Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Ак эмгектин акыбети
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Республиканын энергетиктерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, республиканын энергетика жагына сиңирген эмгеги үчүн: "Даңк" медалы менен Педан Борис Иванович - "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун борбордук диспетчердик кызматынын эксперти сыйланды;"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө берилди: Арыстанов Жалилбек Амановичке - "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун техникалык директору; Жетигенов Жолдошбек Аттокуровичке - "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коомунун техникалык директору; Мезгин Владимир Александровичке - Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун директорунун орун басары, борбордун жогорку чыңалуу техникасы лабораториясынын сектор башчысы. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: Аргым-баев Сүйүнбек Абдыка-лыевич - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Шамалды-Сай ГЭСинин электромашина цехинин машина участкасынын негизги жабдууларынын мастери; Иващиненко Василий Иванович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаардык ТЭЦинин эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн начальниги; Иманакунов Замирбек Чабдарович - "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун Тоң РЭСинин начальниги; Касымова Валентина Махмутовна - "Энергия" Кыргыз илимий-техникалык борборунун башкы илимий кызматкери, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Электр- энергетикалык ишканалардагы экономика жана башкаруу" кафедрасынын профессору; Султанов Кыркбек Учурбекович - "Түндүкэнерго" ачык акционердик коомунун Талас филиалынын техникалык маселелер боюнча аткаруучу директорунун орун басары; Турдалиев Каттабек - "Жалал-Абад-электр" ачык акционердик коомунун Көк-Арт РЭСинин начальниги; Тынымов Хасанбай Муратович - "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коомунун жер астындагы жана ачык тоо иштери башкармасынын башкы механиги.
ЁЁЁ
Президент Курманбек Бакиев "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, дипломаттык үзүрлүү иши, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи-мамлекеттик министрдин кеңешчиси-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтун жетекчиси Асаналиев Эрик Акматбаевичке берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: Буранов Айджигит Баймухамедович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси; Кадракунов Жеңиш - Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси; Макеев Төлөндү Картаңбаевич - Шанхай кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын улуттук координатору; Пивень Валентина Семеновна - Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин жалпы маселелер боюнча департаментинин архивинин башкы адиси; Токтомушев Кайнарбек Абдрасулович - Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин директорунун орун басары; Суванов Эркин Абылкасымович - "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору.




Илим тармагы реформага муктаж
"Бүгүнкү күндө илимдин кадыр-баркы улам өсүүдө. Мамлекет илимдин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт. Илимдер академиясы коомдогу бардык процесстердин активдүү катышуучусу болууга тийиш",- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 23-декабрда Өкмөт үйүндө өткөн Улуттук илимдер академиясынын бир катар академиктери менен жолугушуу учурунда.
Жолугушуунун башталышында УИАнын президенти Ш. Жоробекова өлкөнүн башкы илимдер мекемесинин ишмердигинин негизги багыттары туурасында айтып өттү. Илимдер академиясынын жетекчилиги менен илимий жамааттар бюджеттик жетишсиз каржылоо көйгөйүн бюджеттен тышкары каражат табуунун эсебинен чечүүгө умтулуп жаткандыгына басым жасады. Айталы, акыркы эки жылдын аралыгында Илимдер академиясында бюджеттен тышкаркы каржылоонун жалпы суммасы 104,70 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өз сөзүндө өлкөбүздүн илим тармагындагы негизги маселелерге токтолду. Тактап айтканда, өлкөдө аналитиктер, изилдөөчүлөр, долбоорчулар, олуттуу илимий изилдөөлөр жок экендигин белгиледи. "Окумуштуулардын дараметин өлкөнү, коомду, экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына топтоштуруу зарыл. Чакан өлкө кризистин шартында илимдин бардык тармактарын колдоого чамасы келбейт. Балким, келечекте өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү кемитпеш үчүн фундаменталдык темалар үчүн фонд түзүп, илимди жогорку окуу жайларына кайтаруу керектир",- деди президент. Ошол эле учурда илим туурасында академиянын алкагында гана ойлобостон, комплекстүү мамиле жасоо зарылчылыгын белгиледи.
Ошону менен бирге окумуштуулук даражаларды жана наамдарды ыйгарууну кайрадан карап чыгуу зарылчылыгына токтолуп кетти. "Балким, дүйнөдө кабыл алынган окумуштуулуктун бир гана даражасы болгон системага өтүп, даражалар менен наамдарды ыйгаруу ишин алдыңкы университеттер менен Илимдер академиясына ишенип берүү туура болуп жүрбөсүн", - деди Курманбек Бакиев.
Илимий изилдөөлөрдү пландаштырууну түп-тамырынан бери өзгөртүүгө байланыштуу Президент мамлекет илимий талаштарга кийлигишпестен, өлкөнү өнүктүрүүнү камсыз кылуудагы өзүнүн артыкчылыктарын так белгилеп, алардын чечилишине окумуштуулардын катышуусун талап кылууга тийиш экендигин айтты. Илимдин жогорку окуу жайлары менен интеграцияланышы стратегиялык милдет катары аныкталды. Мамлекет башчысы УИАнын жетекчилигине 2010-жылдын февраль айынын акырына чейин өлкөнүн интеллектуалдык жана илимий потенциалын өнүктүрүүнүн стратегиясын, илимди, Илимдер академиясынын системасын реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.
Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы окумуштууларды Улуттук илимдер академиясынын 55 жылдык мааракеси менен куттуктап, талбаган эмгеги, чыгармачыл демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, айырмалангандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар илимий коомчулуктун актуалдуу маселелери, өлкөнүн жана коомдун жаңылануусуна илимдин салымы туурасында пикир алмашышты.
Маалымдама: Кыргызстан окумуштуулары 102 ойлоп табууну патенттен өткөрүп, 14млн. 900миң сомдук илимий продукция сатууга жетишкен. 18 млн. 800 миң. сомго чарбалык келишим боюнча иш аткарылган. Илимдер академиясынын базасында илимдин 88 доктору жана 360 кандидаты даярдалган. Акыркы беш жылдын аралыгында Улуттук илимдер академиясы эл аралык фонддордон 5 млн. 641 миң. доллар каражат алган.
А.ЭСЕНОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




Парламентте - жаңы төрага
Парламентке "Ак Жол" элдик партиясы аркылуу шайланып келген депутат, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Зайнидин Карпекович Курманов парламенттин 24-декабрдагы пленардык жыйынында 84 депутаттын колдоосу менен бир добуштан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Зайнидин Курманов 1955-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Караганда медициналык институтунда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1979-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын борбордук архивинде бөлүм башчы, Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер, Медициналык институтта мугалим ж.б. көптөгөн жогорку окуу жайларында эмгектенген. И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинде ректордук кызматты аркалаган. Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты болгон. Тарых илиминин доктору, профессор. 230дан ашык илимий макалалардын жана 12 илимий китептин автору. Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.
Назира АЛИЕВА


ТИММдин жобосу бекитилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, бийликтин аткаруу бутагынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин ишин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46, 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө Жобо, башкаруу схемасы жана дипломатиялык кызмат органдар системасындагы дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарынын тизмеси бекитилди.
Ошондой эле жарлык менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясы түзүлүп, анын курамы жана Жобосу бекитилди, ошондой эле анын ишин камсыз кылуучу орган катары Комиссиянын катчылыгы түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.

Жер мыйзамын бузушкан
Финансы полициясынын мамлекеттик кызматы жер мыйзамынын бузулушу боюнча эки кылмыш ишин тергеп жатат. Алдын-ала тергөөнүн жүрүшүнө караганда Чүй айыл округунун башчысы М.М. (ысымы тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык ачык айтылбайт) "Жеке менчик турак-жай курулушуна жер аянттарын бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бузуу менен 2008-жылдын июнунан 2009-жылдын январына чейинки мезгилде жер комиссиясынын арызын карабастан туруп бул айыл аймагында жашашкан жарандарга жеке менчик турак-жай курулушуна он бир жер участкаларын бөлүп берүү жөнүндө токтом чыгарган. Тергөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй, жер аянтын алгандардын арасында мурда дал ушундай эле жер бөлдүрүп алган Чүй районунун жашоочусу да бар болуп чыккан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 305-2-беренеси боюнча ("Жер мыйзамынын бузулушу") кылмыш иши козголгон.
Жер мыйзамынын бузулушунун экинчи фактысын полицейлер Жайыл районунан аныкташты.
Тергөө көрсөткөндөй, 2007-жылдын декабрында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Ж.К. аттуу мырзага Суусамыр өрөөнүндөгү "Корумду" участкасынан жалпы аянты 70 гектар келген жайыт 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.
Өкмөттүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 токтомуна
ылайык, айыл чарба багытындагы жер аянттары жана жайыттар мал чарбасы багытындагы ижарачыларга гана беш жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Тергөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй, жергиликтүү акимиаттын жана Жайыл районунун мамкаттоосунун жооптуу кызматкерлери жер мыйзамын бузууга жол беришкен. Бул факт боюнча да кылмыш иши козголду.
Д.ӨМҮРЖАНОВ

Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору кабыл алынды
Кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттар Өкмөт тарабынан сунуш кылынган "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.
Премьер-министр Данияр Үсөнов башында турган Өкмөт Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылган.
Премьер-министр өз сөзүндө 2010-жылдын бюджети өлкөнү өнүктүрүүгө жана социалдык секторду каржылоону көбөйтүүгө багытталгандыгын белгиледи жана финансы министрлиги тарабынан коргоочу беренелер боюнча бардык чыгымдардын жабылгандыгын билдирди.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 2010-жылы 52,1 млрд. сомду, чыгаша бөлүгү 65,6 млрд. сомду, ал эми таңкыстык 13,4 млрд. сомду түзөт. Ички дүң жыйым 240 млрд. сомдун, анын өсүү ыргагы 5,5%дын деңгээлинде болжолдонууда. Келерки жылы инфляция 10,5%дын деңгээлинде пландаштырылууда. Калктын акчалай кирешеси 180 млрд. сомду түзмөкчү.
2010-жылы өнүгүү бюджети 8 млрд. сомго көбөймөкчү. Ал быйылкы жылы 12 млрд. сомду түздү. Келерки жылы болсо 20 млрд. 119 млн. сомду түзмөкчү.
Капиталдык салымга 2 млрд. 834 млн. сом каралган. Ал 2009-жылы 2 млрд. сомдон азыраак болгон. Мамлекеттик инвестициялык программаларга 14 млрд. 285 млн. сом каралган. Бул 2009-жылга салыштырганда эки эсеге көптүк кылат.
Р.ЖЕТИГЕНОВ


Дайындоолор
Премьер-министр Данияр Үсөновдун кол койгон буйругуна ылайык, Адамжан Жолдошов КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, Юруслан Тойчубеков Экономикалык тескөө министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борборунун директору, Жеңишбек Эшенкулов КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, Алмазбек Баатырбеков Экономикалык тескөө министрлигине караштуу этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдүк жасоо боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, Роман Касымов Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, Эрнст Калдыбаев Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, Александр Настаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жарандык авиация агенттигинин директору болуп дайындалышты.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Ак эмгектин акыбети
4-бет
Жогорку статус - жогорку жоопкерчилик
5-бет
Балдарга арналган жаңы жылдык балаты
6-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду

7-бет
Зоотехникалык илимдеги жаңы ачылыш
8-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз

10-бет
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
11-бет
Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
12-бет
Мамлекеттик бажы кызматына 18 жыл
13-бет
Чыныгы көпүрө - бул инвестициялык долбоор
14-бет
Электр энергияга баанын өсүүсү өңгөлөргө таасирин тийгизбейт
15-бет
Капчыгыбыз жукарат, бирок келечек андан улуу
16-бет
Конкурстун жыйынтыгы чыгарылды
17-бет
Жылдын мыкты айыл аймактары аныкталды
18-бет
Линдага айланган Сезима, Василисага айланган Бегимай
21-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз






Яндекс.Метрика