![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Москва кайрыктары Анара Стамбекова Анара 1995-жылдан бери Россияда иштейт. Москвада 2008-жылдан бери биротоло жашайт. "Аруужан" фондусунун активдүү иш алып барган кыздарынын бири. "Москва кайрыктары" ийриминин мүчөсү. Ырлар жыйнагы жарык көрүүнүн алдында басмада турат. Москва кечтери Күн төгүлгөн жолдор да жок, Аптап да жок талаада. Жамгырлуу кеч кыял козгойт, Улуу, сулуу калаада. Ушул кечтер эсте калаар, Кыйма-чийме автоунаа. Түнкү шамдар жаркыраган, Күңүрт асман алдында. Жаркыраган күн көрүнбөйт, Нурлары өөп жылыткан. Гүлдөр турат көрккө бөлөп, Күндүн нурун унуткан. Сенден көптү үйрөнөйүн, Билбегеним али көп. Сенде өткөн күндөрүмө, Мээримиңди салып өт. Өгөйлөбөй кабыл алгын, Өзүңдөн мен суранам. Мекениме кайра кайтам, Аткарылса убадам. Сендей эле улуу, сулуу, Мекеним бар алыста. Күн төгүлгөн койну аруу, Аптап уктайт алыста. Өктөм Мамаева Өктөм эже Оштун кызы. 1998-жылдан бери Санкт-Петербургда иштейт. Журналисттер союзунун мүчөсү. "Дил кумар", "Жан дүйнө жаңырыгы", "Эл сүйгөндөр" аттуу үч китебин кыргыз элине тартуулаган. Учурда Санкт-Петербургда "Кыргыз-Тоосу" уюмунун башкы директору болуп эмгектенет. Санкт-Петербург менен Москванын ортосунда тынбай каттап диаспоранын ишин гүлдөткөн акын эжебиз Өктөм Мамаева үчүн өткөн жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Акын эжебиз кыргыз элине "Эл сүйгөндөр" аттуу көлөмдүү китебин тартуулоо менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынды. Ата Журт Алыстагы кыргыз жерим карааным, Кусалыктан сагынарым, самаарым. Асыл максат, бийик ойду сермээрде, Ажоо болдуң ак дилиме кармаарым. Алыстагы кыргыз жерим каралдым, Ала-Тоодо аймончоктой жаралдым. Тагдыр жазган бешенеге рух дүйнө, Таалай издеп сенден ыраак таралдым. Алыстагы дил кумарым ардагым, Атырылып вулкан боло албадым. Алпурушкан турмуштагы күрөштө, Алаксып же алдыңа бир барбадым. Ажар тилеп, насилиңден калбайын, Айла жоктой колду шилтеп танбайын. Алтынзарга ширелсе да астанам, Ата Журтум, кыргыз жерим ардагым! Мигрант кыздын сыры Атым Айнагүл. Жеримди так атабай эле коёюн. Оштун алыскы районунун бириненмин. Москвага иштөө үчүн эки жыл мурда келгем. Алгач менчик кафеде идиш-аяк жууп иштеп жүрдүм. Айлыгым жакшы болгону менен ишим абдан оор болчу. Керээлден кечке тикемден тик туруп идиш жуумай. Түштөнүү үчүн гана 40 мүнөт убакыт беришет. Кожоюндарыбыз армян улутундагылар болчу. Таңкы саат 07.00дөн кечки 21.00гө чейин иш. Жумасына бир күн дем алууга берилет. Ишимдин оордугуна чыдабай бир күнү иштен чыгып кеттим. Эсептесем туура бир жыл иштептирмин. Мүмкүн жеңилирээк иш табамбы деп ойлогом. Көп өтпөй базарга сатуучу болуп ишке орноштум. Кожоюнум азербейжан улутундагы киши, жашы 60тарда. Жалаң нандын 10дон ашык түрүн, ошондой эле пирожкилердин түрүн, каттамалардын түрүн сатам. Ишим жеңил. Олтурганга мүмкүнчүлүк бар. Айлыктан тышкары кээ бирөөлөр кайтарып берген тыйынды албай коюшчу, мен аларды топтоп бир топ акча кылып алдым. Алыстагы ата-энеме акча жиберип сүйүнтүп жүрдүм. Бара-бара кожоюнумдун мага мамилеси өзгөрө баштады. Мен 20дамын. Балдарынан да кичүүмүн. "Гражданство алып берем" деп паспортумду алып ошол боюнча бербеди. Сурасам ана берем, мына берем деп алдайт. Үйүмө айлыгымды өзү жөнөтчү болду. Айлыгым 15 миң рубль.10 миңин үйгө жөнөтөм. 3 миңи жатаканама, 2 миңине келерки айга чейин жашайм. Эми болсо 15 миңи тең эле үйгө кетет. Кожоюнум 5 миң, 6 миңди жөн эле сага сыйлык деп берип коёт. Мындай сыйлыкты ай сайын үч жолу алгандан кийин белек - бечкек бере баштады. Өмүрүмдө тагынбаган алтын сөйкөнү белек кылды. Албетте, туулган күнүмө. Кыскасы мени өзүнө акырындык менен багындырды... Эки жолу боюмдан алдырышка туура келди. Паспортумду ошол боюнча берген жок, бербейт дагы. Апамды сагындым десем бул жакка чакыр, жолуна акча салалы дейт. Кээде-кээде аялы келет базарга. Мени өзү менен алып кетип, үйүн жыйнатып, кирин жуудуруп, анан колума акча карматып жөнөтүп жиберет. Мына ушундай менин турмушум. Мен, бирок, чөккөн жокмун. Курбу кыздарыма караганда менин жагдайым бир топ жеңил. Бар максатым акча топтош, менин окугум келет. Ата-энемдин окутканга шарты жок. Акчамды көбөйтүп алсам, качып болсо да кетем.Түз эле Бишкекке барып окууга тапшырып, сөзсүз врач болом. Мен бул кесипти бала кезимден бери эңсеп келем. Жакында бир кыргыз эже менен тааныштым. Абалымды түшүндүрүп айтсам, паспорту жоголду деген справка алса болот деди. Эми күндөп-түндөп качууну ойлонуп калдым. Жазга чейин акчамды коротпой топтоп, жай айларынын башында кетүүнү чечтим. Мага го жакшы адамдар жолугуп калды, качканыңа жардам беребиз дейт, ал эми жертөлөдө түнөп, туңгуюктан жол таба албай жүргөн жердештеримди көрүп жүрөгүм ооруйт... (Аты атайын сураныч менен жазылган жок)
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||