![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ынтымак Курултайын утурлап Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү Карапайым эл деген түшүнүктөгү маани-маңыздын тереңинде элдик, улуттук нарк-нуска жана анын бийиктиги жатат. Карапайымдык сапат адамдык сапаттын негизги көрсөткүчү. Ошондуктан, кезегинде эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюп, ак дилден кызмат кылган мамлекеттик, коомдук ишмерлер катардагы калк арасындагы кылган иши менен айткан сөзү ыкташып, калк купулуна толгон кадырман иштермандар, маданияттын, адабияттын жана илимдин даңктуу өкүлдөрү, кара кылды как жарган акыйкаттыгы, жалпынын ишине акыл калчаган көсөмдүгү менен эл арасында кадыр-барк тапкан, азыркы муундардын табылгыс табериги болгон аксакалдар, келечекке коомдун өнүгүү жолун замандын агымы, илим-билими менен айкалыштыра билген өлкөбүздүн жаштары - ушул карапайымдыгы менен өзгөчө. Ынтымак Курултайынын негизги өзөгү, анын негизинде турган турпаты так ушул өзгөчөлүк менен ченелиши керек. Ниети, мүдөөсү - жакшылык Жалпы Кыргызстан элин биримдикке, ынтымакка, өлкөбүз үчүн ак ниет эмгектенүүгө, руханий дүйнөсүн жаңыртууга, маданиятыбыздын кайра жаралуусуна үндөгөн Ынтымак Курултайынын чакырылышы өз мезгилиндеги иш болду деп айтаар элем. Элибиз байыртан кайчылаш кырдаалдарда "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деп ийри отуруп, түз кеңешип, келечекке жол издеген. Журт башчыбыз баш болуп, элибиз алдыга умтулуп, өнүгүүнүн жолун издеп, заман талабына ылайык жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча иштөөгө жан үрөп жаткан кезде эл арасында нарк-насилди өзүнө сиңирген, сүйлөгөн сөзү, жасаган иши менен башкаларга үлгү болуп жүргөн урмат-сыйга татыктуу инсандар менен бетме-бет олтуруп кеңеш куруп, масилет салышы - жакшы жөрөлгө, жакшы саамалык. Ынтымак Курултайы экономикалык жактан өнүгүүбүзгө дем-күч берүүчү, идеологиялык жактан Кыргызстанда жашаган элдердин, диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирүүчү дараметке ээ данакер боло алат деп ойлойм. Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү, эл арасындагы биримдик, өлкөбүздүн бейпилдиги жана коомдун стабилдүүлүгү, жаңы идеяны колдоого алуу бизге абадай зарыл болууда. Өлкөбүзгө тоскоол болуп, алдыга умтулуубузга жолтоо болуп жаткан элибиздин жан дүйнөсүнө жат болгон көрүнүштөргө бөгөт коюуга мезгил жетти. Ынтымак Курултайынын ниети, максаты, мүдөөсү-жакшылык. Ынтымак Курултайында мамлекетибиздин бардык тармактарындагы ийгиликтери да, кемчилдиктери да ачык айтылып талдоого алынышы керек. Кемчиликтерден арылуунун жолун издеп, ийгиликтерди сактап калып, арбытууга аракеттенишибиз зарыл. Өзгөчө Курултайда бүгүн ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө кедергесин тийгизип жаткан артыкбаш, сокур намыстан улам жаралган каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдарды ооздуктоочу чечимдер чыкса жакшы болоор эле. Анткени ар бир үй-бүлө өмүр бою иштеп тапкан каражатын жакшылык-жамандыкта чачып коротуп, ашыкча чыгымдарга жол берип жатат. Ынтымак Курултайында жаштарды Ата Журтту сүйүүгө, жакшы атуул болууга тарбиялоо, жан дүйнөсүндө адамгерчилик сапаттарын калыптандырып, өлкөбүзгө кереги тийген адис кылып даярдоо багытында да маселелер көтөрүлүшү кажет. Себеби, элибиздин өсөөрү да, өчөөрү да - тарбиядан. Таалим-тарбия берүү багытында да чечкиндүү сөздөр Курултайда айтылып, элибизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт деп үмүттөнөм. Анткени мамлекеттик идеялогиянын башаты тарбиядан түптөлөт. Бүт дүйнө жүзү сарамжалдуу, үнөмдүү жашоого өтүп жатат. Биздин эл да өз жашоо образына үнөмдүү жана сарамжалдуу жашоо деген түшүнүктөрдү киргизип, жалкоолуктан жана кайдыгерликтен арылып, эмгекке сыйынып жашоону үйрөнүүсү кажет. Кедей жашайбыз дейбиз. Кедейлик менен мамлекетибиз эле эмес, ар бир адам, ар бир үй-бүлө өзү күрөшүшү керек. Кедейлик менен күрөшүүнүн бир эле жолу бар - ал эмгектенүү жана эмгектенүү. Күн сайын тынымсыз кыймылда, аракетте, изденүүдө болгон адам эч качан ишсиз калбайт жана кедей жашабайт. Биздин өлкөбүз - түрдүү кен байлыктарга бай, бейиштей болгон кооз жер. Ата Журтубузда жашоо жана иштөө, Мекенибизди сүйүү - кандай бакыт жана сыймык. Ынтымак Курултайы ар бир кыргызстандыкты өзүнүн Ата Мекени менен сыймыктанып жашаган жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кыйынчылыктан коркпой эмгектенген сезимди жаратат деп ишенем. К.Исаков, ОГПИнин ректору, ф.и.к., доцент Ынтымак Курултайы деген- дин өзү, аты айтып тургандай, өтө кылдат ойлоп, терең маани берип, өзгөчө тутумга, даана ишке аша турган жыйынтыкка жетүүнүн зарылдыгы. Муну чоң "саясат" менен чаташтырууга болбойт деп ойлойм. Маселе, субъективдүү конъюнктуршинага оронгон популист, жөө чечендердин алым-сабак айтышкан жыйынында эмес. Маселе, ынтымакчылык менен стабилдүүлүккө үндөгөн, эл турмушундагы көйгөйлөрдү даана айтып, ишке ашыруу менен улуттук руханий биримдиктин нугун ачып, аны жалпы элдик таалим-тарбия эрежесинин деңгээлине жеткирүүдө турат. Бул жерде кылымдар бою көөнөрбөс мыйзамдык кенч болуп калган "ынтымакчылык" деген ыйык түшүнүктүн чордонунда улуттук өзгөчөлүк жатат. Ошондуктан, мамлекеттүүлүк, мамлекеттик бийлик, мамлекеттик саясат, мамлекеттин бардык жактан өнүгүү маселелери жана аны иш жүзүнө ашыруунун жолдору - ушул ынтымакчылыкка байланыштуу экендиги чыныгы атуулдук-жарандык жоопкерчилик менен түздөн-түз айкалышкан. Саясый жана экономикалык, илимий-теориялык, технологиялык жетишкендиктердин жана ага багытталган реформалардын заманбап экендигин жана анын жүрүшүн дагы бир жолу майын чыгарып, эзип отуруш зарыл эмес. Аларды ишке ашырууга милдеттүү структуралар үчүн бардык зарылчылыктарды талкуулоонун орду башка. Демек, мамлекетибиздин экономикалык, социалдык, интеллектуалдык деңгээлине жараша жана бул маселелерди мындан ары өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүктүн бар экендигине жараша, элибиздин менталитети, улуттук жана улут аралык биримдиктеги өзгөчөлүгүбүзгө жараша жөнөкөй, жатык тил, кыска жана нуска, аз жана саз сөз менен чечимге келе турган курултай болушу керек. Ынтымак Курултайы (азыркы мезгилдеги коомчулуктун кулагын кызыткан) мамлекеттүүлүктүн көрсөткүчү эмес. Аны мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө өлкө элинин жарандык биримдигин чыңдаган, белгилеген стратегиялык багыттын тайбас жолун камсыз кылуучу бирден-бир күч десе болот. Экинчиден, курултайдын чечими, анын деңгээли, койгон талаптары этаптарга, мезгилдерге, календарлык мөөнөттөргө көз каранды болушу да өтө зарыл эмес. Андай болсо курултайдын ишинен саны ашып, аброю төгүлөт. Курултайда айтылып, бир бүтүмгө келинген маселе айтылгандай ишке ашып, экинчи жолу кайталанышы мүмкүн эмес. Себеби, анын чечими мамлекетибиздин ар бир жаранын, анын инсандык абийирин ойготуп, анын көңүлүн жалпы элдик ишке оң көз менен мамиле жасоого түрткөн, жаңы ойлорду, сунуштарды пайда кылган улуттук өзгөчө документ катары кабыл алынса дейбиз. Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында опсуз кайталанып, жасаган ишке айкалышпай, тамтыгын кетирген "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" деген элибиздин улуу нускасын көрсөтүп турган лакабыбыз курултайдын негизги чакырыктарынан деп эсептесе болот. Эң керектүү мезгилде өз убагы менен колдон келе турган саясый, экономикалык кырдаалда коюлган бул маселенин жашыл жолго чыгышы - бир гана курултайдын катышуучуларына түздөн-түз байланыштуу. Ынтымак Курултай, анын курамы үчүн ар бир каралган мамлекеттик иштин кичине-чоңуна карабай иштиктүү жыйынтыкка келиш - ынтымакчылыктын нугунда, туусу астында, ынтымакчылыктын аброюн көтөрүп, беделин дагы бекемдеген жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатат. "Өңдү көрсө жүз тайды", "Кол ийрисине тартат", "Байлыкты көрүп, пайгамбар жолдон чыгыптыр" дегендер курултайдын бүтүмүн кырча турган уулуу бычак экендиги маалым эмеспи. Ал эми "Калк айтса, калп айтпайт", "Ырыс алды ынтымак" деген асыл ойлор ар бир маселенин эпиграфы десе да болот. Мамлекеттин турмушундагы татаалдыктар, мүчүлүштөр курултайдын ар бир мүчөсүнө белгилүү. Анын тынчын алган маселе катарында кабыл алынышы анын өз ордун көрсөтөт. Ошондуктан, проблемаларды көтөрүш, жаңы сунуштарды талкууга салыштан мурда, коюлган проблемалардын ишке ашышы, үзгүлтүккө учуроосунун себептери жана күнөөлүүлөрү жөнүндөгү акыйкаттык менен айтылган талаптардын мааниси жогору турат. Ынтымак Курултайы эч качан, кандай гана кырдаалда болбосун, өлкөнүн Конституциялык бүтүмдөрүнө, мамлекеттин Конституциялык түзүлүшүнө шек келтирбей, анын мыйзамдык жол менен өнүгүп, бекемделишине кызмат кылыш керек. Кыргыз эли Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы экендиги Конституциялык бүтүм. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы. Демек, Президенттин койгон талаптары, тапшырмалары кандай ишке ашып жатканын көзөмөлгө даана, так жана акыйкаттык менен алуу эл шайлаган Ынтымак Курултайынын жалпы саясаттагы биримдикти камсыз кылган негизги көрсөткүчтөрүнөн деп эсептеймин. Нуржан МУРЗАЛИЕВ, коомдук жана мамлекеттик кызматтардын ардагери, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиянын ээси
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||