26.02.10
  Кечээ алар да жаш болушкан...

Карылар үйүн караан туткан карылар
Өткөндө Бишкек гуманитардык университетинин Европалык цивилизация факультетинин 1-курсунун студенттери Ленин районуна караштуу Карылар жатак үйүндө болуп, улгайган адамдардын көңүлүн ыр-бий жана жакшы сөздөр, оюн-зоок менен көтөрүп, карылардын жаштык кезин эске салган сүйүү ырларын окушту. Андан сырткары студенттер өз балдарынын камкордугусуз калган, өмүрлөрүнүн эң аялуу убактарын ушул үйдө өткөрүп жатышкан карыларга ала келген белек-бечкектерин, тамак-аш азыктарын тапшырышты.

Туризм - кирешелүү тармак
Баткен облусунда туристтик индустрияны натыйжалуу өнүктүрүү, маркетингдик саясатты күчөтүү жана туризмди өнүктүрүү аркылуу экономикалык шарттарды жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Өткөн жылы облуска жалпы келген туристтердин саны 131 873 адамды түздү. Анын ичинде: алыскы чет өлкөлөрдөн 226 турист, 132 альпинист, жакынкы чет өлкөлөрдөн 112 366 турист, ал эми ички туристтер 19507 адамды түздү. Ошондой эле, туристтик объекттерге жалпысынан 47,2 млн. сомдук инвестиция тартылды.
- Туризмди кирешелүү тармакка айландыруу үчүн атайын түзүм керек. Бул үчүн алгач кадр маселесин даярдап, чет тилин билген кадрларды даярдоону мектептен баштоо зарыл. Атайын семинарларды, кеп-кеңештерди, жарнактарды уюштуруу, чет элдик консультанттарды пайдалануу, заман талабына жооп берген гид, туроператорлорду даярдоо зарыл. Ошондой эле аба каттамын жакшыртууга жардам керек болуп турат. Баткен облусунун негизги эс алуучу жайларына, Баткен районунун Айгүлташ, Карабулак, Геревшин тоолору жана "Барса келбес" үңкүрү, Кадамжай районунун Асма-Жол, Кутман көл, "Дугаба" альпинисттик лагери, "Жийделик" жана "Умай-Эне" профилакториясы, Лейлек районунун Өзгөрүш, Ак-Суу, Төө жайлоо, Овут, Даргаз тоолору, Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый музейлери жана жатаканалары, ал эми Сүлүктү шаарынын "Белес" каньондору кирет. - Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча 7 туристтик фирмалар катталган, - дейт облустук мамадминистрациянын ишкердүүлүктү колдоо жана туризм секторунун башчысы Э.Бахавидинов.
Гүлчехра Тажибаева

Жаңы жумуш орундары түзүлдү
Жалал-Абад шаарында 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча тыштан 1 млрд. 700 миллион сом инвестиция тартылып, 2008-жылга салыштырмалуу эки жүз миллионго көп болгон. Шаарда Борбордук Азия боюнча ташты, мунайды кайра иштетүүчү, "Кайра жаралуу" тигүү фабрикасы ишке кирген. Аталган ири өнөр жай ишканалардын иштеши менен 1 миң 435 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле социалдык тармактарга да көңүл бөлүнүп, №3 Жусупбек Бакиев атындагы орто мектептин спорт залына мамлекеттик бюджеттен 11 миллион сом каралып, №21 орто мектептин спорт залына 5 миллион 500 миң сом жумшалып ишке берилген.
"Жалал-Абадэлектро" ачык акционердик коомунун 2009-жылды жыйынтыктоо жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Ильяс Давыдов, облус башчысы Кошбай Масиров катышты. "Жалал-Абадэлектро" ачык акционердик ишканасы өткөн жылы электр жарыгына болгон төлөмдөрдү 2008-жылга караганда 135 миллион сомго көп чогулткан. Аталган ишкана тарыбынан Токтогул районунун Сары-Камыш айылына жакын жайгашкан Көл, Талча айылдарына 160 килловатт саат амперлик трансформатор коюлуп, элеттиктерге электр жарыгы берилген. Министр Давыдов кадрларды окутуп, энергетиктердин эмгек акылары көтөрүлөрүн белгилеп өттү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын жетекчиси Бактыкан Ажымаматова чөнтөк телефон аркылуу коркутуулар болуп жатканы боюнча билдирип, атайын арыз менен кайрылган. Ал өз сөзүндө ээлеген кызматына кызыккандар жазып жатканын билдирген. Эки күндүк иликтөөнүн жыйынтыгында коркуткан чөнтөк телефонунун ээси табылып, ошол эле облустук телерадиокомпаниясында операторлук кесибинде иштеп кеткен жыйырма жаштагы С.А. аттуу жаран болуп чыккан.Табылган жигит кызматына кызыкпастан, жетекчисин коркутуп коюуну туура көргөнүн айткан.
Куттумидин БАЗАРКУЛОВ


- Биздин факультет үчүн мындай иш-чаралар деканыбыздын, кафедра башчыбыздын, жалпы окутуучулар курамынын колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүп турат, - дейт факультеттин 1-курстар аралык куратору, англис тили боюнча окутуучу Нурайым Солобаева.
Чындыгында эле студенттер бул жолугушууга чын дили менен келишти. Мына бул азык-түлүктөрдүн баарын үйлөрүнөн чогултуп келишип, музыкалык программаларды даярдап, абдан ынтызарлык менен аракеттеништи. Аларды көрүп туруп: "Азыркы жаштардын баары эле кайрымсыз, ыймансыз" деген сөздөрдү төгүнгө чыгарасың. Айтмакчы, бул иш-чарага биздин факультеттин студенттеринен башка Славян таануу факультетинин студенттери да ыр-бийлери менен катышты.
ЁЁЁ
Айтор, бул күнү канчадан
бери бийлегенди, ойно-
гонду унуткан улуу
муундар студенттер уюштурган конкурстарга катышып, сыйлыктарды утуп алышып, ырдап-бийлеп кумардан бир канышты.
- Мен окуу жайды Ленинграддан бүткөмүн, жашым 78де. Бирок бүгүн өзүмдү студент сезип отурдум, - дейт Рахат апа.
- Жаштарга рахмат, биздин жаштыгыбызды кайра бир кайрып беришти, - кубанычы кучагына сыйбаган Юдина Надежда эне да агынан жарыла жылмайды. - Биз да кечээ ушулардай жаш элек...
Надежда эне карылар үйүнө эки жыл мурун келген. Өзү бир уул, төрт кызды төрөп-баккан, убагында заводдо бухгалтер болуп иштеген мээнеткеч адам болгон. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп, бир кызы менен уулу жарык дүйнө менен кош айтышып, калгандарынын баары үй-бүлө күтүп, өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Бирок, баарынын тең эле жашоо-турмушу жакшы эмес болгондуктан, карылар үйүнө эне өз каалоосу менен келиптир.
- Мен үчүн кыздарымдын үйүнө караганда бул жерде жашоо жакшы. Анткени кызымдын үйү тар. Бир бөлмөсүндө өздөрү, бир бөлмөсүндө келин-уулу балдары менен жашашат. Мага болсо орун жок... - дейт эне.
- Жашыңыз канчада?
- Жетимиш сегиздемин.
- Жаш көрүнөт экенсиз?
- Рахмат. Кудай ден соолук берсе... Болбосо, мен курактуу, менден жаш абышка-кемпирлер төшөктө жатышат. А биз каалаган убакта басабыз, эшикке чыгабыз, үйгө барып келебиз.
- (Тамашалап) Бул жерден жакшы санаалаш бирөө-жарымды тапкан жоксузбу?
- (Күлүп) Кайдан? А бирок абышкалар тамаша-чындан: "Жакшынакайсың, тыңсың" деп калышат.
Жогоруда айтылгандай, бири басып-туруп жүрсө, бири төшөктө чүмкөнүп жаткан карылар да бир кезде студент болушкан, бири окумуштуу, бири укук коргоочу, бири мугалим, бири жумушчу болуп иштешкен, ар башка жашоо, сүйүү, үй-бүлө күтүшкөн. Бул жерге да аларды ар кандай тагдырлар алып келген...
- Мен өмүр бою органда иштегем, - дейт 80 жаштагы Сыдыкбек Абдрахманов ата, - бирок пенсияга транспорт тармагынан чыктым. Учурда аскер кызматында иштеген жылдарымды пенсияма коштура албай, ары-бери чуркап жүрөм. Силердин гезитти дайыма окуйм. Жакында макала да алып барсамбы деп жаттым эле.
- Бала-бакыраңыз, байбичеңиз жокпу?
- Улуу байбичем каза болуп калып, экинчисине үйлөнгөм. Ал да ары карап кетти... Эки кызым бар. Экөө тең үйлүү-жайлуу, жакшы турушат.
- Анда эмне үчүн бул жерде жашап жатасыз?
- Эми... бала-бакыра да өз алдынча, кенен-кесири тиричилик кылышсын деп, өз каалоом менен эле он жыл мурун келгем бу жерге.
- Кыздарыңыз каршы болгон жокпу?
- Каршы болушту. Бир туугандарым да жакшы турушат. Алар да: "Үй-жай ээн турат, мында келип жаша", - дешет. А мен макул эмесмин. Кемпириң болбогон соң... А бирок барып-келип, жакшылык-жамандыктарына катышып турам.
- (Тамаша катары) Ата, анда бул жерде сизди кармаган бир себеп бар го? Балким байбичелерди кыя албай жаткандыр-сыз?
- Жок. Чынымды айтсам, бу жердегилердин мага бири да жакпайт.
- Анда башка жерден байбиче таап алып, үйүңүздө эле жашабайсызбы?
- Эми кайдагы байбиче?
- Бул жерде жашоо кандай?
- Баары жакшы. Айтмакчы, документалдык иштер боюнча бул жерге анча-мынча жардамым тийип, кагаз иштерине кол кабыш кыла коём... А баса, өгүнү бир кыз ырларын алып келиптир мага: "Кыргыз Туусун" алат экенсиз, редакцияга барат экенсиз... Мен ыр жазам, жардам бериңизчи?" - деп. Бир күнү редакцияга ээрчитип барайын, карап көрөсүңөрбү?
- Келиңиздер.
ЁЁЁ
Элүү орунга негизделген
карылар үйүнүн дирек-
тору Айчүрөк Алышева айымдын айтымында, бул үйдүн түпкүлүгү Фрунзе заводунун бала бакчасы болгон. Кароосуз калган карылардын, тактап айтканда кайрымсыз балдардын, жакырчылыктын көбөйгөндүгүнөн улам, 1994-жылы бала бакча - карылар үйүнө айланган. Учурда расмий каттоодон өткөн элүү адам, алардан сырткары бир бомж жашап жатат.
Канча жылдардан бери оңдолуп-түздөлбөгөн имарат жыл сайын үстүртөн ремонттолуп, оңдолуп-түздөлүп турат. Айчүрөк Алышева билдиргендей, бул жылы карылар үйүнүн ичи-сыртын реконструкциялоо үчүн мамлекет тарабынан бир жарым миллион сом каражат бөлүнгөн.
Ал эми бул үйдө жашоочулардын жашоо-шарты өз үй, өлөң төшөгүндө жашап жатышкан айрым ардагерлерге салыштырмалуу дурус. Анын үстүнө аларда: "Газга, электр жарыгына ж.б. акча төлөйм, кантип жеткирем", - деген убаракерчилик жок. Бирок, "Кайда барсаң Мамайдын көрү" дегендей, бул жердеги карылардын арасында ичкилик иче коюп, айлана-чөйрөсүнө жагымсыз маанай жараткандар да жок эмес экен.
"Жаман айтпай жакшы жок" эмеспи, Айчүрөк эженин айтымында, ары карап кеткен кездерде карылардын айрымдарын гана туугандары алып кетишпесе, негизинен жайына узатуу ырым-жырымы да мамлекеттин, т.а. карылар үйүнүн мойнунда. Ошон үчүн да карылар бул үйдөн кеткилери келбей, эртеңдеринен санаалары тынч, ишенимдүү жашап жатышкандай...
Эмнеси болсо да, орус-кыргыз улутундагы карыялар жашаган үй бул күнү шаңга бөлөндү. Студенттер "кашыктап" чогулткан тамак-аштарын карыларга өз колдору менен тапшырып, аларга ыр-бий менен кубаныч тартуулап, кайра ошого өздөрү кошо кубанып тарашты.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Сапар МУСАБАЕВ (фото)