№01, 12.01.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...



email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак

Арген үнүң калды кыргыз калкыңда
(Рыспайга)
Обондору обо жарып жаңырган,
Оттуу сезим учкундарын жандырган.
Жанды эргитип, жан дүйнөнү балкыткан,
Жаралганбы алоолонгон жалындан?!

О, океаны ыр-дүйнөнүн чалкыган!
Опол-тоодой сүйүү демин батырган.
Майтарылбас, кайталанбас жаштыкта,
Май күкүгү махабаттын таңшыган!
Көлкүлдөгөн чоктой сүйүү бүрктүңбү,
Көктө таңшып ыр нөшөрүн төктүңбү?
"Узарбайбы учугум", - деп уу жутуп,
Уул эңсеп улутунуп өттүңбү?

Алыс учту каркыралар сабында,
Арген үнүң калды кыргыз калкыңда.
Арманың жок, сен жашайсың түбөлүк,
Ак калпактуу элиң аман барында.
Ата-Журтка ыр эстелик тургуздуң,
Аалам көркү чолпонусуң жылдыздын.
Аруулукту, сулуулукту даңктаган,
Ак таңдагы булбулусуң кыргыздын!
Исматулла ПАРПИЕВ




Жазылуу - 2010
Баткендиктер
"Кыргыз Туусун" баалашат
Өткөн жылы Баткен облусундагы окурмандарыбыз башкаларга салыштырмалуу "Кыргыз Туусуна" көп жазылышкан болчу. Алар бул салтты быйыл да улантышты.
Алдыңкы орунду алыскы Лейлек району ээледи. Бул чакан аймакта 327 окурман биздин гезитке жазылды. Андан кийинки орунда 204 нускага "Кыргыз Туусуна" жазылышкан кадамжайлыктар турат. Баткен районундагы окурмандарыбыздын саны 137ни түздү. Сүлүктү чакан шаар болсо да анда биздин гезитке жазылгандардын саны 62ге жетти. Облусту артка тарткан кызылкыялыктар. Чоң калаанын мүмкүнчүлүгү бар болсо да шаар жана почта кызматынын жетекчилиги жазылуу өнөктүгүн жакшылап уюштура алышпады. Чабалдык кылышты.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"

РS: Гезитибиздин кийинки сандарында Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча тастыкталган маалыматтар жарыяланат.