Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_17.htm on line 2


п»ї
  Улуттун улуу инсандары

Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык
Бир окуя эсимден эч кетпейт.
Ал кезде кыш абдан суук болуп, кар да калың түшөөр эле. Мен 2-класста окуп жүргөн курагым го... Мектептен келээрим менен кичинекей мешибизге дүкүлдөтүп от жагам. Апам таң эрте жумушка кетип, кыштын күнү кеч эрте кирет эмеспи, күүгүм чалыш үйгө келет. Апамдын жоолук, жакасына кыроо тоңуп, мээлейи кадимкидей сенейип муз болуп келчү. Ошондо мээлейин чечип, ысып турган мештин бурчуна коюп, колу-бутун жылытып, мени алкап, жалбарып калчу. Биз апамдын үшүп келгенине, бала да болсок, кадимкидей ичибиз ачышып, үрпөйүп ту-раар элек. Анан бир күнү апам келгенде даяр болсунчу дедик го, Гүлжакан экөөбүз бир топ тырмалаңдап жатып, айтор тамак жасадык. Тамагыбызды чыгарып, ортого коюп, байкуш апамдын ошондогу ыйлаганы ай...

Кызылча талаасын-дагы Кызыл желек
Ошентип, экинчи класстан баштап уй саап, андан кийинчерээк эле кадимкидей камыр жууруп, нан бышырчумун. Ал кезде апама, биз жашаган "Бейшеке" колхозунан 2-3 гектар кызылча аянтын бөлүп берет. Апам эртеден кечке бозала болуп талаада. Кызылча өстүрүү эмне деген түйшүк экенин ага иштегендер гана түшүнбөсө, аны айткан менен сөз жетпейт. Кетменди көтөрүп, жөндөп чапканга жараган курактан тартып, апам, карындашым Гүлжакан үчөөбүз ошол кызылча талаасында иштеп жүрдүк. Апамдын кара терге түшүп иштеп жатканын көрүп, бир чети апамды аясам, бир чети элден артта калбасак экен деген намыс көкүрөктө тураар эле. Боюм кичинекей, бирок өтө чапчаң бала болсом керек, мен бир аз карууга толо баштаган соң, биз элден алдыга озуп кеттик. Ал кезде бригадаларда
атайын бирден кызыл желек бо-лоор эле. Аны кызылчанын биринчи отоосунан кийин бригадир, колхоздун башкармасы жана башкалар келишип, атайын кичинекей чогулуш өткөрүшүп, кол чабуулар менен, шатыра-шатман, кимдин та-лаасы таза иштелсе, ким алдыда келе жатса ошонун талаасына алып барып, желекти орнотуп, сайып кетишчү. Анан бир күнү баягы шаң-шарапат менен ошол Кызыл желекти биздин талаабызга орнотуп кетишти. Апамдын ошондогу кубанганы ай..! "Кагылайын Каны, сен болбосоң мага кайдагы желек..." - деп жүрдү. Ошол Кызыл желек апамдын кызылча талаасында мен мектепти бүтүп кеткичекти желбиреп турду.

Аблабек,
Элүүбай,
Карагул жана Семен
Давыдович
Убакыт өтүп мектепти бүткөн
мезгил да келди. Ошол учурда атамдын бир тууган агасы Чөкүш чоң атамдын баласы Бейманаалы агам шаардан айылга барып калды. Аркы-беркини кобурашып, анан: "Ии, Каныбек, эми эмне кылайын дейсиң?" - дегенинен: "Быстровкага барып, шопурдун окуусун окуп, агаларым аскерден келгичекти апама жардам бе-рейин", - дедим. Бейманаалы агам көпкө ойлонуп отурду да:
- Мунуң туура. Бирок окубай калсаң келечегиң кандай болот? Сен окушуң керек. Окусаң гана апаңдын да, тууган-уруктун да керегине жарайсың, - деп акыл-насаатын айтты. Апам да агамдын сөзүнө кошулду. Ошентип мен Фрунзеге келдим да, университеттин тарых факультетине окууга кирип калдым. Ал кезде студент балдардын баары спорт менен абдан машыгышчу эле. Мен алгачкы күндөрү баскетболго барып жүргөм. Бир күнү бирге окуган Аблабек, Элүүбай, Карагул деген курсташтарым:
- Жүр биз менен, штангаларды көрө кет, - дешкенинен, алар менен чогуу залга барып калдым. Бир топ балдар машыгып жүрүшкөн экен. Анан мага: "Кел, муну көтөрчү, тигини көтөрүп көрчү", - дешкенинен мунусун көтөрүп койдум, анысын көтөрүп койдум. Ал кезде кайдан билейин, темир алкак илинген штангаларды жерден жеңил эле көтөрүп алып, кайра эч кыйналбай эле жерге койсом керек. Бир топ балдар тегеректеп алышып:
- Эми штанганы көтөргөн бойдон отурчу, турчу, - деп калышты. Мен беш-алты жолу оңой эле отуруп-туруп кайталаган окшойм. Балдар дуулдап эле калышты. Ошол учурда бир орус келип, шак колдон алды, ал кезде орусча деле билбейм.
- Где ты учишься? - десе эптеп "университет", - дедим.
- Какой факультет? - десе "истфак" деп, - какой курс? - десе "первый" дегеним эсимде. Ошонун эртеси эле ал киши мени издеп деканатка келди. Көрсө, накта саяпкердин көзү менен боюмду, анан шамдагайлыгымды бир көргөндө эле байкаса керек. "Сен накта штангист турбайсыңбы. Сен көтөргөн салмакты балдар бир-эки жылдап машыгышса да оңой менен көтөрө алышпайт", - деди. Ошентип мен турмушумда дагы бир жакшы адамга жолуктум, ал менин машыктыруучум Иткин Семен Давыдович болду. Мына ошондон баштап оор атлетика боюнча накта чымыркана машыккан мезгил башталды.
Берекелүү талаанын ырымы
Көп узабай эле 1973-жылы (20
жашымда) Кыргызстандын, андан соң Борбордук Азия, Сибирь, Казакстан аймактары боюнча өткөрүлгөн спартакиаданын жана башка бир топ беттешүүлөрдүн чемпиону болдум. Алгачкы ирет чемпиондукту жеңип алганда ушундай чоң кубаныч, сыймыктануу менен аэропорттон түз эле апама, ал иштеп жаткан кызылча талаасына баргам. Талаада иштеп жүрүшкөн бардык ак жоолукчан апалар алдыман тосуп чыгышып, мени, апамды дуулдап куттукташканы али да көз алдымда. Ошондо кызылча жаңы эле казыла баштаган маал. Берекелүү талаанын жакшы бир салты бар эле. Эгер көңүлүңө жаккан адам талаага, иштеп жаткан жериңе барып калса, анан ага зор урмат көрсөтүү иретинде ошол талаанын түшүмүнөн эң жакшысын, эң көлөмдүүсүн тандап туруп келген кишинин колуна карматышчу. Бул сый өзгөчө бир урматтоонун белгиси, аны кадыресе учурларда көп колдонушчу эмес, ал даркан талаанын ыйык бир ырымы эле.
Анан күтүүсүздөн эле апам экөөбүздүн алдыбызга жерден эми эле казылып алынган, топурактын, берекенин илеби уруп турган эң чоң кызылчаны кош колдоп сунуп калышты... Мен апкаарый түшсөм керек, апамды карасам ал жетине албай ыйлап турат:
- Каныбек, бул урмат сеники. Ал, алагой, балам. Өмүрүң дайыма берекелүү болсун! - дегени азыр да кулагымда жаңырып турат. Ошондогу апаларымдын дуулдаган сүрөөнүндөй ыйык бир касиетти, ошол бир кызылчанын салмагындай өзгөчө бир жүктү дүйнөлүк чемпиондук наамдарды жеңип алып жаткан учурларда да сезгеним жок. Көрсө далай чемпиондук титулдардан дагы, далай атак-даңктан дагы Ата-Журтуң, ата-энеңдин маңдай тери төгүлгөн жер, эл-журтуңдун дуулдап турганы алда канча бийик экен.
Атага тең уул, атадан кең уул...
Кыргыздын ушундай жакшы
сөзү бар. Мен жогорку макалдын кайсы түрүнө кошулам, аны башкалар таразалайт, а менин атам Осмонаалы ачык колдуу, барбалаңдаган адам болгон экен. Үстүндө түзүгүрөөк кийими болсо да инилерине барып: "Ме, сен муну кийип алчы, мага сенин жаманың эле жарайт", - деп үстүндөгү кийимин да чечип берип койчу тура. Атам убагында колхоздо ферма башчысы болуп иштеп, колхоздун сандаган малы менен Кенес-Анархайга каттап турганда бүт айыл-апаны кыдырып, ун, май, сүт, эттен өйдө айылдаштарына таштап, кыскасы эч кимге "жок" дебеген. Атамдын кадырын мен кийин эс тарткан күндөн баштап сезип чоңойдум. Кара-Булак орто мектебинин жогорку класстарында окуп жүргөнүмдө, ошол айылдык атама курбалдаш ата-апалар атайын токтотуп алышып: "Осокемдин баласы так эле атасынын өзү болгон турбайбы", - дешип учурашып калышаар эле.
Оюмда дайым ата-энемдин элеси турат. Атам өзү орто бойлуу, тармал чачтуу, анан абдан чымыр, балбан чалыш адам болгондугун кийин баамдадым. Азыр өзүмдү атама окшоштурам, атама окшош болгондугум үчүн сыймыктанам.
Маектешкен
Гүлсүн КАРАБЕК кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??