Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_12.htm on line 2


п»ї

  Түштүк борбор кайра жаралат!

Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов:
Ордолуу Ошто көйгөй көп
Ош - Кыргыз Республикасынын коомдук-саясый, экономикалык жана маданий турмушунда негизги орундардын бирин ээлеген шаар. Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Түштүк борборунун кайра жаралуусу" долбоорун иштеп чыгууга көрсөтмө берди. Ошентип маселе Мамлекет башчыбыздын көзөмөлүндө турат. Анын аткарылышы жана мааниси тууралуу Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов улуттук тунгуч гезитке кеңири маек куруп берди.

- Мелисбек Жоошбаевич, Ош шаарында бир топ жылдардан бери топтолуп калган көйгөйлөрдү ушул долбоор толук чече алабы? Демек, бул маселе мурда эмнеге көтөрүлгөн эмес?
- Биз мурда "Мен сага тийбейм, сен мага тийбе" принцибинде иштеп келип, көп нерселерден артта калдык. Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевич "Түштүк борборунун кайра жаралуусу" долбоорун иштеп чыгууга көрсөтмө берип, анын аткарылышы өлкө жетекчисинин жеке көзөмөлүндө тургандыгы бекеринен эмес. Бул абдан олуттуу маселе. Жакында атайын буйрук менен мамлекеттик дең-гээлде комиссия түзүлүп, учурда Ош шаарынын өнүгүү программасы иштелип жатат. Сиздерге белгилүү болгондой, акыркы расмий статистикалык маалымат боюнча Ошто калктын саны 258,1 миң. Бирок, шаарда жана анын айлана-тегерегинде каттоосуз жашаган адамдардын саны жарым миллионго жакындап калды.
Ош шаары аймактык жагынан, калкынын саны жагынан бир кыйла өскөндүгүнө байланыштуу, административдик-аймактык түзүлүшүндө чечүүгө муктаж болгон маселелер эбак эле бышып жетилген. Турак жай фондунун жалпы көлөмү 3,7 млн. чарчы метрди түзөт. Анын ичинен, мамлекеттик турак жай фонду 136 миң чарчы метрден ашпайт. Ошол эле мезгилде шаардын толук активдүү өнүгүүсүнө тран-спорттук инфратүзүм, шаар куруу багытындагы жашоо-шартты камсыздоочу тармактарга байланыштуу көп жылдан бери топтолуп калган кыйынчылыктар өз таасирин тийгизүүдө. Алардын чечилишине аталган долбоордун таасири зор деп ойлойм.
- Бул көйгөйлөрдү чечүүчү артыкчылыктуу багыттар кайсылар?
- Алар: экономиканын реалдуу секторунун өнүгүүсү; шаар куруу; турак жай, коммуналдык чарба; социалдык чөйрө; муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу; өнүгүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу. Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кы-лууда экономиканын реалдуу секторунда төмөндөгүдөй иш-чаралар иштелип чыккан: салык базасын максималдуу кеңейтүү менен экономикалык, өндүрүштүк, финансылык абалды чыңдоо аркылуу жаңы технологиялар менен өндүрүлүүчү продукциялардын ассортиментин кеңейтүү, сапатты жана атаандаштыкты көтөрүү; инвестицияларды тартуу максатында потенциалдуу инвесторлор үчүн маалымат жана сервистик камсыздоону уюштуруу; ыйык Сулайман Тоонун ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк табигый эстетикалык мурастар тизмесине киргендигин эске алып, ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу жолу менен туризмдин өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул багытта жарнак-маркетинг ишкердүүлүгүн, зыярат, диний этнографиялык, экологиялык туризмдин түрүн өнүктүрүү, кол өнөрчүлүктү колдоо.
Экинчи багыт - акыркы жылдары курулуш иштери баш аламан жүргүзүлүп, тиешелүү көңүл бурулбай келген. Үй курулушуна дагы жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбай, анын өсүү көрсөткүчтөрү кескин кыскарган. Эл жашоочу жайларды, жаңы конуштарды социалдык, инженердик, коммуналдык инфратүзүм менен камсыздоо элдин талабына жооп бербейт. Шаардын чек арасын аныктоочу айрым аймактар мыйзамдаштырууну талап кылат. Жогорудагылардын негизинде шаар куруу тармагынын негизги проблемаларын чечүүнүн негизги багыттарын төмөндөгүлөр түзөт: Ош шаарынын башкы планынын долбоорун, борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун аяктоо; шаар куруу саясатын шаарга чектеш райондор менен биргеликте тараптар аралык макулдашуунун негизинде жүргүзүү; Ош шаарынын элинин турак жайга болгон муктаждыгын чечүү максатында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна көңүл буруу зарыл.
Ош шаарынын элин кошумча таза суу менен камсыз кылуу максатында "Озгур" суу тазалоочу станциясынан баштап суу бөлүш-түрүп берүүчү станцияга чейинки суу түтүкчөсүнүн курулушун аяктоо алдында турабыз. Эскилиги жеткен канализациялык түтүктөрдү этап-этабы менен алмаштыруу - учурдун талабы. Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында негизги скверлерди жаңылап, оңдоп-түзөтүү иштерин пландаштырып, улуттук оймо-чиймелердин орнаменттери формасында гүл отургузуу, гүл пирамидаларын тургузуу иштерин сапаттуу жүргүзүү каралууда.
Электр энергиясы аз талап кылынуучу жарык бергичтерди колдонуу менен көчөдөгү жарык берүүчү системалардын капиталдык курулушун жүргүзүү - учурдун талабы. Бул тармакта негизги проблемалардын бири - жаңы конуштардагы көчөлөрдү электр жарыгы менен камсыз кылуу. Акыркы мезгилде шаардын көчөлөрүндө транспорт каттамдарынын көбөйүшү жол кырсыктарынын өсүүсүнө алып келүүдө. Троллейбустук парк толугу менен алмаштырууну талап кылат, контакттык жана кабелдик түйүндөрдүн 50%дан ашыгы капиталдык ремонттон өтүүсү керек.
Аталган кемчиликтерди жоюу максатында төмөндөгүдөй иш-чаралар ишке ашырылууга тийиш: жогорку сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларды алып келүү; жүргүнчүлөр үчүн жер астынан өтүүчү жолдорду куруу; транспорттук каттамды жеңилдетүү максатында кошумча жолдорду ачуу, жаңы көпүрөлөрдүн курулушун куруу; шаардагы жолдордун инфратүзүмүн өнүктүрүү.
- Социалдык тармакта чечүүнү талап кылган маселелерге токтолуп өтсөңүз...
- Учурдагы абалды эске алуу менен ар түрдүү каналдардан инвестицияларды тартуунун эсебинен мектептердин курулушун улантууну пландаштыруудабыз. Ошону менен катар мектептерде кошумча түрдө окуу класстары, лабораториялык кабинеттер, спорт залдары курулат, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлөт. Программанын аткарылышынын жүрүшүндө жаңы балдар бакчаларын колдонууга берүү, иштеп жаткандарын капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүү пландаштырылууда. Жаңы конуштарда мектептердин, балдар бакчаларынын курулушуна көңүл бурулат.
Медицина тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында төмөндөгү иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулат: медициналык мекемелерди капиталдык ремонттон өткөзүүнү колго алуу;медициналык жабдыктарды этап-этабы менен жаңылоо, тез жардам автопаркын толуктоого жетишүү. Жогорудагы коюлган максаттарды өз убагында, сапаттуу, толук көлөмдө чечүүнүн бирден-бир жолу - шаардын финансылык базасын бекемдөө, өндүрүштүк потенциалын толуктоо, ички ресурстарды, мүмкүнчүлүктөрдү издеп, аларды толук жана үнөмдүү пайдалануу. Учурда жүргүзүлүп жаткан система даректүүлүктү талап кылат. Өзгөчө көңүл борбору кароосуз калган кары-картаңдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бурулуусу зарыл. Бул багытта турак жай субсидияларын берүүчү атайын бөлүм ачылды.
- Биз билгенден шаардын көркү, инфратүзүмү бир топ өзгөрүүлөргө туш болду. Ош шаарына мэр болуп келгенден кийин кандай өзгөрүүлөрдү жасап, кандай жаңылыктарды киргизе алдым деп ойлойсуз?
- Өткөн жылы бир топ иштерди аткарууга жетиштик. Биз жасап жаткан жумуштарды эл таразалайт. Мисалга алсак, ыйык Сулайман-Тоонун алдындагы түстүү оргуманын курулушу, Масалиев проспектисиндеги "Каныкейдин" монументин реконструкциялоо жана анын айланасын көрктөндүрүү, Зайнабетдинов, Карасуу көчөлөрүн тазалап, тартипке келтирүү, узундугу 600 метрлик жаңы жолдун ачылышы. Албетте, баарына бирдей тегиз жагуу кыйын. Жогоруда айтылган көчөлөрдү тазалоодо мыйзамды, курулуш эрежелерин бузуу менен курулган көп имараттарды демонтаждоого туура келди. Мындай курулуштар шаарыбыздын башка
райондорунда да толуп жатат. Алардын ээлерине биздин бул аракеттерибиз жагат деп айта албайм. Ушундай иштерди жүргүзүүдө кээ бир атуулдар тарабынан тааныш-билиш издеген, телефон чалган учурлар болуп жатат. Бирок, биз бул багыттан артка кайтпайбыз. Кө-рүп жатсаңыздар керек, аталган көчөлөр кеңейип, мурда бут коёрго жер табылбаган көчөлөр менен азыр автоунаалар кеңири жүрүп калды. Кээ бир жарандар нааразы болгону менен, көпчүлүгү туура түшүнүп жатышат. Буюрса, жаз келери менен ал жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин баштайбыз.
Учурда шаардын жаңы башкы планы даярдалып жатат. Анда Сулайман-Тоонун, Ак-Буура дарыясынын корук аймактарын сактоо
боюнча көп иштер каралган. Буюрса, быйыл "Кыргыз көчү" аталган шаарыбыздын чыгыш дарбазасын куруп бүтүрөбүз деген тилегибиз бар. Борбордук көчөлөрдөгү транспорттук агымдарды жеңилдетүү максатында Ак-Буура дарыясы аркылуу эстакадалык көпүрө куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Шаарды айланып өтүп, Ош - Бишкек жана Ош - Баткен трассаларын бириктирүүчү транзиттик автожолдун курулушу да максатка ылайык деп ойлойм. Белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн кадр маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Ачык эле айтып коёюн, учурдун талаптарына жооп бербеген жетекчилер менен коштошууга туура келет. Биз жумушка тажрыйбалуу, жаңы көз караштагы жаш, келечектүү адистерди тартып жатабыз. Бизге жүктөлгөн жүктү көтөрүүгө
даярбыз жана болгон күч-аракеттерди жумшайбыз.
- Мэрия жаңы имаратка качан көчүп чыкчудай?
- Биз Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Мамасадык Сабирович Бакиров менен бир келишимге келип, облустук мамлекеттик администрациясынын имаратына көчүп чыгабыз. Учурда ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Ремонт жумуштары аяктагандан кийин көчөбүз. Негизинен алганда облус ме-нен шаардын эли дайыма тыгыз байланышта болуп келген. Облустун райондорунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары негизинен Ош шаарында сатылат, көпчүлүк айылдык тургундар шаардагы мекеме, ишканаларда эмгектенишет.
- Мамлекеттик кызматта турган жетекчинин артынан негиздүү да, негизсиз да имиш-имиш сөздөр көлөкө
сыяктуу ээрчип жүрөрү табигый нерсе. Маекти ошондой учурга болгон мамилеңиз менен жыйынтыктасак.
- Мамлекеттик кызматта турган жетекчинин артынан имиш-имиш сөздөрдүн жүрүшү - бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мындай кырдаалга бардык жетекчилер туш болуп келген, ал мындан кийин деле боло берет. Азыр ачыгын айтканда, сиз айткан имиш-имиш сөздөрдү угууга убакыт да жок. Азыр жаңыча көз караш менен иштөөгө мезгил келип жетти, бул - учурдун талабы.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??