кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
2-бет
Бузулбас Кыргызстан үчүн
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбой калышы мүмкүн

4-бет
Жүндүн сапаты, койдун асылдуулугу талкууланды
5-бет
Алай ханышасына музей курулат
6-бет
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
Оппозиция бийликти,бийлик оппозицияны укпаган заман

7-бет
Ынтымак Курултайы - карапайым калктын үмүтү
8-бет
Агайым акылманым эле...
10-бет
Улуттун жүрөгүнө "Манасты" түнөткөн Саякбай ата
11-бет
Мамлекетибиздин калыптанышы - улуттун бактысы
12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү
115-бет
Ата Журт алдамчылардан арылабы?
же Финк мырзанын жосунсуз аракеттери

17-бет
Өнөктөштүк мамилеге өбөлгө бар
18-бет

20-бет
Москва кайрыктары
21-бет
Жарыя!
23-бет
Казы Дикамбаев
Кыргызстан калкы оор жоготууга учурады.


Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •

Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h



Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
Мен быйыл бир кем 100гө келдим. Улуу Ата Мекендик согушта оор жарадар болуп айылыма кайтып келгемин. 1947-жылы документтеримди жоготуп жиберип, 2008-жылдын 9-июлунда гана менин Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы экендигим далилденген.
2008-жылдын июлуна чейин мен болгону 943 сом гана пенсия алсам, согуштун ардагери катары дароо 450 кошулган. Бүгүнкү күндө пенсиямдын көлөмү 2358 сом. Кийинки айларда дагы көтөрүлөт деп жатышат. Ошентип, ошол күндөн тартып, райондук социалдык коргоо бөлүмү мага мамлекет тарабынан белгиленген жеңилдиктердин баарын пайдаланууга жардам берип жатат. Башканы айтпаганда да 2009-жылы курорт үчүн чегерилген 10400 сомду жана ат араба алуу үчүн бөлүнгөн 40 500 сомду алганга жардам беришти. Өткөн жылы почтада иштеген балдар "Президентибиздин Жарлыгына ылайык сиз республикалык газетанын бирине акысыз жазылууга укуктуусуз" деп эскерткенде "Мени "Кыргыз Туусуна" жазгыла!" деп айткамын. Айыл аймагынын жана райондун жетекчилери биз тарапка келген сайын атайын мага келишип, кабар алып турушат. Колдон келген сыйын көрсөтүшөт.
Почтадагылар менен социалдык коргоо бөлүмүндөгүлөр "Президент Курманбек Бакиев электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына айына 7000 сом төлөө боюнча Жарлыгын жарыялады. Мындан тышкары быйыл да республикалык гезиттердин бирине жазыла аласыз" дешип, мени кубандырып кетишкен болчу. Алардын айткандарындай эле январдын аягынан тартып мага "Кыргыз Туусу" гезитин жана 7000 сомду алып келип беришти. "Мындан сырткары апрелден тартып, ар бир согуш ардагери өмүрүнүн аягына чейин ай сайын 3000 сомдук Президенттик степендия
алууга укуктуу, быйыл Жеңиштин 65 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 15 000 миң сомдон акча бөлүнөт" деп айтышты. Аманчылык болсо ал күндөр деле алыс эмес. Ишиңер жүрүшүп, кызыр жылоолосун!
Исак Раимбабаев,
Улуу Ата Мекендик
согуштун майыбы,
Араван районундагы
Керме-Тоо айыл
аймагына караштуу
Кичи-Алай айылынын тургуну




Кардын каары, кыштын заары
Кыш айы өз өкүмүн сүрүп, кар көчкүсү
Кыргызстандын тоолуу аймактарынын
жашоочуларынын шаштысын кетирүүдө.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында кар көчкү жүрүп, 67 адам кар
туткунунда калган.
Вертолёттун жардамы менен орто жолдо калгандар үч жолу ташылып, Кара-Кулжага жеткирилген. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда көчкүдөн өтө албай калгандардын негизги бөлүгүн студенттер түзгөн. Кышкы каникулдан окуусуна баратышып кар көчкүгө кабылышкан.
Ал эми учурда Нура айылында ӨКМдин кызматкерлери күн-түн дебей куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолу кар көчкүдөн жабылып, чоң жүк ташыган 200 машина өтө албай жардамсыз калган. Тамак-ашсыз бир жума бою ачка калып, суукка колу-бутун алдырган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү Ош шаардык ооруканага жеткиришүүдө. Азыркы тапта бир тарапка жол ачылып, 50дөй машина чыгып кеткен. Калган унааларды чыгаруу иштери кызуу уланууда.
Сахиба КАДЫРОВА



gb •


Меймансаптагы соңку кабарлар:

Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
ggle_v


oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Балбай АЛАГУШОВдун
казынасынан:

Жазуучу Чыңгыз АЙТМАТОВ
жана композитор
Муратбек БЕГАЛИЕВ

жазуучу Айтматов менен композитор Муратбек Бегалиев
“Чыңгыз Айтматов жана доор” аттуу түрмөктүн жаңы саны композитор Муратбек Бегалиевдин залкар жазуучу Айтматов менен чыгармачылык байланышына арналды.



“ДОЛОН” ЫРЫ
КАНТИП ЖАРАЛГАН?

Чынгыз Айтматов
1961-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу лирикалык повести “Дружба народов” журналына жарыяланат. Белгилүү обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев “Долон” аттуу ырды жазат..



ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА:
«ӨЗҮБҮЗДҮН АСПАПТАР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ»

Dilshat Kangeldieva
Республикалык «Кубулжу менин ырларым», «ХХI кылымдын жылдыздары» аттуу телесынактардын лауреаты, комузчу, ырчы Дилшат Кангелдиева менен баардашуу.



НУРАК АБДРАХМАНОВДУН ТАЛАНТТУУ ШАКИРТТЕРИ
Нурак Абдыракманов шакирттери менен
Балбай Алагушов Нурак Абдрахмановдун классында болуп шакирттеринин өнөрү менен таанышкан...



УЛУУ ТӨКМӨ,
АЙТЫЛУУ ОБОНЧУ

Барпы Алыкулов
Акын Барпы Алыкулов залкар обончу, көрүнүктүү дастанчы болгон...



КЫРГЫЗДЫН
ТУНГУЧ РЕЖИССЕРУ

Кыргыздын тунгуч режиссеру Аманкул Куттубаев
Кыргыздын тунгуч режиссеру
А. Куттубаев кыргыздын профессионалдык опера өнөрүнүн тарыхында ысымы алтын тамга менен жазылган залкар режиссер катары калары шексиз...



КАРАМОЛДО ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНДӨ
Кыргыздын залкар комузчусу Карамолдо Орозов
Кыргыздын кайталангыс шыктагы алп комузчусу Карамолдо Орозовду «элдик музыканын тирүү классиги» дешкен...



ТАҢШЫЙ БЕР, САЛИМА!

Азыркы учурда эстрада ырчыларынын арасында жаш ырчы Салима Балтаеванын ысымы да сыймактануу менен айтылып келет...



«ТЕҢИРЧИЛИК -
АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ»

Tehirchilik
Теңирчилик боюнча ар кандай кызыктуу ойлор, сунуштар айтылды...



ӨЧПӨС ЭЛЕС,
ӨЧПӨС ЫРЛАР

ырчы Тєлєш Турдалиев
Белгилүү ырчы, аткаруучу, таанымал обончу, жамакчы
Төлөш Турдалиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына...



ЭЛДИК ЭСТРАДА ЫРЧЫ
кыргыз эстрада ырчысы Алтынбек Сапаралиев
Кыргыз улуттук эстрадасынын
негиз салуучуларынын бири,
таанымал ырчы-аткаруучу
Алтынбек Сапаралиев...



АЙТЫЛУУ АСАН КАЙГЫ
Айтылуу Асан кайгы
Кылымдан-кылымга уламага айланган залкар шайырдын бири –
Асан Кайгы болуптур...



АК ТАҢДАЙ АКЫН
АШЫРААЛЫ 80 ЖАШТА

Кыргыз эл акыны Ашыраалы Айталиев
Ак таңдай төкмө акын, обончу-ырчы, таанымал дастанчы, эл артисти Ашыраалы Айталиев
80 жашка чыкты...



ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, ҮНҮ ӨЧПӨЙТ
Болот Миhжылкиев
Эл артисти Болот Миңжылкыевдин жаркын элесине арналган
"Өзү өлсө да үнү өчпөйт" аттуу музыкалык эстутум...



ТАҢШЫ, ГҮЛНУР!
ырчы Гїлнур Сатылганова
Таанымал эстрада ырчысы
Гүлнур Сатылганованын
бейнесине сүртүмдөр...



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования