05.02.10
  Келечекке кенен жол мектептен

Борбор шаарыбыздагы №5 тунгуч кыргыз мектеби кыргыз интеллигенциясынын "алтын бешиги" катары жумурай журтубузга белгилүү.
Мектеп 1926-жылы ачылгандан баштап, алгач №5 кыргыз мектеби, андан соң А.С.Пушкин атындагы №5 эксперименталдык мектеп, 1990-жылдан тартып №5 гимназия, соңунда 1996-жылдан бери Улуттук компьютердик гимназия деген статуска чейин өсүп жетти.

Куттуу мектептин куту кайда качты?
Албетте, кылым карытып келе жаткан бул мектептин ушундай деңгээлге чейин өсүп жетилишине далай чыгаан педагогдордун салымы зор экендигин эч ким тана албайт. №5 мектеп гимназия деген статусту алгандан баштап болуп көрбөгөндөй өзгөрүлдү. Алгачкы аракеттер текке кеткен жок, окуучулардын билим деңгээли жогорулап, материалдык-техникалык база бир кыйла чыңдалып, мектеп өз кесибин сүйгөн, мыкты педагогдор менен конкурстук негизде толукталып келди. Гимназия эл аралык уюмдар, фонддор менен байланыш түзүп, натыйжада атайын программалар менен иштеди. Айтып отурсак алгылыктуу иштер абдан көп эле, анан эмне болду...
Гимназиянын тагдырында 2006-жылдын 27-февралы тарыхый чоң өзгөрүүнүн күнү болуп кала берди. Анткени, ошол күнү мектепте 11-класстын эки окуучусу Чикеев Азим менен Бурханов Даниэл экөө экинчи сабак менен үчүнчү сабактын ортосундагы танаписте мектеп ичинде бири-бири менен уруша кетип Бурханов Даниэл Азимди бычак менен ичке сайып салат. Ошол жерден дароо окуяны көрүп калган мугалимдер жарат алган Азимди "Тез жардам" чакыртып, Бишкек шаарындагы Мамакеев атындагы ооруканага жеткиришет. Ал ооруканадан Азим операция болду. Ал жерден мектептин директору баштаган мугалимдери жарат алган Азимге кан беришип, кечке чейин айланчыктап, баланын ата-энеси менен чарк айланып жүрүштү. Ошентип Чикеев Азим жарык дүйнө менен кош айтышты.
Ал күнү мектептин директору жогору турган орган болгон министрликке барып билдирет. УКГ ал күндөн тартып траур кийимин
кийип, каргашалуу окуя мектепте окуган ар бир баланы жана мугалимдерди күтүүсүз кайгыга салган.
Ушул кайгылуу окуядан соң мектептин өнүгүшүнө өз салымын кошкон мектептин директору Турдубек Кубаталиев өз арызын жазып жумуштан кетти. Министрдин буйругу менен Элнура Музаева директор болуп дайындалды.
Элнура Музаеванын бул гимназияга директор болушуна жалпы жамаат каршы турушкан. Тилекке каршы, үйүндө отурган, мектептен, окуучулардан, ата-энелерден өтө алыстап кеткен, иши прокуратурада жаткан, бизнес десе ичкен ашын жерге койгон, педагогикалыктан небак кол жууган Э.Музаеванын куттуу мектепке директор болуп калышы көпчүлүктү кубантпады.
Ошол күндөн баштап уюткулуу №5тин куту, куну качып, көп жылдык тарыхы, салт-санаасы кете баштады. Э.Музаева жаңы келгенде айтып бүткүс алтын убадаларды берип, аны аткармак турсун мурдатан салтка айланган жакшы, ыйык нерселерди да түп орду менен жок кылды. Директор келгенден тартып көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан мугалимдерди акырындык менен бирден, эч себеби жок эле өз
каалоолору менен арызын жаздырып, кетире баштады. Баш көтөрүп "Эмне үчүн?, Эмненин негизинде?" деген мугалимдердин артынан куугунтуктап кетүүгө мажбур кылат. 80 жылдык тарыхы бар мектептин бир заматта кейпи кетти. Директор кетирген кадрлардын ордуна өзүнүн тааныштарын, туугандарын, таяке-жээндерин алып келе баштап, окуу процессине таптакыр көңүл бурулбай калды. Билим сапаты төмөндөдү, мугалимдердин маанайы чөктү.
Ошол мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейин Э.Музаева өз каалоосу менен 30 мугалимди иштен кетүүгө аргасыз кылган.
2006-жылы УКГнын "Билим башаты" коомдук бирикмеси тарабынан мугалимдерге ай сайын берилүүчү колдоо айлыгынан сентябрь, октябрь, ноябрь айларынын акчасын болжолдуу түрдө 240 000 миң сомду УКГнын 80 жылдыгына карата мектептин чарбалык иштерине жумшайм деп бердирткен эмес. Андан сырткары ар бир класстан (ошол учурда 54 класс комплекти болчу) 3000 сомдон 162 000 сом акчаны 80 жылдыктын шылтоосу менен чогулттуруп алган.
2006-2007-окуу жылында окуучуларды кабыл алууда 1-класстардан кирүү взносу деп чогулткан 3000 (үч миң) сомдон 47 окуучунун акчасын 141000 (жүз кырк бир миң) сомду кассага кириш кылбай жоготушуптур деп угабыз, аны текшерген жан адам жок. Ошол айтылуу 80 жылдык майрамга карата 6 мугалимге "Эл агартуунун отличниги" наамын жана 9 мугалим министрликтин грамотасын алат деген мугалимдерден 10500 сом (отличниктер 1000 сомдон, грамота алгандар 500 сомдон) чогултуп алган. Өкмөттүн грамотасын жана Эмгек сиңирген мугалим наамын алып берем деген сөздөр менен 500 сомдон 6500 сом акча чогултуп алган. Ал акчалар кайда кеткен, ал айткан наамдар кайда калды...
80 жылдыкта келген коноктордон гуманитардык жардам катары көптөгөн белектер, ошондой эле акчалай да жардамдар түшкөн. Алардын кандай тартип менен каякка жумшалгандыгын жамаатта эч ким билбейт. Айталы, Чүй облусунун губернатору К.Сыйданов 100 миң сом которуу жолу аркылуу, 40 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр дагы чоң суммадагы акча берген. 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Т.Сарпашев бир "Ноутбук", Райкан Алканов 100 000 сом акча алып келген ж.б. дагы көптөгөн материалдык акчалай жардамдар түшкөндүгүн айтса болот.
2006-2007-окуу жылынын аягында ремонт үчүн чогултулган 160 сомдон 1500 окуучунун акчасы кайда жумшалгандыгы белгисиз. Себеби, жаңы окуу жылына келгенде мектеп ичинде май айында кандай болсо, ошол эле абалда болгон.
2007-2008-окуу жылында мектепке музыкалык аппарат алам деп фонддон 150 000 сом алган, ал аппарат анчалык сумма болоруна шектене албайбыз. Музыкалык бөлмөнү жабдыйм деп 49 290 сом алган. Аларды жасаганда кеткен материалдарды сатып албай эле мектептеги эски парталар, эски керебеттердин темирлерин пайдаланган. Актовый залга деп 250 даана стулдарды 156 000 сомго алып келген. Мектептин колдоо фондусу отурган бөлмө үчүн ал фонд мектепке 16 000 сом төккөн, бирок ал акча мектептин бухгалтериясына кириштелген эместигин да айтып жүрүшөт. Айтып отурса мындай мисалдар арбын.
Азыркы учурда мектепте моралдык-психологиялык абал өтө чыңалуу абалында турат.
2008-жылдын январь айынан тартып гимназияга кирүү взносун 5000 сомго көтөрүп койду. Аны эч ким менен деле кеңешкен жок. Мектеп директорунун окуу-тарбия иштерине көңүл бөлбөгөнү, кадрларды тандоодогу начардыгы, эптеп эле кайсы жерден акча чыга калса ошону жеп алсам экен деген максатынын натыйжасы ушундай терс иштерге алып келип отурат. Бул адамды тескеп, тартипке салчу адамдар барбы, же "Таянган тооң бийик болсо, ыргыткан ташың өйдө кулайт" дегендей, коррупция эми мектепке да жетип, наристелердин ыйык жайын булгайбы?
Жеңиш уулу Азим,
Г.Сатыева, М.Жунусакунова, С.Жумакадырова, З.Майташова, Т.Байболотова, А.Сейитказиев, У.Жоробекова, А.Эсенбаева