, 25.12.09 - 16-бет:
  Конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Жылдын мыкты айыл
аймактары аныкталды
"Кыргыз Туусу" гезити акыркы эки жылда жогорудагы аталышта республиканын айыл аймактарынын ортосундагы конкурсту уюштуруп келет. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан 47 айыл аймактары, 2 кыштак башкармалыктарынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу көлөмдүү макалалар сүрөттөрү менен жарыяланды. Албетте, ар бир айыл аймагы тууралуу материалды даярдоо алдында ошол аймак жайгашкан райондун, облустун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери менен кеңештик, алардын жүйөөлүү сунуштары менен да эсептештик.
Жыйынтык чыгаруу учуру - декабрь айы айыл аймактарынын башчыларын шайлоо учуруна да туш келип, айрым бизге жарыяланган аймактардын башчылары алмашты.
Бул жылы да мурдагы салтыбыздан жазбай жеңүүчүлөрдү аныктоодо мурдагыдай эле район, облустардын жетекчилеринин пикирлерин да эске алуу менен конкурстук комиссия төмөндөгү айыл аймактарынын башчыларын жеңүүчү деп таап, бүгүн редакциянын жыйындар залында мыкты аймак башчыларына дипломдор тапшырылат.
Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчөлүк быйыл айыл аймактарынын аппаратынын кызматкерлеринин арасынан мыктыларын Ардак грамота менен сыйлоону да туура деп эсептейбиз. Себеби, жалгыз аймак башчысы дурус көрсөткүчтөрдү жарата албайт, оорун колдон, жеңилин жерден алгандардын көмөктөрү таасирдүү болсо, эмгекте да ийгиликтер сөзсүз жаралат.
Гезиттин бүгүнкү санында жеңүүчү аймак башчыларынын сүрөттөрү менен кошо өмүр таржымалынан, жасалган омоктуу иш-аракеттери тууралуу кыскача маалыматтар берилди.
Ал эми жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземинен жазылган материалды гезиттин кийинки санында окуй аласыздар.

Акматов Манас Жумабаевич, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагынын башчысы, 1975-жылы туулган. Аталган айыл аймагында 2002-жылдан бери иштейт. Жер жана коммуналдык маселелер боюнча адис, коммуналдык ишкананын директору, айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Ново-Павловка аймагында быйыл өз күчтөрү, бюджеттин каражаты менен мугалимдер, дарыгерлер үчүн эки квартиралуу 12 үй салынып жатат. Аймактын көчөлөрү 3,2 млн. сомго оңдолду, социалдык жардамга муктаж адамдарга 228 миң сомго жардам көрсөтүлгөн.

Бокуев Салыбек Турганович, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл аймагынын башчысы, 1962-жылы туулган, билими жогору, ветеринардык врач. Айыл айма-
гынын Туура-Суу айылында башчы, аймактын зоовет инспектору 2005-жылы беш талапкердин арасынан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо биринчи турда жеңишке жетишкен.
2007-жылы аймактын Туура-Суу айылында Сагынтай атындагы орто мектептеги курулушу бүткөрүлгөн. 2008-жылдан Кара-Шаар айылында Т.Салыкбаев атындагы мектептин курулушу башталды. "Таза суу" программасы боюнча аймакта алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлгөн.

Кадыркулов Мелисбек, Чүй облусундагы Москва районундагы Первомайское аймагынын башчысы. 1946-жылы туулган. Фрунзедеги политехникалык институтун жол байланышы инженери адистиги боюнча бүтүргөн. Курулуш бирикмелеринде, ишканаларында жетекчи болуп иштеген.
Аймактын башчысы болуп дайындалганы жергиликтүү бюджетти толтурууда, бейтапкананы салууда, медициналык жабдуулар менен толуктоодо, кичи ишкерликти өөрчүтүүдө сөзгө аларлык жетишкендиктерди камсыз кылган.

