Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн
" Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабынын болор-болбошу аудиттин жыйынтыктарына жараша болот. Негизи, жылуулукка жана ысык сууга болгон тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы да мүмкүн", - деп билдирди КРнын Президенти Курманбек Бакиев кечээ Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан №82 мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү мекемесинин ачылыш аземинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө 1990-жылдары жүздөгөн балдар бакчалары жабылып, имараттарын ар кандай уюмдар ээлеп алышкандыгын эске салды. "Учурда баш калаабызда гана эмес, алыскы аймактарыбызда да бала бакчаларыбыз жетишсиз. Анткен менен, биз бул маселеге көз жуумп койбостон, колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, аны чечүүгө аракеттерди көрүп келебиз. Дал ушул №82 бала бакчанын кайрадан ишке киргизилип жатышы - буга айкын мисал", - деди К.Бакиев.
"Жаңырган борбор шаар" программасынын алкагында 2012-жылга чейин Бишкекте дагы жети муниципалдык балдар бакчасы курулмакчы. Өткөн жылы билим берүү системасын реформалоо башталып, аны ишке ашыруу максатында улуттук долбоор ишке киргизилген. Анын алкагында мектепке чейинки билим берүү системасы үчүн жаңы окутуу программаларын түзүү боюнча бир катар иштерди аткаруу милдети турат.
"Ар бир баланын шык-жөндөмүн ачууда, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда, алардын инсан катары калыптанышында сиздердин эмгегиңиздер зор. Сиздер биздин келечегибизди түптөп жатасыздар. Бул - жоопкерчилиги чоң жана ардактуу милдет. Бул бала бакчага бөбөктөр дайыма жадырап-жайнап, кубануу менен келип турушун каалайм", - деди мамлекет башчы.
Президент К.Бакиев бала бакчанын имараты менен толук таанышып, кыдырып көрүп, кичинекей бөбөктөрдүн күчү менен даярдалган чакан концертке күбө болуп, андан соң Курманбек Бакиев бала бакчанын жамааты жана тарбиялануучулары менен сүрөткө түштү.
Иш-чаранын аягында Президент жалпы
коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан электрэнергиясына болгон тарифтердин кымбатташы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда, өлкө же мурунку тарифтерди калтырып, коллапска кабылууну, же элге жагымсыз чараларды көрүүгө барууну тандоосу керек болгондугун айтты.
Мамлекет башчысы зор гидроэнергетикалык потенциалы болуп туруп Кыргызстан мурунку бийликтин жоопкерчиликсиздигинен улам электрэнергиясынын таңсыктыгына кабылгандыгына көңүл бурду. 90-жылдардын башынан тартып жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилген эмес, антсе да бардык объекттер электрэнергиясын колдонууга өткөн.
Бул болсо жабдуулардын 70%нын эскиришине алып келген. Көмүр пайдаланылбай калган, анткени электрэнергиясынын баасы абдан арзан болгон. Салыштыра келсек, Россияда былтыр бир киловатт электр энергиясы
2 сомдон ашык, Азербайжанда 3 сомдон ашык, ал эми Кыргызстанда 70 тыйын болуп келген.
Президент электр энергия түйүндөрүнө байланышкан абалга да токтолду. "Жайында республиканын түндүгү электрэнергиясын "Токтогульская ГЭС Фрунзенская" электрлиниясы аркылуу алат. Кышында бул жетишсиз, ошон үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн системасы аркылуу энергия алууга туура келет. Өзбекстандын бирдиктүү түйүндөн чыгып кетүүсү энергия алууда проблемаларды жаратты. Биз тыштан жардам суроого мажбур болдук. Анын ичинде Кытай менен "Датка-Кемин" электрөткөрүүчү линиясын куруу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондо өзүбүздүн линиялар аркылуу түндүгүбүздөн түштүгүбүзгө электрэнергиясын бере алабыз", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы: "Тарифтерди көтөрбөй, оппозициядан сын укпай койсо деле болмок. Бирок, бул балдарыбыздын, неберелерибиздин, жалпы өлкөбүздүн келечеги үчүн кылган кыянатчылык болуп калмак. Бир нече жылдан кийин техногенник кыйроого учурарыбыз айкын болчу. Менимче, тарифтерди көтөрүү жоопкерчиликтүү, туура чечим болгон", - деп баса белгиледи.
Президент тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан социалдык колдоо чараларына токтолду. Алар миллионго жакын адамды камтый тургандыгы белгиленди. Бул максатка республикалык бюджеттен кошумча түрдө 3,4 млрд. сом бөлүнмөкчү. Андан тышкары, республикалык бюджетте 1,2 миллиард сомдон ашык каражат пенсияларды төлөп берүү үчүн каралган. Социалдык жөлөкпулдардын, пенсиялардын көлөмү сезилерлик көбөйтүлөт.
Ал эми жылуулукка болгон тарифтерге байланышкан маселеге кайрылып, мамлекет башчысы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигине Өкмөт менен бирдикте аталган тарифтерди аудиттен өткөрүүгө тапшырма берилгендигин маалымдады. "Аудитти көз карандысыз эл аралык компания өткөрүүдө. Эгер энергетиктерибиз жылуулукка болгон тарифтерди туура эмес эсептешкен болсо, күнөөлүүлөргө катуу чаралар көрүлөт. Андан тышкары, дал ушул аудиттин ишинин жыйынтыгына жараша тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болоор-болбосу чечилет. Жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбошу да мүмкүн деп ойлойм", - деп баса белгиледи К.Бакиев.
№82 бала бакчасын ачуу аземинен соң Президент Курманбек Бакиевдин кортежи шаардын 5- жана 6-микрорайондорунун ортосунда жайгашкан ээн жерге келип токтоду. Мэрдин айтымында, 650 метрге созулган бул аймак бош калган, шаарга эч кандай пайда алып келбейт. Ошондуктан, мэрия "Набережная ЮБЧК" долбоорун ишке ашырып, анын алкагында бул жерге шаардыктардын эс алуучу жайын курууну пландаштырып жаткандыгы белгиленди. Мамлекет башчысы мэрге бул долбоорду 31-августка - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата аяктоону тапшырды.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"
Султан ДОСАЛИЕВ (фото)






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
2-бет
Бузулбас Кыргызстан үчүн
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн

4-бет
Жүндүн сапаты, койдун асылдуулугу талкууланды
5-бет
Алай ханышасына музей курулат
6-бет
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман

7-бет
Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү
8-бет
Агайым акылманым эле...
10-бет
Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
11-бет
Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү
115-бет
Ата Журт алдамчылардан арылабы?
же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери

17-бет
Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
18-бет

20-бет
Москва кайрыктары
21-бет
Жарыя!
23-бет
Казы Дикамбаев
Кыргызстан калкы оор жоготууга учурады.


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования