![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ынтымак Курултайын утурлап Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек АКУН: Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман - Сиз элдин үнүн бийликтегилерге жеткирип, эки тараптын диалогун уюштурууга бүткүл күч-аракетиңизди жумшап келе жаткан инсансыз. Убагында жалпы элдик Курултай өткөрүү боюнча көп ирет демилге көтөргөнсүз. Оппозициядагылардын ар кандай курултайларына да катышкансыз. Алдыдагы Ынтымак Курултайынын коомдук турмушубуздагы орду кандай болот деп ойлойсуз? - Президенттин демилгеси менен өткөрүлгөнү жаткан Ынтымак Курултайынын коомдук турмушубуздагы орду абдан чоң, келечеги кең болот. Чоң иш башталып жатат. Курултайга делегаттарды шайлоо аяктап калды. Мага республикабыздын бардык булуң-бурчтарынан телефон чалышып, абалды билдирип турушат. Нарындан, Баткенден телефон чалгандардын айткандарына караганда, айрым жерлерде бийлик тарабынан көрсөтүлгөндөр өтпөй, эл арасынан көрсөтүлгөндөр делегат болуп шайланышкан учурлар болуптур. Бул элдин ойгонуп калгандыгын көрсөтөт. Маселен, Нарын шаарынан үч делегат шайланса, анын бири эл өзү көрсөткөн Нарындагы коалициянын лидери Эркин деген жигит экен. Президенттер келет, кетет. Бирок Курманбек Салиевич киргизип жаткан Курултай институту кылымдарга калат деп ойлоймун. Мен жаш чагымдан тарыхка кызыгамын, тарыхка байланышкан китептерди көп окуймун. Элибиздин турмушунда курултайдын байыртан чоң роль ойноп келгендигин жакшы билемин. Чоң казаттын алдында Манас курултай өткөргөн, кыргыздардын тарыхында бийлер, хандар курултайларда шайланышкан. Андай жыйындарда азыркы мыйзамдарга окшогон эрежелер кабыл алынган. Көтмалдыдагы (Балыкчы) курултайда Ормонду хан кылып шайлашкан. Мен саясатка аралашкандан баштап Курултайды жандандыруу үчүн күрөшүп келатамын. 1991-жылы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын бир жыйынында Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү жөнүндө маселе койгонмун. Бирок, ал сунушумду КДКнын жетекчилери да, Аскар Акаевдин администра-циясындагылар да колдошкон эмес. Бир ирет Акаевге киргенде ага курултайды жандандыруунун зарылдыгын, ал үчүн Баш мыйзамдын 95, 96, 98-беренелерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтсам, ал башын ийкегилеп, бир китебин белек кылып жөнөтүп койду. Колдогон да, каршы пикирин да билдирген жок. Ошол бойдон калып калды. Бирок, Ф.Куловдун окуясында бир, Аксы окуясына байланыштуу алты, анан 2003-жылы 18-19-июлда Аксыда аябагандай көп адам катышкан дагы бир курултай өткөрүлдү. Алардын көбүнө катыштым, бирок, алардын бири да улуттук деп айткыдай аталышка татыган эмес. Өзүңөр билесиңер, мен Президентке кошомат кылбайм. Кемчиликтерин дайыма сындаймын, бирок жакшы жактарын да ачык айтамын. Президенттин Ынтымак Курултайын чакырганы чоң тарыхый иш. - Айрымдардын саясый партиялар, бейөкмөт уюмдар Курултайдан сыртта калды. Карала турган маселелери да бир жактуу, маданий-гуманитардык мазмунда деген сындарына кандай карайсыз? - Саясый партиялардын бардыгы курултайдан сыртта калды деген пикирлерге толук кошулбаймын, бирок оппозициядагы саясый партиялардын четте калып жаткандыгы чындык. Президент аларды четте тургула, кошулбагыла деген жок. Жободо Курултайга саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шайлана алышпайт деген да чектөө жок. Алардын жарандар катарында шайлоолорго катышууга, шайланууга укуктары бар. Бирок, ачыгын айтканда, азыр оппозициядагылар бийликти, бийлик оппозициядагыларды уккусу келбей жатканы өкүнтөт. Президент оппозициядагыларды сүйлөшөлү деп көп эле чакырды, бирок алар бойкот жарыялап, келбей коюшту. Бирок, алардын Президентти көргүлөрү келишпесе да мамлекет башчысы чакыргандан кийин келүүлөрү, көз караштарын айтуулары, Президенттин пикирин да угуулары керек эле. Жагабы, жакпайбы, ал башка маселе. Белгилүү инсандардын бир тобу делегат болуп шайланышты. Алсак, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев өз айылынан делегат болуп шайланды. Курултайга өкүлдүккө талапкерлер партиялар, бирикмелер боюнча эмес, жашаган жерлери боюнча гана көрсөтүлүшөт. Жашаган жерлеринде кадыры, таасири барлар кайсыл партияда экендиктерине карабастан шайланышты. Элдик революциядан кийин Конституцияны реформалоо боюнча Ө.Текебаев башында турган атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Мен да ага мүчө болчумун. Мен ошондо Курултайды Баш мыйзамга киргизели деген сунуш киргизгем. Ө.Текебаев аны "экзотикалык сунуш" деп атап, эки адамдан башкасынын баары каршы болушкан. Жыйынтыктап айтканда, мен оппозициядагылар Курултайдан сыртта калышты дегенге да макул эмесмин. Кошулгулары келгендер кошулушту. Сыртта калгысы келгендерди эч ким сүйрөп киргизе албайт. Курултайда маданий, гуманитардык маселелер гана талкууланат деген пикирлер да туура эмес. Эмнелерди талкуулоону Курултайдын делегаттары өздөрү чечишет. Эмнени айтам десе аны делегат өзү билет. Күтүлбөгөн маселелер көтөрүлүшү да мүмкүн. Анда элдин тагдырын чечүүчү маселелер талкууланарына ишенемин. - Октябрь төңкөрүшүнө чейинки курултайларда кабыл алынган чечимдер өкүлдөрү катышкан аймактагы калктар үчүн милдеттүү болгон. Ынтымак Курултайы - кеңеш берүүчү макамда болууда. Ушул туурабы? Же айрымдар сунуш кылып келишкендей, Курултайда бийлик бутактарынын жетекчилеринин отчеттору угулуп, аларга баа да берилиши керек беле? - Азыркы шартта Курултай кеңеш берүүчү макамда гана болушу керек. Октябрь төңкөрүшүнө чейинки мезгилде бирдиктүү бийлик органы болгон эмес. Курултай эң чоң, эң акыркы орган болгон. Азыр аткаруучу, тескөөчү, мыйзам чыгаруучу, көзөмөлдөөчү бардык органдар бар. Убагында Президент Курултайда шайлануусу керек деген сунуштар да болгон. Мен андай сунуштарды колдобоймун. Президент эл тарабынан гана шайлануусу керек. Бирок, Президент жылына бир жолу элге карата кайрылуусун Курултайда жасаса туура болмок деп эсептеймин. Курултай Өкмөт башчысы, Башкы прокурор, ички иштер министри, Акыйкатчы, Жогорку соттун төрагасы сыяктуу кызмат адамдарынын отчётторун угуп, алардын иштерине баа берсе болот. Бирок, Курултай тигини кызматтан кетирип, муну кызматка коюу керек дегендей кадрдык иштерге кийлигишпөөсү керек. Эгерде ал кадрдык иштерге кийлигишип, саясатка аралаша баштаса, анда курултай өлөт. Бир мисал. 1993-жылы КДК күчөп турган убакта республикалык конгресс өткөргөнбүз. Ага Акаев да катышкан. Ошондо Топчуке баш болгондор Т.Чыңгышовдун ордуна Ф.Куловду Премьер-министр кылабыз деп чыгышып, кадр маселесине ачык кийлигише баштаган. Ошондон баштап КДКнын кадыры кетти. Көп өтпөй таркап тынды. Саясатка аралашкан коомдук уюмдун келечеги жок болот. Акыйкатчы катарында мен деле кеңеш берүүчү укуктан гана пайдаланам, чоң кызмат адамдарына сунуш берем, бирок менин сунушумду угушабы, укпайбы, ал өздөрүнүн иши. Курултай Президент, Өкмөт акыл, кеңеш суроочу, элдин чыныгы маанайын, каалоосун билдирүүчү орган гана болушу керек. - Жер-жерлердеги өкүлдөрүңүз, санаалаштарыңыз менен дайыма сүйлөшүп, элдин тамырын кармап турасыз. Курултайга шайланган делегаттардын канча пайызын толук көз карандысыз өкүлдөр деп айта аласыз? - Туура айтасыз, биздин жер-жерлердеги абалга калыс баа берүүчү өкүлдөрүбүз бар. Анын үстүнө эл менен аябай көп сүйлөшкөн мамлекеттик чиновник да мен болушум керек. Бөрк ал десе баш алган, кандай жол менен болбосун Президентке жагынгысы келген акимдер, атка минерлер бул жолу да ыңгайлуу өкүлдөрдү гана өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок, антип жагынабыз деп Президентти ыңгайсыз абалга туш кылышууда. Президент өзүнүн Кайрылуусунда эл, мекен дегенде ичкен аштарын жерге койгон жаштарды, кара кылды как жарган калыс аксакалдарды шайласаңар, алар чыныгы абалды көзгө сайгандай ачык көрсөтүшсө деген каалоосун ачык эле айтпадыбы. Президент мени мактап-мактап, анан таркап кетишсин деп Ынтымак Курултайын чакырткан жок да. Аны мактай тургандар ансыз деле жетиштүү. Жер-жерлерден чындык үчүн чыркырашкан, чаарбаш өкүлдөр шайланып келип, бийликтегилерге болгонун болгондой айтышса жакшы болмок. - Сиз Акыйкатчы эмес, катардагы делегаттардын бири болсоңуз Курултайда кандай маселелерди көтөрмөксүз? Эмнелерди айтмаксыз? - Мен өткөн жылдын аягында Баткен облусунун өзүм төрөлгөн Кулунду айылына чейин барып келдим. Эл менен жолугуштум, аксакалдар менен сүйлөштүм. Азыр Кыргызстандын түштүгүндө чек ара маселеси күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. Чек арага жакын айылдардагы кыргыздар Россияга, Казакстанга кетишүүдө. Тажикстандыктар, өзбекстандыктар тарабынан жылма экспансиялар бар. Эки күндүн биринде кагылышуулар да болууда. Ошондуктан чек ара, жылма экспансиялар маселесин тезирээк чечпесе болбойт. Экинчи, этностор аралык ынтымак-ырашкерлик. Бул багытта да орчундуу маселелер бар, аны жакшы билесиңер. Үчүнчү, бийликтегилер радикалдуу оппозициядагылар менен да тил табышуулары керек. Алар да биздин жарандарыбыз, ооздорунан да, колдорунан да келген, убагында чоң-чоң кызматтарда иштешкендер. Алардын мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн пайдалануу зарыл. Төртүнчү, улутубуздун келечеги кеңеймек түгүл күңүрттөнүп баратат. Мамтил комиссиясын бир бөлүмгө, маданият министрлигин агенттике айландырып салышты. Мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсү кеңеймек түгүл тарууда. Ооз көптүргөн сөздөр көп, бирок конкреттүү иштер аз. Аргам кеткенде Акыйкатчынын алдында маданият жана искусство, адабият боюнча атайын кеңеш түздүм. Анан мен Курултайда "Манас" маселесин көтөрмөкмүн. "Манас" кытайлыктардын эмес, көз карандысыз Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталуусу керек. Мен делегат болсом Курултайда ушул маселелерди алып чыкмакмын. Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||