Молдобаев Баатырбек Турдумамбетович, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагынын башчысы, 1970-жылы туулган. Райондук камсыздоо бөлүмүндө башкы эсепчи кызматында иштеп, 2005-жылы айыл аймагынын башчысын шайлоодо атаандаштарын жеңип, эл колдоосуна ээ болгон.
Айыл аймагы өз каражатына 2,8 млн. сомго дан чаап-жыйноочу комбайн сатып алган. 8,5 млн. сомго долбоору бааланган айыл аймагынын кеңсесинин курулушу ортолоп калды. Айылдар аралык ирригациялык каналдарды тазалоо жумуштары ийгиликтүү бүткөрүлгөн.

Сулайманов Болотбек Касмакунович, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы, 1959-жылы туулган, билими жогору, экономист. 2001-жылдан айыл аймагынын башчысы. Чырак, Ак-Кочкор айылдарындагы ФАПтар оңдолгон. Чырак айылында долбоору 4,5 млн. сомдук насостук станция курулган, эми миң гектардан ашык жерди сугарууга болот. Эки айылда орто мектептерге кошумча имараттар салынды.
Азыркы шайлоолордо Сулайманов Болотбек коңшу Липенка айыл аймагынын башчылыгына шайланган.


Байдыл-
даев Мурат Курманбекович, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл аймагынын башчысы. 1965-жылы туулган, билими жогору-гидротехник, Ысык-Ата райондук агрардык жана жер реформасы борборунда директор болуп, андан Ивановка айыл башчысынын милдетин аткарууга шайланган.
2009-жылы долбоору 1,3 млн. сом турган коомдук мончо салынып, пайдаланууга берилген. Узундугу 20 км. чарбалар аралык түйүндөр 46 млн. сомго оңдолгон.


Кайыков Курманбек Жазыбаевич, 1957-жылы туулган, адистиги - зооинженер. Аталган аймакта 2001-жылдан бери башчылык кылат. 2009-жылы аймак боюнча 284 миң сом социалдык жардам иретинде бе-
рилген. Быйыл АРИС программасы боюнча Чоң-Тогузбай, Токтоян, Тасма айылдарындагы мектептерге ири өлчөмдөгү инвестициялар тартылган. Аймакка башчы болуп дайындалган Курманбек Кайыков 19,4 млн. инвестиция тартууга жетишкен.

Ниязалиев Каныбек Калмуратович, Талас облусунун Манас районундагы Покровка айыл аймагынын башчысы. 1965-жылы туулган. Кесиби - инженер-архитектор. 2005-жылдан бери айыл аймагынын башчысы.
Быйыл аймак боюнча орчундуу аткарылган иш аракеттерине: 160 орундуу балдар бакчасынын реконструкцияланышы, коомдук мончонун ишке берилиши, ФАПтын курулушу, Жайылган айылындагы кыш заводунун, көпүрөнүн ишке берилиши ж.б. кошууга болот.

Сатаркулов Өзгөрүш Абдрахманович, 1972-жылы туулган. Кесиби боюнча - инженер-механик. Айыл аймагынын башчылык милдетин 2005-жылдан бери аткарып келет. Аймак калкынын саны, ээлеген аянты боюнча ра-
йондо басымдуулук кылат. Айылдарда тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө, инфратүзүмдөрдү жакшыртууда аймак боюнча алгылыктуу аракеттер арбын.
Аймак боюнча тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 111 млн. сомдон ашканы көп нерселерден кабар берип турат.

Турдубаев Карабек Арынович, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл аймагынын башчысы. 1956-жылы туулган, адистиги менеджер. 2005-жылдан аталган аймактын башчысы. Быйыл аймактагы Жунусов орто мектебинин чатыры кайра жабылды. Мектепте бирден микрофон, компьютер класстары ачылды, айылдар аралык Жарке, Жалпак-Тил каналдары, Наматбек, Бакай-Ата айылдарын бириктирген жол оңдолду.

(Уландысы 17-бетте)