Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_14.htm on line 2


п»ї

Жаз камылгасын кышта көрүп...
Айыл чарба министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйынында 2009-жылдын жыйынтыктары жана 2010-жылдын түшүмү үчүн жазгы-талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү, кластердик ыкмада иш алып баруу маселеси жана айрым уюштуруу иштери каралды. Кызуу талкуудан кийин аткарыла турган иш чаралар белгиленип, биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров төрагасы, айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев орун басары, губернаторлор жана айыл чарба департаменттеринин жетекчилери мүчөлөрү болушкан жазгы-талаа иштерине жооп берүүчү штаб түзүлдү. Төмөндө биринчи маселе боюнча Айыл чарба министри Искендербек Айдара-лиевдин баяндамасын беребиз. Айыл чарбасында кластердик ыкмада иш алып барууну кийинки санда жарыялайбыз.

Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы
Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевич өзүнүн "Келечекке карай жол" деген китебинде республикабызда жүрүп жаткан реформалар, анын алгачкы жыйынтыктары, проблемалар жана келечеги жөнүндө кеңири ой жүгүртүп, алдыда турган милдеттерге токтолуу менен мындай деген: "Мен өлкөнү жаңыртуу боюнча жакынкы 10-15 жылга эсептелген багытты сунуштадым. Бул багыттын алкагында Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жаралды. Бул биздин кризиске каршы кыймылыбыздын программасы болот. Ошондуктан биз ыкчам жана макулдашуу жолу менен иштөө зарыл болгон шартта турабыз". Бүгүнкү биздин кеңешип иш кылалы деген аракетибиз да мамлекет башчыбыздын ушул талабына туура келип турат.
Максаттар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун белгиленген деңгээлин камсыз кылууда, республиканын калкынын негизги тамак-аш азыктарына жетүүсүнө жана тамак -аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүү, ата мекендик айыл чарба азыктарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү - башкы максатыбыз.
Жылыштын, өсүүнүн жылы болду
Өткөн 2009-жыл - айыл чарба жылы болуп, мурдагы жылга салыштырмалуу табигый-климаттык шарт-тардын ыңгайлуу келишине, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүлөр жакшы болгондугуна жана дыйкандарыбыздын, фермерлердин маңдай тер төгүп иштегендигине байланыштуу кыйла дурус жыйынтыкталды.
Жалпысынан 2009-жылдын ичинде 110,1 млрд. сомдук дүң айыл чарба азыктары өндүрүлүп, 2008-жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 107,4%ды түздү. Талаачылыкта болсо пахта менен тамекиден башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын өндүрүүнүн бардык түрлөрү боюнча өсүү ыргагы камсыз болду. Тактап айтканда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын өндүрүүнүн өсүү ыргагы 111,4%ды түздү.
2008-жылы 1510,9 миң тонна дан эгиндери жыйналса, бул көрсөткүч 2009-жылы 1929,2 миң тоннага чейин жетти. Анын ичинен 1056,7 миң тонна дандык буудай жыйналып, алдыңкы жылга караганда 310,5 миң тонна буудай арбын өндүрүлдү. 2009-жылы мал чарба продукцияларын дүң өндүрүү 48,5 млрд. сомду түзүп, өсүү ыргагы 102,4%га камсыз болду, же жалпы дүң өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын түзүмүндө мал чарбачылыгынан алынган продукциялар 44%га жетти. Өткөн жылда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары тарабынан 14млрд. 358 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү ыргагы 108,9%га камсыз болду.
Талапка ылайык чектөөлөр жүргүзүлөт
2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын өндүрүүнүн ыргагын 2009-жылга салыштырмалуу 103,3 пайызга көбөйтүү боюнча республикабыздын агрардык секторунун алдына коюлган милдеттер - бизди кошумча резервдер менен мүмкүн-чүлүктөрдү издеп табууга милдеттендирбей койбойт.
