Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Элдин үнү

Биримдиктүү бололу
Жерибиз Ала-Тоолуу асман челген,
Кур эмес Кудай берген түркүн кенден.
Баарынан алдатпасак алтынды биз,
Алдырбай арамдыкка маңдай терден.
Сыйлайлы Ажобузду эл шайлаган,
Сыйлоодон келет дешет бак кайрадан.
Болбойлу ээн ооз, түптүү элбиз,
Ынтымак тамырларын бек байлаган.
Ушактан чет бололу, ашпай чектен,
Үлгү алып, тарыхты окуп, ата тектен.
О элим биримдиктүү бололучу,
Кыргызды көрсүн дүйнө
өнүп - өскөн.
Жумасан Найзабеков,
ардагер,
Сокулук району


Алып көнгөн адат
калбайт экен да...
Өз милдетин араң аткарып, бирөөгө кичинекей эле кызмат кылып коюп, ошол үчүн азбы-көппү тыйын жулуп алмайынча жаны тынып, түнү менен уктай албай чыккан да адамдар болот экен.
Элибизде айтылып жүргөн "Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?" дегендей, алганга ушунчалык көнөт окшобойбу. Мен муну менен эмне демекчимин, мисалы, эчак эле гезитке жарыяланып чыккан 70 жаштан тартып пенсионерлер үчүн, балдарды 5 жашка чейин бекер дарылансын деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардыгы болсо деле ага карабай, биздин ак халат кийген боорукер дарыгерлерибиз республиканын көп эле оорукана, бейтапканаларында ооруп келген жаш балдардан, кары-картаңдардан бир нерсе жулуп калуунун аракетинде турушат.
Биз жакында Бишкектеги №3 балдар ооруканасына бир ооруну аныктоо максатында бир айлык неберемди алып барып УЗИге түшүрдүк. Ымыркайды чечинтип, кийинтип түшкөнүбүз үчүн баары болуп 5 мүнөттөй убакыт кетти. Биз ал жерден чыгууга даярданып жатканда эле дарыгер "көрүнгөнүңөр үчүн 82 сом бересиңер" деди. Мен акчаны берип жатып беш жашка чейинки балдарды акысыз дарылануусун, анан баланын араң эле бир айлык болгонун айтсам, баары бир төлөшүңөр керек деди. Эмне силердики менчиктештирилгенби же кандай десем, андай эмес деп, бизге эч кандай кагаз, квитанция, чек да берген жок. Алардын аты-жөнүн да сураганым жок. Себеби, коридордо буларга көрүнүүгө келген элдер аябай көп болчу. Мен ошондо гана алып көнгөндөргө кыйын экенин түшүндүм. Же бул №3 балдар ооруканасынын УЗИ бөлүмүндө иштеген жаш медициналык кызматкерлерге баары бирби? Келген оорулар бир айлыкпы, же он жашарбы, айырмасы жокпу? Же буларга жаш балдар үчүн берилген жеңилдиктердин да тиешеси жокпу?
Ошондой эле №1 бейтапкананын участкалык балдар невропатологиялык бөлүмүндө да ушундай нерселер өкүм сүрүүдө. Ак халат кийип менмин деген догдур, врач невропатологдор да жаңы эле төрөлгөн бир айлык ымыркайларды көрүп, текшерип коюп, ошол балдардын жаш ата-энелеринен 150-200 сом акча сурангандан уялышпайт. Мына ушундай медициналык кызматкерлерге тиешеси бар жетекчилер көз салып коюшса жаман болбойт эле.
А.УМАРОВ,
Бишкек шаары




Тоголок Молдонун 150 жылдыгы
Республикалык мааниде өткөрүлсө...
2010-жылы кыргыз элинин демократ-акыны Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахмановдун) туулган күнүнө 150 жыл толот. Ал 1860-жылы 17-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка суусунун боюнда туулган. Акын ошол эле жерде 1942-жылы 4-январда дүйнөдөн өткөн. Улуу талантка арналып күмбөз тургузулган. Бул жер бүгүнкү күндө Тоголок Молдо атындагы айыл өкмөтүнө карайт.
1940-жылы акындын 80 жылдык, 1960-жылы 100 жылдык, 1990-жылы 130 жылдык мааракелери республикалык масштабда өткөрүлгөн. Аталган мааракелер туулган жери Ак-Талаа районунда, Курткада, облустун борбору Нарында, Бишкекте СССР өлкөлөрүнүн чыгармачыл уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен белгиленген.
Акындын ысымы менен кыргыз жергесинде айрым айыл, мектептер, көчөлөр аталган. Бишкек шаарындагы саябакка аты берилип, эстелиги орнотулган. Тоголок Молдонун өмүрү жана чыгармачылыгы кийинки муундарга ар дайым өрнөк.
Ушул жагдайлардын негизинде депутаттардын Ак-Талаа райондук кеңешинин 2-сессиясы 2008-жылдын 16-декабрында "Улуу демократ акын Тоголок Молдонун 150 жылдык мааракесин 2010-жылы республикалык деңгээлде өткөрүү жөнүндө" райондук мамлекеттик администрациясынын жана
райондук кеңешинин сессиясынын атынан токтом кабыл алган. Улуу акындын мааракесин республиканын алкагында өткөрүү улуттук маданиятыбыздын гүлдөп-өсүшүнө зор таасирин тийгизет.
Мааракени Ак-Талаада чогулуш өтүп, белгилеп коюудан эч натыйжа чыкпайт. Райондун чыгаан ишкерлери, жалпы эле мааракени өткөрүүнү каржылоого даяр, айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар, мектептер жамааттары, коомдук уюмдар алп таланттын айтылуу датасын жогорку деңгээлде өткөрүүгө демилге көтөрүп жатышат. Жумуриятыбыздын алкагында мааракени белгилөөгө алдыда убакыт бар. Ошентсе да мезгил - куш, бул маселени эртелеп чечүүбүз зарыл.
Өмүрбек ДӨЛӨЕВ,
акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер




Жарнактагы жарты же аралаш "киринди" сөздөр
Кийинки кезде улуттук 1-каналдын экранындагы жарнактарда жартысы кыргыз, жыртысы орус сөздөр (киринди сөз) кадимкидей кирип жатышы улуттун менталитетине доо кетирип бараткандай сезилет. Бул улуттук тилдин өсүп-өнүгүшүнө белгилүү өлчөмдө терс таасирин берет.
Мисал келтирели: ... Көңүл ачкың келеби? Анда өзгөчө замандын кыргызча макалдары, укмуштай тосттор, азыркы замандын кыргызча мелодиялары, популярдуу кыргызча тамашалар сени "0818 де" күтүп жатат,-дейт.
Эй, замандаш, эр болсоң "киргиз котормочунун" "киргиз жарнагын" түшүнүп ал.
Мен филолог катары минтким келет, кыргыздын кылымдарды карыткан кут сөздөрүн сага окшогон "жартыбаштар" кордоп жатат. Кыргыз элимде " сөздү өлтүргөнчө, өздү өлтүр" деген кеп бар. Макалды нак кыргыз айтат, "укмуштай тостторуңду" улагаңа катып ал. Муну тоолук кыргыз айтпайт. Кыргызча мелодия деп чала "киргиз" айтат. Чыныгы кыргыз күү кайрыктары, же обондору дейт. Популярдуу деген элге кеңири тараган деген маанини берет. "0818 де" күтпөйт. Телефон жансыз зат, адам болсо жандуу зат экенин унутпа "киргиз".
Жогорудагы мисалдар бери жагы эле, улуттук сөздөргө маани берилбей жатканын далилдеп турбайбы. Ал эми көчөлөрдөгү көрнөктөр жөнүндө айтсак, тексти, мааниси тантык. Бишкек шаарынын Правда көчөсүндө шире суусундуктарынын жарнамасында "Жакшы адамдардын ден соолугу үчүн" деп жазып коюшканына күлкүң келет. Тамак азыктары үчүн адамдар жакшы, жаман болуп бөлүнөбү? Аны котормочулар "Адамдардын жакшы ден соолугу үчүн" деп которушса туура эмеспи. Республикадагы Улуттук тил боюнча департаментинин баркы түштү, көтөрсөк болот эле. Тил жоголсо улут жоголот, ушуну унутпайлы, замандаштар!
Аскарбек Иманбеков, Бишкек шары

Шаардыктардын маанайлары пас
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Үсөновго
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
И.А.Давыдовго
Урматтуу Премьер-министр!
Урматтуу министр!
Сиздердин ноябрь айында электр энергиясына, жылуулукка жана ысык сууга тарифтерди жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимдериңиздер Бишкек шаарынын жашоочуларын түпөйүлгө салууда.
Коомдук жайларда, автобустарда жана базарларда болсун ушул маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп жаткан учуру. Бул боюнча шаардын тургундарынын маанайлары пас. Пас болбогондо кантишсин, колдоруна тийген пенсияларын жогорудагы төлөмдөргө төгүп беришсе, калган анча-мынча каражаттары алардын күнүмдүк жашоосуна жетеби же жокпу? Мына ушул өзгөчө жүрөк өйүтүүдө.
Энергетиканы, газды жана ысык сууну табигый жана техникалык жактан жоготуулар көбөйүүдө деген шылтоо ушундай аргасыз чараларга түрткү берди. Бул деги эмнени айгинелейт? Бул деген - толук чарбасыздык, энергетика системасында коррупциянын гүлдөп өсүшү, анда иштеген кызматкерлердин шалаакылыгы жана жалкоолугу менен түшүндүрүлөт.
Шаардагы бир бассейнди жылуу суу менен камсыз кылуу үчүн канча суу жана акча каражаты чыгымдалат? Ошол акча толугу менен мамлекеттин капчыгына түшөбү же жокпу? Ушу боюнча бир мисал келтирейин. Борбордогу "Карвен клубунун" бассейни бар. Анын узундугу - 50 метр,
туурасы - 25 метр, тереңдиги - 2 метр, кыскасы сыйымдуулугу - 2500м3.
Ар бир кубометр сууну жылытууну эски тариф боюнча 23,7 сомдон эсептесек, бир күндө мамлекеттин бюджетине 59250,0 сом, бир айда 1777500 сом, бир жылда 21 млн. 333000 сом түшүшү керек. Ал эми жаңы тариф киргизилгенден кийин бул бир жылда 60 млн. сомдон ашып кетет. Бул келтирилген мисал бир гана бассейн жөнүндө. Ал эми мындай бассейндерден шаарда канчасы бар?
Андан ары айтсак, бизде канчалаган мейманканалар, ресторандар, кафелер, жеке менчик көп кабаттуу үйлөр бар. Аларга кеткен чыгымдардын так эсеби жок. Эгерде алар чыгымдарды өз убагында төлөп турушса, шаардык жөнөкөй жарандардын арасында мындай чыңалуулар болбос эле. Жогорудагы тарифти көтөрүү боюнча чукул чара так ушулардын кесепетинен пайда болуп жатат.
Энергетика министрлиги мындай кемчиликтерди жөнгө салуу үчүн тез аранын ичинде чукул чараларды колдонушу керек. Ал үчүн ар бир үйгө эсептегич аппараттарды орнотушу зарыл. Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгыш керек. Ал мыйзамда бизде жашаган жарандардын бардыгынын укугу бирдей болушу кажет. Адилеттүүлүк жана жарандардын мыйзам алдында тазалыгы керек. Мына ошондо гана бюджетибизге сиздер күткөн каражаттар келип түшүшү мүмкүн. Мындай чаралар иштелип чыкпаса, иштер мурда кандай болсо, ошол бойдон калса, андан да жаман абалга алып келиши мүмкүн.
Ишенбек ТОГОЛОКОВ,
Бишкек шаары,
Гоголь көчөсү, № 109-83






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Ак эмгектин акыбети
4-бет
Жогорку статус - жогорку жоопкерчилик
5-бет
Балдарга арналган жаңы жылдык балаты
6-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду

7-бет
Зоотехникалык илимдеги жаңы ачылыш
8-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз

10-бет
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
11-бет
Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
12-бет
Мамлекеттик бажы кызматына 18 жыл
13-бет
Чыныгы көпүрө - бул инвестициялык долбоор
14-бет
Электр энергияга баанын өсүүсү өңгөлөргө таасирин тийгизбейт
15-бет
Капчыгыбыз жукарат, бирок келечек андан улуу
16-бет
Конкурстун жыйынтыгы чыгарылды
17-бет
Жылдын мыкты айыл аймактары аныкталды
18-бет
Линдага айланган Сезима, Василисага айланган Бегимай
21-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз






Яндекс.Метрика