12.01.10 - 13-бет: Жашоонун жаны - мөңгүлөр
Кыргыз жери тоолуу өлкө, көк мелжиген тоолордун мекени. Теңир тоо, Ала тоо, Керме тоо өңдүү улуу тоолор дүйнөнүн ак калпагындай асман тирейт. Дүйнөдөгү эң бийик чокулар бизде, Кыргызстанда.
Алар Какшаалтоодогу Жеңиш чокусу - бийиктиги 7439 метр, Чоң Алайдагы Ленин атындагы чоку - 7134 метр. Кадимки Хан-Теңир - 7000 метр, Меридиандагы Достук чокусу - 6800 метр. Бул чокуларда алмустактан бери ак кар, көк муз басып тунуп жаткан мөңгүлөр жашоонун жаны, тазалыктын наары, жаратылыштын каны болуп агып, жан бүткөндү багып келет.

Мегеле Кыргызстандын тоолорунда жайгашкан мөңгүлөрдүн саны канча? Ал көк тиреген чокулардын баарында көк жалтаң муз болуп уюп жатат. Айталы, ушул тапта Сары-Жаз менен Нарындын, Кызыл Суу менен Ысык-Көлдүн алаптарында, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталы менен Фергана ойдуңун курчаган тоо кыркаларында 6266 мөңгү бар. Алардын ирилерин атап өтсөк - Жеңиш жана Хан Теңири чокуларынын аймагында жайгашкан Түштүк Эңилчек, Түндүк Эңилчек, Кайыңды мөңгүлөрү, Чоң Алай кырка тоосундагы Корженевский, Ак Шыйрак тоо чөлкөмүндөгү Петров, Сары-Жаз кырка тоолорундагы Мушкетов, Семенов мөңгүлөрү. Жергебизди аралап, жашоо мүрөгүнө окшоп жаратылышка жан киргизген агын суулар менен дарыялар ушул мөңгүлөрдөн куралып башат алат, көз жоосун алып, көйкөлгөн көк ирим көлдөр да мөңгүлөрдөн ошол суулардан толуп толкун шилейт. Так эсебин алган статистиканы тастыктасак, тоолуу жергебизде узундугу он километрден ашкан отуз миң суу өзөнү, чоң-кичинеси болуп 1923 көл бар. Алардын ирилерин атасак: Нарын, Чүй, Көкөмерен, Сары-Жаз, Чаткал, Тар, Талас дарыялары, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек, Кара-Суу, Кулун, Мерцбахер көлдөрү.
Мына ушулар көкжалтаң мөңгүдөн куралган байлык, тоолуу өлкөбүздүн кунсуз күлазыгы, мүрөгү менен чүрөгү, күрөө тамырында жүрүп турган каны, жаныбарлар менен мөмө-жемиштерди жашатып жаткан жаны. Аба менен сууну жашоо-тирликтин түркүгү катары жогору баалап, бекеринен аздектебейбиз. Таза аба да, таза суу да кыргыздын тоолуу мекенинде жетиштүү. Жер шарынын башка чөлкөмдөрүндө, өзгөчө өнөр жай өндүрүштөрү өнүккөн өлкөлөрдө экологиялык тартыштык алдыга чыккан азыркы шартта дүйнө жүзүндөгү мөңгүлөр менен таза сууларга айрыкча көңүл бурулуп, олуттуу маани бериле баштады. Өндүрүш ишканаларынан чыккан булганыч газдардан абанын жылып кетишинен улам
кийинки кездерде экологияда чоң өзгөрүүлөр болууда. Ага ар түркүн табият кырсыктары - суу ташкындары, сел жүрүп кетүүлөр (айрыкча өнөр жайлуу өлкөлөрдө), кыйраткыч цунамилердин болуп жаткандыгы күбө. Экологиядагы мындай абал миңдеген кылымдар бою бир калыпта жаткан мөңгүлөргө да терс таасирин тийгизүүдө. Адистердин байкоолоруна караганда соңку мезгилдерде кыргыз тоолорундагы мөңгүлөр мурдагыдан көбүрөөк эрип, катмары жукарып, көлөмү азая баштагандыгы опурталдуу белги. Ошондуктан буга эл аралык деңгээлде маселе көтөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга жасалып жаткан аракеттер, жүзөгө ашырылган алгачкы саамалыктар колдоого татыктуу.
"Кыргыз Туусу" гезитинин жакында жарык көргөн санында Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар, сүрөтчүлөр, архитекторлор, композиторлор жана журналисттер кошундарынын төрагалары кол койгон Кайрылуу жарыяланды. Анда "Мөңгү" фонду сунуш кылган "Мөңгүлөр Борбордук Азия аймагындагы нымдуулуктун, ден соолуктун, электр кубаттуулуктун жана саясый туруктуулуктун башаты" деген теманын астында 2010-жылдын 14-февралында эл аралык форум өткөрүү учурдун талабы экендиги белгилениптир.
Бул - чынында бүгүнкү күндүн дүйнөлүк проблемасы, экологияны сактап калуунун бирден-бир кечиктирилгис маселеси. Ал эми мөңгүлөрдү сактоо - экологияны сактоо дегендик.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер