Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн

Зоотехникалык илимдеги жаңы ачылыш
Сүт багытындагы бодо малды асылдандырууда, алардын сүттүүлүгүн көтөрүүдө, тукумун жакшыртуучу генетикалык сапаты мыкты букаларды жаш кезинен тандап алуу илимий маанилүү жана татаал маселе болуп келет.

Азыркы убакта зоотехника боюнча окумуштуулар, букалардын асыл тукум-дуулук сапатын, алардан алынган уйлардын сүттүүлүгү менен гана аныктаса болот деп келишет. Бирок, бул иш узак убакытты (5-6 жыл) жана көп чыгымдарды талап кылат. Мындан тышкары тукумдук тегине карап тандап алынган букаларды тукуму боюнча текшергенде, алардын аз эле бөлүгү (20-25%) сүттүү тукум берген, калгандары начар, же ортозаар болуп калган. Ошондуктан букалардын асыл тукум-генетикалык сапатын жаш кезинен аныктоо максатында, профессор Ө.Д.Дүйшекеев баш болгон бир катар окумуштуулар ондогон жылдар бою илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, сүттүүлүк сапаттын насилденишинде бир катар мыйзам ченемдүүлүктөр бар экендиги аныкталды. Ошолордун негизинде, букалардын генотибин (генетикалык сапатын) эрте аныктоо ыкмасы иштелип чыкты. Бул жаңылыктын негизинде, зоотехника илиминде төмөнкүдөй ат менен илимий ачылыш жаралып отурат: "Энелик насилдин үстөмдүүлүгү жана малдын генотибинин эмбриопатия жана кетоздун таасири аркылуу өзгөрүүсү". Бул илимий ачылыштын негизги маңыз-мааниси жана алардын өндүрүшкө киргизилиши тууралуу жыйынтыктар Ө.Д.Дүйше-кеев, А.К.Кыдырмаев, А.И.Ногоев тарабынан жазылган "Энелик насил жана сүттүү уйлардын селекциясындагы физиологиялык ыкма", ошондой эле Р.З.Нургазиев биргелешкен жогорку эле авторлордун "Сүттүү уйлардын селекциясын алдын ала аныктоо жана ылдамдатуу" аттуу илимий монографияларда чагылдырылган. Бул илимий ачылыштагы идеялардын башаты, профессор Ө.Д.Дүйшекеевдин 1990-жылы Бишкектен чыгарган "Сүттүү уйлардын селекциясындагы жаңылык" деген эмгегинде көрсөтүлгөн. Бирок, бир катар орус окумуштуулар тарабынан ишеним көрсөтүлбөй, бул илимий жаңылыктын теориялык негизделүүсү жетишерлик эмес деп келишкен. Ошондуктан Ө.Д.Дүйшекеевдин жетекчилиги менен бир катар, анын окуучулары С.Б.Калыкова (1990-1998-ж.ж.) У.А.Шергазиев (1993-2000-ж.ж.), М.С.Медербекова (2004-2008-ж.ж.) жана Н.Ф.Дасаева (2000-2008-ж.ж.) тарабынан уйлардын сүттүүлүгүнүн тукум куучулугу боюнча тереңдетилген илимий иштер жүргүзүлүп, төмөнкүдөй мыйзам ченемдүүлүктөр такталып, аныкталды:
- уйлардын сүттүүлүгү, уйлардын физиологиялык абалына байланыштуу тукумуна берилет, б.а. жыныстык клеткалардын, ошондой эле түйүлдүктүн энесинин ичиндеги өсүү шарты ыңгайлуу болсо, уйлардын тукумдарынын сүттүүлүк жана генетикалык сапаттары жогору болору белгилүү болду;
- абдан сүттүү уйлардын эң жогорку лактацияларында, алардын организминде зат алмашуу процесси бузулуп, кетоз деген оору пайда болот, ал уйлардын тукум жаратуучу функцияларына, ошондой эле тукумдарынын генетикалык сапатына тескери таасир этет. Мына ушундай мыйзам ченемдүүлүктөрдүн негизинде, тубар уйлардын сүттүүлүк сапатын жана букалардын генотибин алдын ала аныктоо ыкмалары (формулалары) иштелип чыгып, алар үчүн автордук патенттер алынды.
Бул ыкмалар Ала-Тоо породасындагы уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатууда кеңири колдонулду. Айрыкча, тукумун жакшыртуучу, генетикалык сапаты мыкты букаларды жаш кезинен аныктап, аларды малды асылдандыруучу станциялар аркылуу кеңири пайдалануунун негизинде, сүттүү уйлардын бадалары, асыл тукум малдарды өстүрүүчү бир катар чарбалар 1970-1990-жылдарда пайда болду. Республика
боюнча ар уйдан саалып алынган сүт 1970-жылкы 2175 кг.дан 1990-жылкы 3210 кг.га чейин жогорулатууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул илимий ачылыштын илимде гана эмес, практикада да зор мааниси бар экени толук далилденди, ошондой эле Кыргызстанда өз убагында асыл тукум уй чарбасын өнүктүрүүгө чоң таасир тийгизди десек жаңылбайбыз.
Ошондуктан профессор Ө.Д.Дүйшекеев баш болгон бир катар окумуштуулардын "Энелик насилдин үстөмдүүлүгү жана малдын генотибинин эмбриопатия жана кетоздун таасири менен өзгөрүүсү" деген илимий ачылышы, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө толук татыктуу деп эсептейбиз.
К.И.Скрябин атындагы
Кыргыз улуттук агрардык университетинин
профессорлору: А.К.Самыкбаев,
И.А.Раззаков, А.А.Абдыкеримов, Ш.Ч.Черткиев, С.М.Деркенбаев.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Ак эмгектин акыбети
4-бет
Жогорку статус - жогорку жоопкерчилик
5-бет
Балдарга арналган жаңы жылдык балаты
6-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду

7-бет
Зоотехникалык илимдеги жаңы ачылыш
8-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз

10-бет
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
11-бет
Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
12-бет
Мамлекеттик бажы кызматына 18 жыл
13-бет
Чыныгы көпүрө - бул инвестициялык долбоор
14-бет
Электр энергияга баанын өсүүсү өңгөлөргө таасирин тийгизбейт
15-бет
Капчыгыбыз жукарат, бирок келечек андан улуу
16-бет
Конкурстун жыйынтыгы чыгарылды
17-бет
Жылдын мыкты айыл аймактары аныкталды
18-бет
Линдага айланган Сезима, Василисага айланган Бегимай
21-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз






Яндекс.Метрика