05.02.10 АУБдун Visa карталары менен бирге өз дүйнө кереметиңди ач!
Төлөм карталары кыргызстандыктардын арасында абдан белгилүү болуп калды. Миңдеген адамдар бүт дүйнө жүзү боюнча акчасыз эсептешүү төлөмдөрдүн ыңгайлуулугун, пайдасын жана коопсуздугун баалашты. "Пластик менен" колдонгондордун же жаңыдан эле жаңы деңгээлге өтөлү деп жаткандардын бардыгы үчүн жакшы жаңылык бар. 2010-жылдын январь айынан баштап, банкоматтардын жана POS-терминалдардын бүт Кырыгызстан боюнча эң кеңири тармагынын ээси болуп эсептелген АзияУниверсалБанкы, эл аралык Visa төлөм карталарын чыгарууну жана тейлөөнү баштады. Жана, адаттагыдай эле, АУБ өз кардарларына бир катар талашсыз артыкчылыктарды, жана жагымдуу сюрприздерди сунуштайт.
Эл аралык Visa төлөм системасынын ассоциацияланган мүчөсү болуп саналган АзияУниверсалБанкы, Visaнын дебеттик карталарынын төмөнкү үч түрүн чыгарууну жана тейлөөнү баштады: Visa Electron, Visa Classic жана Visa Gold. Жалпысынан банк тейлөөлөрүн алуу боюнча буларда өзгөчө деле айырма жок - Visa карталарынын бардык түрлөрү төлөө үчүн кабыл алынат жана дүйнө жүзү боюнча 170тен ашык өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да тейленет.
Visa карталары кармоочуларына карта менен жүргүзүлгөн бардык операцияларга байкоо салууга, өз чыгымдарын көзөмөлдөөгө, накталай акчаларды кантип алып жүрөм деп эч камсанабастан саякаттоого, ошондой эле товарларды жана тейлөөлөрдү төлөөдө арзандатууларды жана бонустарды алууга мүмкүндүк берет. Visa карталарынын татырлык жактарын бүт дүйнө жүзүндө баалашат - бүгүнкү күнү аны менен 1,5 миллиарддан көп адам колдонот.
Биздин республикада акчасыз эсептешүү маданияты жаңыдан эле өнүгүп келе жатат жана
балким, кимдир-бирөө пластик карталар жөнүндө жаман ойдо болуп жаткан чыгар. Кимдир-бирөө болсо, каалаган учурда кармап көрүп, санаса боло турган "кэшти", накталай акчаларды, жогору баалашар. Бирок бүт дүйнөдө коопсуздук жогору бааланат. Пластик карталарды колдонуп, канча деген жагымсыз учурлардан биротоло кутулса болорун элестетип көрүңүзчү: акчаларды жоготуп, уурдатып, бузуп алуудан алыс болосуз, бардык чыгымдар ачык-айкын жана банк көчүрмөлөрү
боюнча оңой текшерилет. Анын үстүнө, ойлонбой акча коротууга көнгөн аялзаты үчүн үнөмдөөгө жана чыгымдарды көзөмөлдөп турууга түрткү пайда болот.
АУБдун Visa картасын тандап алуу үчүн 5 себеп:
Ё Бүт Кыргызстан боюнча эң кеңири жайылган эквайринг тармагы жана өз акчаларына күнү-түнү кирүү мүмкүндүгү. Эң ыңгайлуу жерлерде жайгашкан 180ден ашык банкоматтар жана POS-терминалдар;
Ё Visa карталарын чыгаруу жана тейлөө үчүн жагымдуу тарифтер;
Ё POS-терминалдар аркылуу товарларды жана тейлөөлөрдү төлөөдө комиссиянын жоктугу;
Ё АУБдун Visa карталары, сиздин каражаттарыңызды уруксатсыз колдонуудан сактоого жана коопсуздукка кепилдик берүүчү чиптерге ээ;
Ё АУБдун карталарын кармагандардын баары автоматтык түрдө "Пайдалуу арзандатуулар клубунун" мүчөлөрү болуп калышат. АУБдун карталары ээлерине кээ бир тейлөө түйүндөрүндө бир кыйла арзандатууларды берет: дүкөндөрдө, сулуулук салондорунда, билим берүү жана медициналык борборлорунда, ресторандарда жана кофе ичүүчү жайларда, туристтик агентстволордо ж.б. Өнөктөш-компаниялардын тизмеси ар дайым кеңейип турат жана ал АУБдун расмий сайтынан орун алган www.aub.kg.
Жетекчилер үчүн. АУБдун Visa карталары жеке жактарга эле эмес, ошондой эле уюмдарга да кызыктуу болот. Кызматкерлерге Visa аркылуу эмгек акыларын берүү жолу, кызматкерлерге эмгек акыларды берүү менен байланыштуу болгон чыгымдарды азайтууга, бухгалтерлердин жана кассирлердин иш убактысын үнөмдөөгө, сиздерди эмгек акыны алган күнкү кезектерден куткарууга мүмкүндүк берет. Бул ошондой эле инкассация жана каражаттарды коргоо менен байланыштуу болгон тобокелдерди азайтууга да чыныгы шарт түзөт. Ал эми эмгек акыны эсептөөдөгү жашырындуулук коллективде жагымдуу чөйрөнү сактоого жардам берет.
Ошентип, Visa төлөм картасынын ээси ким? Бул суроого жооп берүүнү "АзияУниверсалБанкы" ААКтын төлөм системалары боюнча вице-президенти Эрмек Уманкуловдон сурандык: "Төлөм карталары мурунку кездеги байлыктын символунан качан эле жеке жана корпорациялык финансыларды күнүмдүк башкаруунун ыңгайлуу инструментине айланган. Карта көп саякаттагандарга абдан керек. Карта интернет-дүкөндөрдөн товар алгандарга да абдан ыңгайлуу. Visa картасы менен сатып алууларды жүргүзүү бүткүл дүйнөлүк паутиналарда гана эмес, кадимки соода-тейлөө ишканаларында да ыңгайлуу. Бир катар учурларда, сатып алгандар үчүн карта менен эсептешкенде арзандатууларды аласыздар. Кыскасы, эгерде сиз заманбап адам болсоңуз, жайлуулукту бааласаңыз жана каражаттарга ар бир керек болгон учурда кирүүгө мүмкүндүгүңүз болуп, коркунучтан алыс болгонду кааласаңыз, анда АУБдун Visa картасы - сизге керек болгон нерсенин дал өзү".
АУБдун VISA карталары менен бирге өз дүйнө кереметиңди ач! Visa карталары жер жүзүнүн бардык булуң-бурч-
тарында белгилүү. Өзгөчө саякаттаганды жакшы көргөндөр үчүн абдан ыңгайлуу. Кыргызстандыктарга Visa картасы менен чет өлкөдө колдонуунун ыңгайлуулугун даана көрсөтүү үчүн, АзияУниверсалБанкы "Суктанган саякатчы" телекөрсөтүүсүнүн башкы демөөрчүсү болду. Бул алыскы чет өлкөгө болгон саякаттар жөнүндөгү сүрөткө түшүрүү тобунун жол жазууларына жана аңгемелерине арналган биринчи ата мекендик телепроект. "Суктанган саякатчы" программасынын биринчи цикли 2010-жылы кыргызстандыктардын Бали бейиш аралына (Индонезия) болгон саякатына арналат. АзияУниверсалБанкынын жана "Ракета ТВ" чыгармачылык тобунун пландарында Visa картасы менен бирге дүйнөнүн жаңы кереметтерин ачуу: Вьетнам, Куба жана Венеция.
Албетте, банк экспертинин Visa бүгүнкү күнү байлык эмес, муктаждык болуп калды деген сөзү менен макул болбоско да болбойт. Бирок, эл аралык картага ээ болуу - бул кадыр-барк маселеси да эмеспи. Биринчиден, АУБ - өлкөнүн алдыңкы жана эң ири банкы, мындай банк менен кызматташта болуунун өзү эле, канча нерсе жөнундө айтат. Экинчиден, эл аралык картанын ээси болуу, сиздерге финансыларды башкарууну билген, заманбап ишкер адамдын имиджин берет. Үчүнчүдөн, карта аркылуу эсептешүү менен бирге, сиздер АзияУниверсалБанкынын " Пайдалуу арзандатуулар клубуна" кирген ар кайсы соода-тейлөө ишканаларынан арзандатууларга жана кошумча артыкчылыктарга ээ боло аласыздар. Сиздер кадыр-барктуу клубдун, активдүү жана ийгиликтүү адамдардын клубунун мүчөсү болуп каласыздар. Кош келиңиздер!
Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефон боюнча ала аласыздар.:
(312) 55 44 44 же АУБдун төмөнкү расмий сайтынан: www.aub.kg
Екатерина КНЯЗЕВА
КРУБдун уруксаттамасы №039