Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунда

Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
16-февралда Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча директору Масару Хонма менен жолугушуусу болду.

ЕРӨБдин миссиясы бул күндөрү биздин өлкөдө Кыргыз Республикасы менен кызматташтыктын үч жылдык стратегиясын иштеп чыгуу максатында жүрөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Максим
Бакиев Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасындагы активдүү инвестициялык ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал республикабыздын ЕРӨБ менен кызматташтыгынын келечеги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын алдыдагы үч жылдык инвестициялык стратегиясына байланыштуу болоорун белгиледи.
Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси ЕРӨБдин инвестициялары жергиликтүү капиталы бар компанияларды кредиттөөгө багытталарына үмүттөнөрүн билдирди. Максим Бакиев биргелешкен дол-
боорлорду ишке ашырууда жана КРнын Өнүктүрүү фондусунун кредиттик артыкчылыктуу долбоорлорун ЕРӨБ тарабынан тең каржылоодо фонд менен өнөктөштүк мамилелерди орнотууга өзгөчө көңүл буруу керектигин, ошондой эле Өнүктүрүү фондусунун кепилдиктерин мамлекеттин суверендүү кепилдиги катары кабыл алууну белгиледи.
ЕРӨБнын Кыргызстандагы өкүлдөрү Өнүктүрүү фонду агросекторду каржылоо боюнча кредиттик төлөмдөрү орточо рыноктук көрсөткүчтөрдөн төмөн микрокредиттик компания түзгөндүгүнө байланыштуу тынчсызданууларын билдирди. Алардын пикиринде, бул өз кезегинде башка микрокаржылоочу уюмдардын абалынын начарлашына алып келүүсү мүмкүн. Бул боюнча Максим Бакиев биринчи кезекте потенциалдуу кредит алуучуларды кыйла жеңил ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын айтты. Ал эми ЕРӨБнын өнөктөштөрү болуп эсептелген башка да микрокредиттөөчү уюмдар Өнүктүрүү фондусунун МККсы менен бир катарда Кыргызстандын айыл чарбасын колдоодо өз ролун аткара берет.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси пикир алышууда жарыя кылынган артыкчылыктуу багыттар Европа банкынын жаңы өлкөлүк стратегиясында өз ордун таап, мамлекеттик органдар, жарандык сектор жана эл аралык шериктештик менен кеңири талкуулоолордон жана консультациялардан соң стратегия кабыл алынарына ишенерин билдирди.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




Агросекторду каржылоо башталды
16-февралда "АУБ-Агро" микрокредиттөөчү компаниясынын (МКК) жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге айыл, чарба товар өндүрүүчүлөрүн финансылоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берди.

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жана "АзияУниверсалБанк" ААКы тарабынан негизделген микрокредиттик компаниясын айыл чарбасын өнүктүрүү программасы боюнча Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик түзгөн.
Микрокредиттик компаниянын башкы директору Вячеслав Рожков Максим Бакиевге 15-февралда Ош облусундагы Араван районунун тургунуна бал аарычылык боюнча биринчи кредит берилгендиги жөнүндө маалымат берди. "Бал өндүрүү боюнча чоң тажрыйбасы бар бул фермердин документ жагынан эч проблемасы жок экен. Биз анын чарбалык ишмердүүлүгүн текшерип чыгып, кредит берүү боюнча бардык процедуралардан соң 60 миң сом бөлдүк. Арызды кароого 2 күн кетти", - деди Вячеслав Рожков.
МККнын түштүк аймактагы кредиттөө боюнча директору Асан Тайлаковдун айтымында, бул жумада микрокредиттөөчү компаниянын кызматкерлери Ош облусунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана фермерлер менен жолугушууларды өткөрөт. Бир эле учурда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арыздары каралат. Азыр "АУБ-Агро" МККсынын Ош Кеңсесинде 10 арыз жатат.
"Биз ар бир айыл өкмөтү боюнча график түзгөнбүз, анда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү боюнча эгип-себүү иштери кайсыл айыл өкмөтүндө качан башталары көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийликтер бизге жардам көрсөтүп жатышат. Келерки жумада Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнө баруу пландаштырылган", - деп белгиледи Асан Тайлаков.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүнү, ошондой эле алган кредиттерин өз маалында төлөгөндөр үчүн бонустар системасын карап чыгууну тапшырды.
Маалымат үчүн: Айылдыктар үчүн кредиттик программанын негизги артыкчылыгы: арыздардын бат каралганы(5-14 күн), кредиттөөнүн ыңгайлуу мөөнөтү (4 айдан 24 айга чейин), негизги карызды төлөөгө чийинки убакыт (9 айга чейин), ошондой эле мөөнөтүнөн мурда төлөгөнү үчүн жана ай сайын кошумча комиссиялардын жоктугу болуп эсептелет. Кредит "АзияУниверсалБанк" ААКнын аймактардагы кеңселеринде берилет.




Кант кызылчасынын тоннасынын баасын 2500 сомго жеткирүү керек
Кечээ Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев "Кайыңды кант" жана "Кошой" кант заводдорунун жетекчилери менен жолугушту. Ал 15-январда Президент Курманбек Бакиев Чүй облусуна жасаган иш сапары учурунда кант кызылчасын өстүргөн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоонун зарылдыгы, продукциянын бул түрүнө сатып алуу баасын жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү жөнүндө айткандыгын эскерди.
"Кошой" ААКсынын башкы директору Дүйшөнкул Матеев кант заводдорунун түзүмү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, ишкананын азыркы чыгымдарына, карызга алган каражаттардын жогорку наркына кызылчаны сатып алуу баасы өскөнү кошул-ташыл болгондо даяр продукциянын наркы өсүп кетүүсү мүмкүн.
"Кант кызылчасынын бир тоннасынын сатып алуу баасын 2500 сомго чейин көтөрүүнү суранам. Бирок кызылчаны сатып алуу баасынын жогорулашы калкка - кантты керектөөчүлөргө таасир этпөөгө тийиш. Биз сиздерге Өнүктүрүү фонду аркылуу кыйла жеңил кредиттик каражаттарды алуу жагынан жардам бере алабыз, бул болсо заводдун операциялык чыгымдарын калкка зыяны тийбегендей кылып төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, кызылча өстүрүүчүлөр былтыркы жылга караганда акчаны көбүрөөк алышат",- деди Максим Бакиев жолугушуу учурунда.
Борбордук өнүктүрүү агенттигинин (БӨА) жетекчиси ишканалардын директорлоруна Өнүктүрүү фондусунун алдында кепил боло алуучу коммерциялык банкты тандоону сунуш кылды.
"Өнүктүрүү фонду ишканаларга түздөн-түз кредит бербейт, анткени, ал мамлекет ишенип тапшырган акча каражатын натыйжалуу башкарууга милдеттүү. Ошондуктан, күрөөнү камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү сиздер тандап алган өнөктөш банктын милдети болот. Бирок Фонд өнүктүрүү кредитин рыноктук баадан кыйла төмөн төлөм менен жана узак мөөнөткө берет", - деп белгиледи Максим Бакиев.
Ал ишкананы модернизациялоого, ошондой эле фермерлерге кант кызылчасынын акчасын кыска убакытта төлөөгө мүмкүндүк берүүчү суммада жеңилдетилген кредиттерди алууну сунуш кылды.
"Фермерлерге өз түшүмүнүн акчасын алуу үчүн бир айдан ашуун күтүүгө туура келет. Балким алардын көбү кант кызылчасын айдоо үчүн кредит алышкан чыгар. Ошондуктан, алар таман акы, маңдай тер акчаларын өз убагында алышкандары өтө маанилүү. Андан сырткары, ишканалар аймактык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн заводду жаңы жабдуулар менен камсыз кылып, өндүрүштү кыйла натыйжалуу кылуу керек. Ошондой эле ички рынокту өз продукциябыз менен камсыздап, акырындык менен импортту алмаштырууга өтүү маанилүү. Кант тармагын өнүктүрүү ошондой эле калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул чөйрө социалдык мааниге ээ, анткени, Чүй, Талас облустарынын калкынын көбү кант кызылчасын өстүрүү тармагында иштешет", - деп кошумчалады БӨАнын жетекчиси.
Жолугушуунун жыйынтыгында Максим Бакиев кант заводдору түшүм жыйноо учурунда кызылчаны кабыл алуу пункттарында Өнүктүрүү фондусу атайын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо үчүн түзгөн микрокредиттик компаниянын кеңселерин
ачууну сунуш кылды.
А.ЭСЕНОВ




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
2-бет
Бузулбас Кыргызстан үчүн
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн

4-бет
Жүндүн сапаты, койдун асылдуулугу талкууланды
5-бет
Алай ханышасына музей курулат
6-бет
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман

7-бет
Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү
8-бет
Агайым акылманым эле...
10-бет
Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
11-бет
Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү
115-бет
Ата Журт алдамчылардан арылабы?
же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери

17-бет
Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
18-бет

20-бет
Москва кайрыктары
21-бет
Жарыя!
23-бет
Казы Дикамбаев
Кыргызстан калкы оор жоготууга учурады.


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования