19.02.10
  Кара кыргыз автономиялуу облусуна 85 жыл

Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
Азыркы көз карандысыз мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптануусунда 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү өзгөчө орунду ээлейт. Автономиялуу облустун түзүлүүсү менен азыркы Кыргыз мамлекетинин административдик-аймактык түзүлүшү, чегарасы аныкталган. Автономдуу облустун Өзбекстандын же Казакстандын курамында эмес, РСФСРдин курамында түзүлгөндүгү анын келечегине аябагандай чоң таасирин тийгизген. Автономдуу облустун түзүлүш тарыхы, көз карандысыз мамлекеттиктин калыптанышындагы орду жөнүндө ондогон монографиялар, жүздөгөн илимий эмгектер жана макалалар жазылган. 16-февралда УИАнын чакан залына Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияга келгендер алардын бир бөлүгүнүн көргөзмөсү менен таанышышты.
Конференцияда Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсүнүн тарыхы жана анын маселелери, анын азыркы мамлекеттүүлүгүбүздөгү орду, автономдуу облусту уюштуруп, калыптандырууга өзгөчө салым кошкон инсандар, Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы мамлекеттик органдары, республикабыздын басма сөзүнүн, маданиятынын жана адабиятынын, өнөр
жайынын, илиминин өнүгүшү ж.б. маселелер боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы, тарых илимдеринин доктору З.Курманов, УИАнын вице-президенти, академик В.М.Плоских, КРСУнун профессору, академик А.Ч.Какеев, УИАнын тарых жана маданий мурас институтунун директору, профессор Ж.Жунушалиев, КРСУнун профессору, академик А.Эркебаев, профессор А.Жуманалиев ж.б. баяндамаларды жасашты.
Жогорку Кеңештин төрагасы З.Курманов өз баяндамасында автономиялуу облустун улуттук мамлекеттикти калыптандырып, өнүктүрүүдөгү ордуна жана ролуна негизги басым жасаса, академик В.Плоских Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу инсандардын тарыхый ролдоруна кеңири токтолду. "Улутчулдугу, Социал-Туран партиясын түзгөндүгү үчүн эл душманы катарында айыпталып, атылган Абдыкерим Сыдыковдун 20-30-жылдардагы псевдоними "Манас" болгон, - дейт академик. Аны азыр айрым тарыхчылар Кыргыз мамлекеттигин негиздөөчү, Кыргыз Ататүркү деп аташууда. Кыргыз мамлекетинин ХХ кылымдагы жетекчилеринин бюсттарынын галереясынын анын айкели менен башталышы мыйзам ченемдүү көрүнүш". А.Сыдыков 1922-жылы Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп турганда Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө маселе көтөрүп, анын негизинде 1922-жылы 26-мартта Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму "Тоолук кыргыздар жашаган райондордон өзгөчө облус түзүү жөнүндө" токтом кабыл алып, ага Пишпек, Каракол, Нарын уезддерин киргизип, облустун борбору катарында Кочкор кыштагын белгилөө көрсөтүлгөн. Фергана тарапта куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткандыктан ал жактагы кыргыздар жашаган аймактарды облуска кошуу маселеси кийинкиге калтырылган. Бирок, токтом кабыл алынгандан кийин А.Сыдыков баштаган активисттер облустун аймагына Олуя-Ата, Наманган, Ош, Анжиян уезддерин кошуу талабын коюшкан. 1922-жылдын 4-июнунда Пишпекте Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу облусту түзүүгө даярдыктарды көрүү боюнча кыргыздардын съезди өткөрүлгөн. Съездди кириш сөз сүйлөп Абдыкерим Сыдыков ачкан. Эгерде Ташкент менен Верныйдагы төбөлдөр бут тосушпаганда Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнү 1922-жылдын 4-июну болуп калмак. Ага ошол айдын аягында СССР Элдик Комиссариатынын жетекчилери да кийлигишкенден кийин автономиялуу облусту түзүү кийинкиге калтырылган. А.Сыдыков кыргыздардын автономдуу облусун түзүү жөнүндө тынбай демилге көтөрө бергендиктен, ал 1924-жылы сентябрда партиянын катарынан чыгарылып, кызматынан четтетилген. Ал отуз адамдын (Арабаев, Орозбеков, Айдарбеков, Чукин ж.б.) партиялык диктатка каршы Москвага жазган катынын да уюштуруучусу болгон. 1929-жылы А.Сыдыков, И.Арабаев, А.Шабданов, С.Курманов ж.б. Социал-Туран партиясын түзүүгө аракеттенишкенде камакка алынышкан.
Профессор А.Жуманалиев баяндамасында Кара кыргыз автономиялуу облусунун бийлик органдарынын калыптанышында 1924-жылы 21-октябрда РСФСРдин ВЦИКнин Президиумунун автономдуу облустун революциялык комитетин түзүү жөнүндөгү чечиминин мааниси чоң болгондугуна конференциянын катышуучуларынын көңүлдөрүн бурду. Ал төрт айдай убакыттын ичинде эле 51 отурум өткөрүп, ККАОнун түзүлүп калыптанышына байланышкан 665 маселе караган. 1925-жылы февраль-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, 27-30-мартта жалпы кыргыздардын кеңештеринин биринчи уюштуруу курултайы өткөрүлүп, ревком жоюлуп, анын ордуна облустук аткаруу комитети жана анын бөлүмдөрү түзүлгөн.
Баяндамачы автономдуу облустун өнүгүүсүндө балдар комиссиясы, Кытайдан кайрылып келгендерге жардам көрсөтүү комиссиясы, азчылык улуттардын иштери боюнча өкүл, аялдардын тиричиликтерин жакшыртуу боюнча комиссия ж.б. органдардын ролдору чоң болгондугун белгиледи. Ал эми 1926-жылы 1-февралда ВЦИКтин президиуму автономиялуу облусту автономиялуу республикага айландыруу жөнүндө чечим кабыл алгандан тартып, Улуттук мамлекеттиктин калыптанып, өнүгүүсүнүн экинчи этабы башталат.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"