25.01.10 -
  Билим берүү

Жакында тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Ө.Осмоновду жамы журтубуз белгилүү окумуштуу, тарыхчы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер катары жакшы билишет. Ал тарых боюнча 30дан ашуун илимий монографиялардын жана окуу китептеринин автору.

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Өскөн Осмонов:
Ынтымакты чыңдап, жамаатты ишке багыттайм
- Өскөн Жусупбекович, ректорлук кызматка дайындалышыңыз менен куттуктайбыз. Биз билгенден акыркы жылдарда университеттин жамаатынын арасында ырк кетип, араздашып жүрүшкөндөй болду эле. Жамаат сизди кандай кабыл алды?
- Ыракмат. Мамлекеттин жетекчилигинин ишеним көрсөтүп, 15-январда Премьер-министр Данияр Үсөновдун буйругу менен Ысык-Көл мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалдым. Билим берүү жана илим министринин орун басары Б.Кубаев окуу жайдын жамааты менен тааныштырды. Эмгек жамааты бизди жакшы кабыл алды десек жаңылышпайм. Себеби, бул университетте мурда тарых факультетинин чакыруусу менен барып атайын курстарды окуп жүргөм. Мамлекеттик экзамендерге төрага катары катышып, эмгек жамааты менен байланышым бар болчу. Ошондой эле бул окуу жайда 10го жакын аспирант-изденүүчүм бар. Алардын экөө кандидаттык диссертацияларын коргогон. Ушул жагынан да жамаат мени билет эле. Андан тышкары Кыргызстандын тарыхы жогорку окуу жайлары үчүн негизги окутула турган сабак болуп калгандан кийин Кыргызстандын тарыхы боюнча жазган окуу китептерим Ысык-Көлдөгү мектептерге жана университеттин китепканаларына кеңири тараган. Ушул жаатта да жамааттын мени билгендиги абдан ыраазы кылды. Жакшы кол чабуулар менен эмгек жамааты тосуп алып, ак батасын беришти.
- Министрдин орун басары сизди тааныштырып эле кетип калдыбы же ЖОЖго байланыштуу маселелерди да айттыбы? Жамаат ичинде ынтымакты чыңдоо тууралуу сөз болдубу?
- Мени тааныштыргандын эртеси Борис Кубаев атайы жарым саат окуу жайдын жамаатынын алдында жогорку окуу жайлардын келечеги, абалы жана милдеттери жөнүндө баяндама жасады. Мына ушул баяндамасында ал жогорку окуу жайлардын азыркы мезгилине токтолуп, негизинен эгемендик жылдарында окуу жайлардын саны, аларда окуган студенттердин саны гана өскөнүн белгиледи. Эми санды кыскартып сапатка өтүү максаты турганын өзгөчө белгиледи. Ошол эле кезде жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу жөнүндө айтты. Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны 50гө чейин жеткен. Министрликке жаңы жетекчилик келгени Президенттин тапшырмасы менен же атап айтканда мамлекет башчыбыздын билим берүү тармагын реформалоонун концепциясынан кийин өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында реформалоо башталып, ЖОЖдун саны 50дөн 38ге чейин кыскарган. Министрдин орун басары мындай кыскартуу иши мындан ары да жүргүзүлө тургандыгын, Кыргызстанга 12-15 гана жогорку окуу жайы керек экендигин баса белгиледи. Негизгиси ЖОЖдун санын кыскартып, билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселеси турат.
Азыркы мезгилде жогорку окуу жайларында окуу китептери жана окуу куралдары жетишсиз болуп жатат. Мына ошондуктан Б.Кубаев окуу жайларында электрондук китепканаларды түзүү жөнүндөгү маселеге токтолду. Министрликтин демилгеси менен биринчи кезекте жалпы билим берүүчү сабактарды электрондук окуу китептерине которуу керектигин айтты. Мисал катарында улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн Кыргызстандын тарыхы боюнча видеолекциялар пайда болуп жаткандыгын белгилеп кетти. (Ушул жерден ачык айта кете турган нерсе видеолекцияларды түзүү идеясы Б.Кубаевдики, лектору Ө.Осмонов. Кыргыз жана орус тилдериндеги видеолекцияларда Кыргызстандын байыркы таш доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы элестүү камтылган Б.М.). Мына ушуга байланыштуу электрондук китепкананы түзүүгө жаңы дайындалган ректор кызыкдар экендигин баса көрсөттү. Жакында видеолекциялардын бетачарын Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрмөй болдук. Андан соң жалпы Кыргызстанга тарайт.
Жамаат ичиндеги ынтымак тууралуу айтсам, ырасында эле кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп, эмгек жамаатында бири-бири менен тирешүү абалы түзүлүп, басма сөз беттерине да чыгып кеткен экен. Кыргызда кеп бар да, "Ынтымак болбосо, ырыскы качат" деген. Ошондуктан биринчи кезекте өз ара түшүнбөстүктү жоюп, эмгек жамаатын ишке багыттоону башкы максат катары коюп жатам. Негизги иш болсо - заманбап жогорку кесипкөй адистерди даярдоо. Эң биринчи кезекте район, облус үчүн керектүү адистерди талапка ылайык жогорку деңгээлде даярдоо үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"