, 18.12.09 - 14-бет: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
төрагасы Айтибай ТАГАЕВ:
Азыркы парламент мурдагылардан кескин айырмаланат

- Урматтуу Айтибай Султанович, 21-декабрда 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке - Кыргыз Республикасынын парламентине туура эки жыл толот. Азыркы чакырылыштагы парламенттин мурдагылардан айырмасы эмнеде?
- Азыркы парламент биздин мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу толук түрдө пропорционалдык система боюнча шайланды, атап айтканда парламенттен орун алыш үчүн саясый партиялар күрөшкө чыгышты. Мурда бизде мындай практика болгон эмес. Биздин өлкөдө мындай эксперимент 2000-жылы жарым жартылай болуп өткөн, ошондо партияларга экинчи чакырылыштагы парламентке 30% квота бөлүнгөн болчу. Демократияны жана саясый партияларды өнүктүрүү максатында жүз пайыздуу пропорционалдык системага өтүү кыйла ишенимдүү кадам болуп саналат.
Анткени, бизде керектүү тажрыйба жок болчу. Анан калса жогорку мыйзам чыгаруу органын партиялардын ортосундагы талаш-тартыштын жана бийлик үчүн күрөштүн аянтчасына айландырып жиберүү коркунучу бар эле. Ага кошумча кандай гана парламент болбосун анын башкы милдети болуп саналган кесипкөй мыйзам чыгаруу ишмердигинен четтөө коркунучу да бар болчу. Биздин парламенттин эки жылдан берки иши Кыргызстан туура багытта бара жаткандыгын көрсөттү.
- Мажоритардык-пропорционалдык системадан жүз пайыздуу пропорционалдуу парламентти түзүүгө өтүүнүн себеби эмнеде?
- Жакында биздин коомчулук кыргыз парламентинин 70 жылдыгын белгилегендиги сиздерге белгилүү. Ошол салтанаттуу жыйында биздин Президент "Кыргызстанга демократиянын прициптерине жооп берген, элибиздин менталитетине жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген моделди табуу зарыл" деп
таамай айтты. Биздин элибиз мына ушундай моделге узак жолду басуу менен келди. Бүгүнкү күндө биз Курманбек Салиевичтин реформаторлугунун жана чечкиндүүлүгүнүн натыйжасында мамлекеттик башкаруунун тыкат жана оптималдуу системасына ээ болдук.
Мурдагы парламентти шайлоо системасы улуттук кызыкчылыкка жооп бербей, мүчүлүштөргө ээ болуу менен коррупциялык схемалар үчүн шарт түзүп келген, шайлоолор добуштарды сатып алууга айланган, эл уруу-урууга бөлүнүп, өз киши жана бөлөк киши дегенге өткөн. Мындан тышкары, улуттук азчылыктын, аялдардын, жаштардын табигый укуктары четке кагылган. Айталык, өткөн чакырылыштагы парламентибизде бир дагы аял болгон эмес. Мындан сырткары, ар кайсы бийлик бутактарында, өзгөчө мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ортосундагы өз ара мамиледе дайыма проблемалар болуп келген. Ар кимиси беттегенин бербей, өз көмөчүнө күл тарткан, натыйжада эл жапа чеккен эле.
- Парламент менен Өкмөттүн ортосундагы азыркы мамиленин абалы кандай?
- Биздин мамилелер кабыл алынган чечимдер жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал үчүн Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосундагы чогуу жоопкерчилик менен аныкталат. Конституцияга ылайык, шайлоолордо парламенттеги орундун көпчүлүгүнө ээ болгон партия Президентке Премьер-министрдин талапкерлигин сунуш кылат.
Ошентип, көпчүлүк добушту алган партия чын-чынында Өкмөттү түзөт жана өлкөдөгү абал үчүн түздөн түз жоопкер болуп саналат. Ошондуктан, парламент менен Өкмөт бардык актуалдуу маселелерди чогуу чечип, мыйзам чыгаруу ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктайт. Демек, биздин мамилелердеги мурдагы ар кандай ыйкы-тыйкылык жана саясый оюндар, тирешүү менен конфронтациялар тарых барактарында калды.
- Саясый фракциялардын азыркы Жогорку Кеңештеги ролу жана жалпы эле мыйзам чыгаруу иш-аракеттери кандай?
- Мен мурда айткандай, азыркы парламент өзүнүн маңызы боюнча мурдагы чакырылыштардагы парламенттерден кескин айырмаланат, анткени партиялык тизме менен түзүлгөн жана өздөрүнүн партияларынын чечимдерине баш ийишет. Мындай шартта фракциялар менен комитеттердин ролу өсөт. Анын схемасы мындай, мыйзам долбоору адегенде фракцияда талкууланып, андан соң өз депутаттары аркылуу профилдик комитетте пикирлер айтылат жана аталган маселе комитетте жактырылган учурда Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышына чыгарылат.
Белгилей кетүүчү нерсе - фракция тарабынан жактырылган бардык эле мыйзам дол-боорлору комитеттен өтө бербейт, кеңири талаш-тартыштар, пикир алышуулар жүрөт, кээде башка фракциялардын пикирлеринин үстөмдүгү болот жана мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет. Жалпылап айтканда, талаштан тактык жаралат.
- Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өткөн эки жылдын ичиндеги иштеринин жыйынтыктары кандай?
- Өткөн эки жылдын ичинде 145 пленардык жыйналыш өткөрүлдү, 664 мыйзам долбоору каралып, алардын 632си кабыл алынды жана 591не кол коюлду. Мындан тышкары ар түрдүү маселелер боюнча 1554 токтом кабыл алынды. Келтирилген мисалдар бул статистикалык гана маалыматтар эмес, элибиздин турмушун жакшыртууга багытталган жүздөгөн жана миңдеген адамдардын иштеринин жыйынтыгы.
Мындан тышкары, биздин депутаттар шайлоочулар менен да үзгүлтүксүз жолугушуп турушат, аларга социалдык-экономикалык жана күндөлүк көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беришет. Иш жүзүндө шайлоочуларыбыздын бир дагы кайрылуусу көңүл буруусуз жана каралуусуз калбайт. Өткөн жылдан бери бүткүл дүйнө жүзүндө глобалдык экономикалык кризис байкалууда. Андыктан биздин Президент, Өкмөт жана парламент тарабынан өз мезгилинде көрүлгөн чаралар дүйнөлүк кризистен жеңили-
рээк чыгууга шарт түзгөндүгүн жана азыркы учурда андан тезирээк чыгып кетүү үчүн колдон келген бардык иштердин жасалып жаткандыгын айткым келет. Мындан тышкары, биз эки жылдын ичинде мурдагыдан тажрыйбалуу, акыл-эстүү болуп калдык, жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун негизинде чечимдерди шашылбастан, токтоолук менен кабыл алууга үйрөнүп жатабыз.
- Эл ишениме ээ болгондор кандай шарттарда иштеп жатышат?
- Ар бир депутат өзүнүн депутаттык мезгили ичинде турак-жай менен мүмкүнчүлүккө жараша камсыз болууда, кызматтык транспорттор бар. Мурда депутаттардын бирден жардамчысы жана бирден консультанттары болгон, бирок дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирин жана мамлекеттик аппаратты кармоого чыгымдарды төмөндөтүүнүн зарылчылыгын эске алып депутаттардын жардамчыларынын кызмат орундарын кыскартуу чечимин кабыл алдык. Андыктан азыр депутаттардын бирден гана консультанты бар. Мындан тышкары, ар бир депутат өзүнчө кабинетке, кызматтык телефонго, интернетке кошулган жеке компьютерге ээ, телевизору жана зарыл эмеректери бар.
Жаңы жылга карата 30 квартиралуу үйдү ишке беребиз. Бул үйдү биз бир жылда куруп бүттүк. Биз биринчи жолу өзүнчө депутаттык үй курдук, анда Бишкек шаарында өзүнүн үйү жок депутаттар жашашат. Депутаттар бул турак-жайды өзүнүн депутаттык мезгили ичинде гана пайдаланышат жана бардык квартиралар кызматтык статуска ээ болмокчу. Ысык-Көлдүн жээгинде өзүбүздүн "Алтын-Көл" деген пансионатыбыз да бар. Анда жай айларында биздин депутаттар, аппараттын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү ойдогудай эс алууга жакшы шарттар түзүлгөн.
Акыркы жылы биз көп иштерди бүтүрө алдык, пансионаттагы эс алуу шарттары өлкөбүздүн алдыңкы пансионаттарынан кем калышпайт. Тилекке каршы, пансионат сезон боюнча гана иштейт жана жыл бою пайдаланууга жарабайт. Эгерде мурда биздин пансионат дотацияда болсо, өткөн жылдан бери өзүбүздүн казынага киреше алып келип жатат. Мисалы, өткөн жылы жети миллион сом казынага келип түштү, ал эми быйыл аба ырайына жана эс алуу сезону кеч башталганына карабастан төрт миллион сом киреше кирди. Биз мындан ары да депутаттарыбыз менен аппарат кызматкерлеринин шарттарын жакшырта бермекчибиз.
- Жогорку Кеңештин кайсы чечими сиз үчүн өтө оор болгон?
- Балким биз үчүн, Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн гана эмес, баарынан мурда биздин Президентибиз менен Өкмөтүбүз үчүн дагы бул электр энергиясына жана коммуналдык жылуулукка тарифтерди жогорулатуу боюнча чечим болду. Бул чечим биз үчүн жеңил болгон жок, бирок жарандарыбыз биздин чечимибизге түшүнүү жана колдоо менен мамиле кылышы керек, ансыз биз бардык энергетиканы гана эмес, шаардыктарды жы-
луулук жана энергия менен камсыз кылып жаткан Бишкек жана Ош
шаарларынын ЖЭБин да жоготобуз. Мен үчүн оор болгон дагы бир экинчи чечим-бул штаттардын кыскарышына байланыштуу Жогорку Кеңештин 200дөй кызматкерлеринин иштен бошотулушу болду. Биз буга дагы аргасыздан бардык, анткени дүйнөлүк кризистин шартында мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу зарыл. Биз Өкмөт менен биргеликте бошогон кызматкерлерди ишке жайгаштыруу боюнча иш алып барып жатабыз.
- Айтибай Султанович, бул суроом үчүн кечирим сурайм, сиз эмнеден коркосуз?
- Адамдардын ишенимин жоготуп алгандан корком, мага ишенгендерди жана ишенип жүргөндөрдү уят кылгандан корком.
- Сөз аягында биздин окурмандарга эмнени айткыңыз келет?
- Баарынан мурда, ден соолук жана бейпилдик каалайм. Бизде, баарыбызда, абдан көп көйгөйлөр, күндөлүк түйшүктөр бар экендигине карабастан, келгиле кайрымдуу жана ынтымакта болуп, духубузду мыкты кармап, жакшы жашайлы. Бизди жакшы адамдар курчап турсун, биздин туугандарыбызга жана жакындарыбызга ар дайым жакшы болсун.
Жаңы жылга аз эле убакыт калды. Кытай календары боюнча 2010-жыл өзүнүн жакшылык алып келгендиги жана күчү менен айырмаланган жолборс жылы болуп саналат. Келаткан жыл бизге көптөгөн бакыт-таалай жана ийгиликтерди алып келишин каалаймын. А сиздердин сүйүктүү гезитиңиздердин жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди жана сиздердин окурманыңыздардын көбөйө беришин каалаймын.
Ш.КАДЫРОВ

P.S. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Ба-киевдин 17-декабрдагы Жарлыгы менен Айтибай Тагаев Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатору болуп дайындалды. Ага жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди
каалайбыз.