№95, 18.12.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




"Бүгүн биз чоң транспорт алкагынын башталышы болгон борборубуздун түштүк магистралын ачып жатабыз. Бул магистраль шаардын чыгыш жана батыш бөлүгүн байланыштырып, Бишкектин борбордук көчөлөрүн автоунаалардан кыймылынан кыйла сээлдетмекчи", - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 2009-жылдын 15-декабрында Бишкектеги айланма жолдун түштүк магистралын ачуу салтанатында.

Cалтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы эл аралык транспорт жолдорун дүйнөлүк стандартка жеткирүүнү белгилеген өлкөнүн автожолдорун өнүктүрүү программасынын милдеттери ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгына басым жасады. Республикада акыркы төрт жылдын аралыгында жолдордун курулушуна жана ремонтуна каралган каражаттын көлөмү 8,5 эсе өскөндүгүн өзчөгө белгиледи.
2005-жылдан бери 2242 км. эл аралык транспорттук трассанын 590 км. реабилитацияланды, бул 26,3 пайызды түзөт. Бишкек - Ош, Бишкек - Георгиевка автожолун реабилитациялоо долбоору аяктап калды. Азыркы учурда эл аралык маанидеги дагы 382 км. жол реабилитацияланып жатат, анын курулуш иштерине 120,7 млн. доллар тартылган. Кыргызстанды коңшу өлкөлөрдүн автожолунан көз карандылыктан толугу менен кутулта турган Тараз - Талас - Суусамыр автожолу аяктоо алдында турат. Каракол - Түп - Кеген автожолу капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Баткен облусунун транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында узундугу 49 километр келген Пүлгөн - Бүргөндү автожолунун курулушу аяктады, Сох дарыясы аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берген 56 метрлик көпүрөнүн курулушу аяктап бара жатат. Мындан тышкары Тажикстандын Чорку жана Сурх айылдарын айланып өтчү узундугу 23,5 км. автожолдун курулушу улантылууда. Жакын арада узундугу 539 км. Бишкек - Нарын - Торугарт эл аралык автожолун реабилитациялоо иштери башталат, долбоорго ылайык ал иш 5 жылдын аралыгында аяктайт. "Бүгүн Бишкек шаарынын алдында өнүккөн мамлекеттердин борборлорунун арасында татыктуу орунду ээлеп, борборубуздун жашоочуларынын жана меймандарынын турмуштук бардык талаптарын заманбап технологиялык деңгээлде камсыз кылуу милдети турат", - деп баса белгиледи Курманбек Бакиев.
Сөзүнүн соңунда Президент заманбап, кооз объектини - түштүк магистралдын курулушун жүргүзүүгө катышкандардын бардыгына ыраазычылыгын билдирди.
Бул жерде эмдиги жаздан тарта спорттук чуркоолорду уюштурууга убадасын берди.
Бишкек шаарынын жашоочуларынын атынан Латыпжан Сагынбаев сүйлөп, мэриянын, Президенттин баш калаанын жолдорун оңдоодо, кеңейтүүдө, жаңысын курууда, деги эле мурдагы жашыл шаар аталышына, заманбап өнүгүшүнө мамлекет тарабынан зор көңүл бурулуп жаткандыгына
ыраазычылыгын билдирди.
Түштүк магистралдын кандай салынганын куруучулар менен сүйлөшүп таанышкандан кийин Президент Курманбек Бакиев анын алгачкы жол ачкан, сапар улаган жүргүнчүсү болду.
Түштүк магистралы Бишкек шаарынын өздөштүрүлгөн аймагында Бах көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин созулат. Курулуш долбоору (көпүрөнүн курулушу менен кошо) "Бишкекдолбоор" АК тарабынан 1997-жылы иштелип чыккан жана 2009-жылы оңдоолор киргизилген.
Магистраль 2 тараптуу, ар биринде автоунаанын 6 тилкеси бар, эки тарапты ортосунда ажыратуучу тилкеси жайгашкан. Узундугу - 3,6 км. Автомагистралга асфальтбетон төшөлгөн.
Сметалык наркы 205,1 млн. сом. Ала-Арча дарыясы аркылуу ГП КТЖ "Мостоотряд" салган көпүрөнүн курулушу 26 млн. сом. Кечкисин жарык берүүчү коммуникациянын курулушуна 5,6 млн. сом каралган. Жалпы сметалык наркы 236,7 млн. сомду түзөт.
Марип Тайчабаров,
"Кыргыз Туусу"
Султан ДОСАЛИЕВ (фото)