Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
(Башталышы өткөн сандарда)
Ошентип, үч жылдан ашык убакыт бою, 1958-жылдын аягынан баштап, 1961-жылдын кеч күзүндө 45 миң метр тасма толгон "Манасты" жазып (Семетей, Сейтекти кошуп) бүттүк. Сакем көп өтпөй: "Бүркүтүм шаңшып, тынчымды алды", - деп, Ысык-Көлгө шашылыш жүрүп кетти.
Саякбай ата мүмкүнчүлүгү эле боло калса Ысык-Көлгө көбүрөөк каттап, өмүрүнүн акыркы күндөрүн өзүнүн киндик каны тамган касиеттүү көлдө өткөргөн экен. Залкар манасчы 1971-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында каза болгон.
Көрүнүктүү музыка изилдөөчү Виктор Виноградов тарабынан Саякбай Каралаевден эпостун "Чоң Казат" циклинен фрагмент жазылып алынган. Ушул эле фрагментти 1940-жылы кайрадан кайталап жазып алган.
Ал эми "Каныкейдин Тайторуну чапканын" пластинкага жазып алып, нотага түшүргөн. Эпостун Манасчы тарабынан музыкалык аткарылышы жөнүндө жазган макаласында мындай деген: "С. Каралаевдин "Манас" эпосун аткаруудагы музыкалык байлыгы, артисттик чеберчилиги - өзүнчө чалкып жаткан көркөм дүйнөнү элестетет".
Улуу инсандардын ал жөнүндө айткандары
Саякбай Каралаев эпосту бир нече
айлап айтса да аягына чыга алган эмес. Натыйжада анын табийгат берген зор талантына, шык-жөндөмүнө, кайталангыс касиетине калыстык менен баа беришип замандаштары, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон окумуштуулар, улуу инсандар Саякбай Каралаевди "ХХ кылымдын Гомери" деп сыймыктануу менен аташкан.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Эгер менден өз элиндин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, мен биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем", - деп, элибиздин бир залкар уулуна экинчи бир залкар уулу татыктуу баасын берип, таамай сөзүн айткан экен. Көрсө, "асылды асыл гана баалайт", - деген сөз тегин эмес тура.
Саякбай ата өз мезгилинде кыргыздын чыгаан, улуу адамдары, жазуучулары, акындары, артисттери, сүрөтчүлөрү жана искусствонун башка тармактарында иштеген адамдары менен жакшы санаалашта болуп, алар менен алака түзүп, көп учурда бирге дасторкондо чогуу олтурушуп, даам үстүндө аларга улуусуна улуудай, кичүүсүнө кичүүдөй мамиле кылган экен. Айрымдары менен өтө жакын мамиледе болуп, азилдеше тамашалашып, сыр чечише сүйлөшүп, кумардан чыгышчу экен. Кичүүлөрү тартынбай теңтуштай мамиле жасашып, "Сашка" деп эркелетишип, атынан айтпай сыйлашкандары болуптур. Аларга билгендеринен көптү үйрөтүп, алардан пайдалуу көп нерсени угуптур.
Жазуучу Николай Удалов Саякбай менен көп жылы жакшы мамиледе болгон. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Саякбайдын берген концертин көрүп, анын ошондогу турпаты, аткаруучулук жөндөмү түбөлүккө эсинде сакталып калган. Манасчынын чакыруусу менен Ысык-Көлгө барып, бир нече курдай тайган агытып, бүркүт салышып, мергенчиликтин чоң кумарына канышкан. Кийин манасчы досу жөнүндө адабий портрет жазып, "Ала-Тоо" журналына жарыялаган.
"Менин көп жылдык байкоомдо Саякбай түнт, кара мүртөз, кержейген адамдарды жаман көрчү. Андайларга алдыртадан мамиле жасачу. Ушакчы, керооз, дардаңпозго жолугуп, кокусунан кол алышып, учурашып калса, ары бурулуп баса бергенде тигиге билгизбей колун шымына аарчып, чырт түкүрүп койчу.
Түнт адамдын койнунда котур ташы бар, - дечү. Анын жүрөгүн кара ыш басып, боору ачуусунан шишип кеткен. Мен андай адамдарды билем. Мен айтпайын, сен аттарын укпа. Шайыр, ачык жүргөн адам жакшы. Ал адамдар булакта жаткан таштай таза да, тунук да.
Саякбай жакшы адам менен достошконду, башкаларга жардам бергенди, жаш балдарды артык көрчү. Бирөөнүн ийгилигине көз артпай, тескерисинче, кубанчу, жолуккан жерден куттуктап, колун кысуучу", - деп, Николай Удалов манасчынын адамгерчилигине, инсандык касиетине калыстык баасын берген.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, акын, бүгүнкү күндөгү белгилүү манасчы Мамбеталиев Уркаш аба Саякбай атабыз жөнүндө мындай дейт:
"Согуштан кийинки жылдарда манасчы Саякбай ата филармониянын артисттери менен биздин айылга барып калган эле. Залкар манасчынын сүрүнөн коркуп да, сүрдөп да жатып, акыры чымырканып, жаштыгым менен курчтугума таянып, Сагынбайдын мотивине салып, "Манасты" сыпатташын айтып берип, ал кишинин сыноосунан өткөн элем.
"Баракелде, балам, буюрса сенден бирдеме чыкчудай. Кырк эрдин сүрү бар, бизге окшогон, "көкжалдардын" алдында калтаарып, өзүндү жоготпой, тайманбай "Манасынды" айтуунун өзү эле, Коңурбайдай канкорду Алгаранын үстүнөн ыргыта сайгандай эле чоң эрдик эмеспи", - деп үй толтура олтургандарды дуу күлдүрдү. Бир топ накыл кептерин айтты. Анан чарадагы эттен чай чыныга чеңгелдей салып, ооз тийген соң: "Мендей манасчы болуп жүр, уулум", - деп өз колу менен шыбагасын сунду.
Кийин шаарга келип, окуп, иштеп жүргөндө ал кишиге жолугуп жүрдүм. Менин баамыма караганда ичи кенен, адамдарга жакшылык гана каалаган, ыктуу жерде жардамын аябаган, айкөл адам эле.
Бир күнү түш көрүп калдым. Азыркы Панфилов паркынын түндүк тарабында жайкы театр бар эле (азыр да керегеси турат). Ошонун залынан концерт көрүп, көпчүлүк эл менен чыгып келе жаткан экенбиз. Алдырак жакта чоң жазуучулар, жетекчи кызматкерлер, кыскасы залкар адамдар баратышкан, ортосунда Саякбай ата. Мен алардын артында ээрчип келаткан экенмин. Бир кезде Саякбай ата токтой калып, мага айтып калды: "Уркаш, калпагым менен таягымды отурган жерге унутуп калыптырмын, алып келе кал!".

(Уландысы бар)
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун
төрагасы, Коомдук Манас академиясынын академиги




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
2-бет
Бузулбас Кыргызстан үчүн
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн

4-бет
Жүндүн сапаты, койдун асылдуулугу талкууланды
5-бет
Алай ханышасына музей курулат
6-бет
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман

7-бет
Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү
8-бет
Агайым акылманым эле...
10-бет
Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
11-бет
Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү
115-бет
Ата Журт алдамчылардан арылабы?
же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери

17-бет
Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
18-бет

20-бет
Москва кайрыктары
21-бет
Жарыя!
23-бет
Казы Дикамбаев
Кыргызстан калкы оор жоготууга учурады.


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования