25.01.10 - Нускоочу
Өлкөбүздүн кайсы гана булуң-бурчуна барбайлы, "Исак Бек-боев" деген ысымды укпаган-билбеген окуучуну да, мугалимди да кездештире албайcыз. Анткени бул адам - балага да, улууга да бирдей кызмат кылган, кыргыз улуту үчүн, анын билимдүү, илимдүү улут болуусу үчүн бүткүл өмүрүн арнап келаткан улуу инсан!

Билим берүү болобу, илим болобу, дегинкиси өндүрүштүн кайсы гана тармагы болбосун, анын топ жарган, жетектеген, негизги багыттарын аныктаган, андан жалпы элдик абройго чейин өсүп жеткен адамдары болот. Республикабызда педагогика илими, анын ичинде дидактика, мектептин улуттук окуу китептерин түзүүнүн теориясы менен практикасы, педагогикалык кадрларды даярдоо, аларды тарбиялоо, анан да математиканы орто мектепте окутуу усулчулугу жаатында алганда профессор Исак Бекбоев улуу окумуштуу да, улуу инсан да.
Ушул мааниде салыштырып айтсак, И.Бекбоев - кыргыз адабиятынын Алыкулу менен Чыңгызындай, кыргыз медицинасынын Иса Ахунбаевиндей, сүрөт өнөрүнүн Гапар Айтиевиндей, скульптурасынын Тургунбай Садыковундай, музыкасынын Абдылас Малдыбаеви менен Калый Молдобасановундай, аскердик ишинин Калыйнур Үсөнбекову менен Дайыр Асановундай, спортунун Каныбек Осмоналиеви менен Сатымкул Жуманазаровундай кыргыз кыйырын кыйлага чоюуга салым кошкон инсан.
Анткени ал улуттук педагогика илимине, айрыкча, өткөн кылымдын 70-жылдарынан берки анын өнүгүшүнө, бүгүнкү күндөгү ийгиликтеринин жаралышына өзүнүн кайталангыс жекече салымын кошту. И. Бекбоев жалгыз эле Кыргызстанда эмес, Орто Азия менен Казакстандагы белгилүү дидакттик катары өстү, мурдагы СССРдин белгилүү дидакттиктери менен идеялаш болуп, үзөнгүлөш иштеши анын далили.
Башканы коюп, бир эле нерсени айталы: учурда Казакстандын белсемдүү окумуштуу-усулчулары менен бирге иштешип, математика боюнча орто мектептин окуу китептерин бирге жазышып, алар мектепте туруктуу окулуп жатышы, ошондон улам кыргыз-казак бирдиктүү билим берүү айдыңын түзүшүп отурушу - анын эмгегинин өз өлкөсүнүн чегинен чыгып, кеңири аймакка тарап жатышынын далили.
И. Бекбоев - улуттук деңгээлдеги патриоттук духу күчтүү инсан. СССР кезинде ар бир улуттун өзүнө тиешелүү символдору болору сыңары эле, ар бир улуттук мамлекеттин улуттук мазмундагы окуу китептери болуш керектигин кабыргасынан коюп, "улутчул" деген коркунучтуу ярлыктан коркпостон, кыргыз мектептеринин 1-11-класстарынын өз алдынчалуу "кыргыз математикасын" жазууга киришкен. Ал оюн ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Мунун өзү анын илимпоз-педагог катары топ жарган көрөгөчтүгү гана эмес, инсан катары эркинин күчтүүлүгү. Ар дайым дили, жүрөгү таза адам гана өзү иштеген тармакта ийгиликтерге жетишет, адамдар менен да таза мамиледе болот жана адамдар арасында таза инсандык үлгүсүн жаратат. И. Бекбоев дал ошондой адам. Ал ар кандай талылуу маселе болобу, айткан сөзү таза, таасирдүү, ичинде эч кимге кири жок, улуу-кичүүгө бирдей, эч кимдин улутуна да карабастан камкор, жардам-кеңешин аябаган жаркын инсан, ар кандай татаал же жөнөкөй маселе болсо да, аны чечүүдө өзүнүн нукура окумуштуулук көз карашы бар акылман илимпоз. Илимдин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү, Мамлекеттик сыйлыктын ээси, анан Эл мугалими. Илимпоз өзүнө жүктөлгөн ишенимди актап, өзү жарым кылымдан бери иштеп келаткан Кыргыз билим берүү академиясынын аброюн кошо көтөрүп келатат.
И. Бекбоевди азыр кыргыз педагогикасынын "Бакай атасы" деп жалпы журтубуз кадырлайт. Ал чынында бүтүн кыргыз "Мугалимдеринин мугалими" деген сыймыктуу атка да эгедер инсан. Мындай элдик атак-наамдарга ал сөздүн чын маанисинде татыктуу.
Өткөн жылы агай тууралуу "Исак Бекбоев - мугалимдердин мугалими" аттуу китеп чыгарган элек. Анда агай тууралуу белгилүү кыргыз окумуштууларынын, шакирттеринин айткан баалуу ойлорун, анын илимпоз-педагог катары портреттерин, ал тууралуу жазылган очерктерди, арноо ырларды, учурдагы педагогикалык маанилүү проблемалар тууралуу журналисттер менен жасаган маектерин чогултканбыз. Ал китеп агай тууралуу билгиси келгендер үчүн баалуу материал болгондугу талашсыз.
