19.01.10 - 4-бет:
  Социалдык коргоо

2010-жылдын 1-январынан тарта жеңилдиктерди алып салууга байланыштуу аны алуучу категориядагы жарандардын катарынан Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсия алгандар жана Баатыр энелер чыгарылды. Ал эми үстүбүздөгү жылдан тарта электр жана жылуулук энергияларына баа кескин кымбаттоодо. Ушундай шартта мындай категорияга кирген жарандарыбызга кандайдыр бир колдоо каралганбы деген суроонун тегерегинде Өкмөткө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин сектор башчысы Марина Жапаркулованы кепке тарттык.

Өзгөчө эмгек сиңиргендер менен Баатыр энелер колдоого алынат
- Президент К.Бакиев 2009-жылдын 13-ноябрында "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Бул Жарлык энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнүн шартында даректүү кызмат көрсөтүүнүн даректүүлүгүн бекемдөөгө жана жеңилдиктерди оптималдаштырууга багытталганын белгилеп кетейин. Республикабызда ушул мезгилге чейин жеңилдиктердин 38 түрү берилип, аны жарандардын жеңилдик алуучу 38 категориясындагылар алып келген. Бөлүнгөн жеңилдиктердин суммалык наркы 133 сомдон 6168 сомго чейинкини түзгөн. Ооба, жыл башынан тарта жеңилдик алуучу категориядагы жарандардын катарынан өлкөбүзгө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алгандар жана Баатыр энелер чыгарылды. Бирок, аталган категориядагы пенсионерлерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында Өкмөтүбүз пенсияга 20дан 35 пайызга чейин үстөк кошууну караган "1998-жылдын 19-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомун бекиткен.
Мындан тышкары өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсия алууга укугу бар пенсия алуучулардын категориясы жаңы категория - Баатыр энелер менен толукталып, алардын чектелген пенсияларына 20 пайыз өлчөмүндө кошумча үстөк белгиленүүдө. Ушунун негизинде мурда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсия алып жүрүшкөн Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучулар менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсия алып жүрүшкөн Баатыр энелерге берилүүчү жеңилдиктер пенсияга кошумча үстөк түрүндөгү наркка которулган. Бул каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөрүн айта кетейин.
- Жеңилдиктер алынып салынганга чейин аталган жарандарыбыздын пенсиясы канча эле жана алдыда боло турган колдоодон кийин канча болот, салыштырмалуу айтып берсеңиз?
- Айталы, эң жогорку өзгөчөлүк деңгээлине татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары, "Cлава" орденинин үч даражасы, "Манас" орденинин үч даражасы менен тең сыйланган адамдар болуп саналат. Алар жеңилдиктерди алмаштырууга чейин чектелген пенсиясына 100 пайыз кошумча алышса, эми жеңилдиктерди алмаштыргандан кийинки чектелген пенсияга кошумчалар 120 пайызды түзүп калат. Социалисттик Эмгектин Баатырлары, "Манас" орденинин I даражадагысы менен сыйланган адамдардыкы мурда 50 пайыз болсо, эми 80 пайыз, "Эмгек даңкы" орденинин үч даражасы , " Манас" орденинин II даражадагысы менен сыйланган адамдардыкы мурда 40 пайыз болсо, эми 75 пайыз, Ленин ордени менен сыйланган, "Манас" орденинин III даражадагысы менен сыйланган адамдардыкы мурда 30 пайыз болсо, эми 60 пайыз болуп калат.
Ошондой эле "элдик" жана "эмгек сиңирген" ардактуу наамын алган адамдар, мындан тышкары СССРдин жана Кыргыз ССРнин ордендери менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРнин медалдары менен сыйланган же СССРдин жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңештеринин Президиумдарынын Ардак грамоталары же Грамоталары, же Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары же Грамоталары менен сыйланган адамдар, жогорку саясый кызматка дайындалган мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлери, СССР Жогорку Кеңешинин, Кыргыз ССРнин (эки чакырылышынан кем эмеске шайлангандар) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары да мындан ары 60 пайыздык колдоого ээ болушмакчы. Ал эми Социалдык фонддун органдарынан пенсия алышкан Баатыр энелердин пенсиясына 20 пайыз үстөк кошулат.
Чечмелеп айтканда мурда айына берилүүчү жеңилдиктердин орточо наркы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өлкөбүзгө өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсионерлерге 1394 сомду, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсионер Баатыр энелерге 288 сомду түзсө, жеңилдиктерди алмаштыргандан кийин пенсияга кошумча үстөктөр өлкөбүзгө өзгөчө эмгек сиңирген пенсионерлерге орточо алганда 1528 сомду, Баатыр энелерге 344 сомду түзмөкчү.
- А Социалдык фонддун органдары тарабынан пенсия чектелбеген Баатыр энелерчи? Аларга кандай колдоо көрсөтүлөт?
- Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок Баатыр энелерге Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөк пул чектелет. Алар пенсия эмес, ар айлык социалдык жөлөк пулдарды социалдык коргоо органдары аркылуу 823 сом өлчөмүндө алышат. Энергия алып жүрүүчүлөргө тарифтин жогорулагандыгына байланыштуу Президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы "Мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндөгү" Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып Баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөк пул 2000 сом өлчөмүндө белгиленген.
- Өлкөбүзгө өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга пенсия чектөөнүн жол-жобосу кандай?
- Республикабызга өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсия чектетүү үчүн жашаган жери боюнча райакимчиликке же акыркы иштеген жери боюнча мамлекеттик органга (министрликтер, ведомстволор) арыз менен кайрылышы керек. Ошондой эле адамдын сиңирген өзгөчө эмгегин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү зарыл: сыйлоо күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, өмүр баян, Социалдык фонддун органдары тарабынан аталган адам алып жаткан же алуусу мүмкүн болгон жалпы негиздерде чектелген пенсиянын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалымкат, иш стажысы жөнүндө башка документтер менен бирге нотариалдык кеңседе же архивдик мекемеде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү үч фотосүрөт.
Ал эми өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсия чектөө жөнүндөгү сунушту раймамакимчилик облмамакимчиликке жолдойт. Ал өз кезегинде Өкмөткө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсия белгилөө боюнча комиссияга кароого жөнөтөт. Баатыр энелердин чектелген пенсияларына Социалдык фонддун органдары тарабынан 20 пайыз кошумча үстөктү белгилөөгө аталган комиссиянын чечими негиз болорлугун белгилей кетүү керек.
Маектешкен Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"