![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Теманы улантып... Ата Журт алдамчылардан арылабы? же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери Чырдын башы кредит... Биз, журналисттер, дегеле жалпы коомчулук, кээде биздин мамлекеттин атынан аракеттенишкен мамлекеттик органдарда отурушкан чиновниктерибиздин ыкшоолугуна, өз милдеттерине шалаакы мамилелерине таң калып бүтпөй келебиз. Ошол эле учурда "кеңсалар келемиштерибиз" өз кызыкчылыктарына келишкенде "оперативдүүлүк" көрсөткөн жагынан алдыларына ат салышпай турганы да маалым. Болбосо, эгер тиешелүү чиновниктерибиз өз кызматтык милдеттерине талаптагыдай мамиле жасашса, бул макалада сөз уланып жаткан кылмышты болтурбай коюшмак. Бирок, кеп башынан болсун. Кыскача экскурс мындай. 1994-жылдын 15-апрелинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууга ылайык, Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү биздин Өкмөткө жеке ишкерлердин инвестициялык долбоорлорун финансылоо үчүн 12 миллион немец маркасы суммасындагы кредит берет. Ошол эле жылдын 11-августунда аталган кредитти тейлөө боюнча Финансы министрлиги менен "Кыргызстан" АКБсынын ортосунда ишеничтүү финансылык тейлөө боюнча келишим түзүлөт. Дал ушул мезгилде, тактап айтканда 30-августта, кокусунанбы же атайын болдубу, уставдык капиталы 4 200 000 сом болгон "Веста-Токмок" жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) түзүлөт. Анын уюштуруучулары катары анын 70 пайыз акциясынын ээси - "Веста ЛТД." фирмасы" акционердик коому (кийин "Веста" фирмасы" жабык акционердик коому - М.Т.) жана 30 пайыз акциясынын ээси - Кыргыз Республикасынын немецтеринин социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүү фонду болушат. 1995-жылдын 15-мартында "Веста-Токмок" ЖЧКсына аталган банктан 5 жылдык мөөнөт менен (ушуга көңүл буруп коюңуздар - М.Т.) 9% жылдык үстөк пайыз менен 1 900 000 немец маркасы суммадагы кредит берилген. "Веста-Токмок" ЖЧКсы менен "Веста ЛТД." фирмасы" акционердик коому кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу үчүн аталган акционердик коомго таандык Бишкектеги Пушкин көчөсү 121 "а" жана Токмок шаары Овчаров көчөсү 39 "а" даректери боюнча жайгашкан имараттарды күрөөгө коюшкан. Андан тышкары 1998-жылдын 22-июнундагы Күрөө жөнүндө келишимге ылайык, алынган жабдуулар да күрөөгө коюлган. Бирок "чү" деген жерден эле ал келишимдердин шарттарын бузуу менен "Веста-Токмок" ЖЧКсынын директору жана бул "окуялардын" "баш каарманы" В.Финк мырза Финансы министрлигинин жана "Кыргызстан" АКБсынын макулдугусуз "Веста" фирмасы" жабык акционердик коомунун башкы директору И.Радченко менен жазуу түрүндөгү макулдашуу түзүү менен бул ЖАКыга күрөөгө коюлган жабдууну мыйзамсыз ижарага берип салган. Кийин "Веста" фирмасы" жабык акционердик коому жылаан чакпай, жылкы теппей туруп эле жогоруда сөз болгон Бишкектеги Пушкин көчөсү 121 "а" жана Токмок шаары Овчаров көчөсү 39 "а" даректери боюнча жайгашкан имараттарды күрөөгө коюу келишимдерин жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен Бишкек шаардык арбитраждык сотко кайрылат. Аны кароо менен Бишкек шаарынын арбитраждык соту 2001-жылдын 19-декабрында арызды толук канааттандыруу чечимин кабыл алат. Мында В.Финк мырза менен И. Радченко айымдын өз ара келишип алуусу канчалык экенин айтуу кыйын, бирок мындай нерсе бар экени айдан-ачык көрүнүп турат. Бирок сот эмне үчүн алардын мындай ниетин мыйзамдаштырып берди жана Финансы министрлиги менен "Кыргызстан" АКБсынын жетекчилери эмнеге "ооздорун ачып" турушту? А мунун кандай зарылчылыгы бар? Билбеген адамдарда ушул суроо жаралышы мыйзамченемдүү. Ал эми жогорудагы ишкерлер муну менен кредиттин төлөнүшүн кепилдеп турган имараттарды күрөөдөн чыгарып алышып жатышпайбы! Ошентип Өкмөттүн кепилдиги менен алынган кредит 2001-жылдын аягында күрөө менен камсыздалбай калган! Ал эми жогоруда айтылгандай, кредит 2000-жылы 15-мартта эле кайтарылууга тийиш болгон. Мунун баары "импорттук" ишкер В.Финк (ал ГФРдин жараны) тарабынан кредитти төлөөдөн качуу үчүн атайылап жасалгандай ойго жетелейт. Окуянын андан-аркы өнүгүшү да ушуну көрсөтүп турат. "Улуу комбинатор-дун" да оюна келбеген комбинациялар В.Финк мырзанын И.Радченко менен биргеликте жасаган андан аркы ишмердүүлүгүнө И.Ильф менен Е.Петровдун атактуу каарманы, "улуу комбинатор" аталган Остап Бендер да суктанса керек. "Веста" фирмасы" жабык акционердик коомунун башкы директору И.Радченко "Веста-Токмок" ЖЧКсынын карыздарды жабуу үчүн активдери жок экенин билип туруп, 2000-жылдын 16-октябрында жалпы суммасы 14 189 200 сом суммадагы карызын жабуу талабын "Жолчу" акционердик коомуна өткөрүп берет. "Жолчу" өз кезегинде "Веста-Токмок" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп таануу жөнүндө арыз менен Чүй облусунун арбитраждык сотуна кайрылат. Соттун 2002-жылдын 27-июнундагы чечими менен аталган ЖЧК банкрот деп табылат жана банкроттуулук процедурасы башталат. Мына ушул жерден эле "Кош болгула, германиялык кредиттер", деп койсо да болот. 2004-жылдын 29-ноябрында Б.Кубибаев "Веста-Токмок" ЖЧКсынын атайын администратору болуп дайындалат. Финансы министрлиги аны менен жалпы суммасы 1 391 270 евро болуп кеткен карызды кредитордун мүлкүн ачык сатыкка коюу менен аны жабуу келишимин түзөт. Атайын администратор Б.Кубибаевдин айтуусу боюнча, ал жети жолу аукцион уюштуруп, атүгүл күрөөнү кармоочу ("Кыргызстан" АКБсы) менен макулдашуу аркылуу кредитке берилген мүлктүн старттык баасын 80 пайызга чейин төмөндөтүп да көрөт. Бирок сатып алуучулар жок болгондуктан (?) аукцион болбой калат. Мына ошондуктан ал "Кыргызстан" АКБсына жабдуулардын реалдуу рыноктук баасын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен кайрылган. Банк макулдугун бергенден кийин мүлктү 5 105 000 сомго баалатуу менен Б. Кубибаев 2007-жылдын 10-апрелинде Экономикалык иштер боюнча Чүй райондор аралык сотуна карызгердин активдерин түз сатууга макулдук берүү арызы менен кайрылат. Аталган сот 16-апрелдеги чечими менен (судья М.Досматов) мүлктү сатып алуучу Бойко Татьяна Анатольевнага сатуу (?!) аныктамасын чыгарган! Аны менен катар 2000-жылдын 1-августунда "Веста" фирмасы" жабык акционердик коому менен баягы эле В.Финк ээлик кылган жана башкы директору болгон "S&W Viktor Fink" фирмасынын ортосунда "Веста" фирмасы" ЖАКы чыгарган трикотаж буюмдарын эл аралык рынокто сатып өткөрүү боюнча маркетингдик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлөт. Анан таң калычтуусу - мындай "кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында" бир жылга жетпеген аралыкта - 2001-жылдын 1-июнуна карата "Веста" фирмасы" ЖАКы "S&W Viktor Fink" фирмасына 7 236 307 сом карыз болуп чыга келет. Бул карызды жабуу талабы өз кезегинде "Интервеста Текстайл" ЖЧКсына берилет. Бул ЖЧКнын уюштуруучуларынын бири жана директору баягы эле В.Финк мырза! Дароо айта кетсек, "кайда барсаң - Мамайдын көрү" дегендей бул окуяга катышы бар фирмаларды карай келсең эле В.Финк мырзанын кулагы кылтыйып чыга калып жатканын окурмандар да түшүнүп калды окшойт! Ушул жерден акыл-эси ордунда адам же мында келишимде каралган кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөнүн, ошондуктан фирма чыгарган продукция сатылбай калганын, же талаптагыдай кызмат көрсөтүлсө, анда мынча карыз келип чыкпай турганын түшүнмөк. Бирок, окурмандар өзү күбө болуп турушкандай, В.Финк баш каарман болгон бул эпопеяда мындай парадокстар оголе көп... Андан ары Остап Бендердин схемасы улантылат. 2002-жылдын 6-февралындагы келишимге жана 2002-жылдын 11-апрелиндеги макулдашууга ылайык, "Веста" фирмасы" ЖАКы "Интервеста Текстайл" ЖЧКсына карызды жабуунун эсебинен өзүнө менчик укугунда таандык болгон Бишкектеги Пушкин көчөсү 121 "а" жана Токмок шаары Овчаров көчөсү 39 "а" даректери боюнча жайгашкан имараттарды берет. Ошентип айланып узак жол жүргөн саякатчы адашып эле үйүнө келип калгандай, жогорудагы күрөөгө коюлган имараттар укук коргоо жана сот органдарынын, ошондой эле кредитти берген жана анын кайтарылышына көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болгон органдардын көзүн будамайлап отуруп күрөөдөн бошотулгандан кийин кайрадан эле В.Финк мырзанын колуна тийип отурбайбы!? Мында ким зыян тартты? Албетте, мамлекеттин атынан кредиттин кайтарылышына жоопкер болгон Өкмөт! 2002-жылдын 30-июнунан карата кайтарылбаган кредит боюнча карыздын суммасы 1 391 270 евро же 63 683 715 сомду (!) түзгөн. Мына ушул жерден төмөнкү суроо өзүнөн-өзү келип чыгат: эгерде "Веста ЛТД." фирмасы" акционердик коому кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу үчүн күрөөгө койгон жана аталган акционердик коомго таандык Бишкектеги Пушкин көчөсү 121 "а" жана Токмок шаары Овчаров көчөсү 39 "а" даректери боюнча жайгашкан имараттар Бишкек шаарынын арбитраждык сотунун 2001-жылдын 19-декабрындагы чечими менен күрөөдөн мыйзамсыз чыгарылбаганда эмне болмок эле? Албетте, анда кредиттин кантип кайтарылуусу проблемасы келип чыкмак эмес! Анткени жогорудагы имараттарды сатыкка коюу менен кредиттин басымдуу бөлүгүнүн кайтарылуусун камсыз кылууга болмок. Демек, мамлекеттин карызга батышына атайылап жасабаса да (ошентип ишенип туралы) кыйыр түрдө соттордун да тиешеси бар болуп чыгып жатпайбы! Кыргыздын ишкер айымына карата Финктин "комбинациясы" "Мамлекетти карызга батырган Финк мырза же Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобогон соттордун кылыктары" аттуу макаламда айтылгандай, ансыз да ага пайдасыз келишим түзүп алуу менен пайдаланганы аз келгенсип, кийин В. Финк өзүнүн компаньону "Заман жана К" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Ж.Исакованы "жазалоону" чечкен. Ал үчүн башында эле ушундай мүдөөнү көздөп, Ж.Исакованын ишенчээктигинен пайдаланып, анын ишканасында иш жүзүндө иштешпеген, анын ижарачыларынын кол алдында иштешкен адамдарды анын ишканасына "өткөрүп берүү" боюнча келишим түзгөн. Натыйжада кийин В.Финктин ишенимдүү "күжүрмөн жардамчылары" Ж.Исакованын ишканасында иштешпеген, үйлөрүндө иштешкен 126 адамдын атынан "иштен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бошотулушкандыгына байланыштуу" компенсация иретинде жалпы суммасы 4 823 766 сом төлөтүп берүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылышкан. Кызыгы, биринчи инстанциядагы сот иштин чоо-жайын жакшылап иликтебестен туруп, 2009-жылдын 20-мартында алардын доо арызын канааттандыруу чечимин чыгарган. Башкача айтканда В.Финк мырзанын "комбинациясын" мыйзамдаштырган. Дагы жакшы, Биринчи май райондук сотунун бул жаңылыш чечимин Бишкек шаардык сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн 2009-жылдын 23-ноябрындагы чечими менен жокко чыгарды. Ал эми "башкы каарманыбызга" келсек, учурда В.Финкке карата КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-статьясынын (алдамчылык) 2-б. 2-п., 4-б. 2,3-бб., 217-статьясы (билип туруп банкроттуулук кылуу), 30-статьясынын 4-б. жана 326-статьясынын 1-б. (далилдерди жасалмалоо), 213-статьясынын 2-б. (салыктарды төлөөдөн качуу) жана 318-статьясынын 2-б. (алдын-ала тергөөнү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу) боюнча айыптоо тагылып, иш тергелип бүтүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна берилди. В.Финктин башкы компаньону, "Веста" фирмасы" ЖАКынын башкы директору И.Радченкого карата да 166-статьясынын (алдамчылык) 2-б. 2-п., 4-б. 2,3-бб., 217-статьясы (билип туруп банкроттуулук кылуу), 30-статьясынын 4-б. жана 326-статьясынын 1-б. (далилдерди жасалмалоо), 213-статьясынын 2-б. (салыктарды төлөөдөн качуу) боюнча айыптоолор коюлуп, башкы бухгалтери Е.Тухинага карата КРнын КЖКсынын 213-статьясынын 2-б. жана 30-статьясынын 6-б. жана 213-статьясынын 2-б (салыктарды төлөөдөн качуу), дагы бир компаньону Т.Плаксинага карата 213-статьясынын 2-б. жана 30-статьясынын 6-б., 213-статьясынын жана 1-б (салыктарды төлөөдөн качуу), 350-статьясынын 3-б. (жасалма документтерди пайдалануу) боюнча айыптоолор коюлган. Азыркы учурда Башкы прокуратурада В.Финкке байланыштуу дагы бир кылмыш иш козголуп, беш айдан бери тергелип, аягына чыкпай келет. Эгерде, бул иш эртерээк аягына чыкса Финктин "улуу комбинациялары" кайрадан калкып чыгат. Анын жыйынтыгын окурмандарга кошумча кабарлайбыз. Эми бул жолу сот мыйзамдуу, демек, адилет чечим чыгара алабы? Бул суроого да жооп айтуу азырынча кыйын. Анын үстүнө В.Финк мырзанын жактоочулары айтып жатышкандай, ага тагылып жаткан айыптоолор боюнча доонун мөөнөтүнүн эскириши 7 жыл. Балким В.Финк мырза да ушуга ишенип прокуратура кызматкерлерин тоотпой жаткандыр? А балким ал өз кылмыштарынын изи суушу үчүн убакытты создуктуруу амалында атайылап жогорудагыдай комбинацияларды жасагандыр?.. Ал го ошентиптир, а мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого, мыйзамдуулуктун сакталышына жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары каякты карап жүрүштү экен? Бул суроого жоопту ким берет?.. Качанга дейре чет өлкөлүк шектүү ишкерлерге Ата Журтубуз алданып жүрө берет?! Соттор адилеттүүлүктү орното алабы? Же... Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||