19.02.10
  Жусупжан Бакиевди эскерүү

Агайым акылманым эле...
Мен ал кезде окуу практикамды техникумдун китепканасына алгандыктан сабактан бошогондон кийин көбүнчө китепканачыга жардамдашчумун. Китепканага барыш үчүн актовый залды басып өтөр элек. Бир күнү китепканада олтурсам директор Жусуп Салиевич кирип келип, - "Эгер актовый залда чогулуш же дагы башка кечелер болуп калса китепканага кантип киресиңер"- деп сурап калды. Мен дагы ойлонбой туруп-андай учурда эч ким чыкпайт да, кирбейт да, китепкана болчу бөлмөлөргө мугалимдерди жашатып койсо ошондой болот да - деп жооп берип алып, жаңы эле көргөн жетекчиге туура эмес сүйлөп алдым го, эми эмне болот дегенсип коркуп кеттим.-"Туура азамат, буюрса жакында жатаканадан орун таап же батирге чыгарып, ал бөлмөлөрдү бошотуп китепкананы ошол жакка көчүрөбүз, бүгүн мугалимдердин чогулушунда ошентип чечтик"-деп чыгып кетти. Бул агай менен эң алгачкы сүйлөшүүм болчу. Көп өтпөй эле китепкананын жанындагы эки бөлмө бошоп, китепкананы көчүрдүк.
Ошентип жаңы жыл да жакындап калганда жаңы жылды ШЕР (азыркы Нур) заводунун клубунда тосот экенбиз деп студенттердин көпчүлүгү нааразыланып калды.Өзү окуткан-атеизм сабагында Жусуп Салиевич кирип келип, келе жаткан жаңы жылыбыз менен куттуктап, папкасын столго коюп,-атеизм деген эмне билесиңерби?"-деп сурап калды, мен анча-мынча китепканада көрүп калгандыктан үйрөнө түштүм беле кол көтөрүп-агай биз жылда эле жаңы жылды ДКда тосчубуз, эмне үчүн быйыл заводдун клубунда тособуз? деп күтүү-сүз суроо берип алып, оңтойсуз абалда калдым. Агай - бул суроо балким баарыңарга эле табышмак болсо керек, себеби бир күн майрамдаш үчүн көп акча короткон менен чоң танаписте ысыгыраак чай же кофе ичип алганга буфет жок. Биз акчаны үнөмдөп, ашкана ачсакпы деп аракет кылып жатабыз-деп жооп берип сабакты баштады. Ошентип, көп өтпөй ашкана да ачылды. Биз окууну аяктап диплом алабыз деп кагаз толтуруп чуркап жүрсөк, Жусуп Салиевич ар бирибиз барып иштөөчү жерлердин жетекчилери менен келишим түзүп, эч кимибиз жумушсуз калбагандай ишке орношо турган жерлерге жолдомолорду даярдап коюптур. Биздин бөлүм башчыбыз чогулушта: "Буга чейин мындай болгон эмес, бул Жусуп Салиевичтин камкордугу жана иш билгилиги",- деп бизге маалымдады. Биз дипломдорубузду колго алып, бөл-үштүрүлгөн жерлерде иштеп калдык. Мен Бек-Абад айылындагы китепканадан эмгек жолумду баштадым. Бир жолу жолдон агайды жолуктуруп калдым, жанында мен тааныбаган бир топ кишилер менен сүйлөшүп туруптур. Саламдашып өтөйүн десем, агай өзү тигилерге "мына бул биздин өстүргөн адистерибиз, Кудай буюрса, бул көп сыймык алып келе турган, чоң үмүтүбүздү актай турган кыздарыбыздын бири"- деп тааныштырды. Ошондон баштап мен жаман иштесем мени окуткан мугалимдер уятка калат тура деп чоң жоопкерчилик мойнума артылгандай болду. Анткени,1996-жылы бир топ жумушсуз жүрүп калдым, анда агай Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болчу, көчөдө жолугушуп калдык. -Агай иштериң кандай -деп сурап калгандыктан мен жумушу жок калдым, жумуш таап бересизби деп сурасам,- мен жумуш таап берем, эптеп курсагыңы тойгузасың, бирок сен өз алдыңча, чыгармачылык менен иштей турган кызсың, телефонго жооп берип, чай ташып жүргөн сен үчүн эмес деп ойлойм. Сен бирөөгө көз каранды болуп, кол кароого көнбө, эгер такыр эле айла жок десең эртең кел, мен катчы кылып жумушка орноштуруп коём -деди. Мен иштесем колумдан келет турбайбы деп, аябагандай эле эрденип калдым. Анткени, он үч жашымда эле атам менен апам удаа каза болуп калгандан кийин эч ким ишенип көңүл деле бурган эмес болчу. Мен ошентип атамдын үмүтүн, ишеничин актагандай аракеттенип ЖАГУнун китепканасына директорлукка жарыяланган конкурска катышып, директор болуп жумушка орношуп иштеп жүрүп кыскартууга туш келип, дагы жумушсуз калдым. Айлык албай калгандан кийин аябай кыйналганда Жусуп Салиевичке жолугуп бир кеңешин уккум келип облОНОго жөнөдүм. Анткени, агай облОНОну жетектеп турчу. Мен кабылдамага кирип барсам, агай эшикке чыкканы жатыптыр - "кел кызым, эмне сабырың суз"-деп сурап калды, мен эч нерсе деп айталбай кыскартууга туура келип калдым дедим.-"Ой ошого дагы ушунча капа болосуңбу? Мен азыр бир жерге чалам, сен өзүң китепкана уюштурасың"-деди да телефон чала баштады. Сүйлөшүп бүтүп Биосфера илим изилдөө институтуна жөнөттү.-Ал жерде китептер даяр, илимий-техникалык китепкана ачыш керек. Барып орношкондон кийин мага кайра келсең, ачылышына жардам берем- деди. Айтканындай барып арыз жазып жумушка орношкондон кийин, кайра агайга келдим. Агай ЖАГУдан китепканага бөлмө алганга сүйлөшүп, облакимияттан китеп текчелерди алганга акча бөлдүрүп, илимий китепкана ачылышына түз-дөн-түз жардам берген. Агай дайыма кол кароочу болбо, чабалдыкка алдырба, ар бир ишти чыгармачылык, изил-дөө менен иштеш керек деп насаатын айтып, өзүнүн студенттерин алга сүрөп турар эле. Тилекке каршы, биз агайды эрте жоготтук, бирок анын айткан насааттары мага дайыма дем берип, келечекке умтулдуруп тургансыйт. Төмөндөгү ыр агайдын көзү өткөндүгү тууралуу суук кабарды укканда жазылган. Ошол күн 21-февраль, кайгылуу күн эле.

Агайым акылманым
Сүрөтүң кара менен,
Корголоп койгон экен.
Алдында жазуу турат,
Бакиев Жусуп деген.

Ишенбей окуп жаттым,
Дендароо ойго баттым.
Жүрөгү инфаркт деген,
Коюптур атын дарттын.

Элиңден таза чыккан,
Жетекчи чыгаан элең.
Эскерип иштериңди,
Убайга түшүп келем.

Окуткан адамдыкка,
Аруулукка, адалдыкка.
Кошомат кылба деген,
Устатым эмес белең.

Агайым акылманым,
Бир тууган агадайым.

Адилет элең элге,
Бейиштен болсун жайың.
Ажар Касымбекова

22-февраль,2006-жыл





"Манас" маселеси ЮНЕСКОдо кайра каралат
Талаш жараткан жагдай
Дегеле адам баласынын аң-сезиминде уучууга жакын нерселер купуя катылып жатканы ырас. "Самаркандан саман учуптур десе, самолёт кулаптыр"-дегендей эле кеп.
Биз "Манас" эпосунун тегерегиндеги талашка келгенде алгач ЮНЕСКОнун негизги миссиясын түшүнүүбүз зарыл. ЮНЕСКОнун улуттардын жоголуп бара жаткан асыл мурастарын сактап калуу үчүн дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу, сейрек кездешчү мурастарды коргоп калуу максатын көздөгөн озуйпасы бар. Кытайда жашаган 170 миң улутташ боо-рдошторубуз бир жарым млрд. калкы бар моноулуттуу элге сиңип жуурулушуп кетпөө максатында өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калуу аракеттерин көрүшөт. Кызыл-Суу кыргыздарында өздөрү кастарлап, чогултуп жүргөн "Манас" эпосунун варианты бар. Ошого таянып алар ЮНЕСКОнун оозеки мурастарды сактоо боюнча комиссиясына кайрылышкан. Алар кыргыздын "Манас" эпосун биздики деп талашкан жери жок. 1995-жылы БУУ-нун башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн сессиясында "Манасты" Кыргызстандагы кыргыз элиники экенин дүйнөнүн 130 мамлекети тааныган документ бар. Ошого байланыштуу "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы катары жарыяланган. Дагы кайталап айтсак, бул аалам калкы "Манасты" кыргыздыкы деп рухий алкакта гана эмес, саясый жактан тааныгандыгынын далили. Ал эми кыргыз боордошторубузду зор мамлекет бир ууч кыргыз эли катары өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн, руханий маданиятын өчүрбөй коргоп калсын деген мааниде гана ЮНЕСКО репрезентативдүү тизмеге киргизген. Башкача айтканда эпосту аларга энчилеп берген жок, тек гана ушул Кызыл-Суу чөлкөмүндөгү кыргыздардын манасчылык өнөрү коргоого муктаж деген сөз. Эгемендүү кыргыз мамлекети үчүн "Манасыбызды" жоготуп же бирөө тартып алат деген кооптонуу болгон эмес, андайга себеп да, негиз да жок. Дагы бир нерсени эске салып коёлу. "Манас" эпосу жогорудагыдай кадыр-барк күткөнүнө карабай Кыргызстан 2001-жылы эле ЮНЕ-СКОнун дүйнө элдеринин оозеки шедеврлеринин тизмесине киргизүү боюнча сунушун жиберген. Ошондо ЮНЕСКОдон Кыргыз мамлекетинде "Манас" эпосунун жоголуп кетүү коркунучу жок, андыктан аны коргоо зарылчылыгы да жок деген жооп келген. Демек, алардын тизмесине кирүү критерийлерине жооп берген эмес. "Манас" эпосунун өзүн айтпаганда да өлкөбүздө ага байланыштуу 1412 аталыш бар экен. "Манас" аталышындагы аэропорт, район, борбор калаабызда чоң проспект, аймактардагы көчөлөр, мектеп, окуу жайларынын аттары, атүгүл шарап ичимдиги ж.б. толуп жаткандарды атасак болот. Бүгүнкү күндө БУУнун чоң фойесинде Манастын эстелиги турат. "Манас" эпосун изилдөө тээ 19-кылымда башталганы боюнча В.В.Радловдун немец тилиндеги вариантынан берки илимий эмгектери буга далил. Айтор улуу эпосубуз биздики деп аны кимге далилдейбиз? Өзүбүзгө өзүбүзбү? Ал кыргыздыкы экенин дүйнө эли билет. Болгону ЮНЕСКОнун репрезентативдүү тизме дегенин, ага кандай критерий менен киргизиле тургандыгын түшүнүшүбүз керек.

Талаш такталат, кайра каралат
Ошол жылдардагы ЮНЕСКОнун бер-
ген жообунда "Манас" эпосу боюн
ча коркунуч жок болгону менен,
аны айтуучулар азайып бара жатканы белгиленген. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин көзү өткөнүнө жарым кылымга жакындап бара жатат. Бүгүнкү күндө деле бир ууч "Манас" айтуучулар калды. Ушундай жагдайга байланыштуу алар төкмөлүк, дастан, "Манас" айтуучулук -үч улуттук өзгөчөлүгүбүздү дүйнө элдеринин материалдык эмес оозеки 27 шедевринин ичине киргизген чечимди 2003-жылы кабыл алышкан болчу. Муну сунуштоонун башында белгилүү драматург аксакалыбыз Бексултан Жакиев турган. Ошондон кийин гранттар келип, оозеки маданиятыбызды өнүктүрүү боюнча республикалык сынактар, ар кыл иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын үстүнө жогорудагы ЮНЕСКОнун берген жообу өз учурунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кенен чагылдырылганын эске салып көрбөйлүбү.
КРнын Өкмөтүнө караштуу маданият мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору, белгилүү жазуучу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Султан Раев бул тууралуу мындай дейт:
-Өткөн жылдын 2-октябрында ЮНЕСКО "Манастын" тегерегиндеги бүгүнкү күндө талаш жаратып жаткан чечимди чыгаргандан кийин Маданият мамлекеттик агенттиги дароо эле 5-октябрдан баштап бул ишти колго алып, дипломатиялык каналдар аркылуу ЮНЕСКОго кайрылып иш жүргүзө баштаган. Себеби, Кытай ЮНЕСКОго 12 номинациядагы асыл мурастарын сунуштаган. Алардын арасындагы ошол эле Кызыл-Суу кыргыз автономия облусун жердеген кыргыздардын "Манас" эпосун, андан тышкары Кытайдын аймагында жашаган корейлердин ритуалдык, салттык бир жөрөлгөсүн, калмактардын "Гесер" эпосун ж.б. сунуштап жиберишкен. ЮНЕСКОнун дүйнө элдеринин асыл мурастарын сактоо, коргоо конвенциясы жаңы, жаш конвенция болгондуктан, анда да жаңылыштыктарга жол берилип кетти. Айталы, ошол эле "Манас" эпосунун тарыхый мекени эгемендүү Кыргызстан экендигине байланыштуу алар биз менен макулдашып, көз карашыбызды сурап, анан чечим кабыл алышы керек эле.


(Уландысы 16-бетте)