мүлккө
Кол сала баштадың го
Көз көрүнөө.
Ооба, оболу активдикке илиндиң.
Жөндөмдүү
Кызматкер катарында билиндиң.
Жардамы тийип,
"бал татыган" тилиңдин,
Анан акырындык менен
Түшө баштадың артынан
Алиги, ач көздүк деген "илимдин".
Азыр сен өз оюңду
Бир бербейсиң.
Ак айтса, атаңа да ишенбейсиң.
Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп,
Оң келгенин
Алып эле турсам дейсиң.
Эки заңгыраган үй аз көрүнүп,
Эми үчүнчүсүн курсам дейсиң.
Үйүңдө бүт баарысы бар,
Түркүн килем, палас,
Чет элдик гарнитурлар...
Деги эле жок бош орун.
Буга жымырылган
эки машинаны кошомун.
Дагы эле алсам,
Дагы эле жыйсам дейсиң,
Антпесе кармап баш ооруң.
Ач көздүк ай, ач көздүк,
Кереги ташка тийсинчи,
Ошонун!
Маданияттуу жашоого
Деги эле маани бербейсиң,
Үйүңдө бир китеп жок,
Китеп дүкөнүнө
Ит кууса да келбейсиң.
Китепкана уюштуруп,
Китеп ташыган элди көрүп:
"Жинди го?!
Булар эмне болгон эл?!" - дейсиң.
Башкасын кой, өзүңөн
Өз тамагыңды аяйсың,
Тим эле битиңди сыгып
Каныңды жалайсың.
Үй-бүлөөнүн
ичип жегенин көп көрүп,
- Бул кайда?
Тиги эмне болду?- деп,
Аялыңды кууруп,
Миң алекеттен өткөрүп,
Итатайың тутулуп,
Идиш-аякты жибергиң келет көңтөрүп.
Ашынып баратасың, ашынып!
Кантсем сени,
Сени кантип тыя алам?
Сени көрүп өзүм элден уялам...





Бүгүн билдим
(чымчыкей)
Көрүшкөндө жодурайсың, күлөсүң,
Кынтыгы жок кыз жибектей мүнөзүң.
"Кызыгы бар бетинде бул жигиттин,
Жүрөгүндө кантип кара түнөсүн?" -

Ушул улуу ишенимди бек кармап,
Жолукканда мен да изги кепти арнап,
Сүйлөшчүбүз жер чечегин безенип,
Сөзүбүзгө сөз уланып, көп тармак.

Бала чактан билишебиз жөн жайды,
Бирок кийин болуп калдык өзгө айлы.
Кечээ жакын кокусунан жолуксам,
Эмнегедир сөзүнүн жок көп дайны.

Жоготкондой буюмумду эң кымбат,
Жүрөгүмдө барат жара күндө ырбап.
Көпкө дагы көрбөй жүрсөм болмокчу,
Бала чакта бир жаттаган ырды ырдап.
Аты чыгып дүңгүрөчү алыстан,
Билбегенге сүрү сырдуу арыстан.
Ич дүйнөсү болот анан белгилүү,
Имерилип, пикирлеше калышсаң.

Бирге жүрүп билем десем сырыңды,
Билчү экемин көрсө сырткы сыныңды.
Ушунча жыл көздү боёп жүрүпсүң,
Кечээ кана билдим ачык чыныңды.

Кай жакка оосо таразанын салмагы,
Ошол жактын колун бекем кармады.
Көкүрөктү калкан кылып көтөрүп,
Алабарман сөзүнүн көп жалганы.

Суу түбүндө жылма таштай жылмайып,
Бир көргөнгө жүзү жарык нур жайып.
Көз боочудай көнүлүңдү азгырат,
Болбойт го деп мындай жанда бир да айып.

Бирок, анын ичиндеги аласын,
Кыраакы бол, анан билип аласың.
Алаңказар бир ишенчээк жан болсоң,
Кой оозунан чөп албайт деп каласың.




Жолдо...
Айдоочу:
- Эх тулпарым, иш чатак,
Көп белгиден баш катат...
Бирин билбей экөөбүз,
Бир ат чабым көчөбүз,
Эми,
Өйүзгө кантип өтөбүз?..




Иш күнүнүн графиги
Жакшы эле учуп бараткамын өйдөлөп,
Арак деген акмак неме өңдөнөт...
Бир заматта колдон, буттан алды да,
Өлдү баары! Калдым сойлоп, жөрмөлөп...

Абыл менен Кабыл тамеки түтөтүп, "чыйт" түкүрүнө көчөдө турушат.
Ары жактан эрбеңдеген бирөөнүн карааны көрүнөт.
Абыл (колун серепчилеп): -
Тэ-э тиги, ийреңдеп басып келаткан кайсы неме?
Кабыл: - Чиш-ш, акырын. Ошону билбейсиңби? Ал деген кадимки, кабарчы Калпаков эмеспи.
Абыл: - Баарыңар эле "кабарчы Калпаков" дейт экенсиңер, мен мунун деле бир сап кабарын гезиттен, же журналдан көрө элекмин го?
Кабыл: - Анын кабарын сен эмес, деле эч ким көрө элек. Ал кабарын түз эле республикалык, облустук, айласы кеткенде райондук органдарга айдайт.
Абыл: - Анда кабарчы эмес эле, арызчыл дебейсиңерби?
Кабыл: - Анысын билбейм. Элдин баары эле: "кабарчы келатат", - деп дүрбөп турушат. Бир дүкөнгө кирип: "кабарчы Калпаков келатат" деп эле кой, дүкөнчүлөр каткан-куткандарын витринага чыгарганча шашып, өздөрү бойлорун түзөп, чачтарын тарап, какайып калышат.
Абыл: - А чарбага барсачы?
Кабыл: - Чарбанын жетекчилери жөн эле машинесин алдыга тартып, өзүнүн жеми менен малынын чөбүнө чейин даярдап турушат.
Абыл: - Мээр чөбү бар го, анда?
Кабыл: - Анысын билбейм, кабарчы Калпаков оозу-мурду кыйшайбай туруп: "Мага кыйынсыган далай кыйынды кызматынан кыйшайткамын", - деп жүрөт. Ошондуктан элдин баары чочулашат экен.
Абыл: - Деги, "кыйшайган кыйындары" кимдер экен?
Кабыл: - Аттуу-баштуулардан баштайын.
Абыл: - Кана?..
Кабыл: - Мындан үч жыл мурда райкомдо Ысмайылов деген иштеди беле?
Абыл: - Ооба, иштеген.
Кабыл: - Биринчи жолу ошол Ысмайыловдун үстүнөн жазып, кызматынан бошотуптур.
Абыл: - Ии, анан?
Кабыл: - Кызыл-Бел колхозунун башкармасы Кырбашов да Калпаков колдуу болуптур.
Абыл: - Ии, дагы?
Кабыл: - Райондук керек-жарак коомунун председатели Серкебаевди сермеген дагы ошол экен!
Абыл: - Ко-ош.
Кабыл: - Оорукананын баш-кы врачы Ормоновду оңкосунан
сайыптыр.
Абыл: - Ой, тобоо!
Кабыл: - Айта берсе, мунун дегеле түшүрбөгөн кишиси жок. Зоотехник, бухгалтер, дүкөнчү-мүкөнчүнү шилтеп эле койсо учуп кетет экен.
Абыл: - Эми жакшылап угуп тур, мен айтып берейин?
Кабыл: - Ии, кулак сенде.
Абыл: - Ысмайылов деген облуска которулуп кеткен.
Кабыл: - Чоңоюппу?! Оңбогон гана Калпаков десе!
Абыл: - Кызыл-Бел колхозунун башкармасы Кырбашов болсо, Айыл чарба министрлигинин аппаратында иштеп, илимий эмгек жазып жүрөт.
Кабыл: - Койчу?!
Абыл: - Райондук керек-жарак коомунун председатели Серке-баев сермелмек турсун, үч тепкич жогору секирип кеткен.
Кабыл: - Тоббо-о (жакасын карманат).
Абыл: - Буудайбеков будаланмак турсун, майга куурулган кып-кызыл буудайга окшоп, башка бир райондо бир мекемени башкарып отурат.
Кабыл: - Укмушуң курган Калпаков десе!
Абыл: - Оорукананын башкы врачы Ормонов олчойгон илимдин доктору деген наам алганын уккан жок белең?
Кабыл: - Ата-а, үйүң күйгөн гана Калпаков десе! (түгөнгөн тамекисинин калдыгын ыргытып) Кеткен эле киши болсо: "Мен жайладым!" - деп жүргөнүнөн коркуп, кошомат кылып коём дагы...
С.Токсобаева









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??