Ал эми, мына жакында агайдын 80 жылдык мааракесине карата "Кыргыз педагогикасы - кыргыз улутунун жүзү" аттуу көлөмдүү китепти түзүп чыгарып отурабыз. Китептин ушундай аталышынын да жөнү бар экенин байкоо кыйынга турбайт. Ичин барактап көз жүгүртүп, мазмунуна үңүлүп көргөн адам китептин жаны болуп турган төмөндөгүдөй багыттардагы баалуу материалдарды, атап айтканда: республикада педагогика илиминин түптөлүп өнүгүп-өсүшү, жалпы педагогиканын маселелери, ЖОЖдордо билим-тарбия берүү, мектептеги таалим-тарбия берүүнүн жалпы маселелери, мугалимдердин билимин жогорулатуу проблемалары, мектепти башкаруу маселелери, мектеп окуу китептерин түзүүнүн жана аны өркүндөтүүнүн теориясы менен практикасы, ошондой эле, математиканы окутуунун усулу
боюнча илимий-усулдук, педагогикалык багыттагы баалуу макалаларды табат.
Анткени бул макалалардын идеялык өзөгү - СССР кезиндеги биздин улуттук мамлекет катары жетилип, өнүгүп-өсүш этаптары менен өзөктөш, анын билимдүү улут катары жетилген мезгили менен да мазмундаш; аларды жараткан авторунун жан дүйнөсү мектеп менен жогорку окуу жайларында билимдүү улуттук кадрларды даярдоо процесси менен таламдаш, улутубуздун келечектеги өсүп-өнүгүшү менен максатташ болгондугу - демек, биздин улуттук педагогикабыз улутубуздун анык жүзү болгондугун айгинелеп турат десек жаңылбаспыз.
Китептин ички мазмунуна көз жүгүртүп, үңүлүп карап чыккан ар бир адам Исак Бекбоевичтин эмне менен дем алып, эмне менен азыктанып, анан элине эмне бергенин баамдап-байкап билет деген ойдомун. Китептин көлөмү эмес, ичиндеги макалалардын жогоруда айткан бай мазмуну, андагы ойлордун масштабдуулугу баарыбызды ойлонтпой койбойт.
Китеп - профессор И.Бекбоевдин педагогикалык-усулдук көз караштарын өз алдынча изилдейм дегендер үчүн табылгыс эмгек. Анткени, ал биз урматтаган бул окумуштуунун бүткүл жана ар тараптуу ишмердүүлүгүн өзүнө камтып турат.
Китеп, анын аннотациясында айтылып тургандай, кыргыз педагогикасы илиминин тарыхына, теориясына кызыккан бардык эле педагог-окумуштууларга, аспирант-изденүүчүлөргө, окуу китептердин авторлоруна, ЖОЖдордун окутуучуларына, усулчуларга, мектеп мугалимдерине, билим берүү органдарынын кызматкерлерине түздөн-түз арналат.
Аталган эки китеп республикабыздын жалпы эле педагогика жамаатында эмгектенген адамдарга, окумуштууларга, педагогдорго, мугалимдер менен аспиранттарга, усулчуларга да эң сонун окуу куралы болорунда шек жок.
Ырасында эле, мына ошондой эмгеги менен ал "нукура улуттук педагог" деп айта тургандай эмгеги бар, улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүнө өзүнүн төө көтөргүс салымын кошуп келди жана бүгүн да кошуп келе жатат. Ал чоң окумуштуу гана эмес, өзүндөй чоң окумуштууларды даярдаган, алардын окумуштуу катары жетилүүсүнө салым кошкон чоң нускоочу окумуштуу десек акыйкат болор. Кыргыз акындык поэзиясында "нускоочу акын" деген термин бар, ал өзүнүн чыгармачылыгы менен гана жалпы журтка таанылбастан, өзүнүн чыгармачыл мектебин түзүп, акындык өнөргө башкаларды үйрөтүп, анын салттарын тараткан, аны салт катары кийинкилерге үлгү кылган, акындыктын өнөрүн өзүнүн артындагыларга нускалаган акынга карата айтылган. Исак агай да дал ошондой педагогика менен усулчулук илим боюнча өзүнүн мектебин түзүп, ал өнөрдү башкаларга нускалаган инсан.
Агайдан таалим алып, илимий даражаларын коргошкон, илимдин беш доктору, он тогуз кандидаты бар. Албетте, алар Исак агайдын салттуу нускоосу менен илим сересине чыгышты. Алардын баары учурда ар жерде агайдын жолун жолдоп, анын кылганын, айткан сөзүн, жасаган мамилесин туурап, илимин башкаларга жеткирүүгө кызмат кылып, илим менен билим берүүнүн ар кандай "рычагдарын" башкарып келатышат. Бул, албетте, чоң сыймык.
Мына ушул акылман инсан, чоң нускоочу, бүгүнкү күндүн кадырман каарманы Исак агай 80 жаш бакубат куракка келип отурат. Ал азыр ушул кырдаалга жараша бир ирет кылчайып артка карап, элим үчүн, жерим үчүн эмне иш кылдым деп ой жүгүртүп, анан да азыркы учурун саресеп салып баамдап, эли-журтуна жарык жүз менен карап турган кези.
Сулайман РЫСБАЕВ,
педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы