Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_13.htm on line 2


п»ї

 "Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна

Өткөн жылдын ноябрь айында "Кыргыз Туусу" гезитинде "Кыйынчылыкта киреше тапкан Энгельс чарбасы" аттуу макалабыз жарыяланып, анда чарбанын түптөлүү тарыхы, акыркы эки жылда жетишкен ийгиликтери жана өндүрүлгөн продукцияны сатууда чечилбей келе жаткан көйгөйлөр тууралуу дыйкан чарбанын төрагасы Анатолий Даниловдун ой-пикирлери камтылган. Гезиттин бүгүнкү санында ушул чарба менен тагдырлаш, үзөнгүлөш Садовое айыл аймагынын өкмөтү тууралуу баяндап берүүнү максат кылып турабыз.
Аймак бир гана Садовое айылынан, ал да Бишкек-Ош кан жолунун жээгинде тургандыктанбы, айтор башка тоо этектеринде жайгашкан айылдарга мүнөздүү көйгөйлөр азыраак. Айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Дөлөткулов жетектеген адистер, айылдык кеңештин депутаттары тургундарга байланышкан бардык маселелерди чечүүдө жемиштүү аракеттенгенден улам жашоочулардын да аларга ишеними зор.
Анда эмесе бардыгы өз ирети менен болсун.

Гапликов кеп айтат
Садовое айылындагы Маданият үйүнүн деректири Александр Гапликов өз ишинин фанаты деп айтсак жаңылышпайбыз. Өзү жетектеген клубда айылдын Энгельс дыйкан чарбасынын тарыхына, айылдын даңктуу адамдарын чагылдырган чакан музей уюшулган экен. Өзү да балалык кези өткөн Садовое айылынын чоо-жайын жакшы билет. Анын жалпы айылга байланышкан даректүү баяны окурмандарды да кызыктырат деген ойдо кыскача тааныштырып кетүүнү туура көрдүк.
- Падышалык Россиянын борбордук губернияларынан дыйкандарды Орто Азияга көчүрүү буйругуна ылайык ушул айылга Воронеж губерниясынан жүзгө жакын үй-бүлө көчүрүлүп келип отурукташкан. Ага чейин бул жер саздак, камыштуу, майда жапайы тал-терек өскөн ээн, өздөштүрүлбөгөн аймак болгон. Жер шартына, жашаган жапайы жандыктарга байланыштырып алгач Фазановка, каман көп болгондуктан "Свинячье" деп да аташкан. Россиянын падышасы Екатерина II жаратылышты коргоого байланышкан маселелерге көп көңүл бурган адам экенин тарыхтан билебиз. Губерниялардагы кыштактар жайдак жатпасын деп токойлорду, бак-дарактарды тигүүгө помещиктердин да жанын койбой мажбурлаган. Андай тартипке көнүшкөн дыйкандар мында да жол жээгине, айыл чарбасына көчөттөрдү көп олтургузушкан. Айыл аты мына ушундан улам Садовое деп аталып калган. Совет бийлиги орногондон кийин айыл чарба артелдери кийин "Заря", "Герой труда", "Путь к коммунизму" колхоздору уюшулган. Кийин алар ирилештирүү мезгилинде "Энгельс" атындагы колхозго бириктирилген. Ал колхоздун биринчи башкармасы болуп Г.Тищенко шайланган. Колхоз дыйканчылыкты, мал чарбасын бирдей алып тараганча республикада белгилүү, алдыңкы чарбалардын бири катары аталып жүрдү. Бул айылдан Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына кызылчачылар С.Рябко, И.Козлов, Н.Репетун, ал эми Советтер Союзунун Баатыры наамына И.Гавриш, И.Мирошниченко татыктуу болушкан. Өкмөттүн башка жогорку сыйлыктарына татыктуу адамдар көп эле чыккан, - дейт Александр Гапликов.
Энгельс азыр да экономикалык жактан тың, иштеген адамдарды материалдык жактан жакшы колдогон чарбалардын катарында. Мында орус улутундагылар басымдуу жашагандыктан атын да, затын да өзгөртпөстөн кармап турушат.
Аймакта жакында тургундардын жалпы курултайы өтүп, март айында өтүүчү республикалык ынтымак Курултайына Энгельс дыйкан чарбасынын төрагасы Анатолий Даниловду делегат кылып шайлашкан.

Аймакта маалымдама
Башта эскерткендей аймак Садовое айылынан туруп жалпы жашоочулардын саны 9020 адам. Калкы көп улуттуу, негизги калк катмарын орус улутундагы (2612), дунгандар (2244), кыргыздар (1037), карачай, украиндер түзөт.
Аймакта эки орто мектеп, балдар бакчасы, оорукана, китепкана, маданият үйү ж.б. айыл тургундарын тейлөөчү дүкөн, күркөлөр, эл керектөөчү товарларды өндүрүүчү майда цехтер бар.

Айыл чарбасы
Садовое аймагы боюнча алты миң гектардан ашык айдоо жерлери бар. Иштетүүгө ылайык жерлерди бириккен ири Энгельс атындагы, "Реал", "Механизатор" дыйкан чарбалары, 956 майда фермердик чарбалар пайдаланышат. Өткөн жылы Х.Мевазов жетектеген "Харсан", Х.Багги жетектеген "Мухамед", Н.Анисимов жетектеген "Алга-Садовое" айыл чарба кооперативдери уюшулган.
Аймак боюнча айыл чарба жумуштарын бүткөрүүгө 19 дан жыйноочу комбайн, 62 ар түрдүү үлгүдөгү автомашиналар бар. Өзүңүздөр байкагандай айыл тургундары пайдалануучу техникалар жетиштүү жана айдоо, оруп-жыюу өнөктүктөрү аймакта өз учурунда жүргүзүлөт.
Аймакта тышкы жайыттары ыраак, айыл четиндеги жайыттары аз болгонуна карабастан тургундардын короолорунда ири мүйүздүү малдын, чочконун, үй канат-тууларынын өсүшү даана байкалат. Жаңы түзүлүп жаткан жайыт комитетинин иши жаз алды менен кычайт, жайыттын жетишсиздигинен улам көйгөйлүү маселелер көп кездешет.
Былтыр аймак боюнча өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көлөмү жылдагыдан кыйла жогору. Алсак, аймактын дыйкандары 69810 центнер буудай, 15400 центнер арпа, 9932 центнер кант кызылчасын, 20355 центнер жүгөрү жыйнап алышкан.
Бакча өсүмдүктөрүнөн, софлордон, күн карамадан да продукциялар көп өндүрүлгөн.
Айыл өкмөтү жакында башталуучу жазгы-талаа жумуштарына керектелүүчү үрөндөрдүн, күйүүчү, майлоочу заттардын, жаңыдан берилүүчү күрөөсүз насыялардын алынышына даярдыктарды көрүп, уюштуруу иштерин жандандырууда.

Карыялар камкордуксуз калбайт
Садовое аймагында өткөн жылы социалдык тармакты жандандырууга, аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү коргоого багытталган атайын иш-программа иштелип чыккан. Аймактын социалдык кызматкери көчө комитеттеринин мүчөлөрү менен бирдикте ушундай категориядагы үй-бүлөлөргө атайын паспорттор толтурулган. Там арка жерлеринин салыгынан 527 пенсионер, 47 майып, 5 чернобылчы, 9 ооган согушунун ардагери, Улуу Ата Мекендик согуштун үч катышуучусу толук бошотулушкан. Булар бөлөк салык төлөмдөрүнөн да жеңилдиктерди пайдаланышат.
2009-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде 390 миң сом жумшалган.
Жалпы белгиленүүчү Жеңиш күнү, Эгемендик майрамында, карылар, майыптар күндөрүндө айыл тургундары үчүн атайын кечелер уюштурулуп, катышуучулар белексиз калышпайт.
Калк көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө заманбап оңдолгон маданият үйү бар. Ага былтыр 138 миң сомго музыкалык аспаптарды, микрофондорду алып беришкен.
Ушул аймактын уулу Ооган согушунда баатырларча курман болгон А.Ситниковду эскерүү салтанаты республикадагы, Чүй облусундагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн, райондун жетекчилеринин, айыл ардагерлеринин катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүүгө жетишкен. Бул да Садовоеде согуш ардагерлерине өзгөчө көңүл бурулат, кароосуз калышпайт деп туура бүтүм чыгарууга түрткү берет.
Президент К.Бакиевдин ардагерлерге, майыптарга кошумча төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланышкан буйруктарына ылайык мында жыл башынан компенсацияларды төлөп берүү башталган. Айыл тургундарынын ой-пикиринде бул жардамдар өз учурунда келди, пайдасы кыйла сезилээрлик.
Инвесторлорсуз иш илгерилебейт
Ар түрдүү салыктардан айыл
өкмөтү боюнча өткөн жылы 7,92 млн. сом чогултулуп, белгиленген пландан тышкары жарым миллион сомдон ашык жыйналган. Бул бюджетине жүз миң сом да жыйнай албаган башка айыл өкмөттөрүнө салыштырмалуу кыйла жогору. Бирок айылдын инфратүзүмүн жакшыртам деген аймакка жогорудагы сегиз миллион сом да аздык кылат. Анан маанилүү долбоор жазып, чет элдик инвесторлорду тартууга кайсы гана айыл өкмөтү болбосун кызыкдар. Бул шыбагадан Садовое да куру эмес. 2009-жылы жарым миллион сомго айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу атайын медициналык жабдуулар менен толукталды.
Мирошниченко атындагы орто мектептин спорт залын оңдоого, айрым жабдууларды алууга, Бажан атындагы орто мектептин кол эмгек классына жабдууларды алууга эки миллион сомдон ашык каражат тартылган.
Быйыл ушул эле АРИС программасы менен "Солнышко" балдар бакчасынын терезе, эшиктерин жаңыртуу боюнча долбоор жүзөгө ашмакчы.
Аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер
Өткөн жылы аймак боюнча
билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт тармактарында орчундуу иш-чаралар аткарылган. Бул тармактагы мекемелердин үзгүлтүксүз, айылдыктарга ыңгайлуу иштешин камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн көмөгү зор. Ички көчөлөрдү оңдоо, көчө жарыктарын орнотуу элди ичүүчү, сугат суулары менен камсыз кылууда жылыштар бар.
Быйылкы аткарыла турган иш-чаралар тууралуу Садовое айыл аймагынын башчысы Муратбек Дөлөткуловдун пикирлери төмөндөгүдөй:
- Садовое айылынын Прогресс, Пионер, Крупская, Строительная көчөлөрүнө шагыл төгүп, тегиздесек деген ой бар. "Солнышко" балдар бакчасында, маданият үйүндө, китепканада капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.
Аймак трассанын боюнда жайгашкандыктан көп орундуу кафелерди, техника оңдоочу станцияларды курууга жеке ишкерлердин ойлору бар, азыр тиешелүү документтерди топтоп жатышат.
Жаз алды талаачылык жумуштары менен биргеликте айылды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо иштери башталат. Буга өзгөчө көңүл бурулат. Айтор өзүңүздөр билгендей айыл өкмөтүнүн иши бир тармак менен чектелбейт. Справка, документ толтуруудан башка милдеттери жетиштүү. Бул милдеттерди аткарууга биздин мүмкүнчүлүктөр да жетиштүү.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??