02.02.10
  Президент Назарбаев Казакстан калкына Кайрылуу жасады

Жаңы он жылдыкка
ишенимдүү кадам
29-январда Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев өлкө Парламентинин биргелешкен отурумунда салтка айланган Казакстан калкына Кайрылуусун жарыялады. "Жаңы он жылдык -
жаңы экономикалык өнүгүү -Казакстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган Кайрылууда өткөн жылдардын жыйынтыктары чыгарылды. 2010-жылдын милдеттери белгиленип, негизинен Казакстандын 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу маселеси жөнүндө сөз болду.

Нурсултан Назарбаев 1997-жылы "Казакстан - 2030" аттуу стратегия боюнча жарлыкка кол коюп, анда өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн басымдуу багыттары белгиленген. Президент Кайрылуусунда анын 2010-жылга чейинки пландары мөөнөтүнөн мурда аткарылганын канааттануу менен белгиледи.
2000-жыл менен салыштырганда 2008-жылдын өзүндө республиканын ИДПсынын көлөмү эки эсе, эмгек акылар беш эсе, пенсия үч эсе өскөн. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 50%дан 12%га кыскарган. Элдин саламаттыгы жакшырып, он жылда 652 жаңы мектеп жана 463 ден соолукту сактоо объектилери салынган.
- Биздин жетишкендиктерибизди моюндап, БУУ 2009-жылдын
баяндамасында Казакстанды адам мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул - биздин жашоо-турмушубуздун жакшырганынын айныксыз күбөсү. Он жылда 350 миң үй-бүлө, мындайча айтканда, 1,2 млн. адам үйлүү болду. 32 миң км. жол курулду жана оңдолду. Бул Казакстандын бардык жолдорунун үчтөн бири, - деди Н.Назарбаев.
Президент 2020-жылга чейинки стратегиялык пландын негизинде казакстандыктарга жаңы милдеттерди жүктөдү.
Н.Назарбаевдин айтымында, анын тапшырмасы боюнча Өкмөт Индустриялык-инновациялык тез өнүгүүнүн мамлекеттик программасын жана Өлкөнү индустриялаштыруунун деталдаштырылган картасын даярдаган. Бул документте алдыдагы беш жылда эмнелер курулуп, эмнелер иштелери толук көрсөтүлгөн. Казакстан жалпы көлөмү 6,5 триллион теңге турган 162 долбоорду ишке ашырмакчы. Аны аткарууда үч жылда кошумча 200 миң адам жумуш менен камсыздалат.
Беш жыл ичинде кубаттуу газ-химия комплекси, минералдык жер семирткичтер заводу, жаңы үч ГЭС (Балхаш, Мойнак жана Экибастуз) жана башка көптөгөн ишканаларды куруу көздөлүүдө. Үч мунай заводуна реконструкция жүргүзүлөт.
- Индустриялык долбоорлордун аткарылышы бийликтин гана эмес, элдин да өзгөчө көзөмөлүндө болушу керек. Бул жумуштар бүткүл калкыбыздын жалпы улуттук милдетине айланууга тийиш, - деди Н.Назарбаев.
Индустриялаштыруу менен катар айыл чарбасын да өнүктүрүүгө көңүл бурулууда. Бул тармакта продукция өндүрүүнү 2014-жылга карата эки эсеге чейин көбөйтүү белгиленди. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында ички рыноктогу продукциянын 80%ын өлкө өзү өндүрүүсү керек.
Тышкы рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн республика Бажы союзуна кирген. "Жетиген-Коргас" (Чыгышта), "Өзөн-Түркмөнстан мамлекеттик чек ара" (Батышта) темир жолдору курулууда. Алар Кытай менен Перси булуңуна жол ачмакчы. Башталганы жаткан "Батыш Кытай - Батыш Европа" автожолу товар жеткирүүнүн маңыздуу магистралы болмокчу.
Коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн бир гана мамлекеттик ресурстардын жетишсиз болорун айтып, Н.Назарбаев чет өлкөлүк инвестиция тартуу маселесин да козгоду. Учурда Кытайдан, Түштүк Кореядан, Бириккен араб эмираттарынан, ошондой эле француздук, италиялык, россиялык компаниялардан, бардыгы 20 млрд. доллар көлөмүндө инвестиция тартуу иши макулдашылган. Ал эми Казакстандын өз улуттук фондундагы резервдер менен активдердин көлөмү 50 млрд. доллардан ашкан. Өткөн
каатчылык мезгилдеринде фонддон алынып жумшалган каржы калыбына келтирилген.
Н.Назарбаев ишкердик жана ишкерлер - экономикага жан берүүчү зор күч деп эсептейт. Президент Кайрылууда аймактарда
ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн быйылтан баштап бирдиктүү бюджеттик программаны киргизүүгө Өкмөткө тапшырма берди. Ал "Бизнестин жол картасы - 2020" деп аталат.
Стратегиялык планды аткаруунун базалык шарты иретинде бизнести каттоо жана бизнести жүргүзүүнүн чыгымдары 2011-жылы 20%га, 2015-жылы дагы да 30%га кыскартылууга тийиш. Быйылтан баштап республикалык бюджеттин кепилденген трансферти 8 млрд. доллар көлөмүндө бекитилет. Улуттук фонддон бюджетке кошумча каржылар бөлүнбөйт. Ушундан улам, Улуттук фонддун активдери 2020-жылы 90 млрд. долларга көбөйүүсү күтүлүүдө. Бул өз кезегинде ИДПынын 30%дан кем эмес көлөмүн курайт.
"Адам - элибиздин башкы байлыгы. Өлкөнү модернизациялоо стратегиясын ишке ашыруунун ийгиликтүү болушу казакстандыктардын ден соолугуна, социалдык жагдайына, маанайына байланыштуу, - деди Н.Назарбаев Кайрылуусунда.
Президент жаштарга билим жана тарбия берүүнү бала бакчалардан баштап колго алууну, бул максатта Өкмөттүн акимдер менен биргелешип жылдын биринчи жарымында эле "Балапан" атайын программасын даярдап, ишке ашыруусу керектигин сунуштады. Ал эми орто билим берүү системасы 2020-жылга карай он эки жылдык окутуу моделине которулат. Жогору билим берүү эл аралык стандарттарга шайкеш болуп, ЖОЖдор дүйнөнүн жетектөөчү университеттеринин рейтингине кирүүгө умтулушу зарыл. Астана шаарында курулуп жаткан "Жаңы эл аралык университет", "Атайын кор" жана жумуш иштеп жаткан "Интеллектуалдык мектептер" өзгөчө басымдуулукка ээ болмокчу.
Саламаттыкты сактоо жаатында адамдардын сергек жашоо салты жана ар бир адамдын ден соолугуна көп болуп камкордук көрүү медицина тармагындагы мамлекеттик саясатка айланууга тийиш. 2011-жылы Казакстанда өтө турган Азия оюндарын утурлап көптөгөн спорттук комплекстер салынууда. Оюн аяктаган соң алардын карапайым калкка тийгизер пайдасы мол. "Казакстандыктардын 30%ы массалык спортко тартылышы керек. Ошондо гана прогресс болот. Муну ишке ашыруу Өкмөттүн да милдети", - деди мамлекет башчысы.
Мамлекеттик комплекстик иш-чаралардын аркасында 2020-жылга карата эне менен бала өлүмү эки эсеге, жалпы өлүм 30%га, ал эми кургак учук менен ооруу 20%га кыскарышы зарыл. Адамдын орточо жашоо курагы 72 жашка жетиш керек. "Бул цифралардын көлөкөсүндө сактап калынган миңдеген жарандарыбыздын өмүрү турат. Бул - өтө маңыздуу максат. Ага биз милдеттүү түрдө жетишибиз керек!", - деп айтты Н.Назарбаев.
Казакстандыктардын жашоо-турмушунун сапатын көтөрүү алдыдагы он жылдыктын олуттуу максаты болмокчу. Мамлекет элдин санын 2020-жылы 10%га көбөйтүүгө бардык шарттарды түзүп берет. 2020-жылы жумушсуздардын саны 5%дан, төмөнкү чектеги кирешеси бар адамдардын саны 8%дан ашпашы керек.
1-январдан баштап Казакстанда пенсиялар 25%га өстү, эми 1-июлдан тартып студенттердин стипендиялары жана апрелден баштап бюджеттегилердин маянасы 25%га жогорулайт.
Жеңиштин 65 жылдык урматына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 65 миң теңгеден бир жолку жардам берилет.
Кайрылууда Президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатына талдоо жасап, аткарылуучу иштерди белгиледи. "Ички саясый туруктуулук - 2020 Стратегиялык планын жүзөгө ашыруунун ишенимдүү пайдубалы", - деди Н.Назарбаев. Ал эми тышкы саясатта ЕККУга төрагалык Казакстанга чоң жоопкерчиликти жүктөп отурат. Казакстандын төрагалыгы "Ишеним. Салттуулук. Ачык-айкындуулук. Толеранттуулук" ураандары менен өтмөкчү. Быйыл Астанада ЕККУ саммитин өткөрүп, бир катар эл аралык проблемаларды чечүүнү пландаштырууда.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"