Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү

23-февраль "Советтик армиянын күнү" деп белгиленчү Союз кезинде. Алыста аскердик кызмат өтөп жүргөн жигиттерге сүйлөшкөн кыздары, апалары, карындаштары куттуктап кат менен кошо кооз открыткаларды жиберишчү. Муну эстеп жатканыбыз бул дата бүгүнкү күнгө чейин өз күчүн жоготкон жок. Жыл сайын "Мекенди коргоочулар күнү" менен бирге жалпы мырзаларды да куттуктап келатабыз. Биз дагы 23-февраль майрамын утурлап, ата-энесинен, туулган айылынан алыста аскердик милдетин өтөп жаткан эр азаматтардан кабар алууну чечтик.
Бишкек шаарындагы 97/632 аскер бөлүгүнө барып Афган согушунун ардагерлери менен жоокерлердин жолугушуу кечесине туш келдик. Ага улай жоокерлер тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү. Ар улуттун ырларынан ырдаган, аскер айымдардын созолонгон чыгармаларына күбө болдук. Жоокерлер менен маектешүүбүз жакшы күнгө дал келип, алардын жашоо-турмушуна, ички дүйнөсүнө кызыгып көрдүк.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
Аскердик жашоо эр жигиттин өмүрүндөгү урунттуу учурларды эске сактап калары чын. Жоокерлерге түзүлгөн бардык жакшы шарттарды көрүп чыгып, бир чети кубанып, анан сыймыктанып турдук. Ар кайсыл региондон келген балдардын башын бириктирип, аскердик милдетти татыктуу өтөөгө өз салымын кошкон инсандар бар. Аскер бөлүктүн командири, полковник Өмүралиев Жаныбек Абдиевичке азы-ноолак суроо менен кайрылдык.

- Жаныбек Абдиевич, майрамга карата кандай маданий иш-чаралар болмокчу?
- Бизде деле башка аскер бөлүктөрүндөй жакшы пландарыбыз бар. Мурда аскерде кызмат өтөп кеткен ардагерлерибизди чакырып, чогуу жыйын өткөрүп, концерт уюштуруп, андан кийин жоокерлерге майрамдык түшкү тамактануу болот.
- Бүгүнкү күндө жоокерлердеги патриоттук сезимдер канчалык деңгээлде деп ойлойсуз?
- Чынын айтсам кызмат өтөөгө келген жоокерлердин 90 пайызы өз каалоолору менен келген балдар. Өзүңүздөр билесиздер мыйзам кабыл алынган, 12 миң сом төлөп коюп, кызмат өтөөгө келбей койсо деле болот. Ошого карабай балдар Ата Мекен алдында аскердик милдетин өтөп жатышат. Мындай балдарга рахмат айтабыз. Аскердик милдетин аман-эсен өтөп, ата-энесинин, элинин алдында маңдайы жарык болуп жүрүшсүн.

Аскер бөлүктүн командиринин орун басары Калыгул
Жумагулов:
"Биздин аскердик бөлүктө 200дөй жоокер бар. Арасында ырга, бийге шыктуу, таланттуу балдар көп. Бүгүнкү концерттик программага өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Жоокерлердин ашканасы, жаткан жайы баары таза, керектүү шарттар орун алган".
Аскер жашоосу менен тааныш-
кан соң "Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи" деген бабалардан калган накыл кеп дал ушул кыргыз жоокерлерине тийиштүүбү деп ойлоп кеттим. Себеби, жүрөгүндө жалыны бар, аскердик демдеги балдар Кыргызстанды коргоого ар дайым даяр экенине ынанып турдум. Дагы бир жолу майрамыңар менен. Бар болгула кыргыз жоокерлери!





"Тазалыкка үйрөндүм"
Абдыкапар Асаев,
гвардиянын кенже сержанты
- Абдыкапар, каяктан келдиң?
- Ош облусунун Ноокат районунан.
- Канчадан бери аскердесиң?
- 10 ай толду.
- Аскер кызматы жактыбы?
- Эң жаккан жагы тактыкка, тазалыкка, жоопкерчиликке үйрөндүм.
- Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп турасыңбы?
- Ооба, жумасына бир жолу уюлдук телефон менен байланышып турам.
Таттыбек Кошоков,
гвардиянын катардагы жоокери:
- Мен Ош шаарынан келгем. Буюрса, бир айдан кийин аскердик милдетимди өтөп бүтөм.
- Аскерден кеткенден кийин кандай пландарың бар?
- Кайра Бишкекке келип иштейм.
- Гезит аркылуу салам жолдосоң болот...
- Биринчи кезекте атам Замир, апам Жумагүлгө ысык салам айтам. Бир туугандарыма, мени тааныгандарга да салам жолдойм. Жакында барып калам демекчимин.
"Уйкум ачылды..."
Темиржан уулу Камчыбек,
катардагы жоокер
- Камчыбек, жаңы эле аскерге келген экенсиң, тамагы жактыбы?
- Жакшы эле...
- Кандай сапаттарга жетиштим деп ойлойсуң?
- Аябай уйкучу элем. Уйкум ачылды. Эртең мененки саат 6да туруп көнүгүүлөрдү жасайбыз, машыгуулардан өтөбүз.
Илгиз Сейитказиев,
катардагы жоокер
- Илгиз, майрамдык маанай кандай?
- Жакшы.
- Жаңы достордон таптыңбы?
- Албетте, бул жерде түбөлүк достошуп калчу балдар менен жолугат экенсиң.
- 8-март майрамында кандай белек бергенди жактырасың?
- Айымдарга гүлдөн өтөр мыкты белек жок. Анткени аялзаты гүлгө тең эмеспи.
- Сага эркин сөз берейин...
- Айылда калган дос кыздарга, Таластагы бардык туугандарыма, үйдөгүлөргө чоң салам айтам. Кыргызстаныбыз тынч болсун.
Элнур Акимжанов,
катардагы кенже сержант
- Элнур, аскердик жашоо сага эмне берди?
- Тартипти, сергек болууну, спортту сүйүүнү үйрөндүм.
- 23-февраль майрамына карата каалоо-тилегиң...
- Мага окшоп кызмат өтөп жүргөн балдар аман-эсен үйлөрүнө кайтышсын. Элибиз, жерибиз тынч болсун.
Элмурат Израилов,
катардагы кенже сержант
- Элмурат аскердик кыйынчылыктар болдубу?
- Башында келгенде бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок эр жигит бардык тоскоолдукту жеңе билиш керек деп ойлойм.
- Өзүңдү патриот деп эсептейсиң-
би?
- Аскердик милдетимди өтөөгө өз каа-лоом менен келгем. Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылууга даярмын.
Сахиба КАДЫРОВА
"Кыргыз Туусу"





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
2-бет
Бузулбас Кыргызстан үчүн
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн

4-бет
Жүндүн сапаты, койдун асылдуулугу талкууланды
5-бет
Алай ханышасына музей курулат
6-бет
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман

7-бет
Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү
8-бет
Агайым акылманым эле...
10-бет
Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
11-бет
Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү
115-бет
Ата Журт алдамчылардан арылабы?
же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери

17-бет
Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
18-бет

20-бет
Москва кайрыктары
21-бет
Жарыя!
23-бет
Казы Дикамбаев
Кыргызстан калкы оор жоготууга учурады.


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования