25.01.10 -
  Конституциялык сотто

Долбоор жактырылды, сунуштар такталды
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2010-жылдын 21-январындагы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун карады.

Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Президен-
ти К.С.Бакиев тарабынан мыйзам чыгаруучу демилге тартибинде 2009-жылдын 14-декабрында киргизилген.
Конституциялык сот "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) жалпысынан жана анын ар бир жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген конституциялык түзүлүштүн негиз салуучу принциптерин коргоо багытында карап чыкты.
Конституциянын 98-беренесинин 2-пунктуна ылайык Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үч субъектинин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүдөй эки шарт сакталганда карашы мүмкүн: 1) өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Үчүнчү главасынан Сегизинчи главасына чейинки жоболорго тийиштүү болушу керек; 2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун берген оң корутундусу болушу керек.
Сунуш кылынган өзгөртүүлөр Конституциянын Үчүнчү, Төртүнчү жана Бешинчи главаларына тийиштүү, ошондуктан КРнын Жогорку Кеңеши КРнын Конституциялык сотунун оң корутундусу болгон учурда аны кароого укуктуу.
Мыйзамдын долбоорунда Президенттин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын жана Өкмөттүн түзүмүн жана курамын уюштурууну жөнгө салууга багытталган өзгөртүүлөр камтылган.
Мыйзамдын долбоорунун демилгечиси Президенттин ыйгарым укуктарынан мамлекеттик катчыны дайындоо, анын статусун жана ыйгарым укуктарын аныктоо, Президенттин Администрациясын түзүү, Коопсуздук кеңешин түзүү, Улуттук гвардияны түзүү ыйгарым укуктарын алып салууну сунуштайт.
Конституциянын 46-беренесинин 1-пунктунун 6 жана 7-пунктчаларында алынып салынган ыйгарым укуктардын ордуна Президентке Президенттик кеңешмени, башка кеңешүү жана координациялоо органдарын түзүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү, ал эми ушул эле берененин 1-пунктунун 8-пунктчасында Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жана кайра түзүү ыйгарым укуктарын берүү сунуш кылынат.
Ошондой эле Конституциянын 46-беренесинин 10-пунктунун тексти оңдолуп, Президенттин ыйгарым укуктарына коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер маселелери боюнча иш алып баруучу мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик жүргүзүү, алардын жетекчилерин, орун басарларын дайындоо жана бошотуу укуктарын киргизүү сунушталат. Бул учурда коргоо жана ички иштер маселеси боюнча иш жүргүзүүчү органдардын жоболорун бекитүүнү Премьер-министрдин сунушу
боюнча ишке ашыруу сунуш кылынат.
Конституциянын 46-беренесине жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Конституциянын Биринчи главасында жана 42-беренесинде белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин статусун сактап калат. Бул функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекет башчысына анын компетенциясына тийиштүү болгон конкреттүү укуктары менен милдеттеринен турган ыйгарым укуктары берилет. Бирок, Конституцияда мамлекет башчысынын функцияларын толук көлөмдө ыйгарым укуктар менен конкреттештирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, мамлекет башчысынын өз алдынча чечимдерди кабыл алуусу жана тиешелүү кырдаалдарда аракеттенүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр калышы керек, башкача айтканда, анын ар бир ыйгарым укугу анын функцияларынан келип чыгышы керек жана турмуштук белгисиз кырдаалдарда аракеттенүүгө жана өз таасирин көрсөтүүгө Конституциянын тамгасы менен рухунан келип чыккан укук берилүүсү тийиш.
Мамлекеттин ички жана тышкы саясаттарынын негизги багыттарын аныктоо, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрүү, өкүлчүлүк функциялары менен байланышкан Президенттин функциялары өтө татаал жана жооптуу. Президент Конституцияда белгиленген жана ага бул функцияларды толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берген өз ыйгарым укуктарынын чегинде арекеттенүүсү керек. Ошондуктан, коргоо, коопсуздук, тышкы жана ички иштер маселелери боюнча иш алып баруучу мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик кылууну Президентке жүктөөнү туура деп сот эсептейт. Ушул эле контекстте сот Конституциянын 69-беренесинде сунушталып, анын 2-пунктундагы "улуттук коопсуздук" жана "тышкы иштер" деген сөздөрдүн алып салынышы мүмкүн деп эсептейт.
Конституциянын 46-беренесинин 10-пунктунда сунушталган коргоо жана ички иштер боюнча иш алып баруучу органдар тууралуу жоболорду бекитүү Премьер-министрдин сунушу боюнча бекитиле тургандыгы жөнүндө тактоолор да туура көрсөтүлгөн деп сот эсептейт, анткени бул министрликтер аткаруу бийлигинин органдары болуп саналат жана Өкмөттүн түзүмүнө кирет.
Конституциянын 46, 58-беренелеринен "класстык чендер" жана "класстык чендерди" деген сөздөрдү ылайыктуулугуна жараша алып салууга да соттун каршылыгы жок. Анткени, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди белгилөө жана берүү маселелери кызматка киргенден кийинки ишмердүүлүгү менен байланыштуу, ал эми конституциялык ченемдер аркылуу аларды жөнгө салуудан баш тартуу Конституциянын Экинчи главасында кепилдикке алынган адамдардын жана жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын, атап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алууда жарандардын тең укуктарын кемсинтүүгө алып келбейт.
Президенттин милдетин ким аткарат?
КРнын Конституциясынын Үчүнчү главасында Мыйзамдын долбоору Конституциянын 52-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылат, анда Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүн болбогон учурда жаңы Президентти шайлоого чейин анын ыйгарым укуктарын Президенттик кеңешме тарабынан аныкталган адам аткара тургандыгы көрсөтүлгөн.
Бул маселени талкуулоодо Конституциялык сот Конституциянын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган Мыйзам долбооруна ылайык түзүлгөн Президенттик кеңешме өзүнүн статусу боюнча кеңешүү органы болуп саналат, анын чечими сунуштама мүнөзүндө болорун жана аны Президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болоорун көңүлгө алып, Президенттик кеңешме Президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган орган боло албайт деген жыйынтыкка келди.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун институту мамлекет башчысынын институтуна юридикалык жактан окшош эмес. Ал мамлекет башчысынын бир катар ыйгарым укуктарына ээ эмес, титулун пайдалана албайт, мамлекеттин саясатынын негиздерин түзө албайт. Анын эң башкы юридикалык мааниси мамлекет башчысынын милдетин татыктуу жана натыйжалуу жүргүзүү, бийликтин улануусун камсыз кылуу жана кайрадан шайланган мамлекет башчысына бийликтин мыйзамдуу өтүүсүнө жардам көрсөтүү болуп эсептелет. Табияты жана арналышы боюнча бул институт күтүлбөгөн жана алдын-ала белгисиз факторлордон улам келип чыккан өзгөчө кырдаалга кирет. Өзүнүн статусуна жана ыйгарым укуктарына карабастан, өзгөчө учурларда жана чектелген убакыттын аралыгында ишке ашырылуучу Президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктары мамлекеттик бийликтин бардык тутумдарынын ырааттуу иштеп турушу үчүн маанилүүлүгү мамлекет башчысынын ордун алмаштыруу процедурасынын так юридикалык механизмин талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын милдетин аткарууну Жогорку Кеңештин Төрагасына, ал эми анын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Премьер-министрге берүү, Президенттин ыйгарым укуктарын, өздөрүнүн тийиштүү ыйгарым укуктарын кошо жүргүзүү менен байланышкан институтун (Конституциянын 52-беренесинин 1-пункту) конституциялык-укуктук жөнгө салуунун азыркы учурдагы жолунда аныкталбаган маселелер бар. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын (же бийликтин аткаруу органынын башчысынын) ыйгарым укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Конституциянын 7-беренесине карама-каршы келет.
Көрсөтүлгөн жагдайларда, Конституциялык сот Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо боюнча колдонулуп жаткан механизмин өркүндөтүүсү талап кылынат, ошону менен бирге мындай адамды аныктоо максатында гана кыска убакыттын ичинде чакырылуучу коллегиалдык орган аркылуу (бирок кеңешүү органы формасында эмес) аныктоо мүмкүнчүлүгүн танбайт жана анын курамында мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлигинин жетекчилери болууга тийиш деп эсептейт.
Бийлик органдары кандай аталат?
Сунушталган Мыйзам долбоорунун Конституциянын Бешинчи главасынын бир катар беренелерин өзгөртүүдөгү борбордук орун 68-берененин 1-пунктун өзгөртүүгө берилген, ал өз кезегинде ушул главанын башка беренелерин өзгөртүүгө зарылдык түзөт. Атап айтканда Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн пунктунда аткаруу бийлигинин органдарынын түрлөрүн (министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка органдар) так санап чыгуунун ордуна "аткаруу бийлигинин органдары" деген жалпылатылган терминди колдонууну сунуш кылат, буга ылайык керектүү өзгөртүүлөр 68-берененин 3-пунктуна, 72, 74-беренелерине киргизилиши керек.
Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процессинин татаалдыгын эске алып, Өкмөттүн курамына жана түзүмүнө кирген аткаруу бийлигинин органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмесинин конкреттүү түрлөрүн Конституция аркылуу аныктоо ар дайым эле актала бербейт. Бул маселе мыйзам менен жөнгө салынышы мүмкүн. Ошондуктан, сот 68-берененин 1-пунктун жана башка жогоруда көрсөтүлгөн Конституциянын беренелерин өзгөртүү Мыйзам долбоорунда баяндалган редакциясында мүмкүн деп эсептейт.
Сот Конституциянын 73-беренесине сунушталган өзгөртүүлөргө дагы макул жана алар Мыйзам долбоору сунуштаган редакцияда төмөнкү негиздерде кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.
Колдонуудагы Конституциянын 73-беренесинин 1-пункту Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет деп белгилеген. Бирок аны логикалык чечмелөөдө Өкмөт берилген ченемде бардык маселелерди чечүүгө, көрсөтүлгөн органдардан башкалардын компетенциясына, анын ичинде сотторго дагы тийиштүү болгон бардык маселелерди чечүүгө укуктуу деп түшүнүүгө мүмкүн, бул болсо Конституциянын 7-беренесинде бекитилген мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибинин талаптарына ылайык келбейт.
Конституциянын азыркы редакциясынын 73-беренесинин 2-пунктунда КРнын өкмөтүнүн компетенциясына тийиштүү болгон маселелердин тизмеси каралган, бирок анда Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат деп аныкталган. Демек, конституциялык ыйгарым укуктардын тизмеси чектелинген эмес. Андан тышкары, кайсы мамлекетте болбосун Өкмөт турмуштун бардык тармагын камтыган мамлекеттик башкаруу ишин кеңири жүзөгө ашырат. Ошондуктан, Конституцияда бул мамлекеттик органдын предметтүү компетенциясын толук бекитүү оорчулукту туудуруп, дайыма жалпы формада белгиленип жана өзүнчө мыйзам менен конкреттештирилет. Ушуга байланыштуу, сот Өкмөттүн ыйгарым укуктарын конституциялык ченемдер аркылуу конкреттештирүү ашыкча деп эсептейт, ошондуктан бул маселе мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт деп аныктаган Конституциянын 2-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык тийиштүү мыйзамдын чегинде чечилиши мүмкүн.
Корутундуда
ток этээри айтылды
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун редакциясы 1-беренесинин 2-пунктунан тышкары өзгөртүлбөй кабыл алса болот. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту ушул корутундунун жүйөөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган сунуштарды эске алуу менен анын редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин гана кабыл алынуусу мүмкүн деген корутунду кабыл алды Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту.
Даярдаган Аскарбек НАСИРДИНОВ