![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ата Журт алкагында Алай ханышасына музей курулат Алай ханышасы Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунда музей комплексин куруу пландаштырылууда. Мындай маалыматты Курманжан датка кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева билдирди. Анын айтымында музей Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан Өрнөк айылына болжолдонуп, 2010-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керек. Курманжан датка тууралуу фильм тартылат Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкы жолу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы мамлекеттик заказ алды. Ал - Курманжан датканын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу эки сериялуу көркөм жана даректүү кинотасма. Режиссёр Замир Эралиев мамлекеттик долбоор, тарыхый инсандар тууралуу буга чейин коңшу казактар "Көчмөндөр", өзбектер "Тимур доору" тасмасын тарткандыгын айтты. "Кыргыз элинин тарыхын ошол доордогу маанилүү инсандардын бири, Курманжан датка тууралуу тасма тартуу бул чоң иш. Биздин келечек муун өз баатырларын, элин жерин сакташ үчүн жанын, өз баласынын өмүрүн аябаган Алай канышасы тууралуу билүүсү зарыл. Быйыл анын 200 жылдык мааракеси белгиленет, анын алкагында бир топ иш чаралар уюштурулууда", - деди ал. Аскер бөлүктөрү ат салышат Бишкек шаарындагы " Жоокер энелери" коомдук бирикмеси "Эң мыкты аскер бөлүгү жоокер энелеринин көзү менен" деп аталган сынагын баштады. Сынакка бардык аскер бөлүктөрү камтылып, сентябрга чейин улантылат. Сынактын негизги максаты - жоокерлерге дем берүү, алардын аскердик милдеттерине камкордук кылуу. Сынактын жыйынтыгы Кыргыз армиясынын туулган күнүндө чыгарылып, жеңүүчү аскердик бөлүктөр баалуу сыйлыктар жана медалдар менен сыйланат. Мыйзамсыз текшергендер теске салынат Биздеги кээ бир олигархтар бизнестерин чет мамлекеттерде жүргүзүшүүдө. Алар Эмираттан турак-жай сатып алышууда, биз ошол каражаттарды республикада кармап калуу үчүн, бизнес жүргүзүү үчүн ачык жана жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарды иштеп чыгуубуз зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында баарына түшүнүктүү бир салык болуусу керек. "Кыргызстанда жөн жайсыз текшерүүлөрдү уюштурган чиновниктер үч жылга чейин кызматынан четтетилет. Бул тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ар бир чиновник аны президент гана көзөмөлдөбөстөн, бизнес өкүлдөрү да көзөмөлгө алып жаткандыгын билүүсү керек", - деди ал. Чиновниктердин 387сине кылмыш иши козголду Башкы прокурор Н.Турсункуловдун "Ак Жол" фракциясынын жыйынында берген маалыматына караганда, прокуратура органдары тарабынан 2009-жылы 8772 текшерүү жүргүзүлгөн. "Прокурорлордун талабы менен мыйзам бузуу фактылары боюнча ар кандай деңгээлдеги 6055 кызмат адамы тартипке чакырылып, адиминистративдик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 387 кызматкерине кылмыш иши козголду", - деди ал. Ошондой эле, отчеттук мезгил аралыгында прокуратура органдары тарабынан коррупциялык кылмыш жосундары боюнча 349 кылмыш иши ачылган. 800 сомдон жогору карызы барлар газсыз калат Ош, Кара-Суу шаарларынын, Кара-Суу районунун калкынын газга болгон карызы 1-февралга карата 68 млн. сомду түздү. Ош шаардык газ чарбасынын башчысы Абдуманап Муминов азыркы күндө аталган аймактарда көгүлтүр оттун 40 пайызы өчүрүлгөндүгүн маалымдады. Бул - Өзбекстандагы газ жаатындагы техникалык себептен улам болууда. Коңшу мамлекеттин газчылары өздөрүндө газ боюнча техникалык абал жөнгө салынса, бизге газды толугу менен бере тургандыгын билдирген. Ошол эле мезгилде өзүбүздөгү газ боюнча кырдаалды жөнгө салуу максатында Ош шаарынын мэриясынын шаардык газ чарбасы башкармалыгы жумушчу топ түзүп, ар бир үй, мекеме-ишкана, бардык объектилерди кылдат текшергенден кийин, 800 сомдон жогору карызы барлардын газын өчүрүшмөкчү. Чет мамлекетте окуган студенттерден Кыргызстанга пайда барбы? Мындай маселени парламент жыйынында депутат Бейшенбек Абдырасаков көтөрдү. Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, азыркы учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандан 4158 студент билим алууда. Бирок мамлекеттин эсебинен каржы маселеси чечилип, дипломду колуна алган студенттердин айрымдары гана өз өлкөсүнө келген менен, көпчүлүгү ошол жактарда кала берүүдө. "Мисалы, 18 жылдын аралыгында 75 миң кыргызстандык студенттер чет мамлекеттерде билим алышкан. Эгер бул студенттерге мамлекет тарабынан каржыланган акчаны эсептей турган болсок, анда ар бирине 1000 доллардан жумшалып, 75 млн. доллар кеткен. Ошондон улам мындан Кыргызстанга кандай пайда бар, мындай финансылоонун натыйжасы барбы?", - деди Б.Абдырасаков. Ушуга байланыштуу эл өкүлү өкмөттөн чет өлкөдө окуган студенттерди финансылоого мониторинг жүргүзүүнү суранды. " Эгер мен Аяз ата болсом" КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" ишканасы 9 жаштан 14 жашка чейинки балдарга "Эгер мен Аяз ата болсом" деген темада дил баян жазуу конкурсун жарыялаган. Талас район-шаардык "Кыргызпочтасынын" филиалына 500 кат түшүп, анын ичинен 13 кат Бишкекке жиберилип ар кандай белектерге татыктуу болду. "Кыргызпочтасы" департаментинен 13 жомок китеп тартууланды. Ал эми 28 балага жумшак оюнчук, коңгуроолуу саат, фото альбом, футбол тобу жана шахмат ж.б. белектер берилди. Аалам алкагында Гаитини калыбына келтирүү үчүн 14 миллиард доллар керек Эксперттердин баалоосунда, жер титирөөдөн жабыркаган Гаитини калыбына келтирүү үчүн кеминде 14 миллиард доллар зарыл. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гаитиде болгон катуу жер титирөө 220 миңге жакын адамдын өмүрүн алган. Бөөдө кырсыктын кесепетинен 250 миң үй кыйрап, жалпысынан 3 миллионго жакын адам жабыркаган. Ажонун апасына майрам Азербайжан парламентинин депутаттары 8-март майрамын өзгөртүп, жаңы аталышка которуу маселесин талкуулап жатышат. Эгер маселе оң жагына чечилсе, анда 8-март азербайжан президенти Илхом Алиевдин маркум апасынын туулган күнү катары белгиленмекчи. Бирок бул долбоор Азербайжан коомун талаш-тартышка кептеди. 2009-жыл журналисттер үчүн кандуу жыл болду 2009-жылы дүйнөдө 99 журналист каза тапса, алардын 71и өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу учурунда өлтүрүлгөн. Журналисттердин көп өлтүрүлүшү акыркы 30 жылдан бери мындай көрсөткүчкө жеткен эмес. Мындай маалыматты Журналисттерди коргоо боюнча комитет таратты. Нью-Йоркто иш алып барган аталган эл аралык уюм "2009-жылы прессага кол салуу" аттуу докладында, өткөн жылы Филиппиндеги ири кол салуунун кесепетинен гана 31 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өлтүрүлгөндүгүн баяндаган. Натыйжада журналисттердин өлүмү жагынан алдыда Филиппин турса, андан кийин Сомали (9 журналист), Ирак жана Пакистан (4төн журналист) турат. Докладда өткөн жыл журналисттер үчүн өтө кандуу болгондугу белгиленген. Италияда бир нече шаар жоголуу коркунучунда Италиянын түштүгүндө катуу жааган жаандын кесепетинен Майерато шаарында жер көчкү жүрдү. Шаар бийлиги калкты шашылыш көчүрүүнү жарыялап, жер көчкү коркунучунан алыс жашагандарды да үйүн таштап кетүүгө буйруду. Жер көчкүнүн кесепетинен бир катар имарат талкаланып, жолдор бузулуп, транспорт кыймылына кыйынчылыктар жаралды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Ири жер көчкү Сицилиядагы 2 миң адам жашаган Сан-Фрателло калктуу пунктун да толук жок кылуу коркунучун жаратууда. Бул жерде калктын 1,5 миңи көчүрүлүп, калгандары Сан-Фрателлонун чет жактарына жайгашышты. Талибдер калкты"калкан" кылууда НАТО күчтөрү менен Ооганстан аскерлеринин согуштук операциясына каршы туруу үчүн талибдер көп учурда карапайым калкты "тирүү калкан" катары пайдаланып жатат. Марджа шаарындагы ооган аскерлеринин башчысы генерал Мохиудин Горинин айтуусунда, талибдер жарандарды туткунга алып, аларды октон калкалануу үчүн пайдаланышууда. "Мындай көрүнүш айрыкча Марджадан түштүктү карай аймакта көп болуп, ал жерде талибдер ок чыгарып жаткан имараттын чатырынан же экинчи, үчүнчү кабаттарынан аялдар менен балдарды көрүүгө болот", - дейт Гори. Мындай кырдаалда аскерлер куралдуу адамдар менен катардагы жарандарды айырмалоо үчүн ок атууну токтотууга же кол салууну басаңдатууга аргасыз болушууда. Грузия жаңы согуш болоорун четке какпайт Грузия бийлиги грузин аскерлеринин катышуусу менен өлкөнүн батыш жана түндүк чек араларына чектеш аймакта куралдуу кагылышуунун кайрадан жандана тургандыгын четке какпайт. Бул туурасында Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Лондондогу Эл аралык мамилелер королдук институтта сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ошондой эле грузин президенти өзүн Уинстон Черчиллге салыштырып: "Мени кызуу кандуу жана согушчан деп эсептешет, бирок Черчиллге мүнөздөмө беришкенде да аны кызуу кандуу жана согушчан деп аташкандыгы белгилүү", - деген оюн айткан. Мындан тышкары М.Саакашвили жакынкы убакытта грузин аскерлери ооган жериндеги Гильменд провинциясында пайда боло тургандыгын жарыялаган. Виктор Ющенко вокзалда жашайбы? Киевде Виктор Ющенко президенттик кызматтагы акыркы басма сөз жыйынында өзүнүн беш жылдык башкаруусунун жыйынтыктарын чыгарды. "Жакында президенттикке келе турган адам мага карата кандай айтат, билбейм. Вокзалда жаша десе, вокзалга барам. Мыйзам боюнча ушундай чечим бар десе - мен аны кабыл алам", - деди Виктор Ющенко. Президенттин кирешелери боюнча декларацияга ылайык, Ющенко Конча-Заспа шаар сыртындагы Безрадичи айылында үч кабаттуу үйгө, ошондой эле Киевдин борбордук бөлүгүндө батирге ээ. Ошондуктан, В.Ющенко президенттиктен кетип, белгилүү жашай турган жери жок калат деп айтууга болбойт. Серепчилердин пикиринде, анын "вокзалга барганга да даярмын" деген билдирүүсү саясатта кала тургандыгынан кабар берет.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||