Алгачкы түйшөлүү үзүрү өткөн 2009-жылдын күзүндө сезилээрлик байкалды. Азык-түлүк эгиндерине карата рыноктук төмөнкү баалардын болгондугуна карабастан, күздүк кылкандуу дан эгиндери 277,0 миң гектар жерге, башкача айтканда, алар мурдагы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,8 миң гектарга көп себилди. Ошону менен бирге эң түшүмдүү азык-түлүк дан өсүмдүгү болуп саналган -күздүк буудай 262,9 миң гектарга, же болбосо 2,2 миң гектарга арбын эгилди.
Айыл чарба министрлигинин адистеринин маалыматтарына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айынын соңунда жер кыртышындагы тоңдун тамыр тереңдигиндеги суук -1ден -6 градустан төмөн болгон жок. Бул жагдай күздүк өсүмдүктөргө өзүнүн залакасын тийгизе албайт жана учурда алар кыштын суугунан кадимкидей чыгып кетет деген ниет бар. Ошентсе да Чүй облусу боюнча 8%, Ош облусу - 5% жана Ысык-Көл облусу - 2,7%, ал эми республика боюнча 4,9 пайыз күздүк эгиндерди үшүк алгандыгы байкалган.
Үстүбүздөгү жылда алдыңкы жылдарда пайдаланылбай калган жерлерди өздөштүрүү аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдап себүү аянты 1173,1 миң гектарды түзөт же өткөн жылга салыштырганда айдоо аянты 3,5 миң гектарга көп болот. 2009- жылдын күзүндө коңторулган 98,6 миң гектар аянттагы тоңдурманы эсепке алганда, жазгы айдоо 564,44 миң гектар аянтта жүргүзүлмөкчү. Ал эми жаздык эгинди айдап себүү иштери 661,5 миң гектар аянтта жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле быйылкы жылы 123,4 миң гектар жерге жаздык арпа, 6,8 миң гектар жерге-күрүч, 78,7 миң гектарга-дандык жүгөрү, 62,6 миң гектарга-май чыгаруучу өсүмдүктөр, 42,95 миң гектарга-жашылча жана 7,1 миң гектарга-бакча өсүмдүктөрү эгилет. Мына ушул жерлерге эгиле турган жогоруда айтылган айыл чарба өсүмдүктөрүнөн өткөн жылга караганда арбын түшүм алуу менен дүң жыйымды жогорулатуу күтүлүүдө.
Техникалык өсүмдүктөргө терең маани берилет
Пахта эгүүнү 2009-жылга салыштырмалуу 7,1 миң гектарга көбөйтүү каралууда. Себеби, 2009-жылдын жазында иштетиле элек пахтанын 1 килосу базарда 18 сомдон бааланган болсо, эми ал баа 30 пайызга кымбаттады, же болбосо 1 кг. иштетиле элек пахтанын баасы 24 сомго чыкты.
Ушундай эле жагдай тамеки өстүрүү тармагында да түзүлдү. "Кыргыз тамекиси" мамлекеттик акционердик коому компаниясы үстүбүздөгү жылы тамеки өстүрүү-чүлөрдөн тамеки чийки затынын бардыгын сатып ала тургандыгы жөнүндө билдиргендиктен, тамекини облустук мамлекеттик адми- нистрациялар сунуш кылышкан 4 миң гектардын ордуна, аны 6 миң гектар аянтка айдоо максаты келип чыкты. 8 миң гектарга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Кант кызылчасын эгүүнү 7,1 миң гектарга көбөйтүү, Талас, Ысык-Көл облустарын кошкондо 15 миң гектарга өстүрүү каралууда. Дүйнө жүзүндөгү бардык жерде кантты өндүрүүнүн көлөмү азайгандыктан, даяр азык - ак канттын баасы тынымсыз өсүүдө. Алыс барбай эле Кыргызстандын рыногун мисалга алсак болот, 2009-жылдын январь айында 1 кг. канттын баасы 30 сомдон бир аз эле жогорураак болсо, азыр анын баасы 50 сомго жетип олтурат. Кант кызылчасын эгүү аянтын көбөйтүү кант боюнча импортко болгон көз карандысыздыкты бир аз да болсо жеңилдетүүгө мүмкүн-чүлүк берет.
Биз талаачылык түзүмүнө көңүл бурсакпы деп жатабыз. 1 млн. 731 миң гектар жер себүү аянты болуп эсептелет. Бирок, биз өкмөттүн тапшырмасы менен дан өсүмдүгүн 12,5 миң гектарга азайтуудабыз. Анын ичинен буудай 7,8 миң гектар. Бул жерде буудайды азайтканыбыздын себеби баа саясатына байланыштуу болууда. 34,6 миң гектар жердеги буурчакты 6 миң гектарга кыскартуудабыз. Бул жерде үрөнчүлүк, башка ар кандай майда чарбалар өз-өзүнчө болуп аябай начарлоодо. Бул багытта мамлекеттик стратегиялык программа кабыл алып, буурчакты өзүнчө карасак.
Май өсүмдүктөрү өткөн жылдагы деңгээлде калууда. Картошканы 3,1 миң гектарга кыскартуудабыз. Анткени, Казакстанда картошка өстүрүүнү колдоруна алышууда. Биздин картошканы ошолор алгандыктан, өткөрүү, сатуу кыйынчылыгы келип чыгат. Көп жылдык чөптү 3,1 миң гектарга көбөй-түүдөбүз. Муну бара-бара 2015-жылга чейин 300 миң гектарга жеткирүү түзүмү пландалууда. Көп жылдык чөптөн беде менен эспарцет 20 эле пайыз болууда. 15-жылга чейин дагы 10 пайызга% көтөрүш керек.
Дан өсүмдүктөрү 57% болууда. Муну 15-жылга чейин 25%га түшүрүп, түшүмдүүлүгүн, сапатын көтөрүү каралууда. Бул келечекте өзүнчө программа болот. Деңиз деңгээлинен 2000 миң метр бийик жерге буудайды экпегиле деп сунуштоодобуз. Үрөндөр боюнча буу-дайдын, арпанын бардыгы 4000 тонна керектелет. Арпанын 82%, буу-дайдын 88% үрөнү топтолгон. Бул сапаты текшерүүдөн өткөнү. Жазгы талаа жумуштары башталса иштин жүрүшүндө 100%%болуп камсыздалат. Кайсыл үрөнчүлүк чарбадан кайсыл өсүмдүккө үрөндү кайдан алса болорлугу тууралуу толук маалыматты дыйкандарга жеткиребиз.
Бүткүл дүйнөлүк банкы Баткен облусуна 109 тонна үрөн берүүдө. Башка да колдоолор болууда. Кыскасы, үрөн боюнча тартыштык, жетишпестик болбойт. Үрөндүн сапаты боюнча буудай 88,6%, арпа 84,4%. Жер-жерлердеги үрөнчүлүк чарбалар текшеришип отчётторун беришүүдө. 100% кондициядан өткөрүш керек. Ансыз сапаттуу эгин ала албайбыз. Өзүбүздүн программада кылкандуу дан эгиндеринин сапатын 75%дан ашыруу белгиленип, анын үстүндө иштер жүрүүдө.
Урматтуу губернаторлор, ушуга көңүл бурсаңыздар: Жалал-Абад облусу-буудай 27,3%, арпа-18,6%, Ысык-Көл-буудайы 20,1%, арпасы 15,8%, Нарын облусу-буудайы 31, 6%, арпасы 15,4%. Ал эми Талас облусунда буудайы 11,6%. Мына ушуга көңүл бурсаңыздар. Кант кызылчасын үрөн менен камсыздоо 100%% аткарылат. Сортторун жазып сунуштап жатканыбызды көргөзмөдөн көрдүңүздөр.
Пахтага үрөн негизинен Өзбекстандан алынат. Акыркы он жылда бизде пахта үрөнүнө көңүл бурулбай калганын баса белгилешибиз керек. Бул маселенин колго алынышы зарыл. Ички мүмкүнчүлүгүбүздү карап чыгып, бирден инспектор алып, бул ишти жандандырышыбыз керек. Май өсүмдүктөрүнүн үрөнү 99% камсыздалган. Үрөндү кайдан алуу керектиги тууралуу маалымат беребиз. Картошканын үрөнү 5-6 жылдан бери кайталанып эгилип эскирген. Жаңылоо керек. Үрөн 99%%га жетиштүү.
Бедени өстүрүүгө дагы мамлекеттик программа болушу зарыл. 20 миң тоннага чейин беде, эспарцеттин үрөнүн даярдап экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Союз убагында 10 миң тоннадан ашык чет элге сатканбыз. 30 миңге чыгарсак да болот. Эл аралык уюмдардын жардамын айта кетсем: Ислам банкы тарабынан Баткенге 109 тонна, Чүй облусуна 400-500 тонна үрөн, Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу алгач 81 тонна, бардыгы 595 тонна үрөн берилмекчи болду.
Минералдык жер семирткичтердин топтолуп камсыздалышы 14,4%% болууда. Бул жерде фирмалардын телефондору бар. Эртерээк даярдап алсаңыздар. Отоо чөптөргө каршы гербициддер жетиштүү. Мунун үстүндө биздин департаменттер иш алып барышууда. Аны кайдан алууга, кантип колдонууга кеңеш алсаңыздар болот. Техникалар даяр, тракторлор 75%, анын ичинен дөңгөлөктүү 77%, соколор 66%, малалар 59%.
Каттоо, техникалык кароо боюнча жергиликтүү бийлик менен иштеп жатабыз. Жерди пландап даярдоо 54% болууда. Суу, башка чыгым болбос үчүн буга көңүл бурулууга тийиш. Күйүүчү, майлоочу майлар чакан кредиттөө чечилгенден ки-йин рынок шартында өзүнөн өзү аткарылат.
Мамлекеттик колдоолор
Быйыл республика боюнча айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2,5 млрд. сом каралып жатат, бул мурдагы жылга караганда 2 млрд. сомго арбын. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Өнүктүрүү инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги тарабынан республикабыздын 10, миңдей физикалык жана юридикалык чарбалык субъектилери орточо 100 миң сом өлчөмүндө мамлекеттик колдоолорду алышат жана бул сумманын жалпы көлөмү 1 млрд сомду түзөт. Андан сырткары кызылча өстүрүүчүлөрдүн түшүмүн төлөөгө жана "Кошой", "Кайыңды кант" заводдорун реконструкциялоо үчүн 12 миллион доллар бөлүндү. Ал эми 10 млн америка доллары өлчө-мүндөгү каражат айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу алуу-га жумшалат.
Мындан тышкары 1 млрд. сом "Агропродкорпорация" аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн айыл чарба продукцияларын сатып алууга пайдаланылат. Ошондой эле дыйкандарга жана фермерлерге "Айылбанк" аркылуу керектүү үрөндөрдү, күйүүчү жана майлоочу майларды, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн 121 млн. сомдук акчалай ссудалар берилет. Ал эми 46,55 млн. сом буудайдын жана арпанын супер-элиталык жана элиталык үрөндөрүн сатып алууга жумшалат.
Ачыгын айтыш керек, мамлекет тарабынан мындай орчундуу кол-доолор дыйкандар жана фермерлер үчүн чоң жардам болот. Айыл чарбасына кластердик ыкманы кийирүү боюнча министрлик тийиштүү уюштуруу иштерин алып барууда.
Жазып алган

Марип Тайчабаров,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??