02.02.10
  Ата-Журт алкагында


Бала бакчада билимдүүлөр аз

Бишкек шаарындагы балдар бакчасындагы тарбиячы эжейлердин 40 пайызында гана педагогикалык билим бар. Бул тууралуу шаар мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Г. Кудайбердиева маалымдады. Анын айтымында 1991-жылдары шаар боюнча 200 дөн ашуун балдар бакчасы иштесе, бул көрсөткүч кийин 1,5 эсеге азайган. Балдар бакчаларындагы иш режимин бир тартипке келтирүү багытында 12 сааттык иштөө графиги киргизилди. Аны менен катар тарбиячылардын да билимин өркүндөтүү улантылууда.

Дарыгерлерге нааразылык

"Кыргызстанда медицина кызматкерлерине карата арыздануучулардын саны көбөйдү"- деп маалымдайт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. 2008-жылы 1 174 арыз келип түшкөн. "Бул медицина мекемелериндеги коррупцияга каршы күрөштүн жеткиликтүү аткарылбай жатканынан" - деп белгилейт аталган министрлик.

Бардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат


Мындай маалыматты КРнын транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов айтты. Электрондук өкмөт түзүү боюнча мындан 15 жыл мурда эле тиешелүү пландар түзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Ошондуктан, КРнын Өкмөтү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына республикадагы ар бир айыл өкмөтүн Интернет байланышына туташтыруу боюнча тапшырма койгон.
"Бүгүнкү күндө "Ар бир айыл өкмөтүнө Интернет" деген Программа иштелип чыкты. Анын алкагында республикадагы бардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат. Учурда өлкөбүздө 459 айыл өкмөтү бар. Биз азыр бул тапшырманы аткаруу үчүн 600 компьютер сатып алууну чечтик. Анткени, ар бир айыл өкмөтүндө Интернет болбосо, анда биз электрондук өкмөттү түзө албайбыз. Ошондуктан алгачкы аракеттер айыл, райондордун чегинде ишке ашырылып, андан ары республикалык деңгээлге көтөрүлөбүз",-деди Н.Сулайманов.


Айтматовдун
ааламын ачууга аракет

Советтик мезгилде көп жылдар бою республикалык Жа-зуучулар союзун жетектеген, философия илиминин доктору Теңдик Аскаровдун ысмы журтчулугубузга кеңири маалым. Ал адабият таануу жана эстетика, адабий көркөм чыгармачылык процессинин философиялык өңүттөрү боюнча 20 китептин, 10 брошюранын, 350дөн ашык макаланын автору.
Белгилүү окумуштуунун жакында "Поиски абсолюта - творческое кредо Чингиза Айтматова" деген дагы бир жаңы монографиясы жарыкка чыкты. Монографияда негизги басым улуу жазуучубуздун көркөм мурастарынын жетишерлик изилденбеген жактарына жасалган.
Автор убагында Чыңгыз Айтматовду Лениндик сыйлыкка көрсөтүүгө КРУИАнын философия жана укук институту демилгечи болгондугун, ал ишке өзү да катышкандыгын айтып, улуу жазуучунун "Тоолор кулагандагыга" чейинки кийинки чыгармаларына кеңири анализ жасаган.


...Тажикстандан 3 сом 50 тыйындан алып, элге 1 сом 50 тыйындан сатылууда

Кыргызстан Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын элин жана ишкана-мекемелерин электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кошуна Тажикстандан 1 киловатын 3 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра элге 1 сом 50 тыйындан сатат. Мындай маалыматты Баткен облусунун губернатору Айтибай Тагаев Лейлек районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты.
"Лейлек району менен Сүлүктү шаарында жашагандар электр энергиясынан кыйналып жатышат. Бүгүнкү күндө биз бул аймакка электр энергиясын коңшу Тажикстандан 3сом 50 тыйындан алып жатабыз. Ал эми элге 1 сом 50 тыйындан берип, ортодогу айырманы мамлекет өз эсебинен төлөп жатат.
Бул убактылуу гана көрүнүш. Себеби, Ислам Өнүгүү Банкы тарабынан 11,7 млн. долларга Айгүл-Таш-Самат жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушун каржылоо боюнча келишимге кол коюлган. Быйыл бул иштер башталуу алдында турат. Ошондой эле жакынкы күндөрдө КРнын Президентинин алдындагы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча агенттиги тарабынан Кемин-Датка электр линия долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасы менен келишимге кол коюлду",-деп айтты облус башчысы.

Кыргызстандын
азык-түлүктөрү Европа базарына коюлат

Кыргызстан Европа рыногуна азык-түлүктүн төрт түрүн алып чыгууну көздөөдө. Кыргызстан жакында Берлиндеги "Жашыл жумалык-2010" жарманкесине катышып келди. Ал жактан өздөрүнүн тийиштүү товарларын коюуга укук алды. Ал жерге республикадан чыгарылган азык-түлүктөрдүн үлгүлөрү коюлган. Көргөзмөгө келгендер алардын даамын да татып көрүшүп жогору баалашты.
Европалык компаниялар кургак жемиштерге, суусундуктарга, жергиликтүү балыкка жана коньякка өзгөчө кызыкты. "Бизде эми Европанын базарына чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду", - деди айыл чарба министри И.Айдаралиев.




Аалам алкагында
"Аватардон" кийин кайсы дүйнө?

Режиссер Джеймс Камерондун "Аватар" тасмасы көпчүлүк көрүүчүлөргө тескери реакция берип жатканын интернет пайдалануучулар айтып чыгышты. Мисалы, Түндүк Американын белгилүү сайтынын ээси "Аватар" тасмасы аны бактылуу сезимдерге бөлөгөнүн айткан. Ошол эле учурда тасманын дагы бир фанаты бул фильмди көргөндөн кийин өзүн өзү өлтүргүсү келген. "Фантастикалык тасмада көрсөтүлгөн Пандора планетасы реалдуу эмес. Эгер өлсөм жаным ошол планетага түшүп калат деп ишенем",- дейт ал.

Кылмышкер бала

"Аризонада 10 жаштагы бала эки адамды өлтүргөндүгү үчүн сот жообуна тартылышы ыктымал" деп билдирет, "Новости Америки". Учурда бул тууралуу юридикалык тараптарда кызуу талаш-тартыш азырга чейин уланып келет. Судья балага түрмө жазасын белгилесе, актоочулар баланын жашы жете электигин айтып каршы чыгышууда. Кичинекей кылмышкер атасын жана анын досун өлтүргөндө 8 жашта эле. Бул окуя 2008-жылы болгон.

АКШнын он атуулу камакка алынды

Гаитинин Улуттук полициясы АКШнын он атуулун кошуна Доминикан республикасынан 30га жакын баланы мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүгө аракет жасагандыгы үчүн камакка алынгандыгын билдирди. Гаитинин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эгер алар өз мекенине чыгарылган болсо, АКШ соту тарабынан сот жообуна тартыла тургандыгын да кошумчалады.
Колго түшкөн америкалыктар Гаитиге 12-январда болгон катуу жер титирөөдө ата-энеси каза болгон балдарга жардам берүүчү топтун катарында келген. Гаити бийлик өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, АКШ атуулдарында балдарды чыгарып кетүүгө уруксат берген документи болгон эмес.

Кылмыштуу топ 13 мектеп окуучусун атып кетти

31-январь күнү Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында мектеп окуучулары уюштурган кечеде 13 бала окко учуп, сегизи оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Белгисиз бирөөлөр автомашиналар менен келип, кечеде отурган балдарды атып кетишкен.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, бул криминалдык топтун өч алышы. 2009-жылдын башында шаарда массалык түрдө адамдарды өлтүрүү болгон, бул кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жаткан бир кыз, ошол кечеде отурган. Аны жок кылуу максатында жасалган иш катары бааланууда.
АКШга чектеш жайгашкан бул шаар дүйнө боюнча эң криминалдуу шаарлардын бири болуп саналат.

Дүйнө калкынын
3 миллиарддан ашыгы шаар тургундары

Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 3 миллиарддан ашыгы шаар тургундары болуп саналат. Ушундан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аларды шаардын саламаттыгын чыңдоо кыймылына катышууга чакырууда.
Алдын ала божомолдорго караганда 2030-жылга карата он адамдын алтысы шаарда жашаса, ал эми 2050-жылы ондун жетиси шаар тургуну болот.
Быйылкы жылы 7-апрелде белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү адамдын абалына урбанизациянын тийгизген таасирине арналмакчы.


Уго Чавес энергокризистен чыгуу жолун таптыбы?

Венесуэла президенти Уго Чавес улуттук энергетикалык долбоорлор фондун түздү. Ал өлкөнү энергокризистен алып чыгууга багытталат. Фонддун жалпы капиталы 1 миллиард АКШ долларын түзөт. Долбоор 109 программаны каржылайт. Анын 59у электрэнергия иштеп чыгуу, бөлүштүрүү багытында иштесе, калган 50сү техникалык көзөмөл жүргүзөт.
Венесуэлада энергокризис 2009-жылдын күз айларында башталган. Биринчи кезекте ал былтыркы жылдын кургакчылыгына байланыштуу. Кризистен чыгуу максатында Венесуэла өкмөтү ири коммерциялык объект-терде электрэнергия берүүнү кыскартып, Каракас шаарында чектөө киргизген. Бирок, мындай кадам эч кандай жыйынтык бербегенден соң, чектөөлөр алынып салынган. Венесуэладагы "Гури" гидростанциясы дүйнөдөгү эң ири станциялардын бири болуп саналат.


АКШ менен Кытай тирешүүдө

Өткөн аптанын аягында АКШ администрациясы Тайванга жалпы көлөмү 6,4 миллиард долларлык куралдарды сата тургандыгын конгресске билдирген. Буга Кытай тараптан тез эле жооп кайтарылып, АКШ менен аскердик кызматташтык токтотулду. Бир катар серепчилер бул аракеттер Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы тирештин башталышы гана деп аташууда.
Көптөгөн фактылар жакынкы убакта АКШ менен Кытайдын мамилеси жакшырбай тургандыгынан кабар берет.
Өткөн аптада АКШ мамкатчысы Хиларри Клинтон Иранга каршы жаңы санкцияны киргизүүнү колдобосо, Кытай саясый жана экономикалык изоля-цияда каларын билдирген. Буга жооп катары эртеси күнү эле Пекин Тайванга курал жеткире турган компанияларга карата санкция киргизген.