Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Мээрман эне менен дил маек

Линдага айланган Сезима, Василисага айланган Бегимай
Кыргыз кызы Сезима азыр Линда аталат. Ал 11 ай мурун жарык дүйнөгө келген. Апасы Айнура аны туулгандан кийин он күндүгүндө жашаган кватирасына таштап кеткен. Сезиманы орус үй-бүлөсү, башкача айтканда багып жүргөн нянясы Марина Викторовна асырап алган. Биз, эки бирдей наристени эгиз кылып багып алган Марина Викторовнага бир нече суроо менен кайрылдык:

- Марина Викторовна, эки наристени бирдей багып алышыңызга эмне себеп болду? Анын үстүнө экөөнүн тең улуту башка болсо?...
- Мен үчүн кандай улут болбосун наристе деген наристе. Мени улут кызыктырбайт. Негизгиси эки кызым тең менин көзүмдү караган айласыз балапандар. Ал эми багып алуумдун себеби болсо, мени бул эки кызга "Аруужан" фондусу няня катары алышкан, экөөнү тең мен карачумун. Линда Василисадан 1,5 ай улуу. Линданы 1,5 ай баккандан кийин ага Василиса кошулду. Линданын атасы да, апасы да кыргыз болсо, Василисанын атасы орус, апасы кыргыз кызы. Линда адегенде Сезима, Василиса Бегимай деп аталчу.
Экөөнү тең алты ай толгондо өзүмө документтештирип алдым. Сезимдин документтери бүт бойдон толугу менен мыйзамдуу түрдө бүттү. Василисаныкы болсо дагы эле бүтө элек. Азыр кыздарымды өзүңөр көрүп турасыңар, басайын деп калышты. Кыргыздар багып алабыз дешип, эки жолу алып кетип, кайра алып келишти. Ыйлаактыгына чыдашкан жок. Анан дагы багып алабыз дегендер базарда буюм сатып алгандай кыздарды текшерип, сурамжылашат экен. Баккан адам баарына чыдаш керек. Кыздарга 6 ай толгондо, өзүмө документтештирип алдым.
- Документтерди даярдоо кыйынчылыкка турса керек?
- Оңойго турган жок. "Аруужан" фондусунун жетекчиси Урмат Байматова экөөбүз көп убаракерчиликти тарттык. Акыры баары бүттү. Мен 2,5 ай окуп, анан эне болууга укуктуу деген атайын сертификат алдым.
- Эмне үчүн эки кызды тең сиз алдыңыз, эки бала менен кыйналбайсызбы? Өзүңүздүн балдарыңыз тууралуу дагы айта кетсеңиз?
- Мен көп балалуу энемин. 5 уул, 5 кызым бар. Москвичкамын. Уул, кыздарым бүт чоңоюшкан. Өздөрү менен өздөрү. Ал эми бул кыздарымды багып алганымдын себеби, мындан 3,5 жыл мурун багып алган Милена аттуу кызым бар. Азыр 3,5 жашта. Ал кызды дагы Урмат Байматова аркылуу багып алгам. Ошол кызым жалгызсырагандай сезиле берет мага. Өзүнүн кандаш сиңдилери болсун дедим. Милена өзүмдүн балдарымдан өзгөчөлөнүп бөтөнчө жакын. Мен энелик жүрөгүм менен сезип турам, үч кызым тең акылдуу кыздар болуп чоңоюшат. Бир тилегим аман болушсун.
- Сиз бардыгын мыйзам чегинде жасаптырсыз, бирок, эмне үчүн Линданы өз фамилиясында калтырдыңыз?
- Мунун эки себеби бар. Биринчиси опекунстводо деп коёт. Опекунстводо асыраган наристенин аты-жөнү сага толугу менен өтпөйт. Экинчиден, опекунствого өткөрүү Урмат Байматованын демилгеси болду. Натыйжада Линда аты эле орусча болбосо кыргыз боюнча калды.
- Сиз ушул эки наристени багып жаткандыгыңызга өкмөт тарабынан кандай жардамдар бар?
- Өкмөт тарабынан жардам чоң болду. "Аруужан" фондусунун жетекчиси Урмат экөөбүз көп жерлерге бардык деп айтпадымбы. Линдага керек болуп калса дары-дармеги бекер. 18 жашка чейин атайын жөлөкпулу бар. 18 жашка толгондо Линдага үй берилет. Линда үчүн баш-аягы болуп 28 миң рубль алам.
- Демек, сиз эки наристеге 56 миң рубль алат экенсиз да.
- Азырынча Линданын гана жөлөкпулун алып жатам. Василисаныкын али ала элекмин. Документтери эми бүтүп жатат. Линданын жөлөкпулу эки кызыма кенен жетип жатат.
- Эки наристенин кимиси сизге жакын?
- Мен экөөнү тең жакшы көрөм. Линданын ата-энеси экөө тең кыргыз болсо, Василисаныкы атасы орус, энеси кыргыз улутунан. Канына караганда мага Василиса жакын болуш керек эле. Бирок өзүңөр көрүп турасыңар, мага Линда жакын. Мен эшиктен кирип келсем, мага жадырап-жайнап умтулуп турат. Түнкүсүн менсиз уктабайт. Линда өтө сезимтал кыз. Ошон үчүн мага келгенге чейин "Аруужан" фондусундагылар Сезим атап алышкан. Василисам болсо жоош, болпоюп олтура берет. Сезима мени андан кызганып чапкылап жиберет. Кыргыз-кыргыздыгын кылып жатат деп чоң кыздарым күлүп калышат. Буйруса, Линда бирөөгө жемин жедирбеген жароокер, тың кыз болот. Ушул кызымдан менин үмүтүм чоң. Ата-эне балага сынчы болот деп коюшат. Баланын кандай чыгары кичинесинен эле билинип калат. Муну мен көп бала өстүргөн эне катары билем.
- Маегиңизге чоң рахмат, сизге энелик жүрөгүңүздүн касиети үчүн таазим, балдарыңыз менен аман болуңуз.
Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВА,
"Кыргыз Туусунун"
Москвадагы өз кабарчысы







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Ак эмгектин акыбети
4-бет
Жогорку статус - жогорку жоопкерчилик
5-бет
Балдарга арналган жаңы жылдык балаты
6-бет
Камбар-Атадагы жардыруу
жакшылыктын жарчысы болду

7-бет
Зоотехникалык илимдеги жаңы ачылыш
8-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз

10-бет
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
11-бет
Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
12-бет
Мамлекеттик бажы кызматына 18 жыл
13-бет
Чыныгы көпүрө - бул инвестициялык долбоор
14-бет
Электр энергияга баанын өсүүсү өңгөлөргө таасирин тийгизбейт
15-бет
Капчыгыбыз жукарат, бирок келечек андан улуу
16-бет
Конкурстун жыйынтыгы чыгарылды
17-бет
Жылдын мыкты айыл аймактары аныкталды
18-бет
Линдага айланган Сезима, Василисага айланган Бегимай
21-бет
Эмгек бар жерде жылыш бар,
Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз






Яндекс.Метрика