05.02.10
  Бала - периште, бала - падыша

Ата-энелердин ажырашуусуна караганда үйдөгү уруш-жаңжалдан балдар көбүрөөк бактысыздыкка дуушар болушат.
Мындай аныктаманы Британиядагы балдар фондунун эксперттери билдиришти. Түгөйлөрдүн мүнөздөрү келишпей
ортодогу балдары үчүн гана жашаган процесс баары бир
баланын жүрөгү аркылуу
өтүп, аң-сезимине
жагымсыз нерселерди
жаратат дешет.

Бир тааныш курбум: "Күйөөм-
дү ушунчалык жек көрөм. Жаңы баш кошкон кезде көп жагымсыз иштерди кылган. Соттошуп да жүрдүк. Азыр уулум 11де, кызым 1-класста окуйт. Үйдө күн сайын уруш-жаңжал. Бир күнү уулум: "Апа атам менен уруша бересиң ээ. Эмнеге аны мынча жаман көрөсүң" дегенде мен ансайын ажылдап уулумдун оозун жаап салдым" дейт.
Ырасында түгөйлөр турмушунда казан-аяк кагышып, майда-бараттан чыккан чыр тутанып олтуруп чоң жаңжалга айланарын турмуш өзү далилдеп койгон. Айланабызга саресеп салсак уруш-жаңжал болбогон үй-бүлө жокко эсе. Кыргызстандык эксперттердин пикиринде үйдөгү жаңжалдарга көп факторлор себеп болот.
"Сезим" кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова:
- "Балага эң биринчи сокку бул - ата-эненин үйдөгү уруш-жаңжалы. Үй-бүлөлүк модель деп коёбуз. Кыргыздын "Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат" деген жакшы накыл кеби бар. Бала кийин ошону кайталайт. Мисалы, атасынын апасына кол көтөргөнүн көрүп, "ии, эркек ушинтиш керек турбайбы" деген психология баланын мээсинде орноп калат. Эң биринчи кезекте үй-бүлөдө таалим-тарбия мыкты жолго коюлуш керек. Үйдөгү жакшы мамиле, түшүнүүчүлүк коомго сөзсүз жакшы таасирин тийгизет. Ал эми уруш-жаңжалдын себептери социалдык, экономикалык, материалдык болушу ыктымал. Бирок бизге кайрылган аялдардын 65 пайызы зордук-зомбулуктан жапа чеккендер. Башкача айтканда, ичип аялын жөн жерден тепкилеп, эртеси билбей калыптырмын деген эркектер. Мунун баарын көрүп турган баланын жүрөгү албетте өзгөрүүгө дуушар болот, - дейт.
Он жылдан бери балдардын психологиясын изилдеп келаткан психолог Светлана Копытко:
"Ата-эненин урушу балага аябай тескери таасирин тийгизет. Бала корунчаак болуп, тамактан табити, уйкусу качат. Агрессивдүү болуп калат. Жакында уулун ээрчиткен бир келин келди. Күйөөсү сабап киргенде баласы катуу коркуп кеткен. Ошондон бери кекечтенип сүйлөп калыптыр. Бул эми балада өмүр бою калчу илдет. Катуу корккондо башына таасир эткен. Мындай окуялар айта берсе көп. Түгөйлөрдүн уруш-талаш фактылары Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө көп. Мен мунун себептерин генге байланыштуу деп ойлойм. Себеби, айрым эркектер тукумунан көйрөң мүнөз болушат. Ак жерден аялына кол көтөргөн учурлар бар. Же мас абалында эркектик дымагы менен "жумурткадан кыр издеп" жаңжал чыгарат. Менин адистик тажрыйбамда көрсөткөндөй эң башкы себеби ушул" дейт.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, медицина кызматкери Насиба Умарова жакында башынан өткөн окуясын айтып берди:
"Уулум 10-класста окуп жатат. Кызым да бар. Күйөөм экөөбүз катуу урушуп кеттик. Экөөбүз тең мүнөзүбүз көк. Бир ай үйдө сүйлөшпөй калдык. Эки башка тамак ичип, бирибиз кирген бөлмөгө экинчибиз кирбей күндөр өтүп жатты. Бир күнү уулумдун чүнчүп, арыктап баратканын байкадым. Эмне болду десем унчукпайт. Энелик жүрөгүм сезди. Уулум атасы экөөбүз сүйлөшпөй калганыбызга ойлонуп жүрүптүр. Өзүм биринчи сөз баштап күйөөм менен сүйлөшө баштадым. Ошол күнү уулумдун ууртунан күлкү кетпей "Апа, экинчи урушпагылачы, ээ?" деп жайдары тартып, үй-жумуштарына жардам берип жүрдү. Көрсө, биз, ата-энелер, көп кемчилик кетирет экенбиз".
Көптөгөн психолог адистердин пикиринде үй-бүлөдө жаңжалга көп кабылган балдардын ойчул тартып кеткендиги аныкталган. Сабакка болгон кызыгуусу солгундап, өзү менен өзү күрөшүп калаарын айтышат. Балдар бакчасында көп жылдык тажрыйбасы бар тарбиячы Арсар Ибраева жадакалса бакчадагы баланын жүрөгү үйдөгү жаңжалды сезерин айтат. "Кээ бир бала бакчага келгенде кечке ойлонуп, тамак ичкиси келбей калат. Эмне болду деп сурасам "Мамам урушту же папам тилдеди" деп кыска жооп берип коет" дейт ал.
Үч жаштагы Нурлан атасы жумуштан келгенде апасына карап качаарын чоң апасы Зери апа: "Уулум бир-эки жолу ичип келип келиним менен жаңжалдашып калыптыр. Нурлан келинимдин колунда турган экен. Ары түрткөндө бала коркуп кетип чыңырып ыйлаптыр. Ошондон бери атасынын караанын көргөндө апасына же мага жармашып калды" дейт.
Ош базарында бели ката элек кезинен араба сүйрөгөн балдарды кадам сайын жолуктурууга болот. Алардын бири 13 жаштагы Кайыпбек үйдөн чыгып кетүү себептерин төмөнкүдөй түшүндүрөт:
"Атам ичип келип апамды күн сайын урчу. Үйдө 3 бир тууганбыз. Эки кичинекей карындашым бар. Бир күнү атам мени да сабап башымды жарып койгон. Чоң энеме Нарынга качып кетип, кийин Бишкекке келе бергем. Бул жакта эч ким урушпайт. Тапкан тыйыныма тамак сатып жеп алам".
Сахиба КАДЫРОВА
"Кыргыз Туусу"

Балдарыңыздын көзүнчө жаңжалга барасызбы?
Батма Апасова, тигүүчү:
Эми ар кандай болот. Болбогон жерден кээде кыйкырышып кетебиз. Бирок балдардын жаныбызда экенин эстеп калып кайра унчукпай калабыз.
Светлана, соодагер:
Күйөөм ичип келген күндөрү чырдаша кетебиз. Бирок өз бөлмөбүзгө кирип кетебиз. Баламын жүрөгүн ооруткум келбейт.
Насыр, айдоочу:
Идеалдуу үй-бүлө болбосо керек. Албетте, майда уруштар болуп турат. Балдарым чоңоюп калган. Түшүнүп калышты.
Канжар, кызматкер:
Кээде урушуп кетебиз. Балдарым азыр кичинекей түшүнбөйт.