№08, 05.02.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...





ЭлТР эми Европага чейин жетти
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын
башкы директору Нурланбек Шакиев менен маек

- Нурланбек Тургунбекович, ЭлТРдин спутникке чыгышы менен куттуктайбыз. Сиздердин бул ийгилигиңиздер бүтүндөй кыргыз элинин ийгилиги десек жаңылышпайбыз.
- Рахмат. Бул жеке эле биздин теле каналдын эмгек жамааты эмес көпчүлүк кыргыздар сүйүнгөн жаңылык болду. Өткөн жылдын июнь айында атайын иш сапарым менен Түркияга телеканалды спутникке чыгаруу максатында бир жумадан ашык түрк кесиптештерим менен жолугушууларды өткөрдүм. Түркиядагы ТРТ (Түркия радио телеберүүсү) компаниясынын жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында биздин телеканалды спутникке чыга-рууга түркиялыктар көмөк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Андан сырткары түздөн-түз спутникке байланыштуу маселелерди чечүүчү Түрксат мекемесинин жетекчилиги менен да бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Натыйжада шарттарыбызды такташтырып бир топ жеңилдетилген ыңгайлуу шарттарга макулдашканбыз. Бир сөз менен айтканда ошол сүйлөшүүлөрүбүз жемиштүү болуп, натыйжасы Түрк Өкмөтү бизге 5 млн. сомдук техникалык каражатты бекер гранттык негизде жардамга беришти. Түркиядан адистер өздөрү учуп келишип техникаларды Ошко орнотуп да беришти. Монтаждоо иштери ушул жуманын башында аяктап, алгачкы сигналды текшердик. Баары ойдогудай болуп, эң алгач Түркияда "ЭлТР" каналы жарк этип көрүндү. Ошентип, биринчилерден болуп түрктөр бизди куттукташты.
Бул тарыхый ишти жасоого түздөн-түз көмөк көрсөтүшкөн Түркия Өкмөтүнө, ТРТ компаниясына, Түрксат мекемесине жана Кыргызстандагы Түрк Эл аралык Кызматташтык агенттигине терең
ыраазычылык билдиребиз.




Баткендиктер "Кыргыз Туусун" баркташат
Баткен облусунан республикалык "Кыргыз Туусу" гезитине 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн 2010-жылдын 1-февралына карата Баткен району - 179, Кадамжай - 223, Лейлек - 330, Баткен шаары - 41, Кызыл-Кыя шаары - 52, Сүлүктү - 74, Баткен облустук мекеме-уюмдар - 78 болуп, жалпы 977 нускага жазылышкан. Бул баткендиктер үчүн чек эмес. Улуттук төл гезитибиз болгон "Кыргыз Туусун" колдошкон баткендиктер арасында күндөн-күнгө жазылууну колго алып, гезитти сүйүп окуган окурмандары көбөйүүдө.
"Кыргызпочтасы" ишканасынын Баткен райондук филиалынын 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн берген маалыматына ылайык, Баткен райондук мекеме-уюмдары 207 даанага, жеңилдиктен пайдаланган ардагерлер 432 даанага "Кыргыз Туусу" гезитине жазылышкандыгын кабарлайт.


Түз байланышта
Агрардык саясаттын күнгөй-тескейи айтылат
Урматтуу окурман! Башкаруу реформасынан кийин Айыл чарба министрлигинин түзүмүндө бир топ өзгөрүүлөр болгондугун билесиздер. Жаңырган айыл чарба саясаты, министрлик менен дыйкандардын, фермерлердин өз ара мамилеси, мамлекеттик колдоолор, жаз жарышына даярдыктар тууралуу билгиңиз келсе жана башка сурооңуздар болсо, КРнын Айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев түз байланышта жооп берет. "Кыргыз Туусунда" бүгүн, саат 14.00дөн 16.00гө чейин боло турган түз байланышка 62-20-17 телефон номери аркылуу байланышыңыз.
Түз байланышка чейин эле алдын-ала 66-01-22 телефонуна чалып сурооңуздарды жаздырып койсоңуздар, министрдин жообун гезиттен окуйсуздар. Түз жооп алууга шашылыңыздар.