12.02.10
  Губернатордун 100 күндүгү

Алдыда аткарылчу иштер арбын
Мамасадык Бакировдун Ош облусунун губернаторлугуна дайындалганына 100 күн болгондугуна байланыштуу басма сөз жыйыны өткөрүлүп, губернатор 2009-жылдагы аткарылган иштерге токтолуп, алдыдагы максаттар тууралуу айтып берди.

Ал 2009-жылдын жыйынтыгы менен облуста 1 млрд. 134 млн. сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөндүгүнө, айыл чарбасынын дүң жыйымы 20 млн. 682 миң сомду түзгөнүнө токтолду жана 2010-жылдан баштап облуста тамеки, пахта сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдү эгүү көбөйтүлө турганын, тамекинин баасы жогорулап жаткандыгын, тамекиден түшкөн киреше буудайга караганда 2-3 эсеге көп экендигин белгиледи. Пахта эгүү баштагы жылдарга салыштырмалуу 2009-жылы 3 эсеге төмөндөп кеткен.
Губернатор ошондой эле малдын асылдуулугун арттыруу боюнча да иш жүргүзүлө тургандыгына, үч аймакка эт комбинаттарын куруу пландаштырылып жаткандыгына, ачылуу алдында турган жаңы ишканалар, ички жолдорду оңдоо боюнча жүргүзүлө турган иштер боюнча да маалымат берди. Ош - Сары-Таш - Эркечтам, Сары-Таш - Карамык, Ош - Баткен - Исфана, Ноокат - Папан, Кара-Кулжа - Гүлчө, Араван - Төө-Моюн автожолдорунун курулушу боюнча да кеңири баяндап, Кара-Суу шаарын айланып өтүүчү жол жөнүндө айтып өттү.
Жыйында көмүр кендерин казып алуу боюнча өзүнчө программа иштелип чыгылгандыгын, өткөн жылы 189 миң тонна көмүр казылып алынгандыгын, көмүр казууну көбөйтүү боюнча иш жүргүзүлө тургандыгын билдирди.
Мамлекеттик тил боюнча журналисттердин суроосуна: "Эне тилибизде окуйлу, жазалы, сүйлөйлү дегенибиз биз үчүн абдан уят, биз элибизди чет тилин үйрөнөлү деп үгүттөшүбүз керек эле. Ал эми мамлекеттик тилди ар бир атуулубуз айттырбай, дедирбей эле мыкты билиш керек", - деди.
Мамасадык Бакиров ошондой эле Кара-Шоро улуттук паркына көңүл буруу, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн мыкты окуган балдарынын окуй албай калып жаткандыгы, аялдардын төрөттөн мерт болушу көбөйүп жаткандыгы, райондук гезиттерге райондук мамлекеттик администрация тарабынан бюджеттен каражат каралса, журналисттердин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлбөгөндүгү жана башка маселелер боюнча суроолорго, өтүнүчтөргө жооп берип, көп маселелер
боюнча иштер алдыда экендигине токтолду. Кара-Суу районунун 90 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүп жаткандыгын айтып, Бишкектен архивден алынып келинген тарыхый документтер боюнча Кара-Суу районунун волосттук (айылдык) комитетин түзүү боюнча 1920-жылы атайын чечим кабыл алынгандыгына, Кара-Суу районунун мааракесине даярдык көрүү башталып жаткандыгын, мааракеге чейин райондун социалдык обьекттери оңдолуп, курулуп, райондун элинин социалдык абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлө тургандыгын, көрктөндүрүү, тазалык иштерине өзгөчө көңүл бурула тургандыгын да белгиледи.


Ош облустук телекомпаниясы "Сулайман тоо" деп аталышы мүмкүн. Бул тууралуу облустук мамлекеттик адми-нистрацияда өткөн басма сөз жыйынында Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров билдирди. "Телекомпания жеке эле Ош облусун эмес, жалпы Түштүк аймагын камтыйт. Азыркы мезгилде телекомпанияны түзүү иштери жүргүзүлүүдө. 2010-жылдын акырына чейин уюштуруу иштери буюрса бүтөт", - деди губернатор.




"Кыргыз Туусу" гезитинин окурмандары жаңы жылдын алдында "2009-жылдын мыктыларынын" ысымдарын атаган. Гезит бетинде республика боюнча ак эмгеги менен аброй алган, эл ичинде кадыр-баркы, салмагы бар мыктылардын мыктыларын окурмандарыбызга тааныштырганбыз.
Татыктууларга
"Кыргыз Туусунан" сый-урмат
Жакында "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан "Кыргыз Туусунун" окурмандарынын тандоосу боюнча "Жылдын мыктылары" аталган инсандарга дипломдорду тапшырып, алардын иштеринде ийгиликтерди, эл-жерибизге тынччылык, аманчылык каалады.
- "Кыргыз Туусу" - Кыргызстандын тунгуч гезити, биз ушундай 85 жылдык тарыхы бар нарктуу, барктуу, өз жүзү, өз багыты менен эл ичинде сый-урматка ээ болгон, кандай кырдаал болсо да калыстыктан тайбай, мамлекеттин саясатын жүргүзүүдө, элдин мүдөөсүн, элдин үнүн көтөрүп чыгууда туу болуп келе жаткан гезит тарабынан мыкты жетекчилерибиз, адистерибиз, кесиптештерибиз "Жылдын мыктысы" аталганына биз сыймыктанабыз. Урматтуу Кыяс Сатарович, сизге жана сиз жетектеген гезиттин жамаатына ийгиликтерди каалайбыз, гезитиңиздердин аброю артып, окурмандарыңыздар көбөйө берсин,-деди Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Наватова. Диплом алгандарды куттуктап, ийгиликтерди каалады.
"Кыргыз Туусу" гезитинин окурмандары тарабынан "Жылдын мыктысы" дипломуна татыктуу болгон Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова. Ош мамлекеттик университетинин ректору Мухтар Орозбеков, Ош шаарындагы "Бозбу-Ата" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору Бааркан Эргешова, Базар-Коргон районунун акими Жаңыбай Асранов, "Ош шаардык суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Дөөлөт Кокочоров жана башкалар чыгып сүйлөшүп, "Кыргыз Туусу" биз ар дайым сүйүп окуган, өз багытынан жазбаган, тунгуч гезит деген аброюн көздүн карегиндей аздектеп сактап келген, эл сыйлаган, элди сыйлаган, мамлекеттин, элдин келечегине кайдыгер карабаган, калыстыкты, намысты туу туткан, мамлекетибиздин, улуттун келечеги, экономикабыздын өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн акыйкаттыктан тайбаган гезит экендигин айтышып, Президентибиздин саясатын ишке ашырууда, реформалардын жүргүзүлүшүндө гезиттин ролу чоң экендигине токтолушуп, гезиттин эмгек жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашып, кыргыздын туусуна айланган "Кыргыз Туусунун" аброю бийик болуп, окурмандары көбөйө беришсин, Түштүк аймагына көбүрөөк көңүл буруп, Түштүк жергеси жөнүндө гезитиңиздерде көбүрөөк жазыңыздар, бизде экономикалык өсүштөр жакшы, айыл чарбасында жакшы саамалыктар бар, жаздан тартып кеч күзгө чейин мээнеткеч дыйкандарыбыз баш көтөрбөй иштешет, ошолор тууралуу окуйлу, жалындап, демилге көтөрүп турган жаштарыбыз бар, Ош шаарында көп жаңылыктар жүз берүүдө, татыктуулар көп, - деген
каалоо-тилектерин билдиришти. "Жылдын мыктысын" атоо менен сиздер бизге дагы дем берип, чыгармачылык менен иштөөбүзгө өбөлгө болдуңуздар, рахмат", - дешти диплом алгандар.
Ж.Акунова,
"Кыргыз Туусу"