02.02.10 Калктын аялуу катмарына
аяр мамиле
Кыргызстанда ай сайын бирдиктүү жөлөк пулду 396 миң адам алышат. Мындан сырткары 64 миң 800 адам социалдык жөлөк пулга ээ, алар ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен эмгек стажысы болбогон улгайган адамдар.

Буга чейин социалдык жөлөк пулдардын көлөмү алуучунун категориясына жараша 316 сомдон 1164 сомго чейин болсо, үстүбүздөгү жылы социалдык жөлөк пулдар дээрлик эки эсе өсүп, ай
сайын берилүүчү жөлөк пул 1000 сомдон 2000 сомго чейин болот. Мисалы, мээ шалы (церебраль-
ный паралич) менен жабыркаган
майып балдарга 2000 сом, ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган балдарга 2000 сом, 1-топтогу майып балдарга 2000 сом,
майып балдарга 1500 сом болмокчу. Ал эми 3-топтогу майып балдар 1000 сом, пенсиялык камсыздоого укугу жок, улгайган жарандар 1000 сом, пенсиялык камсыздоого укугу жок, бийик тоолуу жана алыскы
райондордо жашаган улгайган жарандар 1000 сом алышат.
Эгерде мурда бир үй-бүлөдө бир нече жеңилдик алчулар, маселен, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, анын уулу Ооган согушунун катышуучусу жана майып баласы болсо, аларга жеңилдиктердин кайсы бир түрүн тандоого туура келчү. Эми мындан ары бул үй-бүлөгө бардык жеңилдиктер төлөнөт: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине 7 миң, Ооган согушунун катышуучусуна 6 миң, а мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 1,5 миң төлөнөт.
Мындан сырткары акчалай компенсациялар көбөйтүлдү. Мурда аларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 884 млн. сом бөлүнсө, азыр 1 млрд. 457 миң сом бөлүнөт. Майып балдар 848 сомдун ордуна 1500 сом, Баатыр энелер 848 сомдун ордуна 2 миң сом, бала кезинен
майыптар 532 сомдун ордуна 1 миң сом алышат.
Республикабызда 3530 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары бар. Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына согуштун катышуучуларына өмүр бою ай сайын 3 миң сомдон Президенттин стипендиясы берилмекчи.
Аз камсыз болгон жарандарды аныктоодо айыл өкмөтүнүн ролу чоң. Айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз жериндеги калктын жашоо-турмушун жакшы билишет. Ошондуктан калктын мындай катмарын аныктоодо жана аларды социалдык камсыздоого алуу аракетинде айыл өкмөттөрүн тартуу керек. Акыркы жылдарда республикабызда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын бирдиктүү жөлөк пул алуулары азайса, социалдык жөлөк пул алгандардын саны өскөн. Ошол эле кезде даректүүлүктүн күчөтүлүп жатканы аз камсыз болгондордун санын кыскартуу максатында эмес, калктын аялуу катмарын колдоо багытында.
Мындан ары жеңилдиктерди алуу боюнча жарандардын кайрылуусунун убактысы жана документтердин саны кыскартылды. Социалдык камсыздандыруу органында бирин-бири кайталаган кызматтар да бириктирилди. Бул жеңилдик алчу жарандарыбызга жакшы шарт түзүп, убактыларын үнөмдөгөнгө мүмкүндүк берет. Буга чейин жеңилдик алууга бирөө кайрылса, ал 6 айга чейин создуктурулчу. Эми ал жаран документин өткөргөндөн кийин ашып кетсе 2 айдан кийин жеңилдикти ала алат.
Мындан ары өз милдетин жакшы аткарбаган социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери чоң жоопкерчилик тартышат. Жеңилдик алышкан жарандарга жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилбесе, социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери жооп берип, өз айлыгынан төлөп беришет.
Социалдык камсыздандыруу тутуму ири, ошол эле учурда чыгашалуу, калкыбыздын бул категорияга кирген катмарына түшүнүксүз болгон. Ушундан улам 2009-жылы башталып, бүгүн ишке аша баштаган реформа биринчи кезекте калктын аялуу катмарынын зарылчылыктарын чечүүгө багытталган.