Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_11.htm on line 2


п»ї

"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

Мектептердеги музейлерди кантип түзүү керек?
Мектеп базасындагы келечекке багытталып, айылдагылардын баарынын кол кабышын талап кылган иштин бири - мектеп музейин түзүү болуп саналат. Адатта андай иштерден эл көмөк, жардамдарын аяшпайт. Мектеп музейи десе эле байыркы эски буюмдарды издеп жүрө берүү туура эмес. Кечээки мезгил да тарых.
Мисалы, мен 1-класста окуган алиппени азыр эч жерден табууга болбойт. Аны көрсөм аябай жакшы сезимдерди баштан өткөрмөкмүн. Биздин учурдагы жаза турган калем уч, сыя челек, кызыл жагоо ж.б. тарых. Ал эмес биз отурган эски парталар азыр жок да. Мектеп чегинен чыксак, кечээ жакынга чейин пайдаланган тиричилик буюмдары көп. Эски көмүр чогун салчу үтүк, эски кайыш өрүмдөр, эски ат-жабдыктар, эски машина номерлери өңдүү көп сандаган аталарыбыз, чоң аталарыбыз колдонгон буюмдарды чогултуп, жакшылап жайгаштырып койсо болот. Кийин 30-40 жылдан кийин азыркы буюмдар баалуу экспонат болот.
Айрым үй-бүлөлөрдүн альбомдорунда айылдын эски тургундарынын сүрөттөрү сакталуу. Араларында белгилүүлөрү да бар. Андагы адамдарды көргөндөр, билгендер жыл өткөн сайын азая берет. Ошондуктан альбомдордогу сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн жыйноо керек. Ошентип, айылдын тарыхы боюнча маалымат топтоло берет. Бир гана талап, музей иштей баштаганда кийинки муундагылардан улантуучуларды даярдап, туруктуу каттоо китепчелерин түзүү зарыл.
Ишти токтотпоо керек. Антпесе, музей эски буюм сактоочу кампага гана айланып калат. Тилекке каршы, Кыргызстанда бир ынтызар мугалимдин демилгеси менен түзүлүп, ал пенсияга кеткенден кийин жайдакталып, атүгүл жабылып калган музейлерди көп эле көрүүдөбүз. Мектептердин музейлеринде бүтүрүүчүлөрдүн альбомдорун жыйнап, сактоого айрыкча маани берүү керек. Кийин бүтүрүүчүлөр, алардын балдары ж.б. учкан уяга келип, аларды көргөнгө кызыгышат. Акырындап музей маалымат алуучу жергиликтүү илимий, маданий мекеме болуп калат.

Элдик тарыхчылар
Бизде мисалы, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул ГЭСи курулар алдында бүтүндөй айылдар суу астында калган. Эгерде ошол айылдардын суу каптаганга чейинки сүрөттөрү боюнча фотоальбомдор уюштурулган болсо, азыр улгайган миңдеген адамдар үчүн эскерме болот эле. Ошол учурда эң байыркы тарыхый изилдөө үчүн гана экспедициялар уюштурулуп, Кетмен-Төбө аттуу илимий макалалар жыйнагы гана чыккан.
Кечээ жакында кетмен-төбөлүк Абакир Калыбеков аттуу элдик тарыхчы менен жолугуп кубанычка баттым. Ушундай агайдан үлгү алуу керек деп ойлойм. Жогорку билими физик. Ал эми тарыхчы, маданий мурас таанытуучу элдик окумуштуу катары белгилүү болушуна атасынын таасири күчтүү болгон. Атасынын айткандарын кулагына куюп жүрүп ушул өрнөктүү кесипти өздөштүргөн. Суу алдында калган тарыхты улаган Абакир агага рахмат. Тарых, фольклор, таштагы жазуулар боюнча өзүнчө кенч топтогон элдик аалым, колдогу алтын.
Музей иштери туруктуу, көп жылдык пландуу аракетти талап кылат. Музей уюштурула башталганда кийинки 10, 20 жылдыктагы туруктуу иштеле турган пландар коюлуп, ал ишти кимдер алып барышы аныкталууга тийиш. Бир канча муундун өкүлдөрүнөн, ар кандай кесип ээлеринен турган кеңеш түзүлгөнү жакшы. Ал гана эмес, азыр шаарлар ичиндеги курулуштар баштагы тарыхый мекемелерди жок кылып жиберген учурлары арбын. Каракол шаарындагы негизги аянттардын биринде эски дүкөндөр жайгашкан курулуштарды бузбай сактап, пайдаланышат. Айылдардагы биз бала кездеги суу тегирмендер азыр музей болуп калат эле. Музей түзүү эски буюмдарды гана топтоо эмес, колго кармалбай өтүп кетчү мезгилдин маданий калдыктарын бапестеп сактап, даңазалоо.
Мектеп окуучуларынын колдорунан келе турган айрым иштерге токтолуп кетели. Бүтүрүү кечелерине ата-энелерден акча топтоп, аларды бир күндө ичип, чачып таштагандын ордуна мектепте музей же атайын аянтча уюштуруп, моло таштарды, балбал таштарды топтоп берсе, кийинкилерге жакшы белек болмок.
Айылдын ар бир үй-бүлөсүнүн өздүк фото архивдеринин негизинде айыл тургундарынын электрондук фотоархивин уюштуруп жаткандар да бар. Чарбалык турмушта керектен чыккан буюмдарды топтоп музей фондун түзсө болот. Кийинки жылдын бүтүрүүчүлөрү ал иштерди дагы улантып кетишмек. Изилдөө иштерин артты карай узартып, өткөн ар бир жыл боюнча артка карай фотоархив түзүлө баштаса, улгайгандар көп жардамдарын көрсөтүшмөк.

Унутулган долбоорлор
1995-жылы Манастын миң жылдыгын белгилөө алдында Манас-Ордо, Манас-айыл, "Мурас" ишкер долбоорлору уюштурулуп, милдеттери аныкталган. Манас-Ордо Таласта чоң комплекс курду. Азырга чейин ал демилгелүү иштерди жүргүзүүдө. "Мурас" ишкер долбоору көп илимий, илимий-популярдуу китептерди чыгарып, илимий-конференцияларды уюштуруп өткөрдү да, кийин жок болуп кетти.
Бизди айрыкча үмүттөндүргөн Манас-айылы долбоорунун мааракеден кийин таптакыр дайыны чыкпай калды. Эгерде ошондогу белгиленгендердин баары ишке ашса, тарыхыбыздын, мурастарыбыздын ж.б. жандуу комплекси түзүлмөк. Жүк сексен гектарда улуттук маданиятыбыздын атрибуттарын чагылдырган боз үй, оюн-зоок, "манасчылар", тогуз коргоол борборлору уюштурулуп, куш таптоо, тайган агытуу, ордо, ат оюндары үчүн жерлер бөлүнмөк. Жыгач, темир, жез-коло узана турган ишканалар салынмак.
Зергерлерге, өтүк ултаруучуларга, ээрчилерге, кайыш өрмөчүлөрүнө жай даярдалмак. Мына ошол жандуу этнографиялык кыргыз айылына азыр коноктор, эл да каттап, кымыз ичип, улуттук даам сызып, черин жазышмак. Долбоордон негедир баш тартышып, эски ВДНХ, Ысык-Көл мейманканасынын артындагы койдун бучкагындай жерге цементтен тепкичтер курулуп, баштарына калай кийгизген сөлөкөттөр жасалып, чоң дарбаза салынганы менен киши каттабаганын баарыңар билесиңер.
Кыргыз айылы ачылбаган менен журт арасында элчил чыгаандар катмары бар. Мурасталып келген ыкма менен табитине толгон нукура элдик буюм-теримдерди жасап, кумарданып, өзүнө, тегерегине зор кубаныч тартуулап келатышат. Ал кубаныч - курсак тойгончо желе турган даамдуу тамак, же болбосо башкаларды суктантып, мактанып кийиле турган кийим эмес.
Көөдөндү толтурган руханий кубаныч, жан жыргатып, жүрөк сүйүнткөн сезим, узак мезгил бою баяндай турган кеп. Ошол кубанычтын тээ байыркы пайдубалын түптөгөн биздин бабалар. Биз алардын мурастарын сыйлай билсек, жолубуз арбыйт. Эгерде ага ыклас кылбасак, өз учурунда бизге да ошондой мамиле жасалышы мүмкүн.
Ар бир кесип ээси өз иши аркылуу улуттун идеологиясына, келечегине салым кошо алат. Бизде бардык учурда көрөңгө болуп бере алчу булак -биздин ата-бабаларыбыздын мурастары. Бул айтылгандардын айрымдары ойго салса, сизди курчаган чөйрөдөгү улуу-кичүү, дос-тааныш менен ой бөлүшүп коюңуз, пайдасынан башка зыяны болбойт, ооздон айтылып, кулакка сиңип калгысы бардыр.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??