Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_2.htm on line 2


п»ї

  Элдин үнү

Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
Ноокат районундагы К.Бобулов атындагы Баргы орто мектебинин педагогикалык жамааты өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган, сабакты чыгармачылык менен өткөрүүгө аракеттенген райондогу алдыңкы мектептердин бири.

Өткөн жылы облуста биринчи орунга чыгып, республикалык конкурска катышууга укук алган. Анда 3-орунду ээлеп, акчалай сыйлык алып кайткан. Ал эми мектепте түзүлгөн жол кыймылынын жаш инспекторлорунун командасы республикалык мелдеште 1-орунду ээлеп кайткан. Спорт жаатында жетишкен ийгиликтер да бар. Айтор, мактана турган жактарыбыз көп. Бирок, мектептин имаратынын эскилигинен уялып, ошол жакшы нерселерибизди көрсөтүүдөн тартынабыз.
Мектеп союз убагында ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөндүктөн 2008-жылы болгон жер титирөө учурунда бир топ жабыр тарткан. Бул тууралуу КРнын өзгөчө кыр- даалдар министрлигинин чыгарган чечими бар. Мектептин класс-тары тар, коридорлору кууш. Спорт залы санитардык талапка жооп бербей тургандыгын райондун жана облустун жетекчилери билет. Бирок, андан жакшы жыйын-тык чыга элек. Жакында КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Б.Төрөбаев да келип көрүп кетти. Мектеп тууралуу тиешелүү жерлерге билдиребиз деген убадасын берип кеткен.
Жер титирөөдөн Кудай сактасын деп эле турабыз. Кокустан жер титиресе, мектептин кулап кетүү коркунучу бар.
Республикадагы эң таасирдүү "Кыргыз Туусу" гезитине биздин кайрылуубуз жарыяланып калса республикалык деңгээлдеги жетекчилер окушуп, биздин абалыбызга туура түшүнөбү деген үмүттөбүз.

Ноокат районундагы К.Бобулов атындагы
Баргы орто мектебинин
педагогикалык жамаатынын жана ата-энелер
комитетинин атынан
21 адам кол койгон.


Ош базарын
Оңдосок
Мезгилинде Бишкектеги Ош базары коомчулуктун колдоосу, колхоз, совхоздордун көмөгү менен курулган эле. Заман өзгөрүп, менчиктешип кетти. Шаар тартипке келип, базардын айланасындагы ашыкча опур-топур күркөлөр алынып, иретке келиптир. Бирок, базардын үстү эскирип, жыртык-тешиги көп болгондуктан жаан-чачындуу күндөрү шаркыраган суу агып, соо-да кылган адамдардын желкесине куюлуп, ансыз да муздак бетондун үстүндө тургандардын ден соолугун оорлотуп жатат.

Элдин тирилиги базар менен экендиги баарыбызга түшүнүктүү. Байкуш базарчылар турган ордулары үчүн бир топ эле акча төлөшөт экен. Түшкөн киреше деле арбын окшойт. Эмне үчүн базар жетекчилиги шарт түзүүнүн камын ойлобойт? Карасаңыз, сатуучулар өздөрүнүн үстү жагына клёнкаларды калкалап, кээ бири чака-челектерин илип алган. Же сатуу-чунун укугу жокпу?
"Бизге боло берет" деп албырак-салбыракка көнүп алганбызбы? Ал эми базарга келген чет элдик коноктор, туристтер эмне дейт? Дыйкандардын дүйүм мөмө-жемиштери сатылган жерге бийликтин, жетекчилердин мамилеси ушубу деп ойлошот да. Шаар жетекчилиги, Нариман Түлеевдин жасап жаткан алгылыктуу иштери арбын экенин эл айтып жатат. Жолдор оңдолуп, турак жайлар курулуп, тазалык колго алыныптыр. Кычыраган кыштын күнүндө көчөлөргө кооздук берүүчү өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн олтургузуп жатканын көрүп ыраазы болосуң. Ар бир жетекчи өзүнө тиешелүү жерди мыктылап оңдоп койсо чоң сооп да болот, эл алдында жүзү да жарык.
Ош базарынын жетекчилиги дагы баса турган жерлерди оңдоп-түзөп, базардын үстүн жаңылап жаап койгонго мүмкүнчүлүгү бар, күчү жетет деп ойлойбуз.

Исматулла ПАРПИЕВ, эмгек ардагери,
Кара-Кулжа району




Майыптыгын тактап бергилечи
Менин кайрылуумдун себеби, Нарын шаарындагы Исакеев көчөсүнүн № 2 үйүндө жашаган бир тууган күйөө балам Акматбек Надырбековдун Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу согуштун майыбы экендигин тактап берсеңиздер деген өтүнүч.

Надырбеков Тянь-Шань районунун Эмгекчил айылында 1928-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып турмак, согушка катышкан да эмес. Болгону согуш аяктагандан кийин үч айлык сборго гана чакырылып, анан кантип согуштун катышуучусу жана майыбы болуп алгандыгы бирге өсүп чоңойгон теңтуштары менен замандаштарын таң калтырбай койгон жок. Мына ошол себептен согуштун ардагерлери Касымалы Шадыканов, Букар Өмүрканов прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Арыз боюнча өтүнмө Россиянын Подольск шаарына жөнөтүлгөн. Мындай адам аскердик кызмат өтөгөн жок деп жооп келген. Мындан сырткары учурунда аскер комиссариатында учёт бөлүмүндө иштеген маркум Сарыгул Касымалиев Надырбековго аскердик белетин өзү жазып бергендигин, анын согуштун катышуучусу эмес экендигин айтып калчу. Жогорудагы маселе ачыкка чыкканда Бишкек шаарында иштеген уулу Шадыбек Надырбеков кимдер менен сүйлөшкөнү белгисиз, айтор Подольск шаарынан келген жоопту жокко чыгарган.
Акматбек жалган документ-
тердин негизинде 1990-
жылдан бери согуштун экинчи топтогу майыбы катары акчалай компенсацияларды алып келүүдө. Өз көмөчүнө күл тарткан, Улуу Ата Мекендик согуштун көзү өтүп кеткен ардагерлеринин арбактарына шек келтирген мындай абийирсиз адамга мыйзам алдында чара көрүлөт деп ишенем.

Жаманак КАРЫМШАКОВ,
Нарын облусу,

Чет-Нура айылы,

82 жаштагы эмгек ардагери





Балдар чек ара аралабай калышат
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2010-жылдын 19-январынын №3 санында жарык көргөн "Убадалар унутулуп кала береби" аттуу макаласы аркылуу Баткен облусундагы Ак-Сай айыл округунун башчысы Ж.Сатыбалдиевдин кайрылуусуна жооп катары, төмөнкүлөрдү билдиребиз :
Ак-Сай айыл округуна караштуу Таш-Тумшук айылы Хожаи-Ало (Октябрь) кыштагы менен чектеш жайгашкан жана бүгүнкү күндө айылда 80ге жакын түтүн үй-бүлө жашайт. Аталган айылда башталгыч класстан 11-класска чейинки, бардыгы болуп 100дөй окуучу Тажик Республикасынын аймагын басып өтүп окушат.
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ак-сай айыл округунун Таш-Тумшук айылындагы мектептин курулушун бүтүрүү 2012-жылдын курулуш жана курулуштарды бүтүрүү планына 7,5 млн. сомдук сметалык баасы менен киргизилген экен. Бирок бүгүнкү күндө аталган мектептин курулушун 2010-жылдын планына киргизүү тууралуу, министрлик тараптан сунуш киргизилип, КРнын Өнүктүрүү, инвести-циялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинде каралууда.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бюджеттик каражаттын тартыштыгы эске алынып, курулушту бүткөрүүнү талап кылган 402 объектинин ичинен ар тараптуу каралуудан кийин быйылкы жылга алдын-ала эсептөөлөр боюнча 395,8 млн. сомдук каражатты керектей турган 27 мектеп объектисинин тизмеси түзүлгөн (жер титирөөдөн жапа чеккен, сейсмикалык нормаларга жооп бербеген, 80-90%% бүтүп калгандар).
Терең

урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Катчылыгынын
басма сөз кызматынын жетекчиси К. Сыдыков






Жатак үйүнөн чыгарып салды
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2010-жылдын 2-февралындагы санына жарыяланган "Муктаж адамдардын кызыкчылыгы корголот" аттуу макаланы окуп чыгып, андагы айтылгандар менин тагдырыма дал келе тургандыгын байкап, өзүм тууралуу жазууну эп көрдүм.

Макалада жалгыз жашаган жана улгайган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 7300 адамга социалдык кызматкерлер үйлөрүнө келишип жардам берип турушары жөнүндө жазылыптыр. Мен 1942-жылы туулгам. Жигиттик куракка жеткенден кийин Советтик Армиянын катарында үч жыл кызмат өтөп келип, такай курулушта иштеп жүрүп, 1992-жылы учук оорусу менен ооруп калдым. Узакка дарылангандан кийин мага 25 жылдык мөөнөт менен экинчи топтогу майып деген справканы беришти.
Азыркы учурда 2405 сом пенсия алам. Мага каралашар эч кимим жок болгондуктан, Ош шаардык боорукердик жатак үйүндө жашап жаттым эле, 2009-жылдын 24-ноябрында жатак үйүнүн деректири Бермет Токтосунова сен райондон келгенсиң деп, өзүмө тиешелүү майда-барат кийим-кечектеримди кароолканага чыгарып койду. Мен аргасыздан азыркы күндө бирөөнүн менчик үйүндө батирде акча төлөп жашап жатам. Мага окшогон жалгыз-жарым улгайган адамдарга социалдык жактан жардам болоор бекен?

Жолдош КУДАЙБЕРДИЕВ,

Ош шары





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??