19.01.10 - 14-бет:
  Көңүлдөгү көйгөй

Адамдын табияты ушундай - ал дайыма жакшылыктан үмүттөнүп, жамандык аны айланып өтчүдөй сезет. Бирок, тилекке каршы, дайыма эле андай боло бербейт.
Биздин республикада өлүм жазасын кайра киргизүү демилгеси ушул жылы КРнын мурдагы Коопсуздук кеңешинин аппараттык жыйынында УКМКнын төрагасы М. Суталинов тарабынан көтөрүлүп, ККнын ошол кездеги катчысы А. Мадумаров тарабынан колдоого алынган. Өз демилгесин тастыктоо үчүн М. Суталинов айрым учурларда өлүм жазасын кошуна Кытайдагыдай кылып жарыя аткарууга да боло тургандыгын, А. Мадумаров оор кылмыштарды жасагандарды мамлекет өмүр бою кармап турууга милдеттүү эместигин жана АКШда өлүм жазасынын үч түрү бар экенин да кошумчалай кетти.
Кийин ККнын аппараты "А. Мадумаровдун да коомдо көптөн бери талкууланып келе жаткан өтө оор кылмыштар үчүн жазанын жогорку чарасын колдонууга кайтуу боюнча айтканы анын катардагы жарандык позициясы экендигин, ал республиканын жетекчилигинин расмий позициясын, ошондой эле анын ККнын катчысы катарында бул проблемага мамилесин чагылдырбай тургандыгын" билдиргени менен "айтылган сөз - атылган ок" болуп коомчулук арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратып жиберди.
А кийин бул маселенин парламентте талкууланышы жана "ак жолчулардын" көпчүлүгү жана коммунисттер фракциясы тарабынан колдоого алынышы ого бетер "отко май куйду". Эми ушул маселе боюнча айрым ой жүгүртүүлөрүбүздү ортого салып көрөлү.

Өлүм жазасын кайра киргизүүгө каршы чыккандардын пикирлеринин квинтэссенциясын алганда башкы аргументтер катарында өлүм жазасын колдонбоо жөнүндө жобо биздин башкы мыйзамыбызда - Конституциябызда каралгандыгы, биздин өлкөнүн бир катар эл аралык конвенцияларга кошулгандыгы, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү (натыйжада бейкүнөө адам өлүм жазасына тартылып кетүү тобокелчилиги). Анан да эң башкысы - өлүм жазасын киргизүү жалпы кылмыштуулуктун, анын ичинде оор кылмыштардын санын азайтууга таасирин тийгизбей тургандыгы. Дароо айта кетсек, мына ушул акыркы тастыктоо менен мен өзүм макул болбос элем. Бирок сөз катары менен болсун.
Конституцияда каралгандыгы боюнча айтсак, аны дайыма өзгөртүүгө болот. Укуктук маданият калыптанбаган биздин өлкөдө Баш мыйзамды өзгөртүү андан бетер жеңил экендигин 18 жылдык соңку жаңы тарыхыбыз көрсөтүп турбайбы. Тактай кетсек, албетте, эгерде өлүм жазасын киргизүү өлкөдөгү кылмыштуулуктун санын азайтууга жана укук тартибин чыңдоого өбөлгө түзө турган болсо.
Эми өлүм жазасын киргизүүгө каршы чыккандар үчүн кылмыш хроникасынан бир нече фактыларды келтире кетели.
"Ак-Өргөө" жаңы конушунда 34 жаштагы педофил 3-класстын окуучусун зордуктаган. Ал шүмшүк изи сууй электе кармалды. Жалал-Абад облусунун мурда эки жолу соттолгон тургуну он күн мурда гана эркиндикке чыккан. Мөөнөтүнөн мурда бошонуу менен өзү үчүн бактылуу бул күндү достору менен белгилеп жаткан.
Айнура (жабырлануучунун аты тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн өзгөртүлдү) сабактан кийин үйүнө келе жаткан..."
"Октябрь РИИБсынын кылмыш иликтөөчүлөрү Бишкектин 34 жаштагы тургунуна алдамчылык боюнча айып тагышты. Жакында бул жаш адам өзүнүн алтынчы жолу соттолгондугуна дагы бирди кошумчалайт окшоп калды" ("Вечерний Бишкек", 20. 10. 2009-ж).
"Отуз төрт жаштагы В. Б. наркотикти сатуу аракети үчүн жаза мөөнөтүн аягына чейин отуруп жакында эле чыккан. Эми үч адамды өлтүргөнүн мойнуна алып отурат. Ал окуядагы оор жаракат алган төртүнчүсүнүн аман кала тургандыгына врачтар үмүттөнүшпөйт" ("Дело №", 30.09.2009-ж.).
"Тоголок Молдо көчөсүндө маршруттук таксини күтүп турган институттун студенткасынын жанына бир "Ауди" маркасындагы автомашина токтоп, анын ичинен бир жигит түшө калып, кызды салонго сүйрөп кирип, катуу айдаган боюнча шаар четиндеги токой тилкесине барып токтоп, кызды ургулап коркутуп, анын кийимдерин айрып, анан зордуктаган. Ошол эле күнү "Ысык-Көл" кинотеатрынын жанынан мектеп окуучусун да машинага сүйрөп салган, а ал машина күүлөнө электе салондон секирип түшүп кетүүгө үлгүргөн. 20 жаштагы бул кылмышкер кармалгандан кийин, белгилүү болгондой, ал автомашинаны да уурдап айдап жүргөн" ("Вечерний Бишкек" 29. 10. 2009-ж.). Мындай фактыларды мезгилдүү басма сөздүн берген кылмыш хроникасынын дээрлик ар биринен табууга болот.
Эми ошол өлүм жазасына каршы чыгып жаткандардын ар бири өздөрүн жана ата-энелерин, бир туугандарын, уул-кыздарын ошол рецидивисттердин курмандыктарынын ордуна коюп көрүшсүн... Бирок, макаланын кириш сөзүндө айтканыбыздай, адамдын табияты ушундай - ал дайыма жакшылыктан үмүттөнүп, жамандык аны айланып өтчүдөй сезет. Тилекке каршы, турмуш чындыгы көрсөткөндөй, дайыма эле андай боло бербейт.
Анткени, криминология тарабынан алда качан далилденген бир тенденция бар. Ага ылайык, адамдардын 20 пайызы тубаса кылмыш жасоого жөндөмдүү болуп төрөлүшөт экен. Эгерде андай адамдарды коом, мамлекет өз убагында тарбиялап, кылмыш жасоосуна катаал бөгөт койбосо, алар сөзсүз кылмыш жасашат жана андан кийин кайра тарбиялоого дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми өлүм жазасынын ордуна өмүр бою эркинен ажыратылууга соттолгондордо абактан чыгуу мүмкүнчүлүгү сакталып калып жатпайбы. Кеп кезеги келгенде айта кетсем, өлүм жазасын алып салуунун апологеттери кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун мына ушул тема- да камтылган "Кассандранын эн тамгасы" романын кайталап окуп коюшса болот.
Союз мезгилинде, биринчиден, тарбия иштери жолго коюлуп, экинчиден, тартип катуу болгондуктан адам өмүрүнө, ден соолугуна кол салган кылмыштар (киши өлтүрүү, зордуктоо, тоноо, денесине залал келтирүү, каракчылык сыяктуулар) дээрлик аз болгон. Азыр статистика боюнча кылмыштын дал ушул түрлөрү өтө көбөйдү. Анын үстүнө, орустар "бүкүрдү көрүстөн гана түздөй алат" деп айтышкандай, жогорудагыдай кылмыштар рецидивисттер тарабынан көп жасала тургандыгы эмпирикалык иликтөө- лөрдөн да көрүнүп турат.
Эми биздеги түзөтүү колонияларындагы азыркы абалга келели. Чынында алар кылмышкерлерди "түзөтө" алышабы? Буга ишенүү кыйын. Атүгүл алар кылмышкерлерди биротоло "кыйшайта тургандыгы" жогорудагы келтирилген бир нече мисалдардан эң сонун көрүнүп турат. Анткени, ал кылмышкерлер эркиндикке чыкканына аз убакыт (бирөөсү он күн мурда эле бошонгон) болгондо эле кайра кылмыш жасап жатышпайбы!
Коомчулук өмүр бою эркинен ажыратылууга соттолуп, Ак-Суу айылындагы 16-колонияда камалып турган Кадырбек Абдышевдин ошол мекеменин эки кызматкерин бычак менен сайып оор жаракат келтиргенин, натыйжада ал экөөсү тең өлгөнүн унута элек болсо керек. Кийин тергөөдө белгилүү болгондой, түрмөдөгү авторитеттердин бири бир кызматкерди бычак менен саюуга аны мажбурлаган экен. Абдышев анын көрсөтмөсүн "ашыгы менен аткарып" жатпайбы...
Биздин өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын соттолгон талапкерлери колониялардагыларды өз тарабына тартып алгандыгы фактысы да расмий жыйындарда айтылды. Мына ушундан кийин андай ишмердүүлүк үчүн адамды жазалап эркинен ажыратуу менен коомдон изоляциялап, ошол эле убакта ага түзөтүү колонияларында ээн-эркин "дабаат" жүргүзүү "укугун" берүү туурабы?! А бул андай кылмыштуулук менен күрөшүүбү?!
Жөнөкөй эле мисал. Бир нече жыл мурда бир журналист бир нече жолу аялдарды зордуктаганын мойнуна алган, а акыркысында педофилдик фактысы боюнча кармалган рецидивистке мындай кылмыштар менен түрмөгө түшкөндөн эмне үчүн коркпой тургандыгы боюнча суроо берип жатпайбы. Анткени көпчүлүккө маалым болгондой, зоналарда мурда мындай кылмыштар үчүн зектердин өздөрүнүн да "тиешелүү жазасы" болуп келген эмеспи. Анда ал коркпостон эле азыр түрмөлөрдө да мындай кылмыш менен түшкөндөр "көпчүлүк" болуп калганын, ошондуктан алар "жазасыз" жүрүшө тургандыгын айтып жооп берген... Бул фактыга комментарийдин кереги жок болсо керек.
Биздеги азыркы укук коргоо системасы союз мезгилиндегидей болуп, түрмөдөн бошонуп келген кылмышкерлердин катуу эсебин алып, аларга көзөмөл жүргүзүүгө, кайрадан кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюуга, башкача айтканда ал "кесипкөй" кылмышкерлерден өз жарандарын - сени, мени, аны ишенимдүү коргоп алууга жөндөмдүүбү? Бул риторикалык суроо, башкача айтканда суроонун өзүндө эле жообу көрүнүп турат.
Же алар түрмөлөрдөн чыгып келишип алышып, базарларда жан багып жүрүшкөн, дээрлик кароосуз болушкан жаш өспүрүмдөрүбүз эле эмес, эч болбогондо жумасына 5-6 күн түшкө чейин дайыма мугалимдердин көзөмөлү астында турушкан окуучу балдар-кыздарыбыз арасында өздөрүнүн "дабааттарын" жүргүзүшкөнүнө, тартиптерин орнотконуна тоскоол коё алдыкпы? Бул маселеде мамлекетибиз алсыз экенин мектептердеги рэкетчиликтин, түрмө "мыйзамдарынын" орнотулушу тенденциясынын күч алышы далилдеп турган жокпу? Кудай сактасын, эгерде азыркыдай тенденция улана берсе, анда түрмөдө гана эмес, өлкөнүн жашоосунда да ушундай "тартип" орноп калбайт деп ким кепилдик бере алат?..
Өлүм жазасын алып салуунун апологеттеринин экинчи башкы аргументине келели. Ал биздеги укук коргоо жана сот системаларынын иштеринин өркүндөтүлбөгөндүгүнөн улам күнөөсүз адамдын соттолуп, анан өлүм жазасына тартылып кетиши. Ооба, мындай коркунуч бар, ага азыркы укук коргоо жана өзгөчө сот системаларынын иши кепилдик бере албайт. Бирок, ал үчүн "уй мурдун сасык деп кесип салбагандай" эле өлүм жазасын алып салуу эмес, сот органдарынын иштерин өркүндөтүү, алардагы коррупцияны жоюу, судьялардын чыгарган өкүмдөрүндөгү билбей кетирген же "билип туруп кетирген" (паранын күчү менен) катачылыктарына бөгөт коюу керек да! Мына, дүйнөдөгү 54 өлкөдө, анын ичинде биз үлгү кылып келген АКШ сыяктуу демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө өлүм жазасы бар! Эмне, Американы артта калган өлкө деп бирөөлөр шылдыңдап жатабы? Эч кандай жаратылыш ресурстары жок болсо да, эмгек акылар жана калкынын жан башына алганда ички дүң продуктысынын көлөмү боюнча Азия континентинде Япониядан кийин экинчи орунда турган Сингапурда деле ушундай. Ошол эле АКШда акыркы жылдары өлүм жазасына тартылган 30 миңге жакын адамдан 128и кийин акталып чыккан. Демек, көз карандысыз адилет сот бийлиги бар өлкөлөрдө күнөөсүз адамдын өлүм жазасына тартылып кетүү мүмкүнчүлүгү дээрлик минималдуу, же жокко эсе. Биз, албетте, мына ушундай идеалга умтулуубуз керек.
Өлүм жазасы алынып салынган өлкөлөрдүн дээрлик бардыгынын (негизинен Европа өлкөлөрү) калкында укуктук тарбия узак жылдар бою калыптангандыгын, көз карандысыз өнүккөн сот системалары бар экендигин да кошумчалап койсок, ашыкча болбос!
Өлүм жазасы берилүүчү кылмыштардын түрлөрүн аныктоо да өтө кылдат мамилени талап кылат. Мында, албетте, совет мезгилинин өнүгүшүнүн бир этаптарында болуп келгендей, саясый өңүттөгү мыйзам бузууларга карата аны колдонуудан өтө сак болуу керек. Анткени, бул бийлик тарабынан саясый оппоненттерин четтетүү куралы болуп калышы мүмкүн. Ал эми жогорудагыдай рецидивисттер үчүн өлүм жазасын колдонуу туура эле болмок.
Негизи юриспруденция илиминин көз карашынан алганда жаза катаал гана эмес, эң башкысы - жасалган кылмышка шайкеш болуусу керек. Мына ошондо гана адилет жаза берилген болот. Анан да мамлекет ар бир кылмыш жазасыз калбай тургандыгына кепилдик бериши керек.
Эми ошол өлүм жазасына каршы күрөшүп жаткандардын бир катарынын ага кызыкдар болушунун дагы бир "финансылык" жагын, алар өздөрү бул жөнүндө эч качан моюндарына алышпаса да, айта кетели. Анткени чындык ошонусу менен ачуу. Батыштын өнүккөн өлкөлөрү мына ушул өлүм жазасын алдырып салууну идеологиялык колдоо үчүн бир катар өкмөттүк эмес уюмдарга, өкмөттүк мекемелерге гранттарды берип турганы да жашыруун эмес...
Маселени диний көз караштан алышып да, динчилдер адам өмүрүн кыюуга мамлекеттин укугу жоктугун, Кудай гана укуктуу экендигин, ага аргумент катарында ал гана өмүр бергендигин айтышып жүрүшөт. А алар эмне үчүн кылмышкерлерге башкалардын өмүрлөрүн кыюуга, ден соолуктарына залал келтирүүгө ким тарабынан "укук берилгендигин" кошо айтышпайт?! Бул да риторикалык суроо!?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"