05.02.10 Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Н.Ж.Турсункуловго
Басмырласа боло береби?
Урматтуу Нурлан Жанышевич! Сизге чоң ишенич менен, мыйзамдуу акыйкатты орнотуп, жардам берет деген үмүт менен, Аксы районунун прокуратурасынын кызматкери Бакытбек Бекеевдин мыйзамсыз аракеттеринен улам кайрылып жатам!
2009-жылдын 22-декабрында саат 10дор чамасында Аксы райондук мамлекеттик архивине Аксы райондук прокуратурасынанбыз деп Бакытбек Бекеев жана бир жигит келишип архивдик документ сурашты. Мен аларга: "Архивден чыккан доку-менттерге мөөр басып кол коё турган башчы жок. Сиздердин талабыңарга архив башчы келгенде мыйзамга ылайык түрдө, тактама берет деп", - деп жооп бердим. Андай жооп жакпай калса керек, Бакытбек Бекеев шериги экөө санкциясы жок эле, жетекчи жок экендигин угуп билип туруп, өздөрү архивди тинтий башташты. Ошол кезде архивде менден башка эч ким жок экендигинен пайдаланышып, кандайдыр бир жаман ойлору менен, архивдин эшигин ичинен жаап салышып, саат 13кө чейин эч кимди киргизбей, мени архивдин ичине камап коюшту. Ошол үч саат ичинде бир топ психикалык жактан үркүтүп-коркутуулар (туура эмес иштейсиңер, силерди каматыш керек ж.у.с.) коштолгон кыйыр сөздөрү менен, мени уят ишти жасоого мажбурлоо аракетин жасады. Азил-тамаша аралаштырышып, бассам, турсам сайгылап, этегимден кармап, жүзүн жүзүмө кадап, кучактап басмырлап жатышты. Мени аргасыз кылып мөөрсүз, башчынын колу жок эле негизсиз архивдик документти алышты. Мамлекеттик ишкананын элге кызмат көрсөтүүсүн үзгүлтүккө учуратышты.
Болду эми кеткиле, үч сааттан бери сыртта турган оорукчандарды, майыптарды, пенсионерлерди, жаш баласы бар аялдарды суукта калтырып киргизбей койдуңар - десем түрлөрү өзгөрүп Б.Бекеев мени архивдин төркү бөлмөсүнө түртүп киргизип, опузалап, коркутуп жатканда экинчиси болсо электросчетчикти чукулап жаткан. Андан кийин эле Аксы РЭСине телефон чалып, архивдин электр жарыгын кыркып кетүү жөнүндө талап койду. РЭСтин кызматкерлери келип, өздөрүнчө бөлүнүп сүйлөшүп, андан кийин РЭС жок жерден мамлекеттик архивге 13 000 сомдук айып жазып, зымын кырктырып койду.
Аксы райондук прокуратурасынын кызматкери Бакытбек Бекеев жана анын мага белгисиз шеригинин, мени психикалык жактан басмырлаган, мазактаган адептик запкысынын натыйжасында аябай коркуп, тынчсызданып, өзүм начар акыбалда калганымдан сыгылып чыдабай калдым. Мыйзам тарабынан кордолгон укуктарымды калыбына келтирип, адилеттүүлүктү орнотуп, мени Бакытбек Бекеевтин куугунтуктоосунан куткарышыңызды суранам.
Кыргыз прокуратурасынын кызматкеринин бийик наамын тебелеген, өз ордуна татыксыз Бакытбек Бе-
кеев жазасын алат деп ишенем.
Катка 2009-жылдын 22-декабрында архивде сыртта турган кишилердин арызынан, прокуратуранын өтүнмөсүнөн жана РЭСтин актысынан көчүрмөнү кошо тиркедим.
Сыйнагүл ДҮЙШЕЕВА,
Аксы району,
Кербен шаары


Же үйдөн,
же Чүйдөн жок
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына
Мен 70-жылдардан бери Бишкек шаарында жашап, иштеп келе жатам. Үй-бүлөлүүмүн. Алты балам бар. Төрт уул, эки кыз. Азыр аялым экөөбүз тең пенсиядабыз. Улуу балам 33 жашта, эки балалуу. Орто техникалык билимдүү. Бизден бөлүнүп, убактылуу башка жерде жашашат. Экинчи уулум болсо 30 жашта, ал да жакында эки балалуу болот, юридикалык жогорку билими бар. Үчүнчү уулум жогорку билимдүү, тарыхчы, 27 жашта. Үй-бүлөсү жок. Төртүнчүсү 24 жашта, ал да бой, типографиялык билими бар. Баары тең эптеп-септеп "ат өлбө, араба сынба" деп башка кесиптерде иштешет. Бешинчиси кызым, биздин бактыбызга турмушка чыгып кетти. Алтынчысы кенже кызыбыз 13тө, 6-класста окуйт.

Мына ушинтип балдарыбыз, кыздарыбыз, келин-неберелерибиз менен үч бөлмөлүү жер үйдө жашап жатабыз. Кай бирде урушуп-талашып, кай бирде элдешип жарашып, кысылышып жашап келе жатабыз. Эмне кылабыз, айла канча? Менин балдарым да, комму-
нисттик духта тарбияланып, алдым-жуттумду билишпейт. 1995-жылы Өкмөттүн токтому менен эл катары бизге да туулган жерибиз Араван районунун "Жаңы-Жол" колхозунан 8 башка 63 сотых жер бөлүнүп берилген. Аны да биздин Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн эс-акылдуулары кыскартып, 58 сотых кылып "жетет ушул" дептир. Аягында мындан 2-3 жылча мурда Өкмөттүн көрсөтмөсү боюнча деп, ал жерлерди да биротоло алып коюп, жок дегенде алты балага алты сотых жер курулуш участогун да "өзү жоктун көзү жок" деп эч нерсе берген жок. Ушул да мыйзам чегине киреби? Же биздин Кыргызстанда, көп балалуу үй-бүлөлөрдү ушинтип сыйлап, урматтайбы? Акырында каттоодо турбайт экен деп жармашып алгандан кийин, 2006-жылы июнда айыл өкмөткө каттоого да туруп келдим. Андан да эч нерсе өзгөргөн жок. Бардык балээ башкада демекчи, алып көнгөн биздин айыл өкмөттүн кишилерине мен 150-200 долларды ошол кезде таап бере албай калбадымбы. Анда заматта бүтмөк эле баары ойдогудай болуп. Бул жогоруда айтылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна да бир канча жолу кайрылып, эч нерсе чыккан жок. Андан кийинки кезде Турсунбек Акун уулуна келип, ага кире албагандыктан, орун басарлары чечим чыгара алышкан жок. Ошентип:
Кимге айтып арманымды,
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге айтып зарыгам,
Аа-ай, иии-ий болуп жүрөм.
Отуз эки жаштагы улуу уулум Биринчи май райондук администрациясына жер участок алуу боюнча 2005-2006-жылдары кезекке турган. Алиге чейин эч кандай чеке жылытарлык жооп жок. Мыйзамдуу жол менен жер аларыбызга ишеним кетти. Эми бизге жардам берсе бир гана Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев баалаган, калайык журт барктаган, "Кыргыз Туусу" элдик гезити жардам бере алат го деп кайрылып олтурам.
А.УМАРОВ,
Бишкек шаары





Татыктуу баа берилсе!
1994-жылы чыккан "Чүй облусунун энциклопедиясы" деген китепте Чүй боорунда жарык дүйнөгө келген, эл-жерине, Мекенине атан төөдөй кызмат өтөгөн, мен деген чыгаан инсандардын аткарган иштери, эмгектери баяндалган.
Арийне, 1994-жылдан кийин да тарыхта калчу инсандардын көбөйүп жаткандыгы кубандырбай койбойт, бир түпөйүл кылганы - ошол элге кылган ак ниет эмгек татыктуу баасын алганбы, кеп ошондо.
Ооба, китепте өмүр жолу баяндалгандар убагында өкмөт тарабынан эмгеги жерде калбай, сыймык-сыйлыкка арзышкан. Айталы, биз кеп кыла турган Кыдыралы Жаналиев аксакал дагы 1 Ленин орденине, 3 "Эмгек Кызыл Туу" ордендерине, 1 "Ардак Белгиси" орденине жана көптөгөн медалдарга татыктуу болгон.
Аксакал кан күйгөн согуш жылдарында 1938-жылдан 1949-жылга
чейин Кыргызстан Компартиясынын экинчи катчылык кызматын, анын арасында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасынын милдетин аткарган экен. 1949-жылдан тарта союздук, республикалык министрликтерде орун басарлык кызматтарын өтөгөн. Ушулардын баары энциклопедияда бир абзац менен гана берилип коюлган, эмнегедир башка иштери тууралуу маалыматтар берилбеген.
Панфилов районунун XV партсъезд айылынын тургуну С.Ашканбаев
мындай дейт: " - Убагында Кыдыралы Жаналиев атабыздын эмгеги орден, медалдарга татыктуу болгону менен коомчулукка аты белгисиз бойдон калып келген. 1989-жылы эле Горбачевдун кайра куруусу ишке ашпай, экономика, саясат ашмалтайы чыгып жаткан убакта 80 жылдык мааракесин өткөрдүк. Ал убакта бирок, көчөгө, мектепке, айылга ат коюу деген болгон эмес. Анын үстүнө көзү тирүү турганда тим коёлу деп эч жакка бул маселе боюнча кайрылган эмеспиз. Азыр айылдын калкы өздөрү демилге көтөрүп жатышат, өзү туулуп-өскөн XV партсъезд деген айыл атын Кыдыралы Жаналиев деген атка алмаштыруу жөнүндө. Ушуга Панфилов районунун акимчилиги, биздин айыл өкмөтүбүз көңүл бурса.
Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөтү элдин демилгесин жакындан карап чыгып, XV партсъезд айылын Кыдыралы Жана-лиев атындагы айыл деп алмаштыруу маселесин көтөрүп чыгышса, коомчулуктун, айыл калкынын алкоосуна татыктуу болушмак.
З.ИСАКУНОВ,
Панфилов району,
XV партсъезд айылы