Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_19.htm on line 2


п»ї

  Заманбап технология

Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук борборунун имаратында жалпы суммасы 116 миң АКШ доллары турган медициналык жана
коммуникациялык жабдууларды берүү салтанаты болуп өттү.

Бул жабдуулар республиканын саламаттык сактоо чөйрөсүндө биринчи интерактивдүү электрондук мамлекеттик кызматтар боюнча долбоордун алкагында ишке ашырылууда. Ал заманбап маалыматтык-технологиялардын жетишкендиктерин калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, анын ичинде саламаттык сактоо чөйрөсүндө киргизүүгө багытталган.
Аталган долбоордун бөтөнчөлүгү борборго келип, докдурга көрүнүп, медициналык жардам ала алышпаган алыскы айылдардагы жарды жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга алыскы аралыктан дартты аныктоо жана туура дарылоону көрсөтүү аркылуу жардам берүү болуп саналат. Эрте диагноз коюу ооруну учурунда аныктоого жана өз убагында дарылоого мүмкүнчүлүк берет, а бул өз кезегинде өлүмгө учуроону азайтат.
Бул долбоорду БУУнун Демократиялык башкаруу тематикалык трасттык фондунун финансылык колдоосунда ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасы Саламаттык сактоо жана Транспорт жана коммуникациялар министрликтери менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырмакчы.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Олуттуу көйгөй
Эркектердин өмүрү кыскарууда
Ата Мекенди коргоо күнүнүн алдында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда "Эркектердин ден соолугу жана активдүү узак жашоо" деген темада симпозиум өтүп, ага республикабыздын мыкты урологдору, эндокринологдору, кардиологдору, психиатрия адистери катышты. Мындай аталышта жыл сайын симпозиум өткөрүү салтка айланып калды.
Форумда эркектердин ден соолугу боюнча иштеген адистердин ортосунда илимий жана практикалык тажрыйба алмашуу жана "Улгайган куракта өмүрдүн сапаты" программасын ишке ашыруу боюнча стратегияны иштеп чыгуу көздөлдү. Анткени, эркектердин жашынын узактыгын жана өмүрүнүн сапатын жогорулатууга багытталган мамлекеттик программа жок.
Цивилизациянын дүркүрөп өсүшү адамдарга көп жыргалчылыктарды берген менен ал эң эле олуттуу экологиялык маселелерди да жаратты. Стресс, өнөкөт чарчоонун синдрому, абанын жана суунун, анын ичинде ичүүчү суунун химиялык курамынын өзгөрүшү, жердин булганышы, радиациялык фон ж.б. көптөгөн нерселер адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Статистикалык маалымат өлкөбүздүн калкынын өмүрүнүн узактыгы батыш өлкөлөрүнө караганда эркектердики 10-15 жашка, аялдардыкы 6-8 жашка аздыгын көрсөтүп турат. Кыргызстанда эркектердин өмүрүнүн узактыгы 59 жаш, а аялдардыкы 72,3 жаш, айырма 13,3 жашты түзөт. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 7 жаштын тегерегинде болот. Бул демографиялык маалымат калкыбыздын, өзгөчө эркектердин ден соолугунун жакшы эместигин көрсөтүп турат.
Форумда эркектердин докдурга аз көрүнүшөрү, алар үчүн атайын медбөлмөлөрдүн жоктугу, андрология жаатында врачтар үчүн бирдиктүү билим берүү системасынын жоктугу, мамлекет тарабынан илимий-изилдөө программалары жетиштүү каржыланбай жатканы айтылды. Ушуга байланыштуу эркектердин ден соолугуна тийиштүү олуттуу маселелерди чечүүнүн жолдору аныкталды.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??