12.02.10
 "Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна

Жыл сайын республикадагы бараандуу гезит-журналдар "Жылдын мыкты инсандарын" аныктап жаңы жыл алдында аларды сүрөттөрү, чоо-жайлары менен жарыялоону салтка айландырып алышты.
Улуттук "Кыргыз Туусу" гезити да жыл ичинде гезит беттеринде жарыяланган белгилүү инсандарды, өз ишинде өзгөчө ийгиликтерди жараткан абройлуу жетекчилерди, адистерди окурмандар калыс баасын берип тандагандан кийин жамы журтка жарыя кылат, редакцияга чакырып сый-урматыбызды көрсөтүп, белек, дипломдорубузду тапшырабыз. Башка мезгилдүү басма сөз каражаттарынан айырмаланып "Кыргыз Туусу" гезити менен тикелей байланышы бар, мурда жарыяланган инсандардын арасынан гана "Жылдын мыкты инсандарын" аныктайт.
Бүгүн мына ушундай номинациянын ээси Москва районундагы Александровка айыл аймагынын башчысы Исхар Сализанын конкурска жиберген материалын жа-рыялап, дагы бир ирет окурмандар таразасына коймокчубуз.

Александровка айылы кандайча түптөлгөн?
Ошол мезгилдеги эл аралык кырдаалга байланыштуу падышалык Россия 1871-жылы борбору Кулжа шаары Иле аймагын Манжур-Цинь династиясынын ыдыраганынан пайдаланып, басып алган. Он жылдан кийин кайра калыбына келип күчтөнгөн династия өз аймагын кайтарып берүүнү талап кылат. Буга чейин бул династиянын зомбулук кордугун көп көргөн дунгандардын айрым бөлүгү Россиянын карамагында калууну каалашкан. Аларга императордун буйругу менен ошол кезде Россиянын карамагына өткөн түндүк кыргыздарынын каалаган жерлерине көчүп барууга уруксат берилет. Мурдатан жер иштетүүгө, аны менен оокатын өткөрүүгө көнгөн дунгандар Чүй өрөөнүн тандап алышкан. Алардын кыр-гыз жергесине көчүп келүүсү 1881-83-жылдарга туура келет.
Азыркы Александровка айылына биринчи 381 адам көчүп келип, айылды түптөшкөн. Алыскы саясатты көздөгөн падышалык Россия аларга 8 тешеден жер, ирденип кеткенге акчалай да жардам берген.
Учурда Кыргызстан боюнча жетимиш миңге жакын дунган улутундагылар Чүй боорунун Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй райондорунда, Токмок шаарында жашашат.
Мал менен көр тирлигин өткөргөн жергиликтүү кыргыздар жер тырмалап дыйканчылыкка ык койгон дунгандарга тоскоолдук кылышкан эмес.
Макалада эскерткендей дунгандар негизинен жерге кылдат сарамжал мамиле кылышат, жашылча-жемишсиз оокат ичишпейт. Жер реформасы башталганча Александровка айылынын дунгандары кошумча иштетүү үчүн четки айылдардагы чарбалардын жергиликтүү тургундардын жерлерин ижарага алып пайдаланышкан.
Азыр да дунгандар дыйканчылыкты каражат табуунун негизги булагы катары эсептешет. Учурдагы шартка ылайык соода-сатык менен алектенгендердин катары көбөйүп баратканы да жашыруун эмес.

Аймакка тиешелүү маалыматтар
Улуу Октябрь революциясынан кийин Александровка айылында айылдык кеңеш 1918-жылы түзүлүп, биринчи төрагасына Шабаза Арбуду шайланган. Ал кезде бул айылда жашоочулардын саны 578 түтүнгө жеткен. Биринчи коллективдүү чарбалардын уюшулушу 1926-жылдарга туура келет.
Азыркы күндө Александровка айыл аймагына Александровка, Беш-Өрүк, Крупская айылдары карап, бардыгы 2728 түтүндө 15058 адам жашайт. аймакта 5 орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, менчик көз клиникасы, 2 ФАП, 1 дене тарбия ден соолукту чыңдоочу комплекс, 2 клуб, ж.б.
коомдук жайлар айыл тургундарына кызмат кылат.
Жалпы тургундар алты миң гектардан ашык жер үлүштөрүн иштетишет, төрт жүздөн ашык дыйкан, фермердик чарбалар катталган. Аймактагы "Дружба" айыл чарба кооперативинен бөлүнүп, өз алдынча жаңы 35 дыйкан чарба түзүлүп, 130 адам жумушчу орундар менен камсыз болушту.

Билим берүү, маданият
Өткөн жылы өзүбүз чогулткан каражатты орчундуу делген иш-чараларга жумшагандыктан көп маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы, 2009-жылы мектептердин оңдоолоруна 393 миң сом, 350 миң сом электр энергиясы үчүн, пайдаланган суу үчүн 168 миң сом, көмүр үчүн 1,4 млн. сом жумшадык.
Ал эми мектептерде иштешкен мугалимдердин коммуналдык кызматтарына 250 миң сом чыгымдалды. Албетте, айыл жергесинде жашаган бюджеттин көзүн караган мугалимдердин айлыктары чакталуу, ал эми мүмкүнчүлүк болуп турса айыл өкмөтү мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын кызматкерлерин көтөрмөлөп турууну биринчи милдеттердин бири деп эсептейт.
Аймактагы клубдар, китепканалардын оңдоолоруна, китеп фондун толуктоого, кызматкерлердин айлык акыларын төлөп берүүдө, маданий иш-чараларды уюштуруп өткөрүүгө дайыма акча бөлүнүп турат. Былтыр эле бий кружогуна костюмдарды алуу үчүн элүү миң сом бөлдүк.
Социалдык багытта жүргүзүлгөн аракеттер
Аймак боюнча бир
жарым миңдей пенсионер, беш жүздөн ашык жеңилдик алуучулар, эки жүздөй жөлөк пул алгандар катталып, алты жүз үй-бүлөгө социалдык пасорттор толтурулган. Жыл ичинде эле айыл өкмөтү өз чөнтөгүнөн жүз элүү миң сом, демөөрчүлөрдөн жарым миллион сомдон ашык каражатты муктаж адамдарга жардам иретинде тараткан.
Айыл аймагында айыл өкмөтү менен тыгыз иштешкен 11 өз ара жардамдашуу тобу, 6
коомдук бирикме, "Шинщю" өкмөттүк эмес уюму социалдык тармакта айыл тургундары үчүн опол тоодой кызмат өтөштү.
Биз жыл ичинде 60 үй-бүлөнү жакырчылыктан алып чыгууну көздөп атайын программа түзүп, даректүү иш-аракеттерди жүргүздүк. Натыйжасы биздин баамыбызда жемиштүү болду.
Орто жана кичи бизнести өнүктүрүү
Өткөн жылдын биринчи ян-
варына аймак боюнча 11 кафе, 19 дүкөн, 8 автомашиналарды тейлөөчү станция,
жыйырмадан ашык калк керектөөчү продукция чыгаруучу цехтер катталган жана жыл ичинде үзгүлтүксүз иштешип жүздөгөн адамдар туруктуу иш менен камсыз болушкан.
Быйылкы жылга өндүрүштү жандандырууга багытталган иш-чаралардын алкагында натыйжалуу аракеттер көрүлмөкчү. Мындай долбоорду жүзөгө ашырууга, өнүктүрүүгө, 9 жер участогу бөлүнгөн. Ишкерлерге тиешелүү документтерин топтоодо айыл өкмөтүнүн адистери көмөктөрүн аяшпайт.
Жакынкы милдеттерден
Салыктарды, бөлөк тө-
лөм каражаттарын чогултуу 114 пайызды түзүп, жалпы сумма 9,3 млн. сомго жеткени менен айрым дыйкан чарбалардын карыздары сегиз жүз миң сомдон ашат. Биздин адистер бул кемчиликти жоюу үчүн бөлөк административдик органдар менен тыгыз иш алып баруусу зарыл деп ойлойм.
Жыл ичинде кошумча жумуш орундар менен камсыз кылууга программа боюнча иш жүргүзүлөт.
Элүү орунга эсептелген балдар бакчасынын курулушу аткаруучулардын күнөөсүнөн убактылуу токтоп турат.
Эгер ал ишке берилсе, аймактагы ири долбоордун бири аткарылат эле. Беш-Өрүк айылындагы клубдун оңдоосу да быйыл өтөөсүнө чыгат. Айылдардагы борбордук көчөлөрдүн негизгилери оңдолгону менен башкаларын көңүл чордонунан чыгарып коюуга болбойт.
Окуу жылы аяктаса мектептердин оңдоолору башталат. Аймактагы маданият, спорт, саламаттыкты сактоо мекемелеринин такай иштешин камсыз кылуу биздин негизги милдеттерибиздин бири эмеспи. Айтор пландуу, ойлонулган иш-аракеттерге каражатты акыл калчап жумшаса өтөөсүнө чыгууга болот.