25.01.10 -
  Казак элинде калган мурас

"Аалам аралаган өмүр"
Ата Журтка алынды
Мындан 15 жыл мурда төрөлгөн наристе жашоосун эми гана баштаптыр десек ишенээр белеңиз? Албетте, жок. Бирок, кыргыз киностудиясынын тарыхында мына ушундай деп айтууга боло турган зор окуя болду. Анткени, алар буга чейин жаңыдан тартылып, эч ким көрө элек жаңы кинолордун бет ачарын өткөрүп келишкен болсо, мындан эки-үч күн мурун 15 жыл илгери, тактап айтканда 1994-жылы тартылып бүткөн документалдык фильмдин бет ачар аземин белгилешти.

Бул фильм 1994-жылы ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун 110 жылдыгына карата тартылып, бирок 15 жылга чейин фильмдин теле аркылуу көрөрмандарга бир да жолу сунушталбаганы жана бет ачары болбогонунун себеби, дал ошол 110 жылдык мааракеде Барпы атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү: "Бул фильм биз үчүн абдан керек. Бизге бергиле. Өзүбүз сактап, керек болгондо колдонуп, элге көрсөтүп туралы", - деп сурап алышып, киноплёнкага суу тийгизип жарактан чыгарып алышкан экен. "Аны ошол замат калыбына келтирип, башкача айтканда Алматыга барып, фильмдин түп нускасын алып келүү, биз үчүн абдан кымбатка турган. Мүмкүнчүлүгүбүз да болгон эмес. Анүстүнө ошол маалда кино пленкалардын баасы да өсүп кеткен эле", - дейт "Аалам аралаган өмүрдү" тарткан режиссёр Тилек Мураталиев.
Анын айтуусу боюнча документалдык фильм 1994-жылы түстүү киноплёнкага тартылып, бирок аны Кыргызстанда чыгаруу мүмкүн болбогондуктан, "Казакфильм" киностудиясына барып жуудуруп келүүгө туура келген. Ошондо мааракеге карата жетишип калуу үчүн кинонун бир нускасын чыгарып, түп нуска Алматыда кала берген.
- Биз башка өлкөдө калып кеткен бай мурасыбызды өзүбүзгө кайтарып алдык. Биринчиден, ушунча жылдан бери жоготпой сактап келген боордош казак туугандарыбызга ырахмат айтышыбыз керек. Муну өзүбүзгө алып келүү үчүн 2 жылга жакын убакыт кетти. Ошондой эле, баш-аягы 30 миң сомдой каражат жумшадык. Албетте, алар мындан да көп суммадагы акчаны сурашса деле жарашмак. Бирок, казак-кыргыз бир тууган эл эмеспи. Экинчи жагынан, кесиптеш болгондуктан, ар тараптуу тыгыз байланыштарыбыздын негизинде ал жактан бул жакка алып келүүбүз арзанга түштү десем болот, - дейт Кыргызкино департаментинин директору Абибилла Пазылов.
Ал эми кинонун мазмунуна токтоло турган болсок, негизинен акын Барпы Алыкуловдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу. Сценарийди режиссёр Тилек Мураталиев менен жазуучу Кубатбек Жусубалиев жазган. Кинону тартууда Барпыны эң жакшы билген адабиятчы Кадыркул Даутовдун да эмгеги өтө зор экенин белгилеп коюу зарыл. Анткени, баштан-аяк өзүнүн билгенин билгендей айтып, кеңешин аяган эмес экен.
Эми түп нускасы менен кошо көчүрүлүп келген фильм дисктерге чыгарылып жалпы коомчулукка, ошондой эле Барпы айылындагыларга да көрсөтүлмөкчү.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




  Эл ичи - өнөр кенчи

Барпынын үнү оболоп...
Абдылла Эрмекбаев Өзгөндүн Мырза-Арык айылынан. Жаш кезинен ырга ышкыбоз өскөн. Дары чөптөр менен да шугулданган жайы бар. 20 жылдан ашык электр тармагында иштесе дагы, баары бир ыр дүйнөсүнө ооп кетти. Адегенде жазып жүрдү, бара-бара ырдаганы элге көрүнө калып, "жакшы сөз жан эритет" дегендей болуп ошол бойдон ачыкка ырдап чыгып кетти. Анын ырлары көбүнчө элдик оозеки адабияттын үлгүсүнө жакын. Ал ырдап жатканда (сөз табияты, албетте, башка)Барпынын үнү оболоп тургандай угулат. Биринчи күндөрү ал жаттап ырдаса, кийин өзүнөн өзү төгүп ырдачу болду. Ошентип түштүк элине таандык комуз коштобогон Барпы акындын обонуна салып кыйла эле ырдап жүрөт. "Эл ичи - өнөр кенчи" деген сөз бар эмеспи. Редакциянын босогосун аттап келген Абдылла аганын айрым ырларын кыскартылган түрүндө окурмандарга сунуш кылууну туура таптык.

Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата төмөнкүдөй саптары бар экен:
Чыңгыздын жазган китеби,
Чет элдерге таркады.
Дүнүйө таанып кыргызды,
Киного дагы тартты аны.
Тарыхта калар сыр болду,
Абдыллада ыр болду.
Бүгүнкүдөй жыйында,
Президент өзү баш болуп,
Чет элден келип меймандар,
Белгилешип турушат.
Акындар келип ыр ырдап,
Чоң концертти курушат.
Сексен жылдык маараке,
Чыңгыздын жылы болду деп,
Атагы кетти дүйнөгө.
Ак калпак кыргыз элим бар,
Ала-Тоо бийик жерим бар.
Эгемендүү жашоонун,
Баркына жете жүрөлү,
Бактылуу өмүр сүрөлү.
"Ар кимдин өз туулган жери мисир" деп айтылат эмеспи. Абдылла аганын "Өзгөнүм" аттуу көлөмдүү ырынан төмөнкү саптар:
Эл ортосу Өзгөнүм,
Жер ортосу Өзгөнүм.
Жол ортосу Өзгөнүм,
Суунун башы Өзгөнүм.
Мунарасы даңаза,
Тарыхта бар Өзгөнүм.
Кылымдарды карытып,
Нечендер өткөн Өзгөнүм.
Алла-Таала жол берген,
Кызыр ата кол берген,
Олуядай керемет,
Аалымдар өткөн Өзгөнүм.
Муса бийдей атактуу,
Сынчылар өткөн Өзгөнүм.
Курандан айткан кырааттап,
Эшендер өткөн Өзгөнүм.
Кыргыз элге таанымал,
Акындар өткөн Өзгөнүм.
Эл-жеримди коргогон,
Баатырлар өткөн Өзгөнүм.
Тарыхта бар Жибек Жол,
Кайрадан жаңы башташты.
Жолоочулар өтүүгө,
Асфальт төшөп ташташты.
Өзгөнүмдүн күрүчү,
Бүт дүйнөгө таанымал.
Жер-жемиш менен кен-байлык,
Не кааласаң баары бар.

Мен жазган ырдын сыры бар,
Аккан суудай сыны бар.
Обону жок ырдасам,
Маанисини билип ал.
Эсендешип ырдаган,
Акындардын салты экен.
Комузу жок ырдаган,
Түштүктөн чыккан Барпы экен.
Тамаша кылган элдерди,
Таң калтырып ырдаган,
Тайирбекти айтамын.
Кудайым ырды бергенде,
Куп келтирип жазамын.
Ушундай менин казалым.

Ыр булагы Апшыр дейт,
Ырды берген таксыр дейт.
Ыклас менен ыр жазсам,
Апшыр жакка баскын дейт.
Апшырдын түбүн изилдеп,
Жете албады канча адам.
Ыр булагы бизде экен,
Ыр жазам деп изденем.
Колумда жок комузум,
Сахнада ырдап турамын,
Барпынын жолун жолдодум,
Барпынын өзү колдосун.
Жазып алган